Улуттук банктын Төрагасы эл аралык университеттин 

студенттерине лекция окуду 

 

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2018-жылдын 26-январында Кыргызстандагы Эл аралык университеттин Экономика факультетинин студенттерине, магистр программасынын катышуучуларына жана окуу жайдын академиялык курамына “Улуттук банктын ролу жана аткарган милдеттери» темасында лекция окуду.    

Анын жүрүшүндө Улуттук банктын түптөлүү тарыхындагы маанилүү окуяларга токтолуп, банк мыйзамдары, акча-кредит саясаты, улуттук валюта сомдун жүгүртүүгө чыгарылышы, валюта курсу иш ыргагын тандоо жана учурда жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу кең-кесири сөз болду.  

“Быйылкы жылы улуттук валютага 25 жыл толот. Кыргызстан мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттердин ичинен биринчи болуп улуттук валютасын жүгүртүүгө чыгаруу менен тарыхый жоопкерчиликти алып, өз алдынча өнүгүү жолуна бет алган мамлекеттин ар кандай ички жана тышкы таасирлерге туруштук бере алган туруктуу акча-кредит системасын жөнгө салууга жетишкен. Системанын талапка ылайык натыйжалуу иши айрыкча Улуттук банктын акча-кредит саясаты менен мүнөздөлгөн.  Ал эми анын башкы максаты - баа туруктуулугуна жетишүү деп белгиледи өз сөзүндө Улуттук банктын башчысы”. 

Иш-чарага катышкан студенттер өлкөнүн башкы финансылык жөнгө салуучу органынын иш аспектилерине кызыгып, олуттууу суроолорду берип, так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жолугушуунун жыйынтыгында кызыктуу суроолорду берип, маанилүү маселелерди көтөргөн угуучуларга баалуу белектер тапшырылды.