Улуттук банк Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдери сакталган шартта, электрондук акчага байланыштуу иштин жүргүзүлүшүнө тыюу салбайт 

 

Уюлдук байланыш операторлорунун электрондук акчаларды жайылтуу ишинин схемаларын кароо учурунда ар кандай тобокелдиктер, анын ичинде чыгарылган электрондук акчалардын финансылык камсыздоосунун жетишсиздиги тобокелдиктери орун алышы ыктымалдуулугу аныкталган. Ошондуктан, электрондук акчаларды колдонуу менен көрсөтүлгөн кызматтардын тартибин тактоо жана электрондук акчаларды чыгарууда, эсепке алууда жана сактоодо орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында Улуттук банк 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 “Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган. 

Электрондук акчаны жайылтуу боюнча мобилдик байланыш операторлордун функционалдык иш алып баруу схемасы төлөмдөргө багытталган акча каражаттарын электрондук капчыкта эмес, абоненттердин өздүк эсептеринде топтоого шарт түзүүгө ылайыкталган. Чындыгында, мобилдик байланыш абонентинин өздүк эсеби пайдалануучунун акча каражатын чогултуу жана сактоо функцияларына ээ. Ошондой эле акча каражаттары мобилдик байланыш операторлоруна келип түшөт жана анын карамагында болот.  

2017-жылдын 9-октябрында Жобо долбооруна жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында Жумушчу топ түзүлүп, анын курамына мобилдик байланыш операторлорунун, төлөм системалары операторлорунун/төлөм уюмдарынын, “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесинин, “KG төлөм системалары операторлор ассоциациясы” юридикалык жактар бирикмесинин, Улуттук банктын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлдөрү кирген. Жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн, жана топтун көпчүлүк бөлүгү электрондук капчыкты, өздүк эсебинен алдын ала төлөнгөн аванстык төлөмдү кайтаруу аркылуу толуктоого тыюу салууга өз добуштарын беришкен. Дүйнө жүзүндө мобилдик байланыш операторлорунун өз ара иш жүргүзүүлөрүнүн ар кандай көптөгөн моделдери бар, ал тургай бир эле өлкөнүн ичинде бир учурда бир канча моделдердин болуусу да мүмкүн. Мобилдик байланыш операторлоруна банктык кызмат көрсөтүү рыногуна кирүүгө тыюу салынган өлкөлөр да жок эмес. 

2018-жылдын 12-январында Жобо долбооруна карата жөнгө салуу таасирин талдап иликтөөлөр коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жайгаштырылган. 

Ошондой эле, 2018-жылдын 18-январында Улуттук банктын жетекчилиги коммерциялык банктардын жана мобилдик байланыш операторлорунун жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн, анын жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында төлөмдөрдүн камсыздалышын, рыноктун бардык катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылуу, уюлдук операторлордун эсебинде каражаттардын топтолушу, финансылык туруктуулук, системадагы тобокелдиктерди тескөө, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүүнү кошо алганда, көзөмөлдүктү жөнгө салуу жана көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда өз ара иш алып баруу маселелери каралган. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен коомдук талкуулоо мөөнөтү аяктап, Жобонун долбоорун бекитилгенге чейин Улуттук банк мобилдик байланыш операторлорунун банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна чыгуусуна жана алардын таасирине баа берүү али эрте деп эсептейт.