Улуттук банктын жетекчилиги, коммерциялык банк жана мобилдик компаниялардын өкүлдөрү менен “Кыргыз Республикасындагы электрондук акча тууралуу” Жобого өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча суроолорду талкуулашты 

 

2018-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында “Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө” жобого уюлдук байланыш операторлоруна финансылык кызмат көрсөтүү рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү маселесине тиешелүү сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо боюнча жолугушуу болду.  

Анын жүрүшүндө төлөмдөрдүн гарантияланышы көз карашында, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, бардык рынок катышуучуларына бирдей шарттарды камсыз кылуу, уюлдук операторлордун эсебинде каражаттардын топтолушу боюнча, финансылык туруктуулук; системадагы тобокелдиктерди тескөө, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүүнү кошо алганда, көзөмөлдүктү жөнгө салуу жана көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда өз ара иш жүргүзүү маселелери козголду.  

Жолугушуунун жыйынтыгында “Кыргыз Республиасындагы электрондук акча жөнүндө” жобого сунушталган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоору коомдук талкуунун алкагында келип түшкөн сунуштарды жана электрондук капчыктарды уюлдук телефондордун балансынан толуктоодо орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштырууну эске алуу менен бирге жеткире иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилген.” 

Талкууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги, “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмеси, коммерциялык банктардын өкүлдөрү жана уюлдук компаниялардын жетекчилери катышышты.