Улуттук валютанын номиналы 10 жана 50 тыйын болгон монеталарын товарлар үчүн төлөөдө кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 29 жана 31-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 362-беренесинин негизинде «Глобус», «Фрунзе» гипермаркеттеринин жана “Фаиза” кафесинин кызматкерлери 500 (беш жүз) сомдон тартып 3000 (үч миң) сомго чейинки айыптык төлөм салуу менен административдик жоопкерчиликке тартылды.  

Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде сом, расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына жана номиналына карабастан, төлөм каражаты катары эч кандай чектөөлөрсүз төлөмдөрдүн бардык түрлөрүндө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.