Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик  

чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтырды 

 

Улуттук банк Башкармасы 2017-жылдын 25-декабрында эсептик чен өлчөмүн (чен саясатын) 5,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2017-жылдын 26-декабрынан тартып күчүнө кирет. 

Өтүп жаткан жылдын декабрь айында инфляциянын жылдык мааниси орточо деңгээлде 3,7 пайыз (15-декабрга карата) чегинде сакталып, орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтөн ашкан эмес. Дүйнөлүк товардык рыноктордо баанын калыбына келиши жана чогуу алгандагы суроо-талаптын өсүп жатышы алкагында инфляция акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүч алкагында чектелет.  

Өлкөдө экономикалык жигердүүлүк жагдайдын калыбына келип жатышын тастыктоодо. 2017-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүмдүн өсүшү 4,0 пайызды, ал эми «Кумтөр» ишканаларынын продукция өндүрүү боюнча маалыматтарын эске албаганда, 3,9 пайызды түзгөн. Экономиканын негизги тармактарында, негизинен өнөр жай секторунда (+12,8 пайызга), өндүрүүнүн өсүшү байкалууда. Акча которуулардын туруктуу агымы экономиканын өсүшүн колдоого алууда. 

Ички валюта рыногунда түптөлгөн жагдай туруктуу сакталууда. Жылдын декабрь айынын алгачкы он күндүгүндө Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында валюталык интервенциясын ишке ашырган.  

Акча-кредиттик шарттар экономиканын реалдуу секторуна түрткү берүү жана акча рыногун өнүктүрүү чараларын колдоого алууда. Өлкөнүн банк секторунда кредиттер боюнча рыноктук чендерди төмөндөтүү жана экономиканы кредиттөөнүн өсүшү катталган. Банктар аралык рынокто жигердүүлүктүн артышы сакталып калууда. Акча рыногунун улуттук валютадагы кыска мөөнөттүк чендери Улуттук банк белгилеген пайыздык коридор чегинде өзгөрүп турууда.  

Тышкы экономикалык чөйрөнүн өнүгүү келечеги, ошондой эле ички чогуу алгандагы суроо-талаптын калыбына келиши инфляция маанисинин 5-7 пайыздан ашпаган орто мөөнөттүк максаттуу көрсөткүчкө жакындашуусуна өбөлгө түзөт. Ушул шартта, ошондой эле кошумча тышкы жана ички таасирлер орун албаган шартта, эсептик чендин ушул чекте сакталышы экономиканын реалдуу секторуна андан ары түрткү беришине ишеним бар. Акча-кредит саясатынын учурда ык койгон багыты экономиканын өнүгүшүндө алгылыктуу жагдайлар сакталып калган шартта, андан ары уланышы мүмкүн.  

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга таасир этишине мезгил-мезгили менен баа берип туруу аркылуу экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрүүнү улантат.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине тиешелүү кийинки отуруму 2018-жылдын 26-февралына пландаштырылган.