Улуттук банктын эмгек жамаатынын жаңы төрага менен  

таанышуу аземи болуп өттү 

  Бүгүн, 2017-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Фарид Ниязов Улуттук банктын эмгек жамаатын жаңы төрага Толкунбек Абдыгулов менен тааныштырды.   

Жогорку Кенештин депутаттары 21-декабрда Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин бекиткен эле.