“Кыргыз Республикасынын финансы-банк секторун корпоративдик тескөөнүн жаңы тенденциялары жана өнүктүрүү келечеги” темасындагы конференция болуп өттү 

 

2017-жылдын 20-декабрында “Кыргыз Республикасынын финансы-банк секторун корпоративдик тескөөнүн жаңы тенденциялары жана өнүктүрүү келечеги” темасындагы конференция болуп өттү. Бул иш-чара IFC тарабынан Кыргыз банктар бирлиги, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы жана “Аудит плюс” компаниясы менен биргеликте уюштурулду. 

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.  

Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына корпоративдик тескөөгө тиешелүү өзгөртүүлөргө, банктардын жана микрофинансылык уюмдардын ишин тескөө системасында Директорлор кеңешинин ролуна жана маанисине, комитеттердин ишин тескөө маселеcи талкууланды.