Коммерциялык банктардын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган депозит эсептерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө» жобо долбоору коомдук талкууга сунушталууда. Долбоордо коммерциялык банктар Улуттук банкта ачкан депозит эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын жайгаштыруу тартибине карата минималдуу талаптар белгиленген. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2018-жылдын 19-январынан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.