«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 25 жыл» мааракелик почта маркалары  

жүгүртүүгө чыгарылды 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 25 жылдыгына карата мааракелик почта маркалары, маркалардан турган тиркеме жана ушул күнгө карата атйы иштелип чыккан, өлкөнүн борбордук банкынын логотиби камтылган белги басылган конверттер чыгарылды.  

Маркалар төмөнкүдөй топтомдон турган тиркемелерге бириктирилди: 

1-топтомдо «Жейрен. Gazella subgutturosa» коллекциялык монетасынын (2013-ж.) сүрөттөлүшү түшүрүлгөн 50 сом номиналындагы марка  

2-топтомдо «Тоодак. Otis tarda» коллекциялык монетасынын (2015-ж.) сүрөттөлүшү түшүрүлгөн 100 сом номиналындагы марка . 

3-топтомдо 500 сом номиналындагы (2016-ж.) банкнот жана 1, 3, 10 сом номиналындагы монеталардын сүрөттөлүшү түшүрүлгөн 100 сом номиналындагы марка.  

5000 даана нускада чыгарылган.