Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору коомдук талкууга сунушталууда.   

Долбоор Улуттук банктын своп-операцияларын жүргүзүү шарттарын өзгөртүү максатында иштелип чыккан. 

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбоору Улуттук банктын расмий интернет- сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары/ Талкуулоо үчүн долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

 Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 29-декабрына чейин ashailoouulu@nbkr.kg дарегине (Word жана PDF форматтарында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.