Пресс-релиз 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтырды 

 

Улуттук банк Башкармасы 2017-жылдын 27-ноябрында эсептик чен өлчөмүн (чен саясатын) 5,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2017-жылдын 28-ноябрынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында инфляция орточо чекте. Ал эми акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыз. 2017-жылдын ноябрь айында (17не карата) инфляциянын жылдык мааниси 3,3 пайыз чегинде катталган, бул Улуттук банктын күтүүлөрүнө туура келет. Инфляциянын айкын динамикасы импорттолуп алынган азык-түлүккө баанын төмөндүгү жана азык-түлүктөн башка товарларга суроо-талаптын басырыңкы мүнөздө болушу менен шартталган.  

Кыргыз Республикасында экономиканын алгылыктуу өсүш арымы сакталып калууда. 2017-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүмдүн өсүшү 3,9 пайызды, ал эми «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканалары боюнча маалыматтарды эске албаганда, 3,5 пайызды түзгөн. Экономикалык өсүш акча которуулардын артышы менен коштолууда. Алдын ала маалыматтар боюнча 2017-жылдын январь-октябрь айларында акча которуулардын таза агымы 25,6 пайызга көбөйгөн. 

Ички валюта рыногунда абал негизинен туруктуу сакталууда. Жылдын октябрь айынын акырынан тартып ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талаптын аны сунуштоодон артышы катталган, бул валюталар катышынын бир аз өзгөрүүсүн шарттаган. Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенция жүргүзгөн.  

Учурдагы акча-кредит шарттары экономиканын реалдуу секторуна өбөлгө түзүү чараларын колдоого алууда. Банк секторунда кредиттер боюнча пайыздык чендер улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында да төмөндөө жагына ыктап, экономиканы кредиттөөнүн өсүш арымы күч алгандыгы байкалууда. Акча рыногунун улуттук валютадагы кыска мөөнөттүк чендери өлкөнүн башкы банкы белгилеген пайыз коридору чегинде өзгөрүп турууда.  

Орун алып турган тышкы жана ички экономикалык шарттар инфляция маанисин 5-7 пайыз деңгээлинде белгиленген орто мөөнөттүк максаттуу көрсөткүчкө жакындашуусуна өбөлгө түзөт. Тышкы экономикалык чөйрөдө катталган тобокелдиктерди эске алганда, эсептик чендин мурдагы деңгээлде сакталышы экономикага өбөлгө түзүүчү чараларды андан ары колдоого алат. Кандайдыр бир кошумча тышкы жана ички таасирлер орун албаган шартта, акча-кредит саясатынын учурда бет алган багыты келерки мезгилде да сакталып калышы мүмкүн. 

Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга таасир этишине мезгил-мезгили менен баа берип туруу аркылуу экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрүүнү улантат.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине тиешелүү кийинки отуруму 2017-жылдын 25-декабрына пландаштырылган.