КМШ өлкөлөрүнүн улуттук (борбордук) банктарынын жана улуттук төлөм системаларынын жетекчилеринин экинчи жолугушуусу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКтын өкүлдөрү 2017-жылдын 22-23-ноябрында Армения Республикасынын Ереван шаарында болуп өткөн КМШ өлкөлөрүнүн улуттук (борбордук) банктарынын жана улуттук төлөм системаларынын жетекчилеринин экинчи жолугушуусуна катышып, анда “Элкарт” улуттук төлөм системасы жана анын өнүгүү келечеги боюнча толук маалымат кароого сунушталып, төлөм системаларын интеграциялоо боюнча тажрыйба алмашуу, бирдиктиктүү төлөм аймагын түзүү, инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жагында маселелер, ошондой эле борбордук банктардын төлөм системаларын жөнгө салуудагы ролу талкууланды.