Улуттук банкта коммерциялык банктар арасындагы стратегиялык менеджмент боюнча алгачкы банктык Кубокту тапшыруу аземи болуп өттү

 

2017-жылдын 30-октябрынан баштап 3-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында стратегиялык менеджмент боюнча коммерциялык банктар арасында бизнес-оюн өткөрүлдү. Бизнес-оюнду уюштуруу Улуттук банк менен Германиянын кассалык үнөмдөө Фондунун кызматташуусунун негизинде ишке ашып, оюн өткөрүлүүчү аянтча бөлүнүп берилди. Бизнес-оюнга «Кыргыз-Швейцариялык Банк» ЖАК, АКБ «Толубай» ЖАК, «Азия Банкы» ЖАК жана Пакистан Улуттук банкынын Бишкек филиалынын орто же жогорку звенонун жетекчилеринен турган өкүлдөрү катышышты.  

Бизнес-оюндун тренери катары Германиянын кассалык үнөмдөө Фондунун эксперттери Татьяна Фельдген жана Инна Мазур катышышты. Ал эми байкоочу болуп Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча кассалык долбоордун аймактык директору Ульрих Кинитц жана долбоордун узак мөөнттүү эксперти Динара Абакирова катышышты.  

Бизнес-оюн ролго кирүү, абал менен таанышуу, финансылык жана финансылык эмес маалыматты анализдөө, жалпы стратегияны даярдоо, бизнес-планды түзүү жана чечим кабыл алуу сыяктуу бир нече этаптан турду. Командалардын чечимдери атайын программалык камсыздоонун жардамы менен иштелип чыгып жатты.   

Оюндун жүрүшүндө катышуучулар чектүү убакыт жана атаандаштык шартында чечим кабыл алуу, кардардын каалоосу боюнча маалыматты иштеп чыгуу жана алардын муктаждыгын анализдөө боюнча зарыл көндүмдөргө ээ болушту. Ар бир команда банк ишинин тажрыйбасында маанилүү болгон тобокелдик жана мүмкүнчүлүктүн, билим менен тажрыйбанын ортосун теңсалмактап көрсөтүп беришти.  

2015-жылы жеңүүчүнүн сыйлыгы «Демир Кыргыз Интернэшнл банкка», ал эми 2016-жылы «БТА банктын» командасына ыйгарылса, бул жылы Кубокту «Толубай банктын» командасы алды. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Коммерциялык банктар арасындагы стратегиялык менеджмент боюнча алгачкы банктык Кубокту тапшыруу аземи 3-ноябрда өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкарма мүчөсү Сыдыков Алмаз катышты.