Улуттук банк Башкармасынын чечими менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоору коомдук талкууга жактырылган. 

ФКУ, анын ичинде «ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүзөгө ашырган ФКУ жыйынтыкталган маалыматты туура чагылдыруусу максатында өзгөрүүлөр иштелип чыкты. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган БФКУ тарабынан колдонулуп жаткан үстөк баанын/кирешенин пайыздык маанисин эсепке алууну каржылоо боюнча үстөк бааны/кирешени жылдык пайыздык мааниге келтирүү формуласын пайдалануу менен кредит боюнча орточо салмактанган пайыздык ченден айырмаланган отчеттуулук формалары боюнча негизги өзгөрүүлөр долбоордо сунушталат. 

Долбоордо Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган:  

1. 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө»;  

1. 2005-жылдын 25 августундагы №26/5 «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө»; 

1. 2014-жылдын 17 октябрындагы №45/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө»; 

1. 2014-жылдын 17 октябрындагы №45/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө»; 

1. 2014-жылдын 17 октябрындагы №45/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө»; 

1. 2009-жылдын 27-майындагы  №25/3 «Микрокредиттик компаниянын/ микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө»; 

1. 2009-жылдын 27-майындагы  №25/3 «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө». 

Бул долбоор коомдук талкууга коюлуп, Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор»  бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул долбоорго карата сунуш жана пикирлерди 2017-жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен asooronbekkyzy@nbkr.kg, eaidarov@nbkr.kg электрондук даректери боюнча берүүңүздөрдү өтүнөт.