«Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла»  

Сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2017-жылдын 2-ноябрында ЖМК арасында өткөрүлгөн республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү

Сынакта 8 номинация боюнча республикадагы теле-радиоканалдардын, басылма жана электрондук ЖМК журналисттери катышышты. Сынактын комсиссиясынын катарына Улуттук банктын негизги түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, башкармасынын өкүлдөрү кирип, алар 60 ашуун ишти карап чыгышты. 

Иш-чараны ачып жатып Улуттук банктын Башкарма мүчөсү А.Сыдыков катышуучуларды сынакка берилген инвестиция жана жыйым топтоо темасын чагылдырууда кызыктуу, ар тараптуу эмгектерди жараткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. «Өзүңүздөр билгендей эле Улуттук банк 5 жылдан бери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча активдүү иш жүргүзүп жатат. Аталган теманы чагылдырууда сиздер биздин жарандардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзүп жатасыздар»,- деп белгиледи А.Сыдыков. 

Баш байге алтындан жасалган «Курманжан Даткага 200 жыл» коллекциялык монетасына төмөнкүлөр ээ болушту:  

Салабат Эркетай кызы («ЭлТР» телеканалы) мамлекеттик тилде мыкты теле материал; 

Токонова Чинара («Санжыра» радиосу) мамлекеттик тилде мыкты радио материал; 

Асанбаев Насыпбек («Саресеп» газетасы) мамлекеттик тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал. 

Чипегин Антон («Спутник» МА)  расмий тилде интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал; 

Шаршеева Эльнура («Белес» интернет сайты) мамлекеттик тилде интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал. 

«Расмий тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал», «расмий тилде мыкты теле материал», «Расмий тилде мыкты радио материал» номинацияларынын авторлору кызыктыруучу белектер менен белгиленишти. 

Улуттук банктын күмүштөн жасалган коллекциялык монеталары жана атайын дипломдор менен жогору кесипкөлүк жана кызматташтыгы үчүн төмөнкүлөр сыйланышты:  

Пусурманкулова Бурулай (КТРК), Орозматова Жылдыз («Ынтымак Медиа Групп»), Асанакунова Ширин (КТРК), Нурманбетова Жамийла («Экономика» газетасы), Токтоназарова Нуржан («Азаттык» радиосу), Мамытов Исмаил («Спутник» радиосу), Хоменко Алена («НИК ФМ» радиосу), Бостонбаева Назгүл («Заман» МА), Шабалин Александр («Кактус Медиа» МА).  

Жеңүүчүлөрдү куттуктоо аземинин аяктап жатып, А.Сыдыков журналисттерди алдыда келе жаткан Басма сөз жана маалымат күнүн кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук, бакыбаттуулук жана иштеринде ийгиликтерди каалап өттү.