Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Мыйзам долбоору, маалымдама-негиздеме жана салыштырма таблицасы Улуттук банктын расмий сайтынын "Банктар / Банк мыйзамдары / Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору" бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ушундан улам, мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мөөнөттө ktemirov@nbkr.kg; aturatbekov@nbkr.kg электрондук даректерине жөнөтүүнү өтүнөбүз.