Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө документтин долбоорун Улуттук банк коомдук талкууга чыгарууда.  

Долбоор, аталган жобону Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты.  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын "Улуттук банктын ченемдик актылары/ Талкуулоо үчүн долбоорлор" бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Аталган Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 1-декабрына чейин jtashmamatov@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөбүз.