Контракт боюнча турак жайга жыйым топтоо системасын киргизүү жана контракттык турак жай жыйымын топтоо механизмин өнүктүрүү максатында Улуттук банк тарабынан «Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жана «Турак жайга жыйым топтогон кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жоболордун долбоору (мындан ары  Жоболор) иштелип чыккан. Жоболор банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Жоболордун долбоору боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 30-ноябрынан кечиктирбестен akubatbekov@nbkr.kg; nbugubaeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.