Кыргыз Республикасынын «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы 2015-жылдын 31-июлунда күчүнө киришине байланыштуу Улуттук банк айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр долбоору иштелип чыккан.  

Долбоордо, коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан кредиттөө учурунда турак жай күрөө катары сунушталган шартта, турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу келишиминин болушу талабын коюу шарты караштырылган. 

Долбоор банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Долбоор боюнча  сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 30-ноябрынан кечиктирбестен malmanbetova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.