2018-жылдын 25-сентябрында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 28 жана 91-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 1,90%, 1,86% жана 4,00% түзгөн.  Жүгүртүү мөөнөтү 182-күндүк ноталардын аукциону суроо талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.