2018-жылдын 31-майында банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет.
Кредиттик аукциондун параметрлери:
Аукциондун коду |
АК 18 06 |
Кредиттин мөөнөтү (ай) |
6 ай |
Кредиттик ресурстардын көлөмү (млн. сом) |
1 500,00 |
Ауцион өткөрүү ыкмасы |
Көптүк чен боюнча аукциону |
Максаттуу багытталышы |
Өнөр жай; айыл-чарба, даярдоо жана кайра иштетүү; транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү; соода жана коммерция; курулуш; туристтик чөйрө. |
Регионалдык багытталышы |
Региондорду экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында аймактарды өнүктүрүү жылы кредиттик ресурстар Бишкек шаарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бардык областарын каржылоого багытталууга тийиш. Бишкек шаары боюнча долбоорлорду кредиттөгө жол берилбейт. |
Минималдуу пайыздык чен (%) |
Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени |
Билдирменин минималдуу көлөмү (млн. сом) |
20,00 |
Билдирменин максималдуу көлөмү (млн. сом) |
450,00 |
Коммерциялык банктардын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чени |
12% |
Пайыздын төлөө убакыты |
Ар бир айдын 1чи күнүндө |
Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу |
Төлөө мөөнөтү кредитти төлөөдөн эрте болбогон мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) |
Төлөө мөөнөтү кредитти төлөөдөн эрте болбогон Улуттук банктын ноталары (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) |
|
Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) |
|
Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%) |
|
Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо |
Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 80% ашпаган |