> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча Мамлекеттик программанын экинчи баскычы (2012-2017 -ж.)»  

  

Мамлекеттик программанын экинчи баскычы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2011-жылдын 25-апрелиндеги №189/11/4 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары ведомстволор аралык комиссия) тарабынан демилгеленген.   

Мамлекеттик программанын биринчи баскычына жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ишке тартылган түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз ара иш алып баруусун арттыруу, мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар менен биргелешип иш-чараларды аткарууну күчөтүү, Мамлекеттик программанын биринчи баскычын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсияларды, жөлөк пулдарды, салыктарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка өлкө бюджетине/бюджетинен төлөөлөрдү коммерциялык банктардагы эсептерге/эсептер аркылуу которуу боюнча милдеттерди улантуу жана акырына чыгаруу зарылчылыгы белгиленген.   

Мамлекеттик программанын 2012-2017-жылдарга каралган экинчи баскычы министрликтер, ведомстволор, Өкмөттүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жеке ишкерлер, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары жана эл аралык финансылык институттар менен биргеликте жүзөгө ашырылган.  

Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана бюджеттик каражаттардын төлөнүшүн камсыз кылуу максатында, бардык бюджеттик уюмдардын эмгек акыларын, пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөөлөрдү «Элкарт» улуттук төлөм карты аркылуу төлөөгө өткөрүлгөн. Эмгек акысын эл аралык карттар аркылуу алган бардык бюджеттик уюмдар да (100 пайыз) «Элкарт» улуттук төлөм картына өткөрүлгөн.  

2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программанын экинчи баскычынын чараларын ишке ашыруу алкагында төмөнкү долбоорлор ишке ашырылган:  

- «Пенсионердин карты» долбоору 2012-жылы ишке киргизилген; 

- «Социалдык төлөөлөрдү алуучунун карты» долбоору 2013-жылы колдонууга киргизилген;   

- «Бюджетке төлөөлөр» долбоору 2013-жылы колдонууга киргизилген;   

- «Жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптык төлөм төлөө» долбоору 2013-жылдын декабрь айында ишке киргизилген;  

- «Бюджеттик каражаттарды алуучунун карты» долбоору 2013-жылдын октябрь айында ишке киргизилип, ал кол менен иштеп чыгууну автоматтык түрдө эсепке алууга алмаштыруу менен чек китепчелеринин ордуна пайдаланылат;  

Мындан тышкары, калктын финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында, Улуттук банк 2015-жылдын апрель айынан тартып төмөнкү иш түрлөрүн лицензиялоо жана жөнгө салуу ишин жүзөгө ашыра баштаган:   

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларын жана электрондук каражаттарды пайдаланууга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды сунуштоо;  

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аны төлөм системасынын катышуучуларына сунуштоо.  

Төлөм системасынын жаңы катышуучуларынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук база иштелип чыккан.   

Мамлекеттик программанын биринчи жана экинчи баскычынын жыйынтыгы боюнча коммуналдык ишканалардын ички кассалары жабылып, төлөмдөрдүн көпчүлүк бөлүгү банктардын кассалары, почта бөлүмү/банк агенти жана төлөм системасынын операторлорунун кабыл алуу пункттары, аралыктан тейлөө (интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг) жана электрондук капчыктар аркылуу ишке ашырылган.  

2003-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттарын өнүктүрүү жагында алгылыктуу тенденция байкалган, ал эми 2007-жыл «Элкарт» улуттук карттарын жигердүү чыгаруудан башталган.   

Электрондук жабдуулардын (мобилдик телефон, планшет, акылдуу саат ж.б.) өнүгүүсү менен төлөмдөр калк ичинде белгилүү бир суроо-талапка ээ жана республикада нак эмес төлөмдөр үлүшүн арттырууга таасирин тийгизген электрондук капчыктар сыяктуу төлөм инструменти аркылуу да ишке ашырыла баштаган.   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү менен, ошондой эле келечекте жаңы санарип кызмат көрсөтүүлөргө өтүү, өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ шаарларды түзүү, республиканын 20 шаарында инфраструктураны өнүктүрүү боюнча өлкөдө экономикалык реформаларды жүргүзүүнү эске алуу менен катар эле санарип технологияларды, электрондук өкмөттү, банк жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүнү, жаңы тейлөө чөйрөлөрүнө төлөм инструменттерин колдонууга киргизүүнү, мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүнү, ошондой эле нак эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чараларды контролдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү иштерин улантты.  

Чекене төлөм рыногун, анын ичинде инновациялык төлөм инструменттерин өнүктүрүү жана жөнгө салуу, нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн инфраструктураны кеңейтүү жана өркүндөтүү жана калкты нак эмес эсептешүүлөр формасына өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитти.