> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Төлөм системасы боюнча комитети 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети 2001-жылы Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлгөн. Төлөм системасы боюнча комитет өз ишин «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобого жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына таянуу менен иш алып барат.  

Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү багыттарын, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишин өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (оверсайт), төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча максаттарды жана милдеттерди аныктайт. 

2022-жыл ичинде Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин 16 отуруму өткөрүлүп, анда жалпысынан 35 маселе каралган.