> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Жусуп Баласагынга 1000 жыл» коллекциялык монетасы 

 

«Жусуп Баласагынга 1000 жыл» коллекциялык монетасы 2016-жылдын 01 ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган. Бул монета Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасын сактоо жана мындан ары өнүктүрүү максатында чыгарылган. 

 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин Жусуп Баласагындын Кашкардагы күмбөзүнө түшүрүлгөн анын портрети жана Бурана мунарасынын фрагменти түзөт. Монетанын сол тарабына «Кутадгу билиг» поэмасынын аталышы чагылдырылган, ал алтын жалатуу технологиясынын жардамы менен аткарылган жана монетанын салмагы (28,28g) жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°) көрсөтүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө «Жусуп Баласагынга 1000 жыл» жазуусу берилген. 

Монетанын арткы бетинде Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» поэмасынан алынган саптар жана караханиддер доорунун архитектуралык эстелиги кыргыз тоолорунун фонунда берилген Бурана мунарасы чагылдырылган. Жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби, ал эми төмөнкү жагында монетанын чыгарылган жылы (2016) жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жазуусу көрсөтүлгөн. 

Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ.  

 

Монетанын мүнөздөмөсү 

 

Аталышы  

Номиналы  

Чыгарылган  

жылы  

Металы  

Салмагы (г)  

Өлчөмү (мм)  

Нускасы (даана)  

Сапаты  

Сатуу баасы (сом)  

Жусуп Баласагынга 1000 жыл

10 сом  

2016  

Күмүш 925  

28,28 

38,61х38,61 

1000  

пруф  

3 240