> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

"Евразия экономикалык союзу" коллекциялык монетасы 

 

"Евразия экономикалык союзу" коллекциондук монетасы 2015-жылдын 2-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган. Бул монета аталган союзга (ЕАЭС) кирген мүчө-мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын Евразия экономикалык союзун уюштурулуп, иш алып барып жатышына арналган эстелик монеталарынын алкагында чыгарылган.  

 

Коллекциондук монета күмүштөн жасалган жана эл аралык "пруф" сапатына ээ. Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ. 

 

Евразия экономикалык союзуна кирген өлкөлөрдүн борбордук (улуттук) банктары тарабынан чыгарылып жаткан бардык коллекциялык монеталардын сериясынын, негизги элементи - Евразия экономикалык союзунун расмий эмблемасы жана бирдиктүү "Евразия экономикалык союзу" аталышы бириктирет. 

 

Монетанын алдыңкы бетинде бирдиктүү элемент болуп саналган жер шарынын сүрөттөлүшүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жазуусу жана монета чыгарылган жыл (2015) чагылдырылган. Төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом), монетанын сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), ал эми оң жагында монетанын салмагы (31,10 г.) чагылдырылган.  

 

Монетанын арткы бетинде жер шары, анын алкагында Евразия континенти түшүрүлгөн, анда Евразия экономикалык союзунун расмий эмблемасы жана ага кирген беш мүчө-мамлекеттердин түстүү желектери чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Евразийский экономический союз", ал эми төмөн жагында "Евразия экономикалык союзу" жазуусу жайгаштырылган. 

Монетанын мүнөздүү өзгөчөлүгү 

Аталышы 

Номиналы 

Чыгарылган 

жылы 

Металы 

Салмагы (г) 

Диаметри (мм) 

Нускасы (даана) 

Сапаты 

Сатуу баасы (сом) 

Евразия экономикалык союзу 

10 сом 

2015 

Күмүш 925 

31,1 

38,60 

1000 

пруф 

3 300