> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 60 жылдыгына арналып чыгарылган "Улуу Жеңишке 60 жыл" коллекциондук монетасы  

2005-жылдын 4-майынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында 10 сом номиналындагы "Улуу Жеңишке 60 жыл" коллекциондук монетасы жүгүртүүгө чыгарылган.  

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 60 жылдыгына арналып чыгарылган эстелик монетасы күмүштөн жасалган жана эл аралык "пруф" сапатына ээ. Монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ

Монетанын алдынкы бетинде Эненин айкели жана Өчпөс от - "Жеңиш" мемориалдык комплексинин элементи (автору - Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Т. Садыков) берилген. Арткы чегинде Кыргызстандын тоо кыркаларынын айкалышында бозүйдүн сүрөттөлүшү чагылдырылган. Монетанын сол жак бөлүгүндө анын күмүштөн жасалгандыгын жана салмагын билдирген белги (Ag 925/28.28), оң жак бөлүгүндө монетанын номиналы (10 сом) келтирилип, төмөнкү бөлүгүндө "Улуу Жеңишке 60 жыл" жана "60 лет Великой Победе" жазуулары чагылдырылган.  

Кыргыз Республикасынын герби монетанын арткы бетинин негизги композициясы. Гербдин чок ортосунда көгүлтүр көлдүн жана тоо кыркаларынын айкалышында Кыргызстандын азаттыгын жана көз карандысыздыгын символдоштурган канатын кере жайган ак шумкардын элеси түшүрүлгөн.  

Монетанын ортосунда улуттук оюм-чийимдин алкагында "Улуу Жеңишке 60 жыл" деген жазуу, ал эми төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыккан жылы (2005) берилген. 

Ар бир монета өзүнчө кутучага салынган жана ар бир монетага сертификат, кыскача сүрөттөлүшү менен буклет тиркелген

Монетанын мүнөздүү өзгөчөлүгү

Аталышы  

Номиналы 

Чыгарылган жылы 

Металы 

Сапаты 

Салмагы (г) 

Диаметри (мм) 

Нускасы (даана) 

Сатуу баасы (сом)

Улуу Жеңишке 60 жыл

10 сом 

2005 

Күмүш 925/ Алтын 999 

Пруф 

28.28  

38.60  

1000 

Сатуу аяктаган