Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» 

мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ  

№ 

Колдонулуп жаткан редакциясы   

  (алып салынган жоболор - өзгөчө белгиленген жана сызып көрсөтүлгөн, өзгөртүлгөн жоболор - өзгөчө белгиленген)  

Сунушталып жаткан редакция   

(өзгөртүлгөн жоболор - өзгөчө белгиленген)  

1-берене. Ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу мамилелер 

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү, акчалай которууларды жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин жана формаларын белгилейт, төлөм системаларынын мүнөздөмөлөрүн, төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, төлөм системаларын көзөмөлгө алууну (оверсайт) аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Кыргыз банкы) Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы ыйгарым укуктарын аныктайт. 

2. Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдө жана эсептешүүлөрдө, юридикалык жактар менен жеке жактардын ортосундагы акча которууларда (эл аралык/трансчекаралык төлөмдөр жана акча которуулар) келип чыккан мамилелер ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат. 

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамда жөнгө салынуучу Кыргыз Республикасында байланыш түйүндөрүн пайдалануу жана электр жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча иштерге жайылтылбайт. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешеси жок товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жүзөгө ашырылган учурда, операциялар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, түздөн-түз төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт. 

1-берене. Ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу мамилелер 

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү, акчалай которууларды жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин жана формаларын белгилейт, төлөм системаларынын мүнөздөмөлөрүн, төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, төлөм системаларын көзөмөлгө алууну (оверсайт) аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банкы) Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы ыйгарым укуктарын аныктайт. 

2. Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдө жана эсептешүүлөрдө, юридикалык жактар менен жеке жактардын ортосундагы акча которууларда (эл аралык/трансчекаралык төлөмдөр жана акча которуулар) келип чыккан мамилелер ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат. 

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамда жөнгө салынуучу Кыргыз Республикасында байланыш түйүндөрүн пайдалануу жана электр жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча иштерге жайылтылбайт. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешеси жок товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жүзөгө ашырылган учурда, операциялар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, түздөн-түз төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт. 

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр 

Электрондук акчанын акцептанты (акцептант) - юридикалык жак, ошондой эле электрондук акчанын банк-эмитенти же агент менен түзүлгөн келишимге ылайык, операциялардын электрондук акча менен жасалганын ырастаган документтерди берүү менен, товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаларды кабыл алган жеке ишкер. 

Накталай эмес эсептешүү - акча жүгүртүү формасы, мында акча каражаттарынын жылышы төлөөчүнүн эсептешүү (учурдагы) эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана аларды сунушталган төлөм документтерине ылайык алуучунун эсептешүү (учурдагы) эсебине чегерүү жолу менен накталай акчанын катышуусуз жүргүзүлөт. Эсептешүү төлөмдүн аяктоосу болуп саналат. 

Үй банкинги (home-banking) - алыстан туруп "үйүндө" банктык тейлөөнүн жана банктар тарабынан үйлөрдөгү же офистердеги терминалдарды (персоналдык компьютер, стационардык телефон) банктын компьютердик түйүнүнө туташтыруу аркылуу кардарларга (жеке жана юридикалык жактарга) чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмасы. 

Интернет-банкинги - кардардын өзүнүн банктык эсебин аралыктан Интернет аркылуу башкаруусу. Интернет-банкингди пайдалануу менен төлөмдөр Интернет түйүнүнүн жалпы жеткиликтүү каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат. 

Банктар аралык клирингдик система - клирингдик борбор аркылуу клиринг системасынын катышуучулары анын жардамы менен маалыматтарды берүү, алмашуу, төлөмдөрдү же баалуу кагаздарды башка катышуучуларга которуу эрежелеринин, жол-жоболорунун жана ыкмаларынын жыйындысы. Система катышуучулардын эки тараптуу же көп тараптуу таза позицияларын аныктоого негизделиши мүмкүн. 

Мобилдүү банкинг - кардардын мобилдүү телефонунан банкка маалыматтарды жөнөтүү аркылуу банктык эсепти алыстан туруп башкаруу. 

Төлөм системасынын оператору - Кыргыз банкынын төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштешин камсыз кылуучу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, түзүлгөн келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет. 

Төлөм - накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенменин аткарылышы же болбосо төлөөчүнүн накталай эмес акча каражаттарын которуу процесси. 

Төлөм документи - юридикалык же жеке жактар тарабынан жол-жоболонгон, анын негизинде төлөм жүргүзүлүүчү белгиленген формадагы документ. 

Банктык төлөм картасы (төлөм картасы) - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валюталарында накталай акча алууда, акча которууларды, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар (перифериялык жабдуулар) аркылуу электрондук акча формасында эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу төлөм инструменти. 

Төлөм системасы - акча жүгүртүүнү камсыз кылган технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланыштуу системасы. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн түрлөрүнө жараша төлөм системалары ири төлөмдөр системасына жана чекене төлөмдөр системасына бөлүнөт. 

Төлөм уюму - төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы келишимге, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлгөн төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык, маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы иштерди жүзөгө ашырууга Кыргыз банкынын лицензиясы бар юридикалык жак. 

Акча которуулардын системасы - төлөм системасынын оператору тарабынан бул адресаттарга төлөнүп бериле турган шарт менен калктан акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм системасынын тиби. 

Төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы - карталарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. 

Электрондук акча - алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошуп алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы. 

Электрондук төлөм документи - эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган жана электрондук санариптик колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү

Процессинг - финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди өзүнө камтыган лицензиялануучу иш. 

Электрондук акчалардын эмитенти (эмитент) - Кыргыз банкы, ошондой эле Кыргыз банкынын электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензиясы бар, электрондук акчаларды накталай акчага айландыруучу кармоочуларга электрондук акчаларды төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк. 

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр 

Электрондук акча агенти - бул, Кыргыз Республикасынын резиденти - юридикалык жак же жеке ишкер, ал электрондук акчаны нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштырууну (ордун жабууну), Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык электрондук акчаны жайылтууну ишке ашырат. 

Электрондук акчанын акцептанты (акцептант) - юридикалык жак, ошондой эле электрондук акчанын банк-эмитенти же агент менен түзүлгөн келишимге ылайык, операциялардын электрондук акча менен жасалганын ырастаган документтерди берүү менен, товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаларды кабыл алган жеке ишкер. 

Накталай эмес эсептешүү бул, акча жүгүртүү формасы, мында нак акчаны пайдалануусуз, сунушталган төлөм документинин негизинде акча каражаттарын төлөөчүнүн эсептешүүүндөлүк) эсебинен алуучунун эсептешүүүндөлүк) эсебине чегерүү аркылуу ишке ашырылган акча каражаттарынын жылышы, ошондой эле акча каражаттарынын жылышы улуттук валютада жана нак акчаны пайдалануусуз, электрондук акча ээсинин эсебинен акцептанттын эсебине чегерүү аркылуу ишке ашырылган шартта, электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү. Эсептешүү төлөмдүн ишке ашырылгандыгын түшүндүрөт. 

Мамлекет ичиндеги төлөмдөр бул, Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада жүргүзүлгөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар башка төлөм системаларынын банктык төлөм карттарын колдонуу менен ишке ашырылган төлөм.»; 

Үй банкинги (home-banking) - алыстан туруп "үйүндө" банктык тейлөөнүн жана банктар тарабынан үйлөрдөгү же офистердеги терминалдарды (персоналдык компьютер, стационардык телефон) банктын компьютердик түйүнүнө туташтыруу аркылуу кардарларга (жеке жана юридикалык жактарга) чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмасы. 

Интернет-банкинги - кардардын өзүнүн банктык эсебин аралыктан Интернет аркылуу башкаруусу. Интернет-банкингди пайдалануу менен төлөмдөр Интернет түйүнүнүн жалпы жеткиликтүү каналдары аркылуу жүзөгө ашырылат. 

Клиринг бул төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси. 

Эл аралык электрондук акча бул, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан өлкөнүн мыйзамынын чегинде Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынган) электрондук түрдөгү электрондук акча, электрондук акча каражаттары жана электрондук формадагы акчалай милдеттенмелер. 

Банктар аралык клирингдик система - клирингдик борбор аркылуу клиринг системасынын катышуучулары анын жардамы менен маалыматтарды берүү, алмашуу, төлөмдөрдү же баалуу кагаздарды башка катышуучуларга которуу эрежелеринин, жол-жоболорунун жана ыкмаларынын жыйындысы. Система катышуучулардын эки тараптуу же көп тараптуу таза позицияларын аныктоого негизделиши мүмкүн. 

Мобилдүү банкинг - кардардын мобилдүү телефонунан банкка маалыматтарды жөнөтүү аркылуу банктык эсепти алыстан туруп башкаруу. 

Төлөм системасынын оператору - Улуттук банкынын төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштешин камсыз кылуучу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, түзүлгөн келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет. 

Төлөм - накталай акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенменин аткарылышы же болбосо төлөөчүнүн накталай эмес акча каражаттарын которуу процесси. 

Төлөм документи - юридикалык же жеке жактар тарабынан жол-жоболонгон, анын негизинде төлөм жүргүзүлүүчү белгиленген формадагы документ. 

Банктык төлөм картасы (төлөм картасы) - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валюталарында накталай акча алууда, акча которууларды, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар (перифериялык жабдуулар) аркылуу электрондук акча формасында эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу төлөм инструменти. 

Төлөм системасы - акча жүгүртүүнү камсыз кылган технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланыштуу системасы. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн түрлөрүнө жараша төлөм системалары ири төлөмдөр системасына жана чекене төлөмдөр системасына бөлүнөт. 

Төлөм уюму - төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы келишимге, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлгөн төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык, маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы иштерди жүзөгө ашырууга Улуттук банкынын лицензиясы бар юридикалык жак. 

Акча которуулардын системасы - төлөм системасынын оператору тарабынан бул адресаттарга төлөнүп бериле турган шарт менен калктан акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм системасынын тиби. 

Төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы - карталарды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. 

Электрондук акча - алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошуп алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы. 

Электрондук төлөм документи - эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган жана электрондук санариптик колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формада түзүлгөн төлөм документинин түрү

Процессинг - финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди өзүнө камтыган лицензиялануучу иш. 

Электрондук акчалардын эмитенти (эмитент) - Улуттук банкы, ошондой эле Улуттук банкынын электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензиясы бар, электрондук акчаларды накталай акчага айландыруучу кармоочуларга электрондук акчаларды төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк. 

Эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын резидент эмеси Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык электрондук акча чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган, жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иш алып барган банк же юридикалык жак. 

3-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе жана эсептешүүлөрдүн пайдаланылып жаткан формасы менен шартталбаса, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясы бар банктар тарабынан жүзөгө ашырылат. 

2. Банк Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктык жана төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөргө юридикалык жактар менен, ошондой эле калкка төлөм жүргүзүү, эсептешүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеке ишкерлер менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу. Мында келишимдин чегинде агенттердин милдеттенмелерди аткарышы боюнча жоопкерчилигин банк тартат. 

3. Төлөм уюму төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен түзүлгөн жана акча каражаттарын төлөө уюмунун банктык эсебинен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн банктык эсептерине которуу жолу менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун тартибин аныктаган агенттик келишимдин негизинде үчүнчү жактардын, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Төлөм уюму менен кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы агенттик келишимде накталай акча каражаттарын киргизүү, банктык эсептен которуу, банктык кепилдиктерди берүү жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында төлөм уюмунун милдеттенмелерин аткаруу боюнча башка ыкмаларды камсыз кылуу жолу менен төлөм уюму тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдын ала акы төлөө шарттарында өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн; 

2) электрондук акчаларды банк менен агенттик келишимдин негизинде гана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтууга. Мында агенттер тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат. 

4. Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттар менен төлөм жүргүзүүнүн ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүдөгү операциялардын түрлөрүнүн тизмегин Кыргыз банкы аныктайт. 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин лицензиясыз иштөөсүнө тыюу салынат. 

Төлөм системасынын операторлорунун - Кыргыз Республикасынын резиденти эместеринин каттоосуз иштөөсүнө тыюу салынат. 

5. Лицензияны алууга/каттоодон өтүүгө арыздын формасы, ага тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле аларды кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

3-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү уюштуруу 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр, эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе жана эсептешүүлөрдүн пайдаланылып жаткан формасы менен шартталбаса, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринин негизинде ачылган эсептер боюнча тиешелүү операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясы бар банктар тарабынан жүзөгө ашырылат. 

2. Банк Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктык жана төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөргө юридикалык жактар менен, ошондой эле калкка төлөм жүргүзүү, эсептешүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеке ишкерлер менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу. Мында келишимдин чегинде агенттердин милдеттенмелерди аткарышы боюнча жоопкерчилигин банк тартат. 

3. Төлөм уюму төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен түзүлгөн жана акча каражаттарын төлөө уюмунун банктык эсебинен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн банктык эсептерине которуу жолу менен өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун тартибин аныктаган агенттик келишимдин негизинде үчүнчү жактардын, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн пайдасына төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Төлөм уюму менен кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы агенттик келишимде накталай акча каражаттарын киргизүү, банктык эсептен которуу, банктык кепилдиктерди берүү жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында төлөм уюмунун милдеттенмелерин аткаруу боюнча башка ыкмаларды камсыз кылуу жолу менен төлөм уюму тарабынан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдын ала акы төлөө шарттарында өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн; 

2) электрондук акчаларды банк менен агенттик келишимдин негизинде гана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтууга. Мында агенттер тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат. 

3-1. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштин ошол түрлөрүн жүргүзүп, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап, анын ишине байланыштуу башка зарыл операцияларды ишке ашыра алат. 

Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

Банк төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишине байланыштуу, лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн банктык операцияларды ишке ашыра алат. 

4. Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттар менен төлөм жүргүзүүнүн ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүдөгү операциялардын түрлөрүнүн тизмегин Улуттук банкы аныктайт. 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин лицензиясыз иштөөсүнө тыюу салынат. 

Төлөм системасынын операторлорунун - Кыргыз Республикасынын резиденти эместеринин каттоосуз иштөөсүнө тыюу салынат. 

5. Лицензияны алууга/каттоодон өтүүгө арыздын формасы, ага тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле аларды кароонун тартиби Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

4-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө эсептешүү (учурдагы) эсептерин пайдалануунун тартиби 

1. Банктар тиешелүү төлөм инструменттерин пайдалануу менен банктык эсептер боюнча акча каражаттарын кредиттик же дебеттик которууларды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды жүзөгө ашырат. 

2. Юридикалык/жеке жактар же жеке ишкерлер банкка кайрылган учурда банк банктык эсептешүү (учурдагы) эсеби келишимин жазуу жүзүндө түзөт жана мындай эсептерди ачуу үчүн банк тарабынан аныкталган шарттарда ага банктык эсептешүү (учурдагы) эсебин ачат. 

3. Банк кардардын (эсеп ээсинин) эсептешүү (учурдагы) эсебине Кыргыз банкынын талаптарына ылайык, анын таандуулугун белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү номер ыйгарат. 

4. Эсеп ээси (банктын кардары) өз эсебинде турган акча каражаттарын жеке өзү же болбосо ал ыйгарым укук берген адамдар аркылуу тескөөгө укуктуу. 

5. Накталай эмес эсептешүүлөр банк тарабынан эсеп ээсинин же ал ыйгарым укук берген адамдын тескемесинин негизинде жүргүзүлөт. Банктык эсеп келишиминде эсептеги акча каражаттарын электрондук байланыш каражаттары жана тескеменин ага ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилгенин ырастаган өздүк кол тамгалардын, коддордун, паролдордун жана башка каражаттардын аналогдорун пайдалануу менен башка документтер менен тескөөгө алуу укугун ырастоо каралышы мүмкүн. 

6. Кардар-төлөөчүнүн акча каражаттарын которуу боюнча төлөөчү-банкка тескеме жөнөтүү ыкмасы, тартиби жана шарттары алардын ортосунда түзүлгөн келишимде чагылдырылат. Эгерде төлөөчү жөнөтүүчү банктын кардары болуп саналбаса, анда тескемени көрсөтүү Кыргыз банкынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 

7. Банк кардардын төлөмдү жана эсептешүүнү жүргүзүү жөнүндө төлөм документи келин түшкөн күнү аткарууга кабыл алууга жана банкка тиешелүү төлөм документи келип түшкөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, же болбосо ченемдик укуктук актыларда же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, төлөм документинде көрсөтүлгөн күнү акча каражаттарын кардардын тескемеси боюнча эсептен чегерет. 

8. Банк кардардын накталай эмес төлөм жана эсептешүү жүргүзүү жөнүндө тескемесин төмөнкү учурларда аткарбай коюуга укуктуу

1) эгерде түзүлгөн келишимде эсептешүүнү ошол формада жүргүзүү каралбаса; 

2) эгерде келишимде банк тарабынан кардарга насыя берүү каралбаса, эсеп ээсинде каражаттардын жетиштүү суммасы жок болсо; 

3) эгерде кардардын төлөм жана эсептешүү жүргүзүү жөнүндө тескемесин аткаруу банктык мыйзам актыларын бузуу болуп саналса же болбосо кардардын эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камак коюлса; 

4) эгерде төлөм документинин формасы жана мазмуну Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе, же болбосо төлөм документи түп нуска болуп саналбаса; 

5) эгерде кардар операцияларды жүргүзүү жана так идентификациялоо үчүн зарыл документтерди бербесе, ошондой эле эгерде ошол кардарга карата анын террористтик же экстремисттик ишке катыштыгы бардыгы тууралуу маалыматтар болсо;  

6) Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле эсеп ээсинин жана банктын ортосундагы келишимде каралса. 

Төлөм жана эсептешүү жүргүзүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин, эгерде Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, банк кардардын тескемесин алгандан кийин кийинки банктык күндөн кечиктирбестен бул тууралуу кардарга кабарлоого милдеттүү

9. Акча каражаттарын акцептсиз эсептен чыгаруу (эсеп ээсинин макулдугусуз) мындай укук эсеп ээси менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде бекемделген учурда же болбосо соттун чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жүргүзүлөт. 

10. Эсеп ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр, төлөөчү-кардар жөнөтүүчү-банкка накталай акча каражаттарын салганда алуучунун көрсөтүлгөн эсебине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Мындай эсептешүүлөр жеке ишкердикке байланыштуу болууга тийиш эмес. 

11. Банкка бул банкта эсеби жок кардардын дарегине акча каражаттары келип түшкөн учурда, кардарды идентификациялоо шартында, акча каражаттары банк тарабынан накталай формада берилет. 

12. Банктар эсеп ачуусуз жүргүзүлгөн операциялар боюнча Кыргыз банкынын талаптарына ылайык ар бир төлөм жана кардар боюнча эсепке алууну жүргүзөт. 

4-берене. Накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө эсептешүү (учурдагы) эсептерин пайдалануунун тартиби 

1. Банктар тиешелүү төлөм инструменттерин пайдалануу менен банктык эсептер боюнча акча каражаттарын кредиттик же дебеттик которууларды пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды жүзөгө ашырат. 

2. Юридикалык/жеке жактар же жеке ишкерлер банкка кайрылган учурда банк банктык эсептешүү (учурдагы) эсеби келишимин жазуу жүзүндө түзөт жана мындай эсептерди ачуу үчүн банк тарабынан аныкталган шарттарда ага банктык эсептешүү (учурдагы) эсебин ачат. 

3. Банк кардардын (эсеп ээсинин) эсептешүү (учурдагы) эсебине Улуттук банкынын талаптарына ылайык, анын таандуулугун белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү номер ыйгарат. 

4. Эсеп ээси (банктын кардары) өз эсебинде турган акча каражаттарын жеке өзү же болбосо ал ыйгарым укук берген адамдар аркылуу тескөөгө тийиш. 

5. Накталай эмес эсептешүүлөр банк тарабынан эсеп ээсинин же ал ыйгарым укук берген адамдын тескемесинин негизинде жүргүзүлөт. Банктык эсеп келишиминде эсептеги акча каражаттарын электрондук байланыш каражаттары жана тескеменин ага ыйгарым укуктуу адам тарабынан берилгенин ырастаган өздүк кол тамгалардын, коддордун, паролдордун жана башка каражаттардын аналогдорун пайдалануу менен башка документтер менен тескөөгө алуу укугун ырастоо каралышы мүмкүн. 

6. Кардар-төлөөчүнүн акча каражаттарын которуу боюнча төлөөчү-банкка тескеме жөнөтүү ыкмасы, тартиби жана шарттары алардын ортосунда түзүлгөн келишимде чагылдырылат. Эгерде төлөөчү жөнөтүүчү банктын кардары болуп саналбаса, анда тескемени көрсөтүү Улуттук банкынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 

7. Банк кардардын төлөмдү жана эсептешүүнү жүргүзүү жөнүндө төлөм документи келин түшкөн күнү аткарууга кабыл алууга жана банкка тиешелүү төлөм документи келип түшкөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, же болбосо ченемдик укуктук актыларда же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, төлөм документинде көрсөтүлгөн күнү акча каражаттарын кардардын тескемеси боюнча эсептен чегерет. 

8. Банк кардардын накталай эмес төлөм жана эсептешүү жүргүзүү жөнүндө тескемесин төмөнкү учурларда аткарбай коюуга тийиш

1) эгерде түзүлгөн келишимде эсептешүүнү ошол формада жүргүзүү каралбаса; 

2) эгерде келишимде банк тарабынан кардарга насыя берүү каралбаса, эсеп ээсинде каражаттардын жетиштүү суммасы жок болсо; 

3) эгерде кардардын төлөм жана эсептешүү жүргүзүү жөнүндө тескемесин аткаруу банктык мыйзам актыларын бузуу болуп саналса же болбосо кардардын эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камак коюлса; 

4) эгерде төлөм документинин формасы жана мазмуну Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе, же болбосо төлөм документи түп нуска болуп саналбаса; 

5) эгерде кардар операцияларды жүргүзүү жана так идентификациялоо үчүн зарыл документтерди бербесе, ошондой эле эгерде ошол кардарга карата анын террористтик жана экстремисттик иш-аракеттер же массалык жок кылуучу курал-жарактарды таркатуу бардыгы тууралуу маалыматтар болсо; 

6) Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле эсеп ээсинин жана банктын ортосундагы келишимде каралса. 

Төлөм жана эсептешүү жүргүзүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин, эгерде Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында же банк менен кардардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, банк кардардын тескемесин алгандан кийин кийинки банктык күндөн кечиктирбестен бул тууралуу кардарга кабарлоого милдеттүү

9. Акча каражаттарын акцептсиз эсептен чыгаруу (эсеп ээсинин макулдугусуз) мындай укук эсеп ээси менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде бекемделген учурда же болбосо соттун чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жүргүзүлөт. 

10. Эсеп ачуусуз накталай эмес эсептешүүлөр, төлөөчү-кардар жөнөтүүчү-банкка накталай акча каражаттарын салганда алуучунун көрсөтүлгөн эсебине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Мындай эсептешүүлөр жеке ишкердикке байланыштуу болууга тийиш эмес. 

11. Банкка бул банкта эсеби жок кардардын дарегине акча каражаттары келип түшкөн учурда, кардарды идентификациялоо шартында, акча каражаттары банк тарабынан накталай формада берилет. 

12. Банктар эсеп ачуусуз жүргүзүлгөн операциялар боюнча Улуттук банкынын талаптарына ылайык ар бир төлөм жана кардар боюнча эсепке алууну жүргүзөт. 

5-берене. Акча которуулар 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары тарабынан улуттук же чет өлкө валюталарында Кыргыз банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган банктар аркылуу, ошондой эле почта бөлүмдөрү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

2. Банк эсептешүү (учурдагы) эсебин ачуу жана акча которуулардын адистештирилген системаларын (локалдык, эл аралык системалар) пайдалануу менен эсеп ачуусуз же болбосо банктардын тике корреспонденттик мамилелери боюнча (эл аралык/трансчек аралык акча которуулар) акча которууларын жүзөгө ашыра алат. 

3. Банк эсебин ачуусуз акча которуу жөнөтүүчүдөн улуттук же чет өлкө валютасында накталай акча каражатын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасындагы же анын чегинен тышкары көрсөтүлгөн алуучуга Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык акча которуу системасы аркылуу андан ары өткөрүп берүү жолу менен банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

4. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу жөнөтүүчүдөн акча каражаттарын кабыл алат жана акча которуулар системасынын форматтарына жана эрежелерине ылайык акча которууну жөнөтүүнү камсыз кылат. 

5. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу акча каражаттарын которуу системасы аркылуу акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырууда жөнөтүүчүгө жана/же алуучуга акча которуу эрежелери жөнүндө маалымдайт жана акча которууну жүзөгө ашыруу же алуу үчүн зарыл документтерди берет, жөнөтүүчүнүн жана/же алуучунун идентификациялык маалыматтарын текшерет жана зарыл маалым даректердин ылайыктуулугун көзөмөлдөөнү камсыз кылат. 

6. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу жөнөтүүчүгө төмөнкүлөр жөнүндө маалымдайт: 

1) акча которуунун натыйжасында алуучуга төлөнүп берилүүчү акча каражаттарынын суммасы; 

2) жөнөтүүчү жана/же алуучу төлөөсү зарыл болгон катышуучунун комиссиондук жыйымдарынын суммасы; 

3) которулуп жаткан акча каражаттарынын валюталарынын алмашуу курстары; 

4) акча которуу боюнча каражаттар алуу үчүн качан жетимдүү болоорунун датасы жана убактысы; 

5) акча которуу боюнча каражаттарды алуу үчүн жетимдүү боло турган орду; 

6) акча которууларды жүзөгө ашыруудагы коопсуздук эрежелери. 

5-берене. Акча которуулар 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары тарабынан улуттук же чет өлкө валюталарында Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган банктар аркылуу, ошондой эле почта бөлүмдөрү аркылуу жүзөгө ашырылат. 

2. Банк эсептешүү (учурдагы) эсебин ачуу жана акча которуулардын адистештирилген системаларын (локалдык, эл аралык системалар) пайдалануу менен эсеп ачуусуз же болбосо банктардын тике корреспонденттик мамилелери боюнча (эл аралык/трансчек аралык акча которуулар) акча которууларын жүзөгө ашыра алат. 

3. Банк эсебин ачуусуз акча которуу жөнөтүүчүдөн улуттук же чет өлкө валютасында накталай акча каражатын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасындагы же анын чегинен тышкары көрсөтүлгөн алуучуга Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык акча которуу системасы аркылуу андан ары өткөрүп берүү жолу менен банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

4. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу жөнөтүүчүдөн акча каражаттарын кабыл алат жана акча которуулар системасынын форматтарына жана эрежелерине ылайык акча которууну жөнөтүүнү камсыз кылат. 

5. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу акча каражаттарын которуу системасы аркылуу акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырууда жөнөтүүчүгө жана/же алуучуга акча которуу эрежелери жөнүндө маалымдайт жана акча которууну жүзөгө ашыруу же алуу үчүн зарыл документтерди берет, жөнөтүүчүнүн жана/же алуучунун идентификациялык маалыматтарын текшерет жана зарыл маалым даректердин ылайыктуулугун көзөмөлдөөнү камсыз кылат. 

6. Акча которуулар системасынын банк-катышуучусу жөнөтүүчүгө төмөнкүлөр жөнүндө маалымдайт: 

1) акча которуунун натыйжасында алуучуга төлөнүп берилүүчү акча каражаттарынын суммасы; 

2) жөнөтүүчү жана/же алуучу төлөөсү зарыл болгон катышуучунун комиссиондук жыйымдарынын суммасы; 

3) которулуп жаткан акча каражаттарынын валюталарынын алмашуу курстары; 

4) акча которуу боюнча каражаттар алуу үчүн качан жетимдүү болоорунун датасы жана убактысы; 

5) акча которуу боюнча каражаттарды алуу үчүн жетимдүү боло турган орду; 

6) акча которууларды жүзөгө ашыруудагы коопсуздук эрежелери. 

6-берене. Электрондук акча 

1. Эмитент накталай же накталай эмес акча каражаттарын электрондук акчага алмаштыруу жолу менен электрондук акча инструменттери (алып жүрүүчү) формасында электрондук акча чыгарууну жүзөгө ашырат. Электрондук акчаларды тындырууда электрондук акча каражаттарынын инструменти электрондук акчаны сунуштоочуга электрондук акчаны тындыруу боюнча эмитенттин милдеттенмелеринин суммасын чагылдырат. 

2. Кыргыз банкы, ошондой эле электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензиясы бар, электрондук акчаларды чыгарган жана аны төлөөгө сунушталган электрондук акчаларды кармоочуларга электрондук акчаны төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк Кыргыз Республикасында электрондук акчалардын эмитенти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны чыгаруучу эмитент электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдүн коопсуз жана ишенимдүү жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат. 

3. Электрондук акчанын ар бир инструментине (алып жүрүүчүсүнө) уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Уникалдуу идентификациялык номер кармоочуга инструментте (алып жүрүүчүдө) электрондук акчанын жылышы жана калдыгы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн арналган. Ошондой эле инструментти (алып жүрүүчүнү) жоготкондо же уурдатканда инструменттин уникалдуу идентификациялык номери боюнча бөгөттөө жүргүзүлөт. 

4. Электрондук акчаны тескеген жана тиешелүү системанын акцептанттары берген товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдаланган юридикалык жана жеке жактар электрондук акчаларды кармоочулар болуп саналышат. Электрондук акчаларды пайдалануу менен операциялардын тизмеги Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

5. Электрондук акчаларды жайылтуу тындыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен электрондук акча инструменттерин (алып жүрүүчүлөрдү) накталай жана накталай эмес акча каражаттарына алмаштырууну берүү жолу менен эмитент (сатуу жана жайылтуу) тарабынан жүзөгө ашырылат. Эмитент Кыргыз банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде электрондук акчаларды жайылтуу үчүн агенттерди тартууга укуктуу. 

5-1. Кыргыз Республикасынын резиденти эместер тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаларды жайылтуу Кыргыз Республикасынын аймагында банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Банк Кыргыз банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде эл аралык электрондук акчаларды андан ары жайылтуу үчүн агенттерди ишке тартууга укуктуу. 

6. Электрондук акчалардын эмитенти же анын агенти электрондук акчаларды жайылтууда кардарды кармоочунун жана эмитенттин укуктары менен милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчалардын инструменттеринин (алып жүрүүчүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү, тарифтери, коопсуздук эрежелери жана башка шарттары менен алдын ала тааныштырууга милдеттүү

7. Эмитент аларды накталай акча каражаттарына алмашуу жолу менен же болбосо накталай эмес каражаттарды көрсөтүүчүнүн банктык эсебине которуу жолу менен электрондук акчаны көрсөтүүчүгө электрондук акчаны тындырууга милдеттүү. Электрондук акчаны тындыруу эмитент, ошондой эле эмитент менен келишим түзгөн электрондук акча дистрибьютору тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

8. Электрондук акчаны тындырууда берилүүчү акча каражаттарынын суммасы эмитентке же дистрибьюторго тындырууга көрсөтүлгөн электрондук акчанын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында эмитент жана дистрибьютор электрондук акчаларды тындырууда төлөнүүчү акча каражаттарынын суммасынан, эгерде бул системанын эрежелеринде жана электрондук акча системасынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдерде каралган болсо, сый акы суммасын кармап калууга укуктуу. 

9. Электрондук акчалардын кыймылы боюнча эсепке алууну Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банк жүзөгө ашырат. 

10. Эсептешүүлөрдө электрондук акчаларды пайдалануу электрондук акчаларды кармоочулар тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектке же өз товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук акчага алмаштыруу жасашкан жана электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсебин жүргүзүү үчүн атайын жабдууларга (программалык-техникалык каражат) ээ жакка (акцептантка) өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Акцептанттын электрондук акчаларды эмитентке көрсөтүү тартибин кошуп алганда, эмитент менен акцептанттын ортосундагы өз ара мамилелери системанын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат жана келишимдерде белгиленет. 

11. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Кыргыз банкынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

6-берене. Электрондук акча 

1. Эмитент накталай же накталай эмес акча каражаттарын электрондук акчага алмаштыруу жолу менен электрондук акча инструменттери (алып жүрүүчү) формасында электрондук акча чыгарууну жүзөгө ашырат. Электрондук акчаларды тындырууда электрондук акча каражаттарынын инструменти электрондук акчаны сунуштоочуга электрондук акчаны тындыруу боюнча эмитенттин милдеттенмелеринин суммасын чагылдырат. 

2. Улуттук банкы, ошондой эле электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензиясы бар, электрондук акчаларды чыгарган жана аны төлөөгө сунушталган электрондук акчаларды кармоочуларга электрондук акчаны төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк Кыргыз Республикасында электрондук акчалардын эмитенти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны чыгаруучу эмитент электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдүн коопсуз жана ишенимдүү жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат. 

3. Электрондук акчанын ар бир инструментине (алып жүрүүчүсүнө) уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Уникалдуу идентификациялык номер кармоочуга инструментте (алып жүрүүчүдө) электрондук акчанын жылышы жана калдыгы жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн арналган. Ошондой эле инструментти (алып жүрүүчүнү) жоготкондо же уурдатканда инструменттин уникалдуу идентификациялык номери боюнча бөгөттөө жүргүзүлөт. 

4. Электрондук акчаны тескеген жана тиешелүү системанын акцептанттары берген товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдаланган юридикалык жана жеке жактар электрондук акчаларды кармоочулар болуп саналышат. Электрондук акчаларды пайдалануу менен операциялардын тизмеги Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

5. Электрондук акчаларды жайылтуу тындыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен электрондук акча инструменттерин (алып жүрүүчүлөрдү) накталай жана накталай эмес акча каражаттарына алмаштырууну берүү жолу менен эмитент (сатуу жана жайылтуу) тарабынан жүзөгө ашырылат. Эмитент Улуттук банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде электрондук акчаларды жайылтуу үчүн агенттерди тартууга укуктуу. 

5-1. Кыргыз Республикасынын резиденти эместер тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаларды жайылтуу Кыргыз Республикасынын аймагында банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Банк Кыргыз банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде эл аралык электрондук акчаларды андан ары жайылтуу үчүн агенттерди ишке тартууга укуктуу. 

6. Электрондук акчалардын эмитенти же анын агенти электрондук акчаларды жайылтууда кардарды кармоочунун жана эмитенттин укуктары менен милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчалардын инструменттеринин (алып жүрүүчүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү, тарифтери, коопсуздук эрежелери жана башка шарттары менен алдын ала тааныштырууга милдеттүү

7. Эмитент аларды накталай акча каражаттарына алмашуу жолу менен же болбосо накталай эмес каражаттарды көрсөтүүчүнүн банктык эсебине которуу жолу менен электрондук акчаны көрсөтүүчүгө электрондук акчаны тындырууга милдеттүү. Электрондук акчаны тындыруу эмитент, ошондой эле эмитент менен келишим түзгөн электрондук акча дистрибьютору тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

8. Электрондук акчаны тындырууда берилүүчү акча каражаттарынын суммасы эмитентке же дистрибьюторго тындырууга көрсөтүлгөн электрондук акчанын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында эмитент жана дистрибьютор электрондук акчаларды тындырууда төлөнүүчү акча каражаттарынын суммасынан, эгерде бул системанын эрежелеринде жана электрондук акча системасынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдерде каралган болсо, сый акы суммасын кармап калууга укуктуу. 

9. Электрондук акчалардын кыймылы боюнча эсепке алууну Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банк жүзөгө ашырат. 

10. Эсептешүүлөрдө электрондук акчаларды пайдалануу электрондук акчаларды кармоочулар тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектке же өз товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук акчага алмаштыруу жасашкан жана электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсебин жүргүзүү үчүн атайын жабдууларга (программалык-техникалык каражат) ээ жакка (акцептантка) өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Акцептанттын электрондук акчаларды эмитентке көрсөтүү тартибин кошуп алганда, эмитент менен акцептанттын ортосундагы өз ара мамилелери системанын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат жана келишимдерде белгиленет. 

11. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банкынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

8-берене. Кагаз төлөм документтерин жол-жоболоонун тартиби 

1. Кагаз төлөм документи формасы ченемдик укуктук актыларда белгиленген бланкта жол-жоболонот жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз банкынын талаптарына ылайык маалыматтар жана маалым даректер; 

2) кол тамга жана мөөрдүн оттиск үлгүлөрүнө ылайык, эсеп ээсинин ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгасы жана алардын мөөрүнүн оттиски. 

2. Банк төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда, эгерде аны көрсөтүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында жана кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимде түздөн-түз каралган учурда гана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка маалыматтардын төлөм документтеринде көрсөтүлүшүн талап кылууга укуктуу. 

3. Банк тарабынан кабыл алынган, бирок тигил же бул себептер боюнча аткарылбаган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кагаз төлөм документтерин кайтарым берүүдө, биринчи нускасынын арткы бетине кайтарып берүү себеби жөнүндө белги жасалат, кайтарып берүү датасы, банктын штампы, ошондой эле банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин кол тамгасы коюлат. 

8-берене. Кагаз төлөм документтерин жол-жоболоонун тартиби 

1. Кагаз төлөм документи формасы ченемдик укуктук актыларда белгиленген бланкта жол-жоболонот жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук банкынын талаптарына ылайык маалыматтар жана маалым даректер; 

2) кол тамга жана мөөрдүн оттиск үлгүлөрүнө ылайык, эсеп ээсинин ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгасы жана алардын мөөрүнүн оттиски. 

2. Банк төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда, эгерде аны көрсөтүү мүмкүнчүлүгү Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында жана кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимде түздөн-түз каралган учурда гана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка маалыматтардын төлөм документтеринде көрсөтүлүшүн талап кылууга укуктуу. 

3. Банк тарабынан кабыл алынган, бирок тигил же бул себептер боюнча аткарылбаган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кагаз төлөм документтерин кайтарым берүүдө, биринчи нускасынын арткы бетине кайтарып берүү себеби жөнүндө белги жасалат, кайтарып берүү датасы, банктын штампы, ошондой эле банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин кол тамгасы коюлат. 

9-берене. Электрондук төлөм документтерин жол-жоболоонун тартиби 

1. Кыргыз банкы тарабынан белгиленген форматтарга ылайык түзүлгөн, электрондук төлөм документинин жардамы менен жүргүзүлгөн төлөм электрондук төлөм болуп саналат. 

2. Электрондук төлөм документи жөнөтүүчү тарабынан электрондук төлөм документинин мыйзамдуу жол-жоболонгонун ырастаган жана аны өткөрүү жана иштеп чыгуу процессинде электрондук төлөм документинин өзгөртүлбөгөнүнө кепилдик берген маалыматтык коопсуздук каражаттарын (электрондук санариптик кол тамга, коргоонун эквиваленттүү башка каражаттары) пайдалануу менен түзүлгөн шартта гана иштеп чыгууга кабыл алынат. 

3. Электрондук санариптик кол тамганы пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын төлөм системасында электрондук төлөм документин жол-жоболоодо ченемдик укуктук актылар жана төлөм системасынын катышуучуларынын ортосундагы келишимдер менен жөнгө салынат. 

4. Электрондук төлөмдөр жөнөтүүчү менен алуучунун ортосундагы келишимдин же макулдашуунун негизинде байланыш каналдары боюнча электрондук төлөм документтерин берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Байланыш каналдары катары телефон байланышы, телеграфтык же телекстик каналдар, байланыштын радио жана спутник каналдары, ошондой эле мекеменин өткөрмө жана кабелдик байланыш каналдары пайдаланылышы мүмкүн. 

5. Электрондук төлөмдөр кардарлар менен банктар ортосунда, банктар ортосунда, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга ылайык электрондук төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган башка адистештирилген мекемелер аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Электрондук төлөм системасынын катышуучусу болуп саналган жеке же юридикалык жак жөнөтүүчү жана/же алуучу болушу мүмкүн. 

6. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, төлөм документин электрондук ыкмада көрсөтүү, электрондук төлөм документтеринин форматтарын, төлөм документтерин алмашуунун электрондук системаларынын пайдалануу жөнүндө макулдашуунун (келишимдин) жана программалык-криптографиялык коргоо системасын жана кардар менен анын банкынын ортосундагы же банктар менен төлөм системаларынын операторлорунун ортосундагы электрондук санариптик кол тамганы же коргоонун башка эквиваленттик каражаттарын пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. 

7. Электрондук төлөм документтерин пайдалануунун жана берүүнүн шарттары жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдерде же макулдашууларда белгиленет, алар төмөнкү негизги элементтерди камтуусу тийиш: 

1) эсептешүүлөрдө пайдаланылуучу эсептешүү документтеринин түрү

2) электрондук төлөмдөрдү коргоо боюнча милдеттерди кошуп алганда (коопсуздук системасы), тараптардын укуктары жана милдеттери; 

3) тараптардын жоопкерчиликтери; 

4) электрондук төлөмдөрдү жөнөтүүнүн жана алуунун тартиби жана жол-жоболору; 

5) электрондук төлөм документтеринин аныктыгын белгилөө жол-жоболору; 

6) сунушталган документтердин аныктыгын ырастоону суроо-талапсыз эле которуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон которулуучу акча суммаларынын чектүү өлчөмү

7) маалымат системасына санкцияланбаган кирүү ыктымалдыгынын тобокелдигин төмөндөтүү боюнча жол-жоболор; 

8) операциялардын жүргүзүлүшү үчүн төлөм өлчөмү

9) электрондук төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда пайда болуучу тобокелдиктер боюнча жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү

10) талаш-тартыш маселелерди чечүүнүн жол-жоболору. 

8. Электрондук төлөм документтерин өткөрүү үчүн криптографиялык коргоо системасы, ошондой эле электрондук төлөм документтеринин коопсуздугун камсыз кылууга карата ченемдик укуктук актыларда белгиленген минималдуу талаптар сакталууга тийиш болгон коопсуздуктун башка чаралары пайдаланылууга тийиш. Электрондук төлөмдөрдүн катышуучулары белгиленген минималдуу талаптардан тышкары, электрондук төлөмдөрдү коргоого байланыштуу кошумча каражаттарды же ыкмаларды белгилөөлөрү мүмкүн. 

9-берене. Электрондук төлөм документтерин жол-жоболоонун тартиби 

1. Улуттук банкы тарабынан белгиленген форматтарга ылайык түзүлгөн, электрондук төлөм документинин жардамы менен жүргүзүлгөн төлөм электрондук төлөм болуп саналат. 

13-берене. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

1. Төлөм картасы карта кармоочу менен эмитенттин ортосундагы келишимге ылайык банк-эмитентте ачылган банк эсебинде турган акча каражаттарын анын кармоочусу тарабынан башкаруу үчүн банк эсебине жетүү каражаты болуп саналат. 

2. Төлөм картасын пайдалануу менен банк эсебинен накталай акча каражаттарын алуу системаларынын эрежелерине жана карта кармоочу менен банктын-эмитенттин ортосундагы келишимге ылайык, карта кармоочулар тарабынан банктын кассасы жана перифериялык жабдуулар аркылуу жүзөгө ашырылат. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр жана эсептешүүлөр карта кармоочу тарабынан төмөнкү чектерде жүргүзүлөт: 

1) банк эсебинде турган өздүк акча каражаттарынын калдыгынын же банк менен кардар ортосундагы макулдашылган каражаттардын белгиленген лимитинин (дебеттик карга же төлөө мөөнөтү жылдырылган дебеттик карталар); 

2) банк эсебинде акча каражаттарынын жетишсиздигинде же жоктугунда (овердрафты менен дебеттик карта) банктык эсеп келишимине ылайык эмитент сунуштаган кредиттин; 

3) кредиттик линиялардын (кредиттик карта). 

4. Банктык төлөм карталарын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдалануу менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада жүзөгө ашырылат жана улуттук система боюнча, локалдык жана эл аралык төлөм системалары боюнча Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн. 

5. Төлөм карталарын чыгаруу боюнча (эмиссия) жана/же соода-сервистик ишканалар менен келишимдердин негизинде банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча перифериялык жабдуулар түйүндөрүнө (банкоматтар, терминалдар жана башкалар) ээлик кылуу жана аларды тейлөө иши (эквайринг) Кыргыз банкынан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясы болгондо гана банктар жүзөгө ашырышы мүмкүн. 

6. Жеке жана юридикалык жактарга карталарды берүү эмитенттин ички эрежелерине ылайык эсеп ээлери менен келишим же болбосо тейлөөнүн стандарттык шарттарына жараша башка банктык документ түзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияларды чагылдыруу карта кармоочунун банктык эсеби боюнча жүзөгө ашырылат. 

7. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары системалардын эрежелерине жана катышуучулардын ортосундагы келишимдерге ылайык банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөргө кепилдик беришет. 

13-берене. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр 

1. Төлөм картасы карта кармоочу менен эмитенттин ортосундагы келишимге ылайык банк-эмитентте ачылган банк эсебинде турган акча каражаттарын анын кармоочусу тарабынан башкаруу үчүн банк эсебине жетүү каражаты болуп саналат. 

2. Төлөм картасын пайдалануу менен банк эсебинен накталай акча каражаттарын алуу системаларынын эрежелерине жана карта кармоочу менен банктын-эмитенттин ортосундагы келишимге ылайык, карта кармоочулар тарабынан банктын кассасы жана перифериялык жабдуулар аркылуу жүзөгө ашырылат. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр жана эсептешүүлөр карта кармоочу тарабынан төмөнкү чектерде жүргүзүлөт: 

1) банк эсебинде турган өздүк акча каражаттарынын калдыгынын же банк менен кардар ортосундагы макулдашылган каражаттардын белгиленген лимитинин (дебеттик карга же төлөө мөөнөтү жылдырылган дебеттик карталар); 

2) банк эсебинде акча каражаттарынын жетишсиздигинде же жоктугунда (овердрафты менен дебеттик карта) банктык эсеп келишимине ылайык эмитент сунуштаган кредиттин; 

3) кредиттик линиялардын (кредиттик карта). 

4. Банктык төлөм карталарын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдалануу менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада жүзөгө ашырылат жана улуттук система боюнча, локалдык жана эл аралык төлөм системалары боюнча Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн. 

5. Төлөм карталарын чыгаруу боюнча (эмиссия) жана/же соода-сервистик ишканалар менен келишимдердин негизинде банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча перифериялык жабдуулар түйүндөрүнө (банкоматтар, терминалдар жана башкалар) ээлик кылуу жана аларды тейлөө иши (эквайринг) Улуттук банкынан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясы болгондо гана банктар жүзөгө ашырышы мүмкүн. 

6. Жеке жана юридикалык жактарга карталарды берүү эмитенттин ички эрежелерине ылайык эсеп ээлери менен келишим же болбосо тейлөөнүн стандарттык шарттарына жараша башка банктык документ түзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияларды чагылдыруу карта кармоочунун банктык эсеби боюнча жүзөгө ашырылат. 

7. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары системалардын эрежелерине жана катышуучулардын ортосундагы келишимдерге ылайык банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөргө кепилдик беришет. 

15-берене. Төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн аякташы 

1. Накталай акча каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр алуучу же болбосо алуучу ыйгарым укук берген адам тарабынан накталай акча каражаттары алынган учурдан тартып аяктаган болуп саналат. 

2. Накталай эмес формада эсептешүү төлөөчүнүн банкы төлөм документин аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастаманы алган учурда кардар-төлөөчү үчүн кайтарылгыс жана төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды эсептен чыгарган учурда - аяктаган болуп калат. 

3. Накталай эмес формада эсептешүү банк-алуучу тарабынан каражаттар алуучунун эсебине чегерилген же болбосо банктын башка (ички) эсебинен акча каражаттары ошол банкта эсеп ачпаган алуучу кардарга берилген учурда алуучу үчүн аяктаган болуп калат. 

4. Акча которуу системалары боюнча каражаттарды которуу төмөнкү учурларда аяктаган болуп эсептелет: 

1) жөнөтүүчү үчүн - акча которууну жүзөгө ашырууга тескемени аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастама алган учурда; 

2) алуучу үчүн - алар накталай акчаларды алган же алуучунун банктык эсебине акча каражаттары чегерилген учурда. 

5. Банктык төлөм картасын пайдалануу менен төлөм төмөнкүдөй болуп эсептелет: 

1) карта кармоочу үчүн: аралыктагы түзүлүштө же банкта операциялардын (транзакциялардын) жасалганы жөнүндө ырастаманы алган учурда - кайтарылып алынгыс, банк-эмитентте карта кармоочунун эсебинен каражаттар алынган учурда - аяктаган; 

2) банк-эмитент үчүн: эмитенттин корреспонденттик (учурдагы) эсебинен банк эквайерге берүү үчүн акча каражаттарын алган учурда - кайтарылгыс; банк-эквайердин корреспонденттик (учурдагы) эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган; 

3) банк-эквайер үчүн: алуучунун эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган; 

4) алуучу үчүн: алуучу банк тарабынан каражаттардын алуучунун эсебине чегерилген учурда - аяктаган. 

6. Банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөр Кыргыз банкынын талаптарына ылайык ачылган төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик (учурдагы) эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат. 

7. Акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин төлөмдөр жаңылыш же алдамчылык деп таанылган учурда системанын эрежелери жаңылыш чегерилген төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча өзүнчө жол-жоболорду карайт. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банктын ортосундагы келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде аныкталат. 

15-берене. Төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн аякташы 

1. Накталай акча каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр алуучу же болбосо алуучу ыйгарым укук берген адам тарабынан накталай акча каражаттары алынган учурдан тартып аяктаган болуп саналат. 

2. Накталай эмес формада эсептешүү төлөөчүнүн банкы төлөм документин аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастаманы алган учурда кардар-төлөөчү үчүн кайтарылгыс жана төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды эсептен чыгарган учурда - аяктаган болуп калат. 

3. Накталай эмес формада эсептешүү банк-алуучу тарабынан каражаттар алуучунун эсебине чегерилген же болбосо банктын башка (ички) эсебинен акча каражаттары ошол банкта эсеп ачпаган алуучу кардарга берилген учурда алуучу үчүн аяктаган болуп калат. 

4. Акча которуу системалары боюнча каражаттарды которуу төмөнкү учурларда аяктаган болуп эсептелет: 

1) жөнөтүүчү үчүн - акча которууну жүзөгө ашырууга тескемени аткарууга кабыл алганы жөнүндө ырастама алган учурда; 

2) алуучу үчүн - алар накталай акчаларды алган же алуучунун банктык эсебине акча каражаттары чегерилген учурда. 

5. Банктык төлөм картасын пайдалануу менен төлөм төмөнкүдөй болуп эсептелет: 

1) карта кармоочу үчүн: аралыктагы түзүлүштө же банкта операциялардын (транзакциялардын) жасалганы жөнүндө ырастаманы алган учурда - кайтарылып алынгыс, банк-эмитентте карта кармоочунун эсебинен каражаттар алынган учурда - аяктаган; 

2) банк-эмитент үчүн: эмитенттин корреспонденттик (учурдагы) эсебинен банк эквайерге берүү үчүн акча каражаттарын алган учурда - кайтарылгыс; банк-эквайердин корреспонденттик (учурдагы) эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган; 

3) банк-эквайер үчүн: алуучунун эсебине каражаттар чегерилген учурда - аяктаган; 

4) алуучу үчүн: алуучу банк тарабынан каражаттардын алуучунун эсебине чегерилген учурда - аяктаган. 

6. Банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөр Улуттук банкынын талаптарына ылайык ачылган төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик (учурдагы) эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат. 

7. Акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин төлөмдөр жаңылыш же алдамчылык деп таанылган учурда системанын эрежелери жаңылыш чегерилген төлөмдөрдү териштирүү жана акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча өзүнчө жол-жоболорду карайт. Мындай операциялар боюнча талаш-тартыштарды чечүү шарттары кардар менен банктын ортосундагы келишимде, ошондой эле тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде аныкталат. 

17-берене. Төлөм системасынын типтери жана категориялары 

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу боюнча иштеген төлөм системаларынын жыйындысын түшүндүрөт, ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденти эместер алардын операторлору болуп саналышат. 

2. Банктар аралык төлөм системалары банктардын ортосундагы жана эсептери ар түрдүү банктарда ачылган банктардын кардарларынын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. 

3. Банктык ички төлөм системалары эсептери бир эле банкта ачылган кардарлардын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. Банктык ички төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү кардар менен банктын ортосундагы келишимдерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

4. Финансы рынокторунун катышуучуларынын акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөр жана эсептешүүлөр жүргүзүлгөн төлөм системасы (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору), ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен байланышкан которуулар ири төлөм системасы болуп саналат. Система ири суммага көп эмес сандагы төлөмдөр үчүн системанын катышуучуларынын эсептешүүлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылат. 

5. Жеке жана юридикалык жактардын улуттук финансы рынокторунун иштерине алардын катышуусу менен байланышпаган акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөн төлөм системасы чекене төлөмдөр системасы болуп саналат. Чекене төлөмдөр системасы системанын катышуучуларынын көп тараптуу же эки тараптуу көз караштарын (клирингин) эсептөөнүн негизинде акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү менен аз суммага көп сандагы төлөмдөрдү (чекене төлөмдөрдү) жүргүзүү үчүн арналган. 

6. Корреспонденттик мамилелер системасы эл аралык (трансчекаралык) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун жана финансы-кредиттик мекемелеринин ортосунда корреспонденттик эсептерди жүргүзүү жөнүндө макулдашуулардын (агенттик келишимдердин) негизинде пайдалануучуларга башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмаларын түшүндүрөт. Эл аралык (трансчекаралык) акча которуулар банк практикасында пайдаланылган акча каражаттарын которуунун адистештирилген системасы аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

7. Системада жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн көлөмүнө жана финансылык туруктуулукка таасир этүү деңгээлине жараша төлөм системалары системалуу мааниге ээ төлөм системаларына, маанилүү төлөм системаларына жана башка төлөм системаларына бөлүнөт. Системалардын категориялары Кыргыз банкы тарабынан аныкталат. 

8. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген төлөм системалары жана улуттук төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу системалар, улуттук төлөм системасынын бөлүгү катары көзөмөлгө алуу (оверсайт) жана көзөмөлдөө объекттери болуп саналышат. Кыргыз банкы улуттук төлөм системасынын ишин көзөмөлгө алуу (оверсайт) органы болуп саналат. 

17-берене. Төлөм системасынын типтери жана категориялары 

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу боюнча иштеген төлөм системаларынын жыйындысын түшүндүрөт, ушул Мыйзамга жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденти эместер алардын операторлору болуп саналышат. 

2. Банктар аралык төлөм системалары банктардын ортосундагы жана эсептери ар түрдүү банктарда ачылган банктардын кардарларынын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. 

3. Банктык ички төлөм системалары эсептери бир эле банкта ачылган кардарлардын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. Банктык ички төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү кардар менен банктын ортосундагы келишимдерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

4. Финансы рынокторунун катышуучуларынын акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөр жана эсептешүүлөр жүргүзүлгөн төлөм системасы (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору), ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен байланышкан которуулар ири төлөм системасы болуп саналат. Система ири суммага көп эмес сандагы төлөмдөр үчүн системанын катышуучуларынын эсептешүүлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылат. 

5. Жеке жана юридикалык жактардын улуттук финансы рынокторунун иштерине алардын катышуусу менен байланышпаган акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөн төлөм системасы чекене төлөмдөр системасы болуп саналат. Чекене төлөмдөр системасы системанын катышуучуларынын көп тараптуу же эки тараптуу көз караштарын (клирингин) эсептөөнүн негизинде акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү менен аз суммага көп сандагы төлөмдөрдү (чекене төлөмдөрдү) жүргүзүү үчүн арналган. 

6. Корреспонденттик мамилелер системасы эл аралык (трансчекаралык) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун жана финансы-кредиттик уюмдар тарабынан корреспонденттик эсептерди жүргүзүү жөнүндө макулдашуулардын (агенттик келишимдердин) негизинде пайдалануучуларга башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмаларын түшүндүрөт. Эл аралык (трансчекаралык) акча которуулар банк практикасында пайдаланылган акча каражаттарын которуунун адистештирилген системасы аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

7. Системада жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн көлөмүнө жана финансылык туруктуулукка таасир этүү деңгээлине жараша төлөм системалары системалуу мааниге ээ төлөм системаларына, маанилүү төлөм системаларына жана башка төлөм системаларына бөлүнөт. Системалардын категориялары Улуттук банкы тарабынан аныкталат. 

8. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген төлөм системалары жана улуттук төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу системалар, улуттук төлөм системасынын бөлүгү катары көзөмөлгө алуу (оверсайт) жана көзөмөлдөө объекттери болуп саналышат. Улуттук банкы улуттук төлөм системасынын ишин көзөмөлгө алуу (оверсайт) органы болуп саналат. 

18-берене. Ири төлөмдөр системасы 

1. Ири төлөмдөр системасы ири жана мөөнөттүү төлөмдөрдү жүргүзүү, банктар аралык финансы рынокторунда (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору) бүтүмдөр боюнча тез жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен системанын катышуучуларынын Кыргыз банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн арналган. 

2. Ири төлөмдөр системасы системанын катышуучуларынын Кыргыз банкында ачылган корреспонденттик (учурдагы) эсептери боюнча акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана чегерүү жолу менен ар бир жеке төлөм боюнча токтоосуз жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылат. Банктар акыркы эсептешүүлөрдү өз убагында жана кепилденген жүргүзүү үчүн Кыргыз банкындагы корреспонденттик эсебинде өтүмдүүлүктүн зарыл деңгээлин кармап туруу үчүн жоопкерчилик тартышат. 

3. Төлөмдөрдү жөнөтүү жана аны акыркы эсептөөнүн ортосундагы убакыт мезгилин кыскартуу максатында система системанын катышуучулары үчүн эсептешүүлөрдө өтүмдүүлүктү натыйжалуу башкаруунун механизмдерин карайт. 

4. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин карайт: 

1) төлөм системасынын катышуучусунун Кыргыз банкында ачылган корреспонденттик эсебиндеги каражаттарынын кредиттик калдыктарынын чектеринде гана төлөмдөрдү жүргүзүүнү

2) төлөмдөрдүн аткарылышынын кезектүүлүгү жана системанын катышуучулары тарабынан төлөмдөрдүн кезектүүлүгүн башкарууну; 

3) өтүмдүүлүктү башкарууну; 

4) тобокелдиктерди башкаруунун башка механизмдерин. 

5, Ири төлөмдөр системасында финансылык тобокелдиктерди башкаруунун тартиби, эрежелери жана жол-жоболору Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 

18-берене. Ири төлөмдөр системасы 

1. Ири төлөмдөр системасы ири жана мөөнөттүү төлөмдөрдү жүргүзүү, банктар аралык финансы рынокторунда (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыноктору) бүтүмдөр боюнча тез жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн арналган. 

2. Ири төлөмдөр системасы системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик (учурдагы) эсептери боюнча акча каражаттарын эсептен чыгаруу жана чегерүү жолу менен ар бир жеке төлөм боюнча токтоосуз жана акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылат. Банктар акыркы эсептешүүлөрдү өз убагында жана кепилденген жүргүзүү үчүн Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебинде өтүмдүүлүктүн зарыл деңгээлин кармап туруу үчүн жоопкерчилик тартышат. 

3. Төлөмдөрдү жөнөтүү жана аны акыркы эсептөөнүн ортосундагы убакыт мезгилин кыскартуу максатында система системанын катышуучулары үчүн эсептешүүлөрдө өтүмдүүлүктү натыйжалуу башкаруунун механизмдерин карайт. 

4. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин карайт: 

1) төлөм системасынын катышуучусунун Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсебиндеги каражаттарынын кредиттик калдыктарынын чектеринде гана төлөмдөрдү жүргүзүүнү

2) төлөмдөрдүн аткарылышынын кезектүүлүгү жана системанын катышуучулары тарабынан төлөмдөрдүн кезектүүлүгүн башкарууну; 

3) өтүмдүүлүктү башкарууну; 

4) тобокелдиктерди башкаруунун башка механизмдерин. 

5, Ири төлөмдөр системасында финансылык тобокелдиктерди башкаруунун тартиби, эрежелери жана жол-жоболору Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 

19-берене. Клиринг негизинде чекене төлөмдөр системасы 

1. Банктар аралык клиринг системасы чекене төлөм системасынын бир түрү болуп саналат жана банктардын жана алардын кардарларынын акыркы эсептөөлөрдүн токтоосуз жүргүзүлүшүн талап кылбаган чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн арналган. Системада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү системанын катышуучуларынын милдеттенмелерин өз ара чегерүүнүн негизинде (көп тараптуу жана эки тараптуу таза көз караштарды эсептөө) жүзөгө ашырылат. Система чекене төлөмдөрдүн саны көбөйгөндө катышуучуларга эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өтүмдүүлүктүн зарыл деңгээлин төмөндөтүүнү камсыз кылат. 

Кыргыз банкы же Кыргыз банкынын чечими боюнча акционердик коом формасында түзүлгөн, Кыргыз банкы берген лицензиянын жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде аракеттеген юридикалык жак (резидент) банктар аралык клиринг системасынын оператору болуп саналат. 

2. Катышуучулардын төлөмдөрдү клиринг системасы аркылуу жүргүзүү эрежелери жана жол-жоболору Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле эки тараптуу жана ар тараптуу макулдашууларда жана келишимдерде белгиленет. 

3. Банктар аралык клиринг системасында чекене төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн система төмөнкүлөрдү аткарууну кошуп алганда, тобокелдиктерди башкаруунун механизмдерин карайт: 

1) клирингдик системанын катышуучулары өз операциялары боюнча мүмкүн болуучу милдеттенмелердин ичинен эң ирисин жабуу үчүн жетиштүү болгон өтүмдүү резервдерди өздөрүндө түзүүгө тийиш; 

2) клирингдик система кредиттик тобокелдикти жана өтүмдүүлүк тобокелдигин чектөөнүн ачык түзүлгөн жол-жоболоруна, ошондой эле бул тобокелдиктерди башкаруу ыкмаларына ээ болууга тийиш; 

3) Кыргыз банкы клирингдик системанын катышуучуларына алардын өтүмдүүлүк деңгээлин колдоого алуу үчүн кредиттик ресурстарды бере алат, бирок алардын берилиши боюнча кепил болуп саналбайт. Катышуучулар мүмкүн болуучу финансылык тобокелдиктерди из алдынча баалоого жана клирингдик системада тобокелчилик операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөөгө тийиш; 

4) Кыргыз банкы банктар аралык клиринг системасы аркылуу жүргүзүлүүчү чекене төлөмдөрдүн максималдуу суммасынын өлчөмүн белгилей алат. 

19-берене. Клиринг негизинде чекене төлөмдөр системасы 

1. Банктар аралык клиринг системасы чекене төлөм системасынын бир түрү болуп саналат жана банктардын жана алардын кардарларынын акыркы эсептөөлөрдүн токтоосуз жүргүзүлүшүн талап кылбаган чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн арналган. Системада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү системанын катышуучуларынын милдеттенмелерин өз ара чегерүүнүн негизинде (көп тараптуу жана эки тараптуу таза көз караштарды эсептөө) жүзөгө ашырылат. Система чекене төлөмдөрдүн саны көбөйгөндө катышуучуларга эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн өтүмдүүлүктүн зарыл деңгээлин төмөндөтүүнү камсыз кылат. 

Улуттук банкы же Улуттук банкынын чечими боюнча акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банкы берген лицензиянын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде аракеттеген юридикалык жак (резидент) банктар аралык клиринг системасынын оператору болуп саналат. 

2. Катышуучулардын төлөмдөрдү клиринг системасы аркылуу жүргүзүү эрежелери жана жол-жоболору Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле эки тараптуу жана ар тараптуу макулдашууларда жана келишимдерде белгиленет. 

3. Банктар аралык клиринг системасында чекене төлөмдөрдү жүргүзүү менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн система төмөнкүлөрдү аткарууну кошуп алганда, тобокелдиктерди башкаруунун механизмдерин карайт: 

1) клирингдик системанын катышуучулары өз операциялары боюнча мүмкүн болуучу милдеттенмелердин ичинен эң ирисин жабуу үчүн жетиштүү болгон өтүмдүү резервдерди өздөрүндө түзүүгө тийиш; 

2) клирингдик система кредиттик тобокелдикти жана өтүмдүүлүк тобокелдигин чектөөнүн ачык түзүлгөн жол-жоболоруна, ошондой эле бул тобокелдиктерди башкаруу ыкмаларына ээ болууга тийиш; 

3) Улуттук банкы клирингдик системанын катышуучуларына алардын өтүмдүүлүк деңгээлин колдоого алуу үчүн кредиттик ресурстарды бере алат, бирок алардын берилиши боюнча кепил болуп саналбайт. Катышуучулар мүмкүн болуучу финансылык тобокелдиктерди из алдынча баалоого жана клирингдик системада тобокелчилик операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөөгө тийиш; 

4) Улуттук банкы банктар аралык клиринг системасы аркылуу жүргүзүлүүчү чекене төлөмдөрдүн максималдуу суммасынын өлчөмүн белгилей алат. 

20-берене. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр боюнча чекене төлөмдөр системасы 

1. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы банктар аралык система болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык банктарын бириктирген бирдиктүү төлөм мейкиндиги аркылуу улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүлөрү, системанын катышуучуларынын Кыргыз банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча, ошондой эле системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат. Улуттук төлөм карталары Кыргыз Республикасынын аймагындагы локалдык жана эл аралык төлөм системасынын инфратүзүмүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында кандай болбосун банкта тейлөөгө кабыл алынууга тийиш. 

2. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн локалдык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган локалдык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резиденти эместердин) талаптарына ылайык ченемдик укуктук актылардын алкактарында эмитирленген жана тейлөөгө алынган эл аралык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөр үчүн арналган. Система тарабынан системанын катышуучуларынын ортосунда карталарды пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү чет өлкө валютасында жүзөгө ашыруунун белгилүү бир эрежелери белгиленет. 

Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы Кыргыз банкында каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасынын Кыргыз банкында каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. 

4. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карталарын (улуттук, локалдык, эл аралык төлөм системалары) пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларынын иштөөсү Кыргыз банкынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн кандай болбосун системасын тандоодо жана кошулууда ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат. 

5. Карталарды пайдалануу менен ички банктык системалар боюнча эсептешүүлөр системанын иш эрежелерине жана Кыргыз банкынын талаптарына ылайык иштелип чыккан банктардын ички ченемдик документтеринде жөнгө салынат. 

6. Тобокелдиктерди чектөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максаттарында система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин кароого тийиш: 

1) эсептешүүлөрдө карталарды пайдалануу боюнча жол-жоболордун жана эрежелердин, системанын катышуучуларынын жоопкерчиликтерин, укуктарын жана милдеттерин бөлүштүрүү боюнча келишимдердин типтүү шарттарынын болушу жана алардын жеткиликтүүлүгү

2) алдамчылык тобокелдиктерин жана системага санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү төмөндөтүү үчүн карталар менен эсептешүүлөр системасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелер жана жол-жоболор. 

20-берене. Банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөр боюнча чекене төлөмдөр системасы 

1. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы банктар аралык система болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык банктарын бириктирген бирдиктүү төлөм мейкиндиги аркылуу улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. Улуттук төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын катышуучуларынын акыркы эсептешүүлөрү, системанын катышуучуларынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептери боюнча, ошондой эле системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат. Улуттук төлөм карталары Кыргыз Республикасынын аймагындагы локалдык жана эл аралык төлөм системасынын инфратүзүмүндө же Кыргыз Республикасынын аймагында кандай болбосун банкта тейлөөгө кабыл алынууга тийиш. 

2. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн локалдык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган локалдык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган. 

3. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резиденти эместердин) талаптарына ылайык ченемдик укуктук актылардын алкактарында эмитирленген жана тейлөөгө алынган эл аралык карталарды пайдалануу менен эсептешүүлөр үчүн арналган. Система тарабынан системанын катышуучуларынын ортосунда карталарды пайдалануу менен төлөмдөр боюнча өз ара эсептешүүлөрдү чет өлкө валютасында жүзөгө ашыруунун белгилүү бир эрежелери белгиленет. 

Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы Улуттук банкында каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасынын Улуттук банкында каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. 

3-1. Ар башка төлөм системаларынын банктык төлөм карттарын колдонуу менен улуттук валютада ишке ашырылган төлөмдөр боюнча финансылык маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо иши Кыргыз Республикасынын аймагында (мамлекет ичиндеги төлөмдөр) ишке ашырылууга тийиш. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. 

4. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карталарын (улуттук, локалдык, эл аралык төлөм системалары) пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларынын иштөөсү Улуттук банкынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн кандай болбосун системасын тандоодо жана кошулууда ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышы үчүн банк жоопкерчилик тартат. 

5. Карталарды пайдалануу менен ички банктык системалар боюнча эсептешүүлөр системанын иш эрежелерине жана Улуттук банкынын талаптарына ылайык иштелип чыккан банктардын ички ченемдик документтеринде жөнгө салынат. 

6. Тобокелдиктерди чектөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максаттарында система тобокелдиктерди башкаруунун төмөнкүдөй механизмдерин кароого тийиш: 

1) эсептешүүлөрдө карталарды пайдалануу боюнча жол-жоболордун жана эрежелердин, системанын катышуучуларынын жоопкерчиликтерин, укуктарын жана милдеттерин бөлүштүрүү боюнча келишимдердин типтүү шарттарынын болушу жана алардын жеткиликтүүлүгү

2) алдамчылык тобокелдиктерин жана системага санкцияланбаган жеткиликтүүлүктү төмөндөтүү үчүн карталар менен эсептешүүлөр системасынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелер жана жол-жоболор. 

21-берене. Акча которуулар системасы 

1. Акча которуулар системасы боюнча өлкө ичиндеги сыяктуу эле мамлекеттик чек арадан өтүү менен да которуулар жүзөгө ашырылат. Система акча которууларды жөнөтүүчүлөрдү жана алуучуларды идентификациялоо менен ар бир акча которуу боюнча эсепке алууну жүргүзүүнү катышуучуларга камсыз кылууга тийиш. 

2. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар (акчалай которуулар) банктар тарабынан системалардын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которуулар системаларын пайдалануу менен акча каражаттарын которуулар Кыргыз Республикасынын ичиндеги сыяктуу эле (локалдык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан (эл аралык, трансчекаралык) өтүү менен да жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

3. Алуучу өзү тарабынан көрсөтүлгөн банктык эсепке же болбосо электрондук капчыкка чегерүү жолу аркылуу акча которууну алууга укуктуу. Акча которуулардын эл аралык жана локалдык системаларынын операторлору банктык эсепке же болбосо электрондук капчыкка акча которуулардын чегерилишин камсыз кылууга тийиш. 

23-берене. Төлөм системасынын катышуучулары 

1. Түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка төлөм кызматтарын көрсөтүүчү финансы-кредиттик мекемелер, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары жана алардын агенттери төлөм системасынын катышуучулары болуп саналышат. 

2. Катышуучу төлөм системасында оператору тарабынан ыйгарылган катышуучунун кайталангыс идентификациялык кодунун негизинде жана системанын оператору белгилеген эрежелери боюнча төлөм системасына катышуу критерийлерине ылайык келгенде төлөм системасында идентификацияланат. 

3. Катышуучу системага катышуу жана иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгат. 

23-берене. Төлөм системасынын катышуучулары 

1. Түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка төлөм кызматтарын көрсөтүүчү финансы-кредит уюмдары, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары жана алардын агенттери төлөм системасынын катышуучулары болуп саналышат. 

2. Катышуучу төлөм системасында оператору тарабынан ыйгарылган катышуучунун кайталангыс идентификациялык кодунун негизинде жана системанын оператору белгилеген эрежелери боюнча төлөм системасына катышуу критерийлерине ылайык келгенде төлөм системасында идентификацияланат. 

3. Катышуучу системага катышуу жана иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерди иштеп чыгат. 

24-берене. Операторлор 

1. Ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтери бар, Кыргыз банкында каттоодон өткөн жана акча которуулар системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эсеп ачпастан акча которууну жүзөгө ашырган акча которуулар системасынын оператору болуп саналат. Акча которуу системасынын операторунун - резиденттин/резиденти эмесинин каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. 

2. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү системанын оператору болуп саналат. Эл аралык электрондук акчалар системасынын операторунун/эл аралык электрондук акчалар системасынын эмитентинин - Кыргыз Республикасынын резиденти эмес жактын иши ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз банкында каттоосу болгондо жүзөгө ашырылат. Эл аралык электрондук акчалар системасынын операторунун/эл аралык электрондук акчалар системасынын эмитентинин Кыргыз банкында каттоодон өтпөй туруп иштөөсүнө тыюу салынат. 

3. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерди, системага катышуу тууралуу жана катышуучулардын системага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө типтүү келишимдерди иштеп чыгат. 

4. Төлөм системасынын оператору маалымат коопсуздугун жана инфратүзүмдүн коопсуздугун, ошондой эле иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ченемдик документтерге ээ болууга тийиш. 

5. Төлөм системасынын оператору катышуучулардын системага ачык жана бирдей укукта жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган тариф саясатына ээ болууга тийиш. 

6. Төлөм системасынын операторлору ар жылдык негизде жалпы финансылык отчеттуулукту жарыялайт, Кыргыз банкына мезгил-мезгили менен ар айлык отчетторду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички көзөмөл жана аудит жөнүндө маалыматты берет. 

7. Төлөм системасынын операторлору салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү маалыматтарды берет. 

24-берене. Операторлор 

1. Ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтери бар, Улуттук банкында каттоодон өткөн жана акча которуулар системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эсеп ачпастан акча которууну жүзөгө ашырган акча которуулар системасынын оператору болуп саналат. Акча которуу системасынын операторунун - резиденттин/резиденти эмесинин каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат. 

2. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү системанын оператору болуп саналат. Эл аралык электрондук акча операторунун/эл аралык электрондук акча эмитентинин Кыргыз Республикасынын резидент эмесинин иши ушул мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банкта катталган шартта жүзөгө ашырылат. Эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эл аралык электрондук акча системасынын эмитентинин Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз иш алып баруусуна тыюу салынат. 

Ушул мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык улуттук системанын критерийлерине ылайык келген жана төлөм системасынын ишин камсыз кылган аталган процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча (процессинг, клиринг) финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого лицензияга ээ Кыргыз Республикасынын резиденти Улуттук банк же башка юридикалык жак Улуттук төлөм системасынын оператору болуп саналат. 

3. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерди, системага катышуу тууралуу жана катышуучулардын системага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө типтүү келишимдерди иштеп чыгат. 

4. Төлөм системасынын оператору маалымат коопсуздугун жана инфратүзүмдүн коопсуздугун, ошондой эле иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ченемдик документтерге ээ болууга тийиш. 

5. Төлөм системасынын оператору катышуучулардын системадан ачык жана тең укукта пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган тарифтик саясатты иштеп чыгууда. Төлөм системасынын алкагында кардарларга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн кошо алганда, төлөм системасынын эрежелери ачык болууга тийиш.  Төлөм системасынын эрежесине жаңы тарифтердин киргизилиши жана колдонуудагы тарифтер өлчөмүн көбөйтүү каралган өзгөртүүлөр киргизилип жаткан учурда, төлөм системасынын оператору бул тууралуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө жана тартипте аталган банкты, төлөм системасынын катышуучуларын жана пайдалануучуларын маалымдоого милдеттүү

6. Төлөм системасынын операторлору ар жылдык негизде жалпы финансылык отчеттуулукту жарыялайт, Улуттук банкына мезгил-мезгили менен ар айлык отчетторду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички көзөмөл жана аудит жөнүндө маалыматты берет. 

7. Төлөм системасынын операторлору салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү маалыматтарды берет. 

6-глава. Кыргыз банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана милдети  

6-глава. Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана милдети  

26-берене. Кыргыз банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана ыйгарым укуктары 

1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максаттарында Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системасынын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырат: 

1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт; 

2) төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча иштерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт; 

2-1) акча которуу системаларынын, банктык төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн каттоону жүзөгө ашырат; 

3) банктар аралык төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт; 

4) төлөм системаларынын, төлөм уюмдарынын операторлорунун жана төлөм системаларынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлгө алууну жүзөгө ашырат; 

5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат. 

2. Кыргыз банкы төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм системаларынын катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максаттарында төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү

1) төлөм системаларынын операторлоруна, катышуучуларына карата талаптарды белгилөө

2) төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмдөрү боюнча чектөөлөрдү белгилөө. Чектөөлөрдү эсептөө ыкмасы Кыргыз банкы тарабынан аныкталат; 

3) төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана атаандаштыкты коргоо боюнча монополияга каршы жөнгө салууну камсыз кылуу алкактарында талаптарды белгилөө

4) төлөм системасынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн, ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөө

3. Кыргыз банкы баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр системасына жана алардын баалуу кагаздар менен операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төлөм системалары менен өз ара иш алып баруусуна карата талаптарды белгилөөнү кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуу жана аны көзөмөлгө алуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат. 

4. Кыргыз банкы төлөм системаларын жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун ушул системалардын катышуучулары жана операторлору менен макулдашууну жүзөгө ашырат. 

5. Ушул Мыйзам менен анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптар төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары тарабынан аткарылуу үчүн милдеттүү

26-берене. Кыргыз банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана ыйгарым укуктары 

1. Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максаттарында Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системасынын ишин жөнгө салууну жүзөгө ашырат: 

1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт; 

2) төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча иштерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт; 

2-1) акча которуу системаларынын, банктык төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн каттоону жүзөгө ашырат; 

3) банктар аралык төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт; 

4) төлөм системаларынын, төлөм уюмдарынын операторлорунун жана төлөм системаларынын башка катышуучуларынын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлгө алууну жүзөгө ашырат; 

5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат. 

2. Улуттук банкы төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм системаларынын катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу максаттарында төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү

1) төлөм системаларынын операторлоруна, катышуучуларына карата талаптарды белгилөө

2) төлөм системасынын категориясына жараша төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн максималдуу/минималдуу өлчөмдөрү боюнча чектөөлөрдү белгилөө. Чектөөлөрдү эсептөө ыкмасы Улуттук банкы тарабынан аныкталат; 

3) төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана атаандаштыкты коргоо боюнча монополияга каршы жөнгө салууну камсыз кылуу алкактарында талаптарды белгилөө

4) төлөм системасынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн, ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөө

3. Улуттук банкы баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр системасына жана алардын баалуу кагаздар менен операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төлөм системалары менен өз ара иш алып баруусуна карата талаптарды белгилөөнү кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуу жана аны көзөмөлгө алуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат. 

4. Улуттук банкы төлөм системаларын жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун ушул системалардын катышуучулары жана операторлору менен макулдашууну жүзөгө ашырат. 

5. Ушул Мыйзам менен анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларда Улуттук банкы тарабынан белгиленген талаптар төлөм системасынын бардык катышуучулары, операторлору, юридикалык жактар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруу бийлик органдары тарабынан аткарылуу үчүн милдеттүү

27-берене. Кыргыз банкынын финансы сектору менен мамилелери 

1. Кыргыз банкы банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында банктарга жана төлөм системаларынын операторлоруна төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча инфратүзүмдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат. 

2. Кыргыз банкы республикада пайдаланылган эсептешүүлөр жана клирингдик системалардын технологияларынын алгылыктуулугун (баалуу кагаздар клирингинин технологияларын кошпогондо) аныктайт. 

3. Улуттук төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана иштөөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз банкы маалыматтарды берүү (электрондук төлөм документтерин, башка финансылык жана финансылык эмес билдирүүлөрдү) боюнча банктар аралык коммуникациялык түйүндү уюштурууга жана төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары менен келишимдердин негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого укуктуу. 

4. Кыргыз банкы Кыргыз банкынын лицензиясы (уруксаты) бар банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер үчүн банктар аралык электрондук төлөм документтериндеги электрондук санариптик кол тамгалардын аныктыгын ырастоо боюнча ырастоочу борбор болуп саналат. 

5. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун натыйжалуу ыкмаларын уюштуруу жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын банктарынын катышуусу менен трансчекаралык төлөмдөрдү борборлоштуруп (жамааттык) өткөрүп берүү үчүн коммерциялык банктарга техникалык каражаттарды бере алат. 

6. Кыргыз банкы ошол төлөм системасындагы тобокелдиктерди жана анын финансылык туруктуулугуна таасир этүүсүн талдоонун жана баалоонун негизинде, системанын операторуна карата талаптарды аныктоо шартында өзү оператору болуп саналган төлөм системасын өткөрүп берүүгө же сатууга укуктуу. 

27-берене. Кыргыз банкынын финансы сектору менен мамилелери 

1. Улуттук банкы банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында банктарга жана төлөм системаларынын операторлоруна төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча инфратүзүмдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат. 

2. Улуттук банкы республикада пайдаланылган эсептешүүлөр жана клирингдик системалардын технологияларынын алгылыктуулугун (баалуу кагаздар клирингинин технологияларын кошпогондо) аныктайт. 

3. Улуттук төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана иштөөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Улуттук банкы маалыматтарды берүү (электрондук төлөм документтерин, башка финансылык жана финансылык эмес билдирүүлөрдү) боюнча банктар аралык коммуникациялык түйүндү уюштурууга жана төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары менен келишимдердин негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого укуктуу. 

4. Кыргыз банкы Улуттук банкынын лицензиясы (уруксаты) бар банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар үчүн банктар аралык электрондук төлөм документтериндеги электрондук санариптик кол тамгалардын аныктыгын ырастоо боюнча ырастоочу борбор болуп саналат. 

5. Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун натыйжалуу ыкмаларын уюштуруу жана камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын банктарынын катышуусу менен трансчекаралык төлөмдөрдү борборлоштуруп (жамааттык) өткөрүп берүү үчүн коммерциялык банктарга техникалык каражаттарды бере алат. 

6. Улуттук банкы ошол төлөм системасындагы тобокелдиктерди жана анын финансылык туруктуулугуна таасир этүүсүн талдоонун жана баалоонун негизинде, системанын операторуна карата талаптарды аныктоо шартында өзү оператору болуп саналган төлөм системасын өткөрүп берүүгө же сатууга укуктуу. 

28-берене. Кыргыз банкынын мамлекеттик сектор менен мамилелери 

Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууга жана министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен бирдикте алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга милдеттүү

28-берене. Улуттук банкынын мамлекеттик сектор менен мамилелери 

Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууга жана министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен бирдикте алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга укуктуу

29-берене. Кыргыз банкынын борбордук банктар жана эл аралык финансылык институттар менен мамилелери 

1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган учурларда, Кыргыз банкы эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда улуттук төлөм системасына жана эл аралык төлөм системалары менен интеграциялоого тиешелүү маселелерде республиканын кызыкчылыктарын билдирет. 

2. Кыргыз банкы берилген ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан башка өлкөлөрдүн борбордук банктары, Эл аралык валюта фонду жана эл аралык башка финансы-кредиттик уюмдар менен улуттук төлөм системасы жана эл аралык төлөм системалары маселелери боюнча иштерди макулдашууну жана координациялоону жүргүзө алат. 

3. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдө турган, улуттук төлөм системаларын, анын ичинде чет мамлекеттердин борбордук банктарынын ортосундагы интеграциялоо маселелери боюнча кызматташууну өнүктүрүү менен алектенген кандай болбосун уюмдардын иштерине катыша алат. 

29-берене. Улуттук банкынын борбордук банктар жана эл аралык финансылык институттар менен мамилелери 

1. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган учурларда, Улуттук банкы эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда улуттук төлөм системасына жана эл аралык төлөм системалары менен интеграциялоого тиешелүү маселелерде республиканын кызыкчылыктарын билдирет. 

2. Улуттук банкы берилген ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан башка өлкөлөрдүн борбордук банктары, Эл аралык валюта фонду жана эл аралык башка финансы-кредиттик уюмдар менен улуттук төлөм системасы жана эл аралык төлөм системалары маселелери боюнча иштерди макулдашууну жана координациялоону жүргүзө алат. 

3. Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдө турган, улуттук төлөм системаларын, анын ичинде чет мамлекеттердин борбордук банктарынын ортосундагы интеграциялоо маселелери боюнча кызматташууну өнүктүрүү менен алектенген кандай болбосун уюмдардын иштерине катыша алат. 

30-берене. Банктар аралык төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр 

1. Кыргыз банкы ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын оператору болуп саналат жана банктар аралык төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. 

2. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген төлөмдөрдү жүргүзүү мөөнөттөрүн сактоо максатында, Кыргыз банкы төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) системага карата жеткиликтүүлүк боюнча программалык каражаттарды камсыз кылууга; 

2) коопсуздукка карата талаптарды белгилөөгө (маалыматтык, техникалык); 

3) кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөөгө

4) акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр боюнча банктар аралык башка системалар менен өз ара иштөөгө карата талаптарды белгилөөгө

5) финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу максатында соода-сатык системаларына карата талаптарды белгилөөгө

30-берене. Банктар аралык төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр 

1. Улуттук банкы ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын оператору болуп саналат жана банктар аралык төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат. 

2. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген төлөмдөрдү жүргүзүү мөөнөттөрүн сактоо максатында, Улуттук банкы төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) системага карата жеткиликтүүлүк боюнча программалык каражаттарды камсыз кылууга; 

2) коопсуздукка карата талаптарды белгилөөгө (маалыматтык, техникалык); 

3) кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөөгө

4) акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөр боюнча банктар аралык башка системалар менен өз ара иштөөгө карата талаптарды белгилөөгө

5) финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөрдү камсыз кылуу максатында соода-сатык системаларына карата талаптарды белгилөөгө

31-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруунун тартиби жана принциптери 

1. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашырган орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана ишинин коопсуздугун, туруктуу финансы системасын сактоо, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн таламдарын колдоо жана коргоо, мыйзамдарды сактоо максатында төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын иштөөсүнө туруктуу мониторингди жүзөгө ашырат. Кыргыз банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча иши Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттеген төлөм системаларынын бардык типтерин сактоого жана ишинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган. 

2. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча саясатты иштеп чыгат жана бекитет, ал төмөнкүлөрдү аныктайт: 

1) төлөм системаларынын статусун, маанилүүлүгүн жана баа берүү критерийлерин; 

2) уюштуруучулук сыяктуудай эле функционалдык жактан да төлөм системалары ылайык келүүгө тийиш болгон стандарттарды; 

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз банкынын ишинин мазмунун. 

3. Төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу максаттарына жетишүү үчүн Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасына мониторинг жүргүзүү жана аны жүзөгө ашыруу тартибин белгилейт, төлөм системаларынын иштөөсүнүн Кыргыз банкы белгилеген стандарттарга жана талаптарга ылайык келүүсүнө, сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүнө баа берет жана жеке төлөм системасын өркүндөтүү боюнча алардын ишин жигердентүү максатында айрым төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата таасир этүү чараларын көрөт. 

4. Көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүргүзүү максаттарына жетишүү үчүн Кыргыз банкы квалификациялуу персоналды, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуунун (оверсайт) бул ресурстарын, ыкмаларын жана инструменттерин натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү Кыргыз банкынын тиешелүү уюштуруу түзүмүн (бөлүмүн) кошуп алганда, жетиштүү ресурстарды колдоого карата чараларды көрөт. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) боюнча өз милдеттерин аткарууну, төлөм системасына карата анын башка милдеттери менен сыйышкан тартипте уюштурат. 

5. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашырууда Кыргыз банкы бардык төлөм системаларына карата бирдей талаптарды коет жана Кыргыз банкы оператору болуп саналган төлөм системалары үчүн атаандашуу артыкчылыктарын түзбөйт. Кыргыз банкы төлөм системаларын көзөмөлгө алуу (оверсайт) жана өзүнүн төлөм системаларын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын Кыргыз банкынын ар түрдүү бөлүмдөрүнүн ортосунда бөлүштүрөт. 

6. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууга (оверсайт) жана ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салууга карата өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу функцияларын, ошондой эле төлөм системалары боюнча эл аралык стандарттарга негизделген ченемдик укуктук актыларга ылайык тиешелүү эрежелерди жана ченемдерди белгилөө жолу менен аларды ишке ашыруу тартибин жүзөгө ашыруу максаттарында экономикалык ченемдерди белгилөөгө, директиваларды, нускамаларды жана сунуштамаларды чыгарууга; 

2) төлөм системаларынын операторлору ишин жүзөгө ашырууда финансылык-кредиттик мекемелеринин ишин банктык көзөмөлгө алуу органы тарабынан жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга же мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүнү көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга; 

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) боюнча өз функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды жана отчетторду суратууга жана алууга жана алынган маалыматтар боюнча чечмелөөлөрдү талап кылууга; 

4) системалык тобокелдиктин же ак ниетсиз иштин келип чыгышына бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын операторлоруна карата таасир көрсөтүү чараларын колдонууга. 

7. Кыргыз банкы натыйжалуулугунун жана коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн айрым төлөм системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт. Төлөм системасын өркүндөтүү боюнча чаралар Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаган учурда, ошондой эле төлөм системаларынын оператору же катышуучусу тарабынан стандарттарды жана талаптарды сактабаган фактылар ашкереленгенде, же болбосо ченемдик укуктук актыларды бузганда, Кыргыз банкы ченемдик укуктук актыларда каралган чараларды колдонууга милдеттүү

8. Кыргыз банкы төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата чараларды көрүү менен, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максаттарында төлөм системаларынын стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугун сактоо зарылдыгын жетекчиликке алуусу керек. 

9. Кыргыз банкы ушул Мыйзамда каралган санкцияларды колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

10. Кыргыз банкы зарылчылык болгондо, аткаруу бийлигинин көрсөтүлгөн жааттагы кызыкдар мамлекеттик органдары, башка өлкөлөрдүн көзөмөлгө алуу органдары жана алардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймагында турган эл аралык төлөм системаларына карата көзөмөл ишинин таасирдүүлүгүн жогорулатуу максаттарында эл аралык финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. 

11. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) карата өз ара мамиле принциптеринде трансчекаралык төлөмдөрдү жүргүзүү стандарттарын, принциптерин жана ыкмаларын макулдашуу боюнча төлөм системаларын көзөмөлгө алуучу (оверсайт) чет өлкө органдары менен кызматташа алат. Кыргыз банкы алынган маалыматтардын купуялуулугу сакталган шартта, чет өлкөлүк банктык көзөмөлгө алуу органдары менен эки жактагы тиешелүү юрисдикцияларда колдонулган кандай болбосун төлөм системасы боюнча маалыматтарды алмаша алат. 

12. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз банкынын жол-жоболору көзөмөлгө алуу функциясына баа берүүнүн көз карандысыздыгынын принцибине ылайык финансы секторуна баа берүү программасынын алкагында тышкы аудиторлор, эл аралык финансылык уюмдар тарабынан текшерилет. 

13. Кыргыз банкы төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иши боюнча үзгүлтүксүз талдоочулук отчетторунда жарыялайт. 

31-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруунун тартиби жана принциптери 

1. Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашырган орган болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана ишинин коопсуздугун, туруктуу финансы системасын сактоо, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн таламдарын колдоо жана коргоо, мыйзамдарды сактоо максатында төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын иштөөсүнө туруктуу мониторингди жүзөгө ашырат. Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча иши Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттеген төлөм системаларынын бардык типтерин сактоого жана ишинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган. 

2. Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча саясатты иштеп чыгат жана бекитет, ал төмөнкүлөрдү аныктайт: 

1) төлөм системаларынын статусун, маанилүүлүгүн жана баа берүү критерийлерин; 

2) уюштуруучулук сыяктуудай эле функционалдык жактан да төлөм системалары ылайык келүүгө тийиш болгон стандарттарды; 

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча Улуттук банкынын ишинин мазмунун. 

3. Төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу максаттарына жетишүү үчүн Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасына мониторинг жүргүзүү жана аны жүзөгө ашыруу тартибин белгилейт, төлөм системаларынын иштөөсүнүн Улуттук банкы белгилеген стандарттарга жана талаптарга ылайык келүүсүнө, сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүнө баа берет жана жеке төлөм системасын өркүндөтүү боюнча алардын ишин жигердентүү максатында айрым төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата таасир этүү чараларын көрөт. 

4. Көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүргүзүү максаттарына жетишүү үчүн Улуттук банкы квалификациялуу персоналды, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуунун (оверсайт) бул ресурстарын, ыкмаларын жана инструменттерин натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү Улуттук банкынын тиешелүү уюштуруу түзүмүн (бөлүмүн) кошуп алганда, жетиштүү ресурстарды колдоого карата чараларды көрөт. Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) боюнча өз милдеттерин аткарууну, төлөм системасына карата анын башка милдеттери менен сыйышкан тартипте уюштурат. 

5. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашырууда Улуттук банкы бардык төлөм системаларына карата бирдей талаптарды коет жана Улуттук банкы оператору болуп саналган төлөм системалары үчүн атаандашуу артыкчылыктарын түзбөйт. Улуттук банкы төлөм системаларын көзөмөлгө алуу (оверсайт) жана өзүнүн төлөм системаларын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын Улуттук банкынын ар түрдүү бөлүмдөрүнүн ортосунда бөлүштүрөт. 

6. Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууга (оверсайт) жана ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишин жөнгө салууга карата өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу функцияларын, ошондой эле төлөм системалары боюнча эл аралык стандарттарга негизделген ченемдик укуктук актыларга ылайык тиешелүү эрежелерди жана ченемдерди белгилөө жолу менен аларды ишке ашыруу тартибин жүзөгө ашыруу максаттарында экономикалык ченемдерди белгилөөгө, директиваларды, нускамаларды жана сунуштамаларды чыгарууга; 

2) төлөм системаларынын операторлору ишин жүзөгө ашырууда финансылык-кредиттик уюмдар ишин банктык көзөмөлгө алуу органы тарабынан жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга же мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүнү көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга; 

3) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) боюнча өз функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды жана отчетторду суратууга жана алууга жана алынган маалыматтар боюнча чечмелөөлөрдү талап кылууга; 

4) системалык тобокелдиктин же ак ниетсиз иштин келип чыгышына бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамга жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын операторлоруна карата таасир көрсөтүү чараларын колдонууга. 

7. Улуттук банкы натыйжалуулугунун жана коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу үчүн айрым төлөм системасына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт. Төлөм системасын өркүндөтүү боюнча чаралар Улуттук банкы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаган учурда, ошондой эле төлөм системаларынын оператору же катышуучусу тарабынан стандарттарды жана талаптарды сактабаган фактылар ашкереленгенде, же болбосо ченемдик укуктук актыларды бузганда, Улуттук банкы ченемдик укуктук актыларда каралган чараларды колдонууга милдеттүү

8. Улуттук банкы төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата чараларды көрүү менен, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максаттарында төлөм системаларынын стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугун сактоо зарылдыгын жетекчиликке алуусу керек. 

9. Улуттук банкы ушул Мыйзамда каралган санкцияларды колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

10. Улуттук банкы зарылчылык болгондо, аткаруу бийлигинин көрсөтүлгөн жааттагы кызыкдар мамлекеттик органдары, башка өлкөлөрдүн көзөмөлгө алуу органдары жана алардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймагында турган эл аралык төлөм системаларына карата көзөмөл ишинин таасирдүүлүгүн жогорулатуу максаттарында эл аралык финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. 

11. Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алуу (оверсайт) карата өз ара мамиле принциптеринде трансчекаралык төлөмдөрдү жүргүзүү стандарттарын, принциптерин жана ыкмаларын макулдашуу боюнча төлөм системаларын көзөмөлгө алуучу (оверсайт) чет өлкө органдары менен кызматташа алат. Улуттук банкы алынган маалыматтардын купуялуулугу сакталган шартта, чет өлкөлүк банктык көзөмөлгө алуу органдары менен эки жактагы тиешелүү юрисдикцияларда колдонулган кандай болбосун төлөм системасы боюнча маалыматтарды алмаша алат. 

12. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча Улуттук банкынын жол-жоболору көзөмөлгө алуу функциясына баа берүүнүн көз карандысыздыгынын принцибине ылайык финансы секторуна баа берүү программасынын алкагында тышкы аудиторлор, эл аралык финансылык уюмдар тарабынан текшерилет. 

13. Улуттук банкы төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иши боюнча үзгүлтүксүз талдоочулук отчетторунда жарыялайт. 

31-1-берене. Кыргыз банкы тарабынан колдонулуучу таасир көрсөтүү чаралары 

1. Кыргыз банкы төлөм системасынын катышуучуларына карата таасир көрсөтүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот: 

1) төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлору ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган; 

2) Кыргыз банкынын жер-жерлердеги көзөмөлдөө функцияларын жана текшерүүлөрүн жүзөгө ашырууга каршы аракеттенген; 

3) финансылык отчетторду бурмалоо максатында орду анык жабылбаган жалган жана шектүү операцияларды жүзөгө ашырган; 

4) төлөм системаларынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын кызыкчылыктарына коркунуч алып келген аракеттер же аракетсиздиктер жасалган. 

2. Кыргыз банкы ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган, төлөм системасынын иштөөсүн үзгүлтүккө учуратууга алып келүүчү, ошондой эле төлөм системасынын катышуучуларынын аларды пайдалануучуларга көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрүнө таасирин тийгизүүчү бузууларды аныктаган учурларда, Кыргыз банкы эскертүү жиберет жана/же төмөнкү чараларды колдонот: 

1) жазма эскертүү

2) айыптык санкцияларды; 

3) лицензиялардын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүнү токтото туруу же чектөө

4) лицензияларды чакырып алуу. 

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн таасир көрсөтүү чаралары Кыргыз банкы тарабынан Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат. 

Айыптык санкциялар түрүндөгү таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамдарында аныкталат. 

4. Айып салууга байланыштуу келип түшкөн каражаттар түздөн-түз Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине жиберилет. 

31-1-берене. Улуттук банкы тарабынан колдонулуучу таасир көрсөтүү чаралары 

1. Улуттук банкы төлөм системасынын катышуучуларына карата таасир көрсөтүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот: 

1) төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлору ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган; 

2) Улуттук банкынын жер-жерлердеги көзөмөлдөө функцияларын жана текшерүүлөрүн жүзөгө ашырууга каршы аракеттенген; 

3) финансылык отчетторду бурмалоо максатында орду анык жабылбаган жалган жана шектүү операцияларды жүзөгө ашырган; 

4) төлөм системаларынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын кызыкчылыктарына коркунуч алып келген аракеттер же аракетсиздиктер жасалган. 

2. Улуттук банкы ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган, төлөм системасынын иштөөсүн үзгүлтүккө учуратууга алып келүүчү, ошондой эле төлөм системасынын катышуучуларынын аларды пайдалануучуларга көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрүнө таасирин тийгизүүчү бузууларды аныктаган учурларда, Улуттук банкы эскертүү жиберет жана/же төмөнкү чараларды колдонот: 

1) жазма эскертүү

2) айыптык санкцияларды; 

3) лицензиялардын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүнү токтото туруу же чектөө

4) лицензияларды чакырып алуу. 

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн таасир көрсөтүү чаралары Улуттук банкы тарабынан Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат. 

Айыптык санкциялар түрүндөгү таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамдарында аныкталат. 

4. Айып салууга байланыштуу келип түшкөн каражаттар түздөн-түз Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине жиберилет. 

32-берене. Корутунду жоболор 

1. Төлөм системасынын катышуучулары өз ишин кирешелерди, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырат жана башкаруу системасында жөнөтүүчүлөрдүн, алуучулардын маалымдамасынын болушун жана аларды Террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бар адамдардын тизмеги боюнча текшерүүнү камсыз кылууга тийиш. 

2. Эгерде төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болуп саналса, анда Кыргыз Республикасынын банк-резиденти эл аралык төлөм системасына кошулуу жөнүндө чечими кабыл алынганга чейин оператордо ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтеринин бар экенине жана Кыргыз банкында каттоодон өткөнүнө көзү жетүүсү тийиш. 

3. Төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында туумдарды жана айыптык санкцияларды өндүрүү, ошондой эле чыгымдардын ордун толтуруу милдет эмес, укук болуп саналат жана түзүлгөн келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптар аркылуу ишке ашырылат. 

4. Кыргыз банкы төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча өз милдеттерин аткарууну төлөм системаларына карата башка милдеттери менен айкалышта уюштурат. Кыргыз банкы төлөм системаларынын ишенимдүүлүгүнө таасирин тийгизген системалуу мааниге ээ болгон Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясатты кошуп алганда, саясаттын жалпы принциптерин коомчулукка өз убагында ачып берүүгө көмөктөшөт. 

32-берене. Корутунду жоболор 

1. Төлөм системасынын катышуучулары өз ишин кирешелерди, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырат жана башкаруу системасында жөнөтүүчүлөрдүн, алуучулардын маалымдамасынын болушун жана аларды Террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бар адамдардын тизмеги боюнча текшерүүнү камсыз кылууга тийиш. 

2. Эгерде төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болуп саналса, анда Кыргыз Республикасынын банк-резиденти эл аралык төлөм системасына кошулуу жөнүндө чечими кабыл алынганга чейин оператордо ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтеринин бар экенине жана Улуттук банкында каттоодон өткөнүнө көзү жетүүсү тийиш. 

3. Төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында туумдарды жана айыптык санкцияларды өндүрүү, ошондой эле чыгымдардын ордун толтуруу милдет эмес, укук болуп саналат жана түзүлгөн келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптар аркылуу ишке ашырылат. 

4. Улуттук банкы төлөм системасын көзөмөлгө алууну (оверсайт) жүзөгө ашыруу боюнча өз милдеттерин аткарууну төлөм системаларына карата башка милдеттери менен айкалышта уюштурат. Улуттук банкы төлөм системаларынын ишенимдүүлүгүнө таасирин тийгизген системалуу мааниге ээ болгон Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясатты кошуп алганда, саясаттын жалпы принциптерин коомчулукка өз убагында ачып берүүгө көмөктөшөт.