Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын банктык иш чөйрөсүнө тиешелүү айрым мыйзам актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ 

Колдонулуп жаткан редакциясы   

(алып салынган жоболор - өзгөчө белгиленген жана сызып көрсөтүлгөн, өзгөртүлгөн жоболор - өзгөчө белгиленген) 

Сунушталып жаткан редакция 

(өзгөртүлгөн жоболор - өзгөчө белгиленген) 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамы 

158-берене. Убактылуу администратор 

1. Убактылуу администратор болуп кынтыксыз кызматтык абройго ээ, финансы-банк тутумунда беш жылдан кем эмес иш-тажрыйбасы бар жана Улуттук банк тарабынан белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген жеке жактар дайындалышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматчылары Убактылуу администратор боло албайт. 

2. Убактылуу администратор Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат. 

3. Таламдардын карама-каршылыктарына жол бербөө максатында Убактылуу администратордун кызмат ордуна талапкер адам өзү жана ишкердик кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматтарды белгиленген тариз боюнча Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

4. Убактылуу администратордун жана ишке тартылган, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгек акылары банктын каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акылары Улуттук банктын эсебинен төлөнөт. 

5. Убактылуу администрациянын чыгымдарынын сметасын Убактылуу администратор түзөт жана Улуттук банк менен макулдашылат. Убактылуу администратор Улуттук банк белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө Убактылуу администрациянын чыгымдары боюнча отчет берет. 

6. Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. Камсыздандыруучуга карата талаптар жана камсыздандыруу шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

158-берене. Убактылуу администратор 

1. Убактылуу администратор болуп кынтыксыз кызматтык абройго ээ, финансы-банк тутумунда беш жылдан кем эмес иш-тажрыйбасы бар жана Улуттук банк тарабынан белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген жеке жактар дайындалышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматчылары Убактылуу администратор боло албайт. 

2. Убактылуу администратор Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат. 

3. Таламдардын карама-каршылыктарына жол бербөө максатында Убактылуу администратордун кызмат ордуна талапкер адам өзү жана ишкердик кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматтарды белгиленген тариз боюнча Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

4. Убактылуу администратордун жана ишке тартылган, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгек акылары банктын каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Өзгөчө учурларда гана Улуттук банктын чечими боюнча Убактылуу администратордун жана ал тарабынан ишке тартылган, Улуттук банктын кызматчысы болуп саналбаган адистердин эмгек акысына төлөөлөр Улуттук банктын эсебинен жүргүзүлөт жана аларга кеткен чыгашалар андан ары Убактылуу администратор дайындалган банктын сарптоолоруна чегерилет. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акылары Улуттук банктын эсебинен төлөнөт. 

5. Убактылуу администрациянын чыгымдарынын сметасын Убактылуу администратор түзөт жана Улуттук банк менен макулдашылат. Убактылуу администратор Улуттук банк белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө Убактылуу администрациянын чыгымдары боюнча отчет берет. 

6. Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. Камсыздандыруучуга карата талаптар жана камсыздандыруу шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

176-берене. Жоюучунун статусу 

1. Ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укук берилген, банкроттоо иши боюнча мамлекеттик органдын жоюучу катары иш алып барууга берген лицензиясына ээ болгон жак жоюучу болуп саналат. Жоюучу Улуттук банктын сунушу боюнча соттун чечими менен дайындалат. Банктын жоюучусу милдетин аткаруучу талапкерлерди тандоого карата квалификациялык жана башка талаптарды Улуттук банк белгилейт. 

Жоюучу банктын бардык башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына ээ болот жана ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, юридикалык жак катары банктын бирден-бир мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. Жоюучу банктын атынан ишеним катсыз эле, бардык чыгыш документтерде жана билдирүүлөрдө банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтүү менен иш алып барат. 

2. Жоюучунун негизги милдети болуп банктын активдерин өндүрүү, сатуу жана каражаттарды ушул Мыйзамга ылайык насыя берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүү саналат. 

3. Жоюучунун жоопкерчилиги жарандык мыйзамдарга ылайык келип чыккан учурларды кошпогондо, жоюучуга ушул Мыйзам менен берилген ыйгарым укуктарга ылайык аны менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик банкка жүктөлөт. 

4. Сот жоюучунун өз иш-милдетин талаптагыдай аткарбай жаткандыгын, же жоюучунун өз милдетин аткарууга укугунун жоктугун, же болбосо милдетти аткарууга жоюучунун кудуретсиз экендигин аныктаса, жоюучуну алмаштырат. Жоюучуну алмаштыруу тартибинде сот тарабынан дайындалган жакты да сотко Улуттук банк сунуштайт. 

Банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын өтүнүчү же өз демилгеси боюнча банк ыктыярдуу түрдө жоюлган шартта Улуттук банк жоюучуну алмаштырууга укуктуу. 

Жаңыдан дайындалган жоюучуга жоюучунун ыйгарым укуктары белгиленген тартипте өтөт. 

5. Жоюучуга сый акы жоюлуп жаткан банктын ишинин татаалдыгына жараша, бирок Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензияны кайра чакыртып алынганга чейинки акыркы жыл үчүн инфляция коэффициентин эске алуу менен эсептелинген, жоюлуп жаткан банктын Башкармалыгынын төрагасынын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүнөн ашпаган чекте сот тарабынан белгиленет. 

Жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайра чакыртып алынганга чейин иштеп турган банктын тиешелүү кызматкерлеринин кызматтык айлык акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт. 

6. Активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн жана насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызы (жогорку ликвиддүү, милдеттенмелер жүктөлбөгөн активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн суммаларды кошпогондо) жоюучу тарабынан топтоо фондуна жөнөтүлөт. Сот жоюучунун корутунду отчетун бекиткенге чейин Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучуга, ошондой эле түзүлгөн контракттарга ылайык кызматкерлерге жоюучунун чечими боюнча топтоо фондусунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөө чечимин кабыл алууну сотко сунуштоого укуктуу. Улуттук банктын мындай сунушу жок болсо, топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталат. 

7. Сый акыларды төлөө банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун чыгымдарына (административдик чыгымдарга) чегерилет. 

176-берене. Жоюучунун статусу 

1. Жоюучу Улуттук банктын сунушу боюнча соттун чечими менен дайындалат. Банктын жоюучусу милдетин аткаруучу талапкерлерди тандоого карата квалификациялык жана башка талаптарды Улуттук банк белгилейт. 

Жоюучу банктын бардык башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына ээ болот жана ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, юридикалык жак катары банктын бирден-бир мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. Жоюучу банктын атынан ишеним катсыз эле, бардык чыгыш документтерде жана билдирүүлөрдө банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтүү менен иш алып барат. 

2. Жоюучунун негизги милдети болуп банктын активдерин өндүрүү, сатуу жана каражаттарды ушул Мыйзамга ылайык насыя берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүү саналат. 

3. Жоюучунун жоопкерчилиги жарандык мыйзамдарга ылайык келип чыккан учурларды кошпогондо, жоюучуга ушул Мыйзам менен берилген ыйгарым укуктарга ылайык аны менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик банкка жүктөлөт. 

4. Сот жоюучунун өз иш-милдетин талаптагыдай аткарбай жаткандыгын, же жоюучунун өз милдетин аткарууга укугунун жоктугун, же болбосо милдетти аткарууга жоюучунун кудуретсиз экендигин аныктаса, жоюучуну алмаштырат. Жоюучуну алмаштыруу тартибинде сот тарабынан дайындалган жакты да сотко Улуттук банк сунуштайт. 

Банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын өтүнүчү же өз демилгеси боюнча банк ыктыярдуу түрдө жоюлган шартта Улуттук банк жоюучуну алмаштырууга укуктуу. 

Жаңыдан дайындалган жоюучуга жоюучунун ыйгарым укуктары белгиленген тартипте өтөт. 

5. Жоюучуга сый акы сот тарабынан Улуттук банкка макулдашуунун негизинде, жоюлуп жаткан банктын иш жагдайынын татаалдыгына жараша белгиленет, бирок Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайтарылып алынганга чейинки акыркы жыл ичинде жоюлуп жаткан банктын башкармасынын төрагасына чегерилген орточо айлык эмгек акыдан же банкты жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу күнүнө чейин өз ишин аткарып жаткан Убактылуу администраторго белгиленген сый акы өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Жоюучу ишке тартылган кызматкерге жоюучунун сый акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт.  

6. Активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн жана насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызы (жогорку ликвиддүү, милдеттенмелер жүктөлбөгөн активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн суммаларды кошпогондо) жоюучу тарабынан топтоо фондуна жөнөтүлөт. Сот жоюучунун корутунду отчетун бекиткенге чейин Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучуга, ошондой эле түзүлгөн контракттарга ылайык кызматкерлерге жоюучунун чечими боюнча топтоо фондусунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөө чечимин кабыл алууну сотко сунуштоого укуктуу. Улуттук банктын мындай сунушу жок болсо, топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталат. 

7. Сый акыларды төлөө банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун чыгымдарына (административдик чыгымдарга) чегерилет. 

177-берене. Жоюучунун ыйгарым укуктары 

1. Жоюучу банкты жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ак ниеттүү жана насыя берүүчүлөрдүн таламдарында иш алып барууга милдеттүү

2. Өз милдеттерин жана иш-милдеттерин аткаруу максатында жоюучу: 

1) өзү дайындалган учурдан тартып банкты өзүнүн башкаруусуна алат, активдерди, эсептерди жана документтерди түгөлдөөнү жүргүзөт, банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт; 

2) банктын мүлкүн тескейт, насыя берүүчүлөрдүн талаптарын оптималдуу канааттандыруу максатында банктын бардык активдери менен укук ченемдүү иш-аракеттерди жүргүзөт, банк алдындагы карыздарды өндүрүп алуу боюнча чараларды, ошондой эле банктын мүлктөрүн жана активдерин иликтеп табууга жана кайтарып алууга багытталган чараларды көрөт; 

3) насыя берүүчүлөрдүн талаптарынын негиздүүлүгүн текшерет жана талаптар негизсиз болгон учурда аларды толугу менен же жарым-жартылай четке кагат; 

4) ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерди жана тартипти сактоо менен насыя берүүчүлөргө төлөөлөрдү жүргүзөт; 

5) киреше алып келбеген же милдеттенмелердин келип чыгышын жараткан бүтүмдөрдү кошо алганда, банктын кайсыл милдеттенмелеринен болбосун баш тартууга укуктуу (насыя берүүчүлөрдүн же жоюу жол-жобосунун жүрүшүндө юридикалык анык милдеттенмелерди же милдеттерди аткаруудан баш тартуунун натыйжасында аларга келтирилген чыгашалар жагынан банктын насыя берүүчүлөрүнүн же банктын насыя берүүчүлөрү болуп калуучу тараптардын бүтүмдөрүнүн талаптарын канааттандырбастан); 

6) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жеке жактардын кепилденген депозиттери жөнүндө маалыматтарды берет; 

7) жоюу башталганга чейинки акыркы үч жылдын ичинде банк жүргүзгөн бүтүмдөрдү, эгерде аталган бүтүмдөрдө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу белгилери болсо, жараксыз деп таануу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу; 

8) банктын акционерлерин, Директорлор кеңешинин, Башкармалыгынын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу; 

9) ушул бөлүмдүн максаттары үчүн Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен кызматташтыкты ишке ашырат; 

10) жоюлуп жаткан банктын бухгалтердик жана статистикалык отчетторун жана башка отчетторун, Улуттук банк белгилеген тартипте жана көлөмдө Улуттук банкка берет; 

11) банкты жоюу жол-жобосун ишке ашыруу боюнча ушул Мыйзамдан келип чыккан башка иш-милдеттерди аткарат. 

3. Карызды өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо арызын берген учурда жоюучу бардык иштер боюнча доочу жана жооп берүүчү катары соттордо мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулат. 

3. Жоюу жол-жобосун башынан кечирип жаткан банктын таламында сотко доо арызы менен кайрылган шартта, жоюучу бардык иштер боюнча доочу жана жооп берүүчү катары бардык соттордо мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулат. 

183-берене. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары) 

1. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары) өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) жоюучунун билдирүүлөрдү жана кулактандырууларды жарыялоого чыгымдарын; 

2) банктын активдерин иликтеп табуу, өндүрүп алуу, баа берүү жана сатуу менен байланышкан чыгымдарын; 

3) банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды; 

4) жоюучуга акы төлөөнү жана ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысын; 

5) топтоочу фондду; 

6) иштөөсүн улантуу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр менен байланышкан чыгымдарды (электр энергиясы, суу менен камсыздоо, байланыш, күзөт, транспорт, салыктар, алымдар, жыйымдар, төлөөлөр жана башкалар). 

2. Өзгөчө учурларда банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүүгө кеткен административдик чыгашалар жоюучунун негиздүү кайрылуусу боюнча Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн. 

3. Улуттук банк административдик чыгашалардын ордун жабууга акча каражаттарды банктын жоюучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде сунуштайт. 

4. Каражаттарды сунуштоо тартиби жана Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу административдик чыгашалардын түрлөрү Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

5. Улуттук банк жоюу жол-жобосун жүргүзүүгө акча каражаттарын ушул Мыйзамдын 182-беренесине ылайык жоюучу тарабынан ачылган атайы эсепке чегерет. 

6. Улуттук банк тарабынан банктын жоюучусуна административдик чыгашалар үчүн берилген акча каражаттары жоюу массасына кирбейт жана ушул Мыйзамдын 188-беренесине ылайык жоюучунун административдик чыгашаларына чегерилип, жоюучу тарабынан мыйзамда белгиленген кредиторлор талабынын ордун жабууга карабастан, кезексиз төлөнүүгө тийиш. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамы 

3-берене. 

1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин башталган банктарды түзүү, лицензиялоо, кызмат адамдары менен макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) уруксат алуу жана анын чечимдерине даттануунун жол-жоболору "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык аягына чыгарылат. 

2. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген күндөн тартып банктардагы консервация режими Убактылуу администрация режимине айландырылат, ал эми банктын консерватору Убактылуу администратор статусун алат. 

3. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин сот тарабынан башталган банктарды мажбурлап жоюунун (банкрот кылуунун) жол-жобосу сот тартибинде аягына чыгарылат. Сот жана жоюучу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жетекчиликке алат. 

4. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдын 84-беренесинин 5-пункту иштеп жаткан банктар үчүн 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. 

Иштеп жаткан банктар (банктардын филиалдарын - резидент эместерди кошуп алганда) үчүн минималдуу уставдык капиталды түзүүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленсин: 

2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн. сом; 

2017-жылдын 1-июлуна чейин - 500 млн. сом; 

2018-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн. сом. 

Ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарына ылайык 600 млн. сомго чейинки минималдуу уставдык капиталды түзгөнгө чейин коммерциялык банктардын акционерлерине (катышуучуларына) дивиденддерди төлөп берүүгө жол берилбейт. 

Жаңыдан түзүлүүчү банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленет. 

3-берене. 

1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин башталган банктарды түзүү, лицензиялоо, кызмат адамдары менен макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) уруксат алуу жана анын чечимдерине даттануунун жол-жоболору «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык аягына чыгарылат. 

2. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген күндөн тартып банктардагы консервация режими Убактылуу администрация режимине айландырылат, ал эми банктын консерватору Убактылуу администратор статусун алат. 

3. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин сот тарабынан башталган банктарды мажбурлап жоюунун (банкрот кылуунун) жол-жобосу сот тартибинде аягына чыгарылат. Атайын администрациялоо жол-жобосу жоюу жол-жобосуна өзгөртүлүп, ал эми атайын администратор жоюучу статусуна ээ болот. Мында, өзгөртүп түзүү/статустун өзгөрүшүнө тиешелүү соттук актылар, Улуттук банктын чечими талап кылынбайт. Сот жана жоюучу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жетекчиликке алат. 

4. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдын 84-беренесинин 5-пункту иштеп жаткан банктар үчүн 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. 

Иштеп жаткан банктар (банктардын филиалдарын - резидент эместерди кошуп алганда) үчүн минималдуу уставдык капиталды түзүүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленсин: 

2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн. сом; 

2017-жылдын 1-июлуна чейин - 500 млн. сом; 

2018-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн. сом. 

Ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарына ылайык 600 млн. сомго чейинки минималдуу уставдык капиталды түзгөнгө чейин коммерциялык банктардын акционерлерине (катышуучуларына) дивиденддерди төлөп берүүгө жол берилбейт. 

Жаңыдан түзүлүүчү банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленет. 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси 

750-статья. Акча каражаттарын салымдарга тартуу укугу 

1. Салымдарды тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын негизинде иш жүргүзүүчү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясын алган банктарда банктык салымдарды коргоонун системасына катышуучу банктарга гана, Улуттук банк белгилеген чектөөлөрдү эсепке алуу менен таандык болот. Банктар салымдардын сакталышын жана салым салуучулардын алдында өздөрүнүн милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылат. 

Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу жактарга кирбеген кайсы болбосун башка юридикалык жана жеке жактар кайсы формада болбосун туруктуу негизде, анын ичинде ачык түрдө тартуу жолу менен, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөмдүүлүк шарттарында акча каражаттарын тартууга укуксуз болот. 

Бул тыюу салууну бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат. 

2. Салымдарга акча каражаттарын тартуу банктык салым келишими менен жол-жоболоштурулат. 

3. Салым салуучудан салым салымдарды кабыл алууга укугу жок жак тарабынан же белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынган учурда, салым салуучу салымдын суммасын токтоосуз кайра берүүнү, ошондой эле салымга карата ушул Кодекстин 360-статьясында каралган проценттерди төлөөнү жана салым салуучуга келтирилген бардык чыгашаларды проценттердин суммасынан тышкары төлөөнү талап кыла алат. Эгерде мындай жак салым салуучунун акча каражаттарын банктык салым келишиминин шарттарында кабыл алса, бул келишим жараксыз болуп саналат. 

4. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, ушул статьянын 3-пунктунда каралган натыйжалар төмөнкүдөй учурларда да колдонулат: 

1) жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын салымга вексель же салым кармоочулардын алгачкы эле талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка баалуу кагаздарга алмаштыруу иретинде тартууда жана салым салуучунун ушул главанын эрежелеринде каралган башка укуктарын жүзөгө ашырууда; 

2) чыгарылышы мыйзамсыз деп таанылган акцияларды жана башка баалуу кагаздарды граждандарга жана юридикалык жактарга сатуу жолу менен алардын акча каражаттарын тартууда. 

750-статья. Акча каражаттарын салымдарга тартуу укугу 

1. Салымдарды тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген лицензиянын негизинде иштөөчү жана банктардагы салымдарды коргоо системасына катышуучу банктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алышкан банктык эмес башка финансы-насыялык уюмдарга (мындан ары - банк) гана тиешелүү. Банктар салымдардын сакталышын жана салым салуучулардын алдында өздөрүнүн милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылат. 

Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу жактарга кирбеген кайсы болбосун башка юридикалык жана жеке жактар кайсы формада болбосун туруктуу негизде, анын ичинде ачык түрдө тартуу жолу менен, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөмдүүлүк шарттарында акча каражаттарын тартууга укуксуз болот. 

Бул тыюу салууну бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат. 

2. Салымдарга акча каражаттарын тартуу банктык салым келишими менен жол-жоболоштурулат. 

3. Салым салуучудан салым салымдарды кабыл алууга укугу жок жак тарабынан же белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынган учурда, салым салуучу салымдын суммасын токтоосуз кайра берүүнү, ошондой эле салымга карата ушул Кодекстин 360-статьясында каралган проценттерди төлөөнү жана салым салуучуга келтирилген бардык чыгашаларды проценттердин суммасынан тышкары төлөөнү талап кыла алат. Эгерде мындай жак салым салуучунун акча каражаттарын банктык салым келишиминин шарттарында кабыл алса, бул келишим жараксыз болуп саналат. 

4. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, ушул статьянын 3-пунктунда каралган натыйжалар төмөнкүдөй учурларда да колдонулат: 

1) жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын салымга вексель же салым кармоочулардын алгачкы эле талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка баалуу кагаздарга алмаштыруу иретинде тартууда жана салым салуучунун ушул главанын эрежелеринде каралган башка укуктарын жүзөгө ашырууда; 

2) чыгарылышы мыйзамсыз деп таанылган акцияларды жана башка баалуу кагаздарды граждандарга жана юридикалык жактарга сатуу жолу менен алардын акча каражаттарын тартууда. 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын Төрагасы К. Кулматов