Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна карата МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, өлкөдө экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкө аралык тобокелдиктерге жана башка мамлекеттерде орун алган саясый жагдайлардын кабыл алынган чечимдерге таасир этишине жол бербөө, ошондой эле мамлекеттин ички чекене төлөмдөр рыногун коргоо максатында иштелип чыккан. 

Мындан тышкары, үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алынган акча каражаттардын максатсыз пайдаланылышына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай ишкердик чөйрөлөрүн уюм ишинде айкалыштыруудан улам келип чыгышы ыктымал болгон талаш маселелерге жол бербөө үчүн, үчүнчү жактардын пайдасына процессинг жана төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштоого жана башка ишкердик түрлөрүнө байланыштуу төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин айкалыштырууга мыйзамдуу деңгээлде чектөөлөрдү белгилөө зарыл.  

Ушундан улам «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына мамлекеттин ички төлөмдөрүн ишке ашыруу жана үчүнчү жактардын пайдасына процессинг жана төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштоого жана башка ишкердик түрлөрүнө байланыштуу төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин айкалыштырууга чектөөлөрдү белгилөөгө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. 

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу кандайдыр бир социалдык, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттердин орун алышын шарттабайт жана ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына каршы келбейт. 

Аталган мыйзам долбоорунун нормаларын жүзөгө ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт. Бирок, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдын мамлекеттин ички төлөмдөрүн жүзөгө ашыруу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүдө коммерциялык банктар алдында кошумча чыгашалар келип чыгышы ыктымал, алар ар бир эл аралык төлөм системасы боюнча программалык камсыздоого кошумча финансылык сарптоолордон, «БПБ» ЖАКта процессинг боюнча убакытты сарптоолордон жана «БПБ» ЖАКтын базасында банктык төлөм карттары менен чекене транзакцияларды жана бардык транзакцияларды «БПБ» ЖАКта гана иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү борбор түзүлгөн шартта банк-принципалды алмаштыруудан улам келип чыгат.  

Мындан тышкары, «БПБ» ЖАКтын базасында банктык төлөм карттары менен чекене транзакцияларды жана бардык транзакцияларды «БПБ» ЖАКта гана иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү борбор түзүлгөн шартта укуктук жана укук коргоочулук кесепеттер келип чыгышы ыктымал. Мындай тобокелдикти жокко чыгаруу максатында «БПБ» ЖАК мыйзамдуу негизде уруксат берилген монополия статусун алууга тийиш, анткени эл аралык төлөм системалары мамлекеттин ички төлөмдөр клирингин «БПБ» ЖАК аркылуу гана өткөрүү боюнча чектөөлөрдүн кабыл алынышын Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлөрү алдында өз милдеттенмелерин бузган катары түшүнүшү мүмкүн.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №559 «Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишин жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлгөн.