Кайта келүү

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

«Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамы 

 

Бул Мыйзам аркылуу инкассация уюмдарын түзүү жана алардын ишинин укуктук негиздерин аныктоо максатында инкассациялык иш багытында келип чыккан мамилелер жөнгө салынып, нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо жана ташып жеткирүү рыногунун субъекттеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, инкассация уюмдарынын иш орду жана аткаруучу ролу аныкталат. 

 

1-берене. Мыйзам талабы таркатылуучу иш чөйрөсү 

 

Бул Мызам аркылуу, адистештирилген инкассация уюмдарынын нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды ташып жеткирүү, алардын сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылуу жагында инкассациялык ишине байланыштуу мамилелер жөнгө салат.  

Мыйзам жоболору Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган коммерциялык банктардын, инкассация уюмдарынын жана кардарлардын өз ара мамилесине карата колдонулат. 

 

2-берене. Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр 

 

Банк бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган финансы-кредит уюму.  

Инкассация кардарлардын/буйрутмачылардын нак акча каражаттарын жана баалуулуктарын чогултуунун, ташып жеткирүүнүн, убактылуу сактоонун коопсуз жана жоопкерчиликтүү негизде ишке ашырылган процесси.  

Инкассациялык иш нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо жана ташып жеткирүү кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо боюнча иш багыты. 

Инкассация уюму нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо жана ташып жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сунуштаган юридикалык жак.  

Инкассатор банктын-инкассация уюмунун, ушул Мыйзам талабына ылайык атайы даярдыктан өткөн, банктардын же башка юридикалык жактардын/жеке адамдардын атайы кийим-кече (бронежилет) жана курал менен жабдылган экипировкага ээ, нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды чогултуп, алардын сакталышын камсыз кылып, жеткирип берүүгө ыйгарым укуктуу кызматкери (анын ичинде- айдоочу).  

Инкассатордук транспорт каражаты нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо, ташып жеткирүү процессин спутник аркылуу көз салуу системасы, радио байланышы каражаты, ошондой эле белги берип, үн чыгаруучу, көк түстө жанып-өчүп турган жабдуулар менен жабдылууга уруксат алган транспорт каражаттарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтер талабына ылайык, капталына жашыл түстө кош тилкелер түшүрүлгөн атайы иш багыты үчүн каралган унаа (автоунаа, брондолгон (заводдо же заводдон чыккандан кийин брондолгон) автоунаа, темир жол вагону, аба кемеси, деңиз кемеси). 

Автоунаа кыймылына спутниктен көз салуу системасы айкын убакыт ыргагында транспорт каражатынын кыймылына спутник аркылуу үзгүлтүксүз көз салып турууга өбөлгө түзгөн электрондук-техникалык каражаттар топтому. 

Кардар/Буйрутма банк/инкассация уюму менен нак акча каражаттарын жана/же башка баалуулуктарды инкассациялоо келишимин түзгөн юридикалык жак же жеке адам, жеке ишкер.  

Нак акча каражаттары улуттук же чет өлкө валютасынын банкноттору жана монеталары. 

Баалуулуктар төлөм-эсептешүү документтери (чектер), баалуу кагаздар, баалуу металлдардан стандарттык куймалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу ташып жеткирүүгө уруксат берилген жана жөнөтүүчү баалуулук катары көрсөткөн, банк/инкассация уюуму кардар/буйрутмачы менен түзгөн келишим шарттарында ташып жеткирилүүчү жүк.  

Кол салуу объекти кассир, инкассатор, инкассатордук транспорт каражаты, касса түйүнү/ аманат кассасы, нак акча каражаты жана баалуулуктар, курал жана атайы багытта колдонулуучу коргоонуу каражаттары.  

Нак акча каражаттарын жана баалуулууктарды ташып жеткирүү банктын же кардардын/буйрутмачынын нак акча каражаттарын инкасстордук транспорт каражатында ташып жеткирүү/курал менен коштоп жүрүү

Камдык (резервдик) фонд уюштуруучулардын акча каражатынын эсебинен топтолгон, кардарлар алдында келишимдик милдеттенмелердин аткарылышынын камсыздоосунан болгон улуттук валютадагы акча каражаттары.  

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтүү инкассациялоо кызмат көрсөтүүсүн сунуштаган юридикалык жактарды (банктар/инкассация уюмдары), курал алып жүрүүгө уруксаты бар инкассация уюмдарынын бирдиктүү реестрин жүргүзүү үчүн катоодон өткөрүү.  

 

3-берене. Кыргыз Республикасынын инкассациялык иш багытын жөнгө салган мыйзамдары 

 

Кыргыз Республикасында нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо жана ташып жеткирүү иши Кыргыз Республикасынын Констиуциясынын, улуш Мыйзамдын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат.  

Нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды Кыргыз Республикасынан чет өлкөгө/чет өлкөдөн инкассациялоо жана ташып жеткирүү иши Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусунан болгон эл аралык келишимдер аркылуу жөнгө салынат.  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.  

 

4-берене. Инкассациялык ишти укуктук жөнгө салуу 

 

Банкка/инкассациялык уюмга карата ченемдик укуктук талаптар жана нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо тартиби, ушул Мыйзам, «Курал-жарак жөнүндө» мыйзам, ошондой эле ушул иш чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан ченемдик укуктук актыларда аныкталат.  

Нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо жана ташып жеткирүү ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди сунуштаган юридикалык жактар гана жүзөгө ашыра алат: 

- мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү

- кеминде 100 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө камдык фондуна ээ экендигинин тастыктамасын; 

- кеминде эки брондолгон инкассатордук транспорт каражатына укукту тастыктаган документтерди: 

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин курал алып жүрүүгө жана аларды сактоого уруксат берген документти; 

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөндүгүнүн тастыктамасы. 

 

5-берене. Инкассатордук иш багытында курал колдонуу тартиби 

 

Банк/инкассация уюмунун кызматкерлери өз милдетин аткаруу максатында кыска милтелүү сайлуу куралды алып жүрүү, сактоо жана аларды колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте ок атуучу куралдын айрым түрлөрүн жана үлгүлөрүн убактылуу пайдалануу укугуна ээ.  

Банк/инкассация уюмунун нак акча каражаттарын жана баалуулуктарын инкассациялоо жана ташып жеткирүү түздөн-түз милдетине кирген кызматкерлери кол салуу объектисин коргоого алуу максатында жана Кыргыз Республикасынын «Курал-жарак жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте гана курал колдонуу укугуна ээ.  

 

6-берене. Жүктү коштоп жүргөн экипаж курамына жана транспорт каражаттарын пайдаланууга карата талаптар 

 

Банк/инкассация уюмунун нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоочу экипаж курамындагы кызматкерлеринин минималдуу саны, инкассатор-айдоочуну кошо алганда, кеминде үч инкассатордон турууга тийиш.  

Нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо жана ташып жеткирүү иши инкассатордук транспорт каражаттары менен ишке ашырылат.  

 

7-берене. Инкассация уюмдарын каттоодон өткөрүү 

 

Инкассация кызмат көрсөтүүсүн сунуштаган юридикалык жактар ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тиешелүү каттоодон өтүүгө тийиш.  

 

8-берене. Банк/инкассация уюму тарабынан нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү формасы 

 

Нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик актыларда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

 

9-берене. Инкассация ишине көзөмөлдүк 

 

Банк/инкассация уюуму тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген талаптардын жана шарттардын, анын ичинде алардын кызматкерлеринин кесиптик квалификациясына карата талаптардын сакталышына көзөмөлдүк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине макулдашуунун негизинде иштелип чыгып, бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат. 

 

10-берене. Инкассация уюмунун жарандык жоопкерчилигинин камсыздандыруу 

 

Банк/инкассация уюму түзүлгөн келишим талаптарына ылайык кардардын ташып жеткирилген нак акча каражатынын бүтүндөй суммасын жана баалуулуктарды милдеттүү түрдө камсыздандырууга тийиш. 

Банк/инкассация уюму инкассаторлордун өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү түрдө камсыздандырууга тийиш.  

 

11-берене. Банктын/инкассация уюумунун камдык фондусу  

 

Банк/инкассация уюму акча каражаттарынын өздүк камдык фондусуна ээ болууга тийиш. Банктын/инкассация уюумунун камдык фондусу уюштуруучунун же уюштуруучулардын каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана түзүлөт жана кардарлар алдында келишимдик милдеттенмелердин аткарылышынын камсыздоосунан болуп саналат.  

Банктын/инкассация уюмунун камдык фондусу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди диверсификациялоо максатында жогорку ликвиддүү финансылык инструменттерге: Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына мөөнөттүү депозиттерге, мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Улуттук банктын ноталарына жайгаштырылат.  

Банктын/инкассация уюмунун минималдуу камдык фондусу кеминде 100 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө белгиленет.  

 

12-берене. Мыйзам талабына бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчилик  

Мыйзам талабына бузууга жол берген банк/инкассация уюму Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте административдик жоопкерчиликке тартылат.  

Алардын күнөөсү боюнча кардардын/буйрутмачынын чыгымдарынын ордун толуктап берүүгө байланыштуу чыгашаларга жол берилген банктын/инкассация уюмунун кызмат адамдары жана башка кызматкерлери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ымйзамдарында белгиленген тартипте материалдык жоопкерчиликке тартылууга тийиш.  

 

13-берене. Мыйзамдын күчүнө кириши 

 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк өз ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзам талабына ылайык келтирүүгө тийиш.  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Президенти