Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун  

жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр 

(Кыргыз Республикасынын “Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) 

 

Бишкек шаары 

 

 

 

 

Мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №559 токтому менен бекитилген Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттердин ишине жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү ыкмасына ылайык иштелип чыккан. 

 

 

1. Орун алып жаткан проблемалар боюнча баяндама 

 

Кыргызстанда алмашуу операциялары эгемендүүлүккө ээ болуп, улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгаруу чечими кабыл алынган 1990-жылдары башталган эле. Алардын ишин ошол учурда эч ким контролдукка албаган “алмаштыруучулар” деп аталгандар борбор калаабыздын “Моссовет” (Абдрахманов-Москва көчөлөрүнүн кесилиши), ЦУМдун айланасы сыяктуу, эл көп жүргөн жерлерде валюталарды сатып алуу-сатуу операцияларын ишке ашырып, курстук айрымадан киреше алып турган. Бул иш чөйрөсү талаптагыдай жөнгө салынбагандыктан, чет өлкө валютасын сатып алууга же аны алмаштырууга ниеттенген адамдардын укугунун бузулушу, коопсуздуктун камсыз кылынбагандыгы сыяктуу олуттуу тобокелдиктер менне коштолгон. Кийинчерээк валюталык операциялардын ушул рыногундагы башалмандыкты ирээтке келтирүү максатында, касса түйүнү жабдылган жайлары болгон жана башка бир катар талаптарды аткаргандарга алмашуу операцияларын жүргүзүүгө лицензия берилген. Негизинен алмашуу операцияларын ишке ашырууга ниеттенген субъекттерге минималдуу талаптар коюлгандыктан, бул иш багыты укуктук алкакта жөнгө салынган. Рыноктогу жагдайды талапка ылайык келтирүү максатында ишкер катары каттоодон өткөн шартта юридикалык жактарга жана жеке адамдарга Улуттук банктын лицензиясын алууга уруксат берилген.  

Төмөндө 2000-жылдын акырынан тартып республика аймагындагы алмашуу бюролорунун, коммерциялык банктардын алмашуу пункттарынын саны боюнча маалыматтар келтирилген: 

1-таблица. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна ээ субъекттердин саны 

 

Күнү  

Жеке алмашуу бюролору 

Коммерциялык банктар  

Коммерциялык банктардын түзүмдүк бөлүмдөрү 

Бардыгы болуп, түзүмдүк бөлүмдөр 

Филиалдары 

Аманат кассалары 

Көчмө кассалар 

31.12.2000 

290 

23 КБ, 4 чет өлкө банктарынын өкүлчүлүктөрү  

156 

113 

269 

31.12.2001 

303 

18 КБ, эки чет өлкө банктарынын филиалдары  

144 

113 

257 

31.12.2002 

288 

18 КБ, эки чет өлкө банктарынын филиалдары 

150 

127 

277 

31.12.2003 

261 

19 КБ, эки чет өлкө банктарынын филиалдары 

155 

99 

254 

31.12.2004 

266 

19 КБ, Пакистан Улуттук банкынын 1 филиалы  

160 

148 

308 

31.12.2005 

265 

18 КБ, Пакистан Улуттук банкынын 1 филиалы 

168 

194 

362 

31.12.2006 

263 

20 КБ, Пакистан Улуттук банкынын 1 филиалы 

172 

271 

443 

31.12.2007 

318 

22 КБ, Пакистан Улуттук банкынын 1 филиалы 

215 

362 

577 

31.12.2008 

353 

20 КБ, Пакистан Улуттук банкынын 1 филиалы 

233 

418 

651 

31.12.2009 

372 

21 КБ, Пакистан Улуттук банкынын 1 филиалы 

239 

481 

720 

31.12.2010 

290 

21 КБ, Пакистан Улуттук банкынын 1 филиалы 

211 

452 

12 

675 

31.12.2011 

279 

21 КБ, Пакистан Улуттук банкынын 1 филиалы 

254 

531 

29 

814 

31.12.2012 

306 

22 КБ, Пакистан Улуттук банкынын 1 филиалы 

278 

632 

46 

956 

31.12.2013 

334 

23 КБ, Пакистан Улуттук банкынын 1 филиалы 

287 

681 

65 

1033 

 

2000-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча нак чет өлкө валютасын сатып алууну-сатууну республикада каттоодон өткөн 290 алмашуу бюросу, коммерциялык банктардын 23 башкы офиси жана 269 түзүмдүк бөлүмү ишке ашырып турган. 

2013-жыл жыйынтыгы боюнча 334 алмашуу бюросу (2000-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 15% көбөйгөн), коммерциялык банктардын 23 башкы кеңсеси, Пакистан Улуттук банкынын филиалынын офиси жана коммерциялык банктардын 1 033 түзүмдүк бөлүмү, 287 филиалы, 681 аманат кассасы жана 65 көчмө кассасы алмашуу операцияларын ишке ашырган.  

 

2-таблица. Алмашуу бюролорунун жана коммерциялык банктардын алмашуу пункттарынын санынын өзгөрүү динамикасы 

 

Кийинки таблицада коммерциялык банктарда жана алмашуу бюролорунда 2013-жыл ичинде нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган жүгүртүүлөр боюнча маалыматтар келтирилген. Маалыматтар 4 негизги чет өлкө валютасы (АКШ доллары, евро, казак тенгеси жана орус рубли) боюнча өз-өзүнчө берилген.  

3-таблица. Коммерциялык банктарда жана алмашуу бюролорунда 2013-жыл ичинде нак чет өлкө валюталарынын жүгүртүү динамикасы. 

 

  

Коммерциялык банктар  

Алмашуу бюро 

Валюта 

Кириш  

Чыгыш  

Кириш  

Чыгыш  

АКШ доллары 

8 028 422 055 

8 049 815 778 

301 423 657 

301 491 258 

Евро 

204 164 322 

204 153 921 

23 383 326 

23 287 450 

Орус рубли 

111 215 226 671 

111 086 710 202 

3 291 242 229 

3 256 829 718 

Казак тенгеси 

91 845 186 362 

91 623 842 117 

6 798 196 973 

6 748 266 853 

 

Ошентип, коммерциялык банктар тарабынан ишке ашырылган нак чет өлкө валютасын алмашуу операцияларынын үлүшү жалпы жүгүртүүнүн 94% түзгөн.  

Албетте, алмашуу операцияларынын олуттуу бөлүгү коммерциялык банктар жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Коммерциялык банктарда ички контролдуктун жөнгө салынышынан улам, бардык операциялар жүргүзүлүшүнө жараша чагылдырылып турат, ал эми бул талапты алмашуу бюролору аткарбай келет. Ушундан улам, алмашуу бюролору боюнча алынган статистика жүгүртүү каражаттарынын айкын көлөмүн так чагылдырууга алар анчалык кызыктар эместигин тастыктоодо.  

Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан алмашуу бюролорунда ички контролдук жакшы жөнгө салынбагандыгы, көпчүлүк учурда ишке ашырылган операциялар боюнча отчеттор тиешелүү журналдарда чагылдырылбагандыгы, кызматкерлер менен материалдык жоопкерчилик боюнча эмгек келишимдери жана макулдашуулар түзүлбөгөндүгү фактысы аныкталып, алмашуу операциялары соодалык иш же калкка кандайдыр бир башка кызмат көрсөтүүлөр менен катар жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган, албетте бул банк мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы келет. Мындан тышкары, алмашуу бюролору орун алган жайга бул ишке эч кандай тиешеси жок адамдардын киришине, тиешелүү документтерсиз кассада иштөөгө жол берилгендиги фактылары кездешет. Албетте, алгылыксыз ушул жагдайлардын бардыгы олуттуу тобокелдиктердин келип чыгышын шарттайт.  

2014-жылдын февраль-март айларында алмашуу бюролоруна жүргүзүлгөн текшерүүлөр алардын көпчүлүгү жүгүртүү каражаттарын, операциялар көлөмүн демек, канча киреше алаарын жаап-жашыргандыгын айкын тастыктаган. Жүгүртүү каражаттарынын айкын көлөмү отчетто көрсөтүлгөндөрдөн он эсе ашкан учурлар аныкталып, мындай көмүскө жүгүртүүдөн алынган кирешелер да болжолдонгондон алда канча көп экендигин болжолдоого түрткү берүүдө. Бул биринчи кезекте, Улуттук банктын лицензиясына таянып алуу менен мындай субъекттердин ушундай жол менен иш жүргүзүүсү олуттуу суммадагы акча каражаттарынын изин жашырууга өбөлгө түзүп жаткандай ой калтырууда. Албетте, мындай жол менен алынган акчанын келип чыгуу булактары шектенүүнү жаратып, укук коргоо органдарынын жана финансы полициясынын расмий кийлигишүүсүз аларды аныктоого мүмкүн эмес. Ушундан улам, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор орун алып жаткан мыйзам бузууларга карата таасирдүү чара көрүүгө түрткү берип, ишкерлер өз тапкан каражаттарын легалдаштыруусуна жана ишин ачык-айкындуулук принцибинде жүргүзүүсүнө өбөлгө түзөт. Эгерде бул талаптар сакталбай турган болсо, ыйгарым укуктуу банктар мындай алмашуу пункттары менен түзүлгөн келишимди токтотууга укуктуу, ал эми алмашуу пункттары кандайдыр бир башка формада иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын так сактоого мажбур болушат.  

Улуттук банкка берилген отчеттордо такталбаган маалыматтардын камтылышы, нак чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялардын айкын көлөмүн чагылдырууга ниеттенбегендик болуп саалат. Мындай жагдайды түздөн-түз финансы жана валюта рынокторунун, реалдуу сектордун жана мамлекеттик финансы секторунун статистикасын жүргүзүүдө да кездештирүүгө болот. Алынган статистикалык маалыматтардын негизинде республика боюнча чет өлкө валютасына карата суроо-талапка жана сунушка талдап-иликтөөлөр жүргүзүлүп, анын натыйжасына ылайык Улуттук банк валюта рыногундагы жагдай боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Маалыматтар сттатистикалык гана мүнөзгө ээ болбостон, Улуттук банк үчүн акча-кредит саясатын жүзөгө ашырууда олуттуу мааниге ээ. 

Улуттук банктын кызматкерлери алмашуу бюролорунун ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жүгүртүү каражаттарынын бөлүгүн жаап-жашырууну касса тартибин сактабагандык түрүндө чагылдырылат. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө нак акча каражаттарынын артып калгандыгы же жетишпегендиги аныкталып, отчет боюнча калдыктар кассадагы айкын калдыктарга дал келбеген учурлар көп кездешет. 2013-жылы алынган статистика боюнча республикада иш алып барып жаткан алмашуу бюролоруна 400 текшерүү ишке ашырылган. Алардын жыйынтыгына ылайык 268 жазма буйрук, 9 эскертүү жөнөтүлүп, 1 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. 

2014-жылдын баш жагынан тартып 1-декабрга чейинки аралыкта бүтүндөй республика боюнча алмашуу бюролоруна 1215 текшерүү ишке ашырылып, мыйзам талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталып, алардын негизинде Улуттук банк тарабынан 15 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынып, 129 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулуп, 16 эскертүү, 220 жазма буйрук жөнөтүлгөн.  

Мына ушундай көп сандаган текшерүүлөргө, көрүлүп жаткан таасир этүү чараларына карабастан, алгылыксыз жагдай жыл сайын кайталанып келүүдө. Айрым алмашуу бюролору белгиленген талаптарга ылайык иш жүргүзө албай же ага дегеле ниеттенбегендигинен улам, аларга карата лицензияны кайтарып алууга чейинки таасирдүү чаралардын көрүлүшү да, күткөн натыйжага алып келбей жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл.  

Албетте, алмашуу бюролорунун алгылыксыз мына ушундай иш-аракети керектөөчүлөргө таасир этпей койбойт, айрым учурда бул массалык укук бузууларды шарттоодо. Керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы мыйзам нормаларынын талаптарын этибарга албаган алмашуу бюролору сунушталган кызмат көрсөтүүнү тастыктаган чектерди бербей койгон же бергиси келбеген, майда чет өлкө валютасын кабыл алуудан баш тарткандыгы жана кассасында кайсыл бир валютанын жоктугунан улам, негизсиз жогорулатылган курсту атайлап белгилеген учурлар кездешүүдө. Эгерде, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынып калса, мындай алгылыксыз жагдайлар тууралуу кардар ыйгарым укуктуу банкка тиешелүү даттануу арызы менен кайрыла алышына мүмкүнчүлүк түзүлөт.  

 

“Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү” жөнүндө мыйзам талабына ылайык, алмашуу бюролору Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо кызматына маалыматтарды берип турууга тийиш болгон жактардын тизмесине кирет. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык (Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/5 токтому менен бекитилген “Алмашуу бюролорунда терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобо) алмашуу бюролору кардар менен ишке ашырылган операциялар катталган журналды жүргүзүп, анда 50,0 миң сомдон, ал эми 1 000,0 миң сомдон (чектүү сумма) көбүрөөк суммада операциялар ишке ашырылган шартта, чет өлкө валюталарын сатып алган же сатышкан кардарлардын идентификациялык маалыматтарын чагылдырууга, эгерде операцияны көлөмү жогоруда көрсөтүлгөн суммадан ашып кетсе, ал тууралуу кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга маалымдоого тийиш экендиги белгиленген.  

Негизинен алмашуу бюролорунун кызматкерлери кайрылган бардык кардарларды идентификациялоого жана верификациялоого милдеттүү. Тилекке каршы бул талап иш жүзүндө аткарылбай келет, кардарлардын паспорту талап кылынбайт, ыйгарым укуктуу органга тиешелүү маалыматтар берилбей келет. Мына ушул талаптардын так сакталышы максатында ыйгарым укуктуу банктар кардардын ким экендиги анык чагылдырылган документ көрсөтүлгөндөн кийин гана алмашуу операцияларын ишке ашырууга милдеттүү. Бул талап шектенүүнү жараткан операцияларды жана түпкү пайда көрүүчүлөрдү аныктоого өбөлгө түзүп, акча каражатынын изин жашыруу фактысын алдын алууга мүмкүндүк берет. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр ушул чөйрөдө акчанын изин жашыруу деңгээлин кыскартууга жана экинчилик валюта рыногунда финансылык тартиптин бекемделишине өбөлгө түзөт деген ишеним бар.  

Алмашуу бюролорунун ишиндеги мына ушундай алгылыксыз жагдайлар менен бирге эле, аларга кайрылган жарандар өз коопсуздугун тобокелдикке коюп жаткандыгы фактысын да баса белгилеп кетүү зарыл, анткени ири сумманы алмаштырган адам тууралуу башка бирөөгө маалымдап коюу жана бул маалымат кимдир-бирөө тарабынан башка максаттарда пайдаланылышы коркунучу да орун алууда. Көпчүлүк учурда жарандар өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ири суммаларды ар башка пункттардан алмаштырган учурлар кездешет. Эгерде паспортту талап кылуу бардык ыйгарым укуктуу банктарда бирдей колдонулса, жарандар ири суммадагы нак акчаны алмаштырууда өз коопсуздугу үчүн тынчсызданбай, операцияны тоскоолдуксуз ишке ашыра алмак. Мына ушундай коопсуздук чараларынын эсебинен финансы рыногуна карата ишенимди жогорку деңгээлге көтөрүүгө болот эле. 

2013-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам талабына ылайык, банктык эмес финансы-кредит мекемелери (БФКМ) тарабынан сунушталып жаткан кызматтар чөйрөсүн кеңейтүү максатында кредиттик союздар, адистештирилиген финансы-кредит мекемеси, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар сыяктуу кредиттик уюмдарга, алардын Улуттук банк тарабынан берилген кошумча лицензиясы болгон шартта, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугу берилген. Ушул мыйзам күчүнө киргенден тартып алмашуу операцияларын юридикалык жактар гана ишке ашыра алышы аталган мыйзамда дагы бир маанилүү кошумчадан болуп саналат. Мында, жеке адамдардын атына катталган алмашуу бюролору өз ишин лицензия колдонулган мөөнөт ичинде гана ишке ашыра алаары белгиленген. 

Ошентип, бүгүнкү күндө лицензиялар юридикалык жактарга гана берилип жатат. Ал эми алмашуу операцияларын ыйгарым укуктуу банктар гана ишке ашырууга укуктуу болушу, бул багыттагы иштин кийинки баскычы болуп саналат. Акыркы күндөрү Кыргызстандын негизги өнөктөшүнөн болгон өлкөлөрдөгү саясый жана экономикалык окуяларга байланыштуу белгисиздик жагдайынын өкүм сүрүшүн жана тынчсызданууларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланыып калуу ниетинде көпчүлүк алмашуу бюролору экинчилик рыногуна доллар жана еврого карата эч кандай негиздерсиз эле алмашуу курстарын белгилеши, чет өлкө валютасына карата ашкере суроо-талапты жаратып, аларга карата кыйла таасирдүү чара көрүүгө мажбурлоодо.  

Улуттук банк валюта рыногундагы жагдайга тиешелүү так маалыматтарды алуу жана курстун өзгөрүлмөлүүлүгүн өз учурунда жөнгө салуу, керектөөчүлөр укугун коргоо максатында тиешелүү чараларды көрүп, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун демилгелеген. Мыйзам долбоорунда банктык мыйзамдар чөйрөсүндө административдик укук бузууларга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм өлчөмдөрүн олуттуу көбөйтүү жана такташтыруу каралган. Алсак, банктык мыйзамдардын талабын бузууга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм өлчөмдөрүн жарандардан 2 000 сомдон 50 000 сомго чейин, кызмат адамдарынан 3 000 сомдон 100 000 сомго чейин, ал эми юридикалык жактардан 200 000 сомго чейин көбөйтүү сунушталган.  

Мындай сунуш, 1998-жылы кабыл алынган кодексте белгиленген айыптык төлөм өлчөмдөрү өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, укук бузуулар үчүн эскертүү катары функциясын аткара албай калгандыгынан улам демилгеленген. Тажрыйба көрсөткөндөй эле, аталган кодекстин 27-главасындагы беренелер боюнча Улуттук банк тарабынан жоопкерчиликке тартылган адамдар укукка жатпаган иш-аракеттерди дале улантып жатышкандыгы кездешүүдө. Мындан тышкары, банктык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмүнүн аздыгы Улуттук банктын көзөмөл блогунун кызматкерлери күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу үчүн аткарып жаткан олуттуу түйшүктүү ишти актабай келет. 2014-жылдын январь айынан 1-декабрга чейинки аралыкта Улуттук банк тарабынан республиканын бюджетинин пайдасына алардын жалпы суммасы 315 000 сом өлчөмүндөгү айыптык төлөм өндүрүлүү менен 201 жеке адам админстративдик жоопкерчиликке тартылган.  

Ошентип, жогоруда белгиленгендердин негизинде буга чейин жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге алмашуу бюролорун ачууга лицензия берүү иши, ошол учурда түптөлгөн жагдайды, баш аламын жүргүзүлүп келген алмашуу операцияларын бир нукка салып, өзүнчө рынокту түптөө максатында көрүлгөн убактылуу оперативдүү чаралардан болгондугун белгилеп кетүү зарыл.  

Бүгүнкү күндө валюта рыногун кыйла таасирдүү негизде жөнгө салуу, олуттуу талаптарды коюу өлкөнүн ички талабы гана болбостон, ФАТФ (терроризмди каржылоого жана акчанын изин жашырууга каршы эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана аны жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюм (топ)) сыяктуу көз карандысыз эл аралык уюмдардын да талабы болуп саналат. Мындан тышкары, коммерциялык банктар жана кредиттик уюмдар гана алмашуу операцияларын жүргүзүүгө тийиш экендигин чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы да тастыктоодо. Ошентип, алмашуу операцияларын ишке ашырууну ыйгарым укуктуу банктарга өткөрүп берүү валюта рыногун өнүктүрүүнүн кийинки логикалык баскычы болуп саналат. Анткени, нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциялары банк операциясы болуп эсептелет.  

Аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда улуттук кызыкчылык, ишкердик субъекттеринин, валюта рыногунун башка субъекттеринин таламдары эске алынган. 

 

2. Себептер  

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын, атап атканда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Банктар жана банк иши жөнүндө”, “Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу” мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын талабына ылайык Улуттук банк, банк секторун башкы жөнгө салуучу катары бирдиктүү валюта саясатын жүргүзүп, чет өлкө валютасындагы операцияларды ишке ашыруу тартибин аныктап, валюта алмашуунун рыноктук механизмдерин иштеп чыгып, чет өлкөгө жана чет өлкөдөн валюталардын, валютада туюндурулган баалуу кагаздардын эркин өтүшүн аныктайт.  

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-беренесине ылайык, Улуттук банк республиканын банк тутумунун ишине көзөмөлдүктү жүргүзүп, өлкөнүн акча-кредит саясатын аныктап, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. Акча белгилеринин эмиссиясын ишке ашыруунун өзгөчө укугу да Улуттук банкка таандык. Мындан тышкары ал, банктык каржылоонун ар кандай формаларын жана принциптерин колдонуу менен иш алып барат.  

Кароого сунушталган мыйзам долбоорунда менчик алмашуу бюролорун Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган субъекттердин тизмесинен алып салууну жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун финансы-кредит мекемелерине (ыйгарым укуктуу банктар, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар) тапшыруу каралган. 

 

 

3. Жөнгө салуу максаттары жана милдеттери 

 

3.1. Максаттары  

 

a) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору валюта рыногунун катышуучусунан болгон, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашырган субъекттердин ишин оптималдаштыруу, экинчилик валюта рыногун көзөмөлдүккө алуу чараларынын таасирдүүлүгүн жана өз учурунда кабыл алынышын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.  

 

b) мындан тышкары, жөнөкөй жарандардын финансы-кредит мекемелерине карата ишенимин бекемдөө, алмашуу бюролорунун ишине карата даттануулардын, арыздарын санын кыскартуу, республиканын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жагындагы мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу, ушул долбоордун дагы бир башкы максатынан.  

 

3.2. Милдеттери  

 

a) Жогоруда белгиленген максаттарга жетишүү үчүн биринчи кезекте ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу зарыл.  

 

b) Мыйзам долбоору экинчилик валюта рыногунун субъекттеринин жоопкерчилигин күчөтүү, финансылык тартипти чыңдоо, лицензиясыз иш алып барууга бөгөт коюу аркылуу Улуттук банктын көзөмөлдүк чараларынын таасирдүүлүгүн, валюта рыногу жана банктык мамилелер чөйрөсүндө ишке ашырып жаткан чаралардын натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат.  

 

4. Укук чегинде талдап-иликтөөлөр 

 

a) мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамга жана республиканын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна таянат, банктык жөнгө салууну толуктап, чечмелеп берүү менен колдонуудагы ченемдик укуктук базаларга тыгыз байланышта иштелип чыккан.  

Мыйзам долбоорунда валюта рыногун жөнгө салуунун сунушталган ыкмалары комплекстүү мүнөзгө ээ болуу менен банктык көзөмөл жана жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтөт. 

Мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдарга жана эл аралык мыйзамдарга каршы келбейт. 

 

5. Проблеманы чечүү варианттары (альтернативалуу варианттар)  

 

5.1. Эч нерсени өзгөртпөй, мурдагыдай калтыруу  

Эгерде сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбай, четке кагылган шартта алмашуу бюролорунун ишинде орун алган кемчиликтер, мыйзам бузуулар күчүндө калып, тажрыйба көрсөтүп келгендей эле, жылдан жалга өрчүп, чет өлкө валютасына карата суроо-талап жасалма түрдө ашкере жогорулатылып, керектөөчүлөр укугун көп сандаган бузууларга жол берилип, рынокто баш аламандык орун алат. Ошондуктан, жагдайды мурдагыдай калтырбастан, мыйзам нормаларын өзгөртүү зарыл жана бул учур талабы.  

 

5.2. Жөнгө салуунун учурда колдонулуп жактан нормаларын алып салуу 

 

Нак чет өлкө валютасы менен операциялар банк операциясына кирет. Банктар жана алмашуу бюролору ушундай ишкердикти жүзөгө ашыруусу үчүн аларга тиешелүү лицензия берилет. Бул жерде, алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган субъекттерди лицензиялоо жагында жөнгө салуунун колдонулуп жаткан нормаларын алып салуу, валюта рыногунда баш аламындыкка алып келип, ал валюта рыногун сыяктуу эле, бүтүндөй экономика үчүн кесепеттерге алып келиши ыктымал. Анткени, Кыргызстанда валюта рыногу башка рынокторго түздөн-түз байланыштуу. Административдик таасир этүү чараларын колдонуу жагында нормаларды алып салуу да жеке адамдардын жана юридикалык жактардын финансылык тартипти сактоосуна өбөлгө түзбөстөн, Улуттук банктан лицензия алышкан банктардын жана иши ал тарабынан жөнгө салынган жана каттоодон өткөн финансы-кредит мекемелеринин жана башка жактардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жокко чыгарат.  

 

Күтүлүп жаткан алгылыктуу натыйжалар 

 

Сунушталып жаткан мыйзам нормаларынын кеңири жайылтылышы банк операцияларын ишке ашырып жаткан субъекттер тарабынан финансылык тартиптин, банктык мыйзам нормаларынын так сакталышына өбөлгө түзүп, мыйзам нормаларын бузууга жол бергендерди жоопкерчиликке тартууга, бүтүндөй банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу жагында милдеттер топтомун чечүүгө түрткү берет.  

 

Күтүлүп жаткан терс натыйжа  

 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкө үчүн эч кандай кесепеттүү жагдайларды шарттабайт.  

 

6. Экономикалык талдап-иликтөөлөр 

 

Мыйзам долбоорунун сапат критерийлери 

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу бүтүндөй банк тутумунун жана финансы системасынын туруктуулугу жана ыргактуу иштөөсү үчүн таасир этүү чараларынын бири болуп саналат.  

Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар кыска мөөнөт аралыгында валюта рыногундагы жагдайды турукташтырууга, керектөөчүлөрдүн жана жөнөкөй жарандардын таламын коргоону камсыз кылат. 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын бюджетинен (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Улуттук банк) эч кандай сарптоону талап кылбайт. Учурда алмашуу бюросу патент төлөөчү болуп саналат. Патенттин суммасы руспублика боюнча алмашуу бюролорунун жайгашуусуна жараша 6 000 сомдон 20 000 сомго чейинкини түзөт. 

Коммерциялык банктар, ФКМдер жана башка жактар үчүн мыйзам долбоорунун кабыл алынышы албетте, банк мыйзамдары чөйрөсүндө кемчиликтерге жол бербеген шартта, эч кандай сарптоолорго алып келбейт.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна талдап-иликтөөлөргө карата 

жыйынтыкталган таблица 

 

Орган: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

ченемдик-укуктук актылар долбоорунун аталышы:  

- Кыргыз Республикасынын “Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамы  

аталган ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу аркылуу чечилүүчү проблема: 

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору субъекттердин, б.а. нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырышкан валюта рыногунун катышуучуларынын ишин оптималдаштыруу максатында иштелип чыгып, экинчилик рынокто Улуттук банктын көзөмөлдүк чараларынын натыйжалуулугуна жетишүүгө жана алардын өз учурунда көрүлүшүн камсыз кылууга багытталган, бул келечекте Улуттук банктын шайкеш акча-кредит саясатты жүргүзүүсүнө жана банктык мамилелер чөйрөсүндө иш натыйжалуулугуна таасирин тийгизет. 

Ошондой эле, мыйзам долбоорду колдонууга киргизүү максатынан болуп, жөнөкөй жарандардын финансы-кредит мекемелерине ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана алмашуу бюролорунун алдамчылыкка баруу жана укук бузуулар боюнча даттанууларын кыскартуу, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу саналат 

ченемдик-укуктук актынын долбоорун иштеп чыккан жумушчу топ (аты-жөнү, кызматы, уюм/ведомство): 

Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу Мулкубатова Н.Р.; 

Инспектирлөө башкармалыгынын начальниги Карабаева А.М.; 

Экономика башкармалыгынын начальниги Урустемов С.А.; 

Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын Дилингдик операциялар бөлүмүнүн начальниги Карбозов Б.И.; 

Юридика башкармалыгынын Мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги Темиров К.А. 

ченемдик-укуктук актыларга баа берүү мөөнөттөрү (долбоорго баа берүү иши башталган жана аяктаган күнүн көрсөтүү):  

2014 жылдын 1-декабрынан 19-декабрына чейин 

Долбоорду колдонуу чөйрөсүнө кирген субъекттер: 

1) мамлекеттик органдар  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Сот органдары. 

2) мамлекеттик эмес уюмдар  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан, иши ал тарабынан жөнгө салынган жана катталган коммерциялык банктар, финансы-кредит мекемелери жана башка жактар  

Проблемаларды чечүүнүн альтернативалуу варианттары:  

1) эч нерсени өзгөртпөгүлө (мурдагыдай калтырылсын)  

Эгерде сунушталып жактан өзгөртүүлөр жана толуктоолор четке кагылса, алмашуу бюролору тарабынан жол берилген бузуулар өзгөрүүсүз калышы мүмкүн, анткени тажрыйба көрсөткөндөй эле, алмашуу бюролорунда аныкталган бузуулар жылдан жылга кайталанып келет. Жеке адамдар мыйзам талаптарын дайыма эле сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес экендиги факторун эске алсак (анын ичинде “Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы) көптөгөн керектөөчүлөр тарабынан укук бузууга жол берүү фактылары белгиленген, мындай иштерге жол берүүлөр улам көз кездешүүдө

Жогоруда белгиленгендердин негизинде, мыйзам нормаларын өзгөртүүсүз калтырууга болбой тургандыгын белгилөө зарыл.  

2) колдонуудагы жөнгө салуу нормаларын алып салуу  

Нак чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар банктык операцияларга тиешелүү. Банктарга жана алмашуу бюролоруна ушул сыяктуу ишти жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү лицензия берилет. 

Алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган субъекттерди лицензиялоо жагында жөнгө салуунун колдонуудагы нормалары жокко чыгарылган. 

Алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган субъекттерди лицензиялоо ишин жөнгө салган колдонуудагы нормаларды жокко чыгаруу, жөнгө салынбаган валюта рыногуна алып келиши мүмкүн, бул валюта рыногуна гана эмес, бүтүндөй рынокко терс таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени Кыргызстандын валюта рыногу калган рыноктор менен түздөн түз байланыштуу. 

Долбоорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы (так көрсөткүлө):  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына 

Башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу/кайра карап чыгуу (так көрсөткүлө): 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына 

Ченемдик укуктук актынын долбооруна карата сын-пикирлер: 

Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган 

Коомдук угуу жүргүзүлгөнбү (зарыл болгонун көрсөтүү

 

Жоопкерчиликтүү адам менен байланышуу:  

Аты-жөнү  

Темиров К.А. 

кызматы  

Юридика башкармалыгынын Мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги 

Байланышуу маалыматтары 

45 66 40, ktemirov@nbkr.kg 

Кол тамгасы 

 

күнү, мөөрү