Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбооруна карата негиздеме-маалымдама 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору аталган Кодекстин жоболорун банк мыйзамдарына шек келтирген укук бузуулар үчүн административдик өндүрүү чараларын колдонуу жагында оптималдаштыруу жана шайкеш келтирүү, ошондой эле Улуттук банктын көзөмөлдүк чараларынын натыйжалуулугун жана банктык мамилелер чөйрөсүндө иш натыйжалуулугун камсыз кылуу менен, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, банктардын, ФКМдердин жана алардын кызмат адамдарынын дисциплинасын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.  

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы 1998-жылы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексти кабыл алууда белгиленген айыптардын колдонуудагы өлчөмү өз актуалдуулугун жоготкондугунан улам жана укук бузуулардын алдын-алуу боюнча өз функцияларын жеткиликтүү деңгээлде аткарбай калгандыгына байланыштуу келип чыккан. Тажрыйба көрсөткөндөй, Кодекстин 27-главасынын беренелери боюнча Улуттук банк тарабынан жоопкерчиликке тартылган кызмат адамдар укукка жатпаган аракеттерди жасоону улантышууда.  

Мындан тышкары, банк мыйзамдарын бузууга жол бергендиги үчүн айыптардын негизсиз аз өлчөмдө болушу, Улуттук банктын көзөмөл блогунун кызматкерлери тарабынан күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн аткарылып жаткан олуттуу иштерин актабайт. Мындай жагдай жол берилген укук бузууларга карата колдонулган айыптар сыяктуу эле, анын натыйжаларына карата Улуттук банк тарабынан аткарылып жаткан иштердин да шайкеш эмес экендигин мүнөздөп турат. Алсак, Кодекстин колдонуудагы редакциясында банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптын максималдуу өлчөмү: жарандарга -2000 сомго чейинкини, банктардын жана ФКМдердин кызмат адамдарына 3000 сомго чейинкини түзөт.  

Кодекстин жалпы бөлүгүнүн 30-беренесине ылайык жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүнөн, ал эми- юридикалык жактарга бир миң өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Мыйзам долбоорунда Кодекстин 30-беренесинде жарандарга салынган эң көп өлчөмүн жүздөн беш жүзгө чейин, кызмат адамдарга эки жүздөн бир миңге чейин, юридикалык жактарга бир миңден эки миңге чейин көбөйтүүгө сунушталат.  

Ошондой эле Мыйзам долбоорунда өзгөчө бөлүгүнүн 357-беренесинде банк ишин жүргүзүүнү лицензиясыз ээлөө үчүн жана 358-беренесинде акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу үчүн айыптардын өлчөмдөрүн көбөйтүүгө сунушталат  

Алсак, Кодекстин 357-беренесине ылайык банк ишин жүргүзүүнү мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз ээлөө - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Финансылык кредиттик мекемелердин банктык айрым операцияларды мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз жүзөгө ашыруусу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

Кодекстин 358-беренесине ылайык мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайрып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

Мыйзам долбоорунда сунуш кылынган өзгөртүүлөрдө банк мыйзамдары чөйрөсүндө административдик укук бузуулар үчүн айыптардын өлчөмүн учур талабына ылайык жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалына жараша олуттуу көбөйтүү жана конкреттештирүү каралган. Алсак, банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып өлчөмүн жарандарга 2000 сомдон 50 000 сомго чейин, кызмат адамдарына 3000 сомдон 100 000 сомго чейин көбөйтүү сунуш кылынган. Юридикалык жактарга карата банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып өлчөмүн 200 000 сомго көбөйтүү сунуш кылынган. 

Айрыкча, Мыйзам долбоорунда 357 жана 358 беренелеринде жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки миң өлчөмүндө айыпты аныктоого сунушталат. 

Ошондой эле Мыйзам долбоорунда Кодекстин өзгөчө бөлүгүнүн 362-беренесинде улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу үчүн айыптын өлчөмүн көбөйтүүгө жана өлчөмүн эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейин аныктоого сунушталат. 362-беренесинин колдонулган редакцияда эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен отузга чейин өлчөмү аныкталган. 

Мындан тышкары, Кодекстин өзгөчө бөлүгүнүн 531-беренесинде, республиканын аймактарында жашап жаткан мыйзам бузуучуларга өз убагында тиешелүү чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын тиешелүү аймактарында административдик укук бузууларга жол берген адамдарга карата административдик өндүрүүлөрдү колдонуу укугун Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине ыйгаруу да сунуш кылынган. 531-беренесинин колдонулган редакцияда, администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Улуттук Банктын төрагасы жана анын орун басары укуктуу деп аныкталган. 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы шартында, жетишүүгө боло турган укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар: 

Жол берилген мыйзам бузууларга айып өлчөмүн көбөйтүү, жеке адамдар менен юридикалык жактардын дисциплинасын жогорулатууга, Улуттук банктан лицензия алышкан, иши ал тарабынан жөнгө салынган жана каттодон өткөн банктардын, ФКМдердин жана башка жактардын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин күчөтүүгө, ошону менен бирге эле Улуттук банктын көзөмөлдүк чараларынын натыйжалуулугун жана банктык мамилелер чөйрөсүндө иш натыйжалуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.  

Мыйзам долбоорунда сунуш кылынган жөнгө салуу жана административдик өндүрүү чараларын колдонуу ыкмалары комплекстүү мүнөзгө ээ жана банктык көзөмөлдүк жана экономиканы (банк секторун) жөнгө салуу механизмдерин өнүктүрөт.  

Мыйзам долбоорун кабыл алуу укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге дуушар кылбайт, анткени сунушталган мыйзам ченемдерин жайылтуу, күнөөкөрлөрдүн банк мыйзамдарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк тарабынан жоопкерчиликке тартылышы, банк операцияларын жүзөгө ашырышкан юридикалык жактардын жана жеке адамдардын дисциплинасын жогорулатуу боюнча маселелерди чечүүгө, ошондой эле банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча маселелер топтомун чечүүгө багытталган.  

Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бүтүндөй алганда, республиканын мыйзам актыларына жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам актыларынын нормаларына шайкеш келет.  

“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” сунуш кылынган Мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоосу өткөрүлгөн. 

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу өлкө бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Төрагасы Абдыгулов Т.С.