Кайта келүү

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Банк кодекси 

 

I БӨЛҮМ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1-БАП

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1-берене. Банктык мыйзамдар аркылуу жөнгө салынуучу мамилелер 

 

1. Банктык мыйзамдар банк ишин жүзөгө ашыруу, акча-насыя жана валюта саясаттарын жүргүзүү, төлөм системасынын иш-чөйрөсүндөгү мамилелерди (банктык укуктук мамилелерди), ошондой эле банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктук статусун, компетенциясын, өз ара мамилелерин жана жоопкерчиликтерин жөнгө салат. 

2. Ыйгарым укуктуу орган аркылуу мамлекет, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк), банктар, жеке адамдар жана юридикалык жактар, анын ичинде резидент эместер банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынан болуп саналат.  

3. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган финансы-насыялык уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иши, эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, мыйзамдар жана/же Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 

 

2-берене. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары 

 

1. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары бул, Кыргыз Республикасындагы банктык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тутуму. 

2. Ушул Кодекстин ченемдери менен Кыргыз Республикасынын башка кодекстеринин жана мыйзамдарынын ченемдеринин ортосунда дал келбестиктер (коллизиялар) болгон учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде башкача каралбаса, ушул Кодекстин ченемдери колдонулат.  

3. Банктык укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын кодекстеринин жана мыйзамдарынын ченемдери ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат. 

4. Кыргыз Республикасынын банктык укуктук мамилелерге тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.  

 

3-берене. Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптери 

 

Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптеринен болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык, акыл ченемдүүлүк, калыстык, социалдык жоопкерчилик; 

2) банк ишинин ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу; 

3) Улуттук банктын көз каранды эместиги

4) банктык каржылоонун ар кандай формаларын жана принциптерин, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерин колдонуу; 

5) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында жана эл аралык банктык стандарттарда каралган, жалпы кабыл алынган, негиз түзүүчү башка принциптер. 

 

4-берене. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери 

 

1. Кыргыз Республикасында, салттык түрдөгү жөнгө салынып келген банктык иш жана насыялоо менен катар эле, банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери колдонулат

2. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери - бул, ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилөөчү эл аралык уюмдар тарабынан (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму, Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши) иштелип чыккан жана бекитилген, банк операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн Шариат стандарттарынын принциптери жана эрежелери.  

3. Өз ишин банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүшкөн банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарына карата ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин жоболорунда каралган мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.  

 

5-берене. Банктык терминдер 

 

1. Эгерде ушул Кодексте же Кыргыз Республикасынын башка банктык мыйзамдарында башкасы аныкталбаса, ушул Кодексте колдонулган терминдер жана аныктамалар алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык банктык практикада жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүнүлөт.  

2. Улуттук банк банктык терминдердин глоссарийин (жыйындысын) басып чыгарууга жана банктык терминология боюнча түшүндүрмө берүүгө укуктуу. 

 

2-БАП.  

БАНКТЫК КЫЗМАТТАРДЫ КӨРСӨТҮҮГӨ ЖАНА МААЛЫМАТТАРДЫН ЧЕЧМЕЛЕНИШИНЕ КАРАТА НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР. КАРДАРЛАРДЫН УКУКТАРЫН ЖАНА ТАЛАМДАРЫН КОРГОО 

 

6-берене. Банктык кызматтарды көрсөтүүнүн негиздери 

 

1. Банктардын, банктык эмес финансы-насыялык уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын (банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын) кардарлар менен өз ара мамилеси ушул Кодекске ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. Кардарлар деп банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар түшүнүлөт

2. Кардарлар финансы-насыялык уюмун жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү эркин тандашат. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар кардардын талабы боюнча уюштуруу документтери, уруксат документтери жана финансылык отчеттору менен таанышуусу үчүн кардарга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.  

3. Ушул баптын жоболору өз ишин банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарына да банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин жоболорунда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.  

 

7-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтардын чечмелениши 

 

1. Банктык кызматтарды көрсөтүүнүн жалпы шарттары ачык маалымат болуп саналат жана коммерциялык же банктык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес.  

2. Банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча кандай болбосун келишимди түзгөнгө чейин кардарга көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтардын толук берилиши камсыздалууга тийиш.  

Көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттары жана наркы тууралуу так маалыматтарды берүүдөн баш тартууга болбойт. 

3. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар ошол кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарын, аларга байланыштуу тобокелдерди жана жоопкерчиликти кардар толук түшүнгөндүгүнө анын жазуу жүзүндөгү ырастоосу аркылуу ынанууга милдеттүү.  

4. Пайыздык чендер жана валютанын алмашуу курсуна тиешелүү маалыматтарды эске албаганда, банктык кызматтарды көрсөтүүнүн жалпы шарттарындагы өзгөрүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарында же интернет-сайттарда алар күчүнө киргенге чейин кеминде отуз календардык күн мурда жарыяланууга, ошондой эле маалымат такталарында туруктуу жайгаштырылууга тийиш. Пайыздык чендердин жана валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсү жөнүндө маалымат дароо жарыяланат.  

5. Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруунун тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

8-берене. Келишимдерге карата талаптар 

 

1. Кардарлар менен түзүлүүчү келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.  

2. Келишимдердин тексттери бирдей тамгалар менен жазылып, түшүнүктүү баяндалып, кардардын кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Келишимдин тексти кардар менен макулдашуу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт. Зарылчылык болсо келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн. 

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде келишимдерге карата талаптарды белгилөөгө укуктуу.  

 

9-берене. Аманаттардын сакталышы жана кайра берилиши 

 

1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар банктык эсептердеги акча каражаттардын сакталышын камсыздоого жана ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралгандан башка учурларда аманатчылардын биринчи талабы боюнча кайра берүүгө милдеттүү

2. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар аманатчылар үчүн банктык мыйзамдарда каралбаган кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө укугу жок.  

3. Банктык эсептер менен иштөө тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

 

10-берене. Жоопкерчиликтүү насыялоо 

 

1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар насыялык ишти (каражаттарды жайгаштырууну) жоопкерчилик менен насыялоонун принциптерин: ак ниеттик, ачык-айкындык, тууралык, карыз алуучулар менен өнөктөштүк, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүүгө милдеттүү. Карыз алуучулар насыя берүү боюнча кызматтарга кайрылган учурда таразаланган жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга милдеттүү

2. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар карыз алуучуларды насыялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкү талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

1) насыя боюнча натыйжалуу пайыздык чен насыя берилген күнгө карата декларациялануучу (жарыялануучу) натыйжалуу пайыздык ченден ашпоого тийиш; 

2) насыялык келишимди түзүүгө чейин насыялык продукттун толук наркы тууралуу маалыматты кошо алганда, насыяларды берүү шарттары боюнча так маалыматтардын кардарлар (потенциалдуу карыз алуучулар) үчүн толук чечмелениши камсыздалууга тийиш. Улуттук банк карыз алуучуларга маалыматтардын чечмелениши тууралу башка талаптарды белгилөөгө укуктуу

3) карыз алуучуга насыялык келишим боюнча алган милдеттенмелерди аткарбоонун же талаптагыдай аткарбоонун баардык кесепеттери тууралуу түшүндүрүлүп, кол койдурулууга тийиш; 

4) насыялык келишимди түзүүгө чейин Улуттук банктын талаптарына ылайык карыз алуучунун иш жүзүндөгү төлөө жөндөмдүүлүгү кылдат изилденүүгө тийиш. Карыз алуучу жеке адам боюнча ким экендиги, эмне менен алектенгендиги, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, сарптоолорунун көлөмү, багуусунда тургандардын саны жана башка көрсөткүчтөрү да кылдат иликтенүүгө тийиш; 

5) насыялык келишимдин шарттарына жарыялангандардан тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылганына карабастан, акы төлөнүүчү башка кызмат көрсөтүүлөрдү кошуусуна тыюу салынат; 

6) насыялык келишимде кардардын келишимди түзгөндөн кийин акча каражатты алган учурга чейинки мезгил ичинде насыяны алуудан же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашыруудан акысыз негизде баш тартуу укугу каралууга тийиш;  

7) насыялык келишимде отуз календардык күн мурда билдирүү шарты менен насыяны (лизингди) кайсыл убакытта болсо да мөөнөтүнөн мурда төлөө боюнча кардардын укугу каралууга тийиш; 

8) карыз алуучулар кайрылган шартта насыя боюнча иш жүзүндөгү карыздын өлчөмү жөнүндө толук маалымат, ошондой эле төлөөнүн өзгөртүлгөн графиги кийинки иш күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш

9) эгерде карыз алуучунун укугун начарлатса жана/же милдеттерин көбөйтө турган болсо банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар насыялык келишимдин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жана толуктоого укугу жок; 

10) мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялык карыз боюнча чегерилген айыптык төлөмдүн (үстөктүн, айыптын) максимум суммасы Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн ашпоого тийиш

11) эгерде күрөөнүн предметин өндүрүүгө чегерүү процессинде күрөө берүүчү аны сатуунун башка тартибин сунуштабаса турак жай түрүндөгү күрөөдө турган кыймылсыз мүлк ачык тоорук аркылуу гана сатылат

12) Улуттук банк тарабынан белгиленүүчү башка талаптар. 

3. Улуттук банк насыялар жана башка операциялар боюнча күрөөлүк камсыздоонун минимум чегин, насыя боюнча төлөм өлчөмүнүн карыз алуучунун кирешесине карата максимум катышын жана жеке адамдарды насыялоого карата башка талаптарды белгилөөгө укуктуу.  

 

 

 

 

11-берене. Комиссиялык акылар, тарифтер жана пайыздык чендер 

 

1. Банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн комиссиялык акы жана тарифтер банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет. 

Эгерде, банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн пайыздарды чегерүү каралган болсо, анда пайыздык чендин өлчөмү банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет. 

Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык операцияларды жүргүзүүнүн жана бүтүмдөрдү түзүүнүн шарттарын өз алдынча белгилөөгө укуктуу.  

2. Банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча комиссиялык акы, тарифтер жана пайыздык чендер жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш, алар коммерциялык же банктык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. 

3. Жарнамада, публикацияда жана банктык кызматтардын наркы жөнүндө маалыматты таркатууда берилчү насыялар боюнча пайыздын номиналдык жана натыйжалык чендери жана комиссиялык акынын өлчөмү милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү зарыл. 

4. Пайыздардын номиналдык жана натыйжалык пайыздык ставкалары, комиссиялык акынын өлчөмдөрү келишимдерде туура жылдык, натыйжалык жана салыштырма эсептөө менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

5. Насыялык келишимди түзүүгө чейин банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар номиналдык жана натыйжалык пайыздык чен өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар менен катар эле, кардарга насыянын абсолюттук маанидеги негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык жыйымдарды жана келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө көрсөтүү менен насыянын абсолюттук өлчөмдөгү толук наркына тиешелүү маалыматты кардарга берүүгө милдеттүү. Пайыздык төлөмдөр номиналдык чен боюнча насыянын негизги суммасынын азайып турган калдыгына чегерилет. Натыйжалуу пайыздык ченди аныктоо жана эсептөө ыкмасы Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

6. Кызмат көрсөтүү наркы бурмаланган жана насыя боюнча төлөмдөр насыялык келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байлаштырып индекстелишин караштырган насыялык продуктулардын колдонулушуна жол берилбейт.  

7. Эгерде бул кардардын укугуна кедергисин тийгизип жана/же милдеттерин көбөйтө турган болсо, мөөнөттүү аманаттар жана насыялар боюнча пайыздык чен өлчөмү банк тарабынан бир тараптуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.  

 

12-берене. Даттанууларды жана арыздарды кароо. Талаш маселелер 

 

1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактарда кардарлардын даттанууларын жана арыздарын (талаш маселени) кароо тартибин жөнгө салуучу документтери болууга милдеттүү. Кардарлардын даттануулары жана арыздары кат жүзүндө жооп берүү менен отуз календардык күндөн кечиктирбестен каралууга тийиш

2. Кардарлардын каралган даттанууларынын жана арыздарынын (талаштын) жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген тартипте үч жылдан кем эмес сакталууга тийиш.  

3. Эгер келишимди аткаруу процессинде чыккан талаш тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаштарды сотко чейинки жөнгө салуунун алкагында чечилүүгө тийиш. 

13-берене. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын жоопкерчилиги 

 

Ушул баптын талаптарын бузгандыгы үчүн банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактарга карата Улуттук банк ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

 

II БӨЛҮМ.  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

3-БАП.  

УЛУТТУК БАНКТЫН УКУКТУК СТАТУСУ, ИШИНИН МАКСАТЫ ЖАНА АТКАРУУЧУ МИЛДЕТТЕРИ 

 

14-берене. Улуттук банктын укуктук статусу 

 

1. Улуттук (Борбордук) банк Кыргыз Республикасынын банкы (Кыргызстан банкы) болуп саналат. 

2. Улуттук банктын укуктук статусу, иш максаты, аткаруучу милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана ушул Кодексте аныкталат.  

3. Улуттук банк өз ишин ушул Кодекске ылайык жүргүзүүчү жана пайда алуу максатын көздөбөгөн, өз алдынча уюштуруу-укуктук формадагы Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы катары юридикалык жак болуп эсептелет

4. Улуттук банк Бишкек шаарында жайгашкан. Улуттук банк филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.  

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өз аталышы жазылган мөөргө ээ.  

6. Кыргыз Республикасы Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпагандай эле, Улуттук банк да Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт

7. Улуттук банк юридикалык жак катары өз милдеттенмелери боюнча ага тиешелүү бүткүл мүлкү менен жооп берет.  

8. Улуттук банк өзүнүн, мамлекеттин жана коомдун таламдарын коргоо максатында сотко кайрылууга укуктуу.  

 

15-берене. Улуттук банктын ишинин максаты 

 

Улуттук банктын ишинин максаты тийиштүү акча-насыя саясатын жүргүзүү жолу менен баалардын туруктуулугуна жетишүү жана сактоо болуп эсептелет

 

16-берене. Улуттук банктын негизги милдеттери 

 

Улуттук банктын ишинин максаттарына жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү негизги милдеттер улуттук валютанын сатып алуу жөндөмүн сактоо, Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөө системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишеничтүүлүгүн камсыздоо болуп эсептелет.  

 

 

 

 

17-берене. Улуттук банктын компетенциясы  

 

Улуттук банк: 

1) Кыргыз Республикасынын банк системасын, анын ичинде Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктардын жана башка юридикалык жактардын ишин көзөмөлдөйт; 

2) Кыргыз Республикасынын акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, финансылык туруктуулуктун камсыздалышына өбөлгө түзөт

3) бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүргүзөт

4) акча белгилеринин эмиссиясын ишке ашыруунун өзгөчө укугуна ээ; 

5) банктык каржылоонун ар кандай формаларын жана принциптерин ишке ашырат; 

6) Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишин көзөмөлдөйт (оверсайт), төлөм системасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүнө өбөлгө түзөт

7) ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат документтерди берет

8) банк операцияларын жүргүзүү эрежелерин белгилейт; 

9) ушул Кодекске ылайык банктар үчүн акыркы инстанциядагы насыя берүүчү болуп саналат; 

10) ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, баардык эл аралык резервдерге ээлик кылат жана башкарат

11) статистика боюнча мамлекеттик орган менен бирдикте төлөм балансын түзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык инвестициялык позициясын аныктайт; 

12) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана жарыялайт; 

13) акча-насыя саясатына, банк системасына жана төлөм системасына тиешелүү маселелер боюнча эл аралык форумдарда, конференцияларда жана уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргойт жана анын атынан иш жүргүзөт

14) ушул Кодекске ылайык, банк операцияларын жүргүзөт; 

15) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 

 

18-берене. Улуттук банктын негизги операциялары  

 

1. Иштин максатына жетүү жана негизги милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук банк төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө укуктуу:  

1) ушул Кодекске ылайык банктарга насыяларды берүүгө

2) экинчилик рынокто чектерди, жөнөкөй жана которулма векселдерди сатып алууга жана сатууга; 

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды экинчилик рынокто сатып алууга жана сатууга; 

4) Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга; 

5) баалуу металлдарды жана валюталык баалуулуктардын башка түрлөрүн сатып алууга жана сатууга; 

6) чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга; 

7) чет өлкөлүктөрүн кошо алганда, банктардан, башка финансылык уюмдардан депозиттерди кабыл алууга; 

8) банктарда жана башка финансы уюмдарында эсептерди ачууга; 

9) банктарга, анын ичинде чет өлкө банктарына корреспонденттик эсептерди ачууга; 

10) эл аралык финансылык институттар тарабынан ар кандай программаларды каржылоо үчүн берилген каражаттарга байланыштуу бүтүмдөр боюнча ортомчу катары чыгууга; 

11) өлкөгө баалуу металлдарды жана кандай болбосун валюталарды алып келүүгө жана өлкөдөн алып чыгууга

12) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык башка банк операцияларын жүргүзүүгө

2. Улуттук банк акы төлөнүүчү айрым банк операцияларын жүргүзөт жана кызматтарды көрсөтөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн жана акынын өлчөмүн Улуттук банк өз алдынча аныктайт.  

 

19-берене. Улуттук банктын ишинин уюштурулушу жана анын көз каранды эместиги 

 

1. Улуттук банк өзүнүн ишин ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген компетенциясынын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүргүзөт.  

2. Мамлекеттик органдардын Улуттук банктын мыйзамдуу ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Мамлекет өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда Улуттук банктын көз каранды эместигин гарантиялайт. Улуттук банктын ыйгарым укуктарына каршы келген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алууга тыюу салынат.  

3. Улуттук банктын кызматкерлерине мамлекеттик органдардан, мамлекеттик кызматчылардан жана башка жактардан Улуттук банктын негизги милдеттерине жана ишинин максатына каршы келген көрсөтмөлөрдү жана нускамаларды кабыл алууга тыюу салынат.  

4. Улуттук банк кайсы болбосун жеке адамдардан жана юридикалык жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте зарыл информацияны, маалыматтарды жана документтерди акысыз алууга укуктуу.  

5. Улуттук банкка ушул Кодексте каралган компетенциясынын чегинен тышкары иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат. 

 

20-берене. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары 

 

1. Улуттук банк ченемдик укуктук актыларды чыгарат жана алар Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналат. Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгууда Базель Комитетин кошо алганда, банктык көзөмөлдүн жана жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын эске алууга укуктуу.  

2. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизилүүгө тийиш. 

3. Улуттук банктын жеке адамдардын жана юридикалык жактардын таламдарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Улуттук банктын расмий басылмасында жана расмий интернет-сайтында расмий жарыяланууга тийиш.  

4. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын расмий чечмелөөүшүндүрмө берүү) тиешелүү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат. 

21-берене. Улуттук банктын расмий басылмалары жана интернет-сайты  

 

1. Улуттук банк өзүнүн расмий басылмаларынын жарыяланышын камсыз кылат.  

2. Улуттук банк расмий интернет-сайтка ээ. Интернет-сайттын ишин уюштуруу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат

 

4-БАП

УЛУТТУК БАНКТЫН КАПИТАЛЫ ЖАНА РЕЗЕРВДЕРИ 

 

22-берене. Улуттук банктын капиталы 

 

1. Улуттук банктын капиталы уставдык капиталдан, милдеттүү резервден, активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервден, бөлүштүрүлбөгөн пайда же чыгымдан турат. 

2. Улуттук банк 1 (бир) миллиард сом өлчөмдө уставдык капиталга ээ. Улуттук банк өзүнүн уставдык капиталын башкаларга ээлик кылуу үчүн бере албайт же күрөөгө коё албайт. 

3. Улуттук банктын уставдык капиталынын суммасын көбөйтүүнү же азайтууну ушул Кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбестен ишке ашыруу мүмкүн эмес. 

4. Милдеттүү резерв жана активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдер ушул Кодекске ылайык түзүлөт. Милдеттүү резервдер ушул Кодекстин 23-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банктын чыгымдарынын ордун жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. 

5. Бөлүштүрүлбөгөн пайда же чыгым ушул Кодекске ылайык пайданы бөлүштүргөн же чыгымды төлөгөн учурга чейин финансылык жылдын ичинде болгон кирешенин жана чыгашанын ортосундагы айырма катары аныкталат.  

 

23-берене. Улуттук банктын пайдасы жана резервдери 

 

1. Улуттук банктын пайдасы финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча, ошол мезгил ичинде болгон баардык кирешелерди жана чыгашаларды ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык эсепке алгандан кийин аныкталат. 

2. Алтын-валюта активдерди жана милдеттенмелерди кайрадан баалоо алтын-валюта активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдин эсебиндеги капиталда чагылдырылат.  

3. Эгерде, активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв терс калдыкка ээ болсо, анда бүткүл терс калдык ошол мезгилдин чыгашаларына чегерилип, ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык ишке ашырылган бөлүштүрүлүүчү пайданы эсептөөдө эске алынууга тийиш.  

4. Улуттук банктын ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен эсептелген пайдасы төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт: 

1) эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервдеринин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызынан аз болуп калса, анда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине пайданын жетимиш пайызы которулат. Республикалык бюджеттин кирешесине чегерүүдөн кийинки пайданын калдыгы Улуттук банктын милдеттүү резервине которулат; 

2) эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызына барабар болсо же андан ашса, анда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине пайданын жүз пайызы чегерилет

5. Пайданы чегерүү финансылык жыл бүткөндөн кийин, көз каранды эмес тышкы аудит жүргүзүлүп, жылдык отчет Улуттук банктын Башкармасы тарабынан бекитилгенден кийин ишке ашырылат. 

6. Ушул берененин максаттарында Улуттук банктын монетардык милдеттенмелерине төмөнкүлөр киргизилет

1) Улуттук банк жүгүртүүгө чыгарган банкноттор жана монеталар

2) акча-насыялык жөнгө салуу инструменттери боюнча финансылык милдеттенмелер; 

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдында башка финансылык милдеттенмелерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин Улуттук банкта ачылган эсептери; 

4) Кыргыз Республикасынын резиденти эмес банктардын Улуттук банкта ачылган эсептери.  

7. Эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча жана ушул берененин 3-бөлүгүн эске алганда Улуттук банк милдеттүү резерв менен орду жабылбаган чыгымга дуушар болсо, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уставдык капиталды ушул Кодексте белгиленген өлчөмгө чейин толуктоо үчүн Улуттук банкка он эки айдан кечиктирилбеген мөөнөттө түздөн-түз акча каражат которуу аркылуу ошол чыгымдын ордун жабат.  

 

5-БАП  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ АКЧА-НАСЫЯ САЯСАТЫ 

 

24-берене. Акча-насыя саясаты жана финансылык туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзүү 

 

1. Акча-насыя саясаты Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жүргүзүлөт. Акча-насыя саясатын жүргүзүүдө Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара байланышта иш жүргүзүүгө укуктуу.  

2. Улуттук банк макропруденциалдык жөнгө салууну кошо алганда, Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыздоого багытталган чараларды өз алдынча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара байланышта иштешүүнүн негизинде иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. 

3. Финансылык туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзүү максатында мамлекеттик органдар, ошондой эле юридикалык жактар менчигинин формасына карабастан финансылык туруктуулукка баа берүү, талдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн макропруденциалдык көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча керектүү маалыматтарды Улуттук банкка Улуттук банк аныктаган формада жана мөөнөттөрдө өз учурунда берип турууга милдеттүү

4. Бул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтардын берилбегендик же өз учурунда бербегендик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат

 

25-берене. Жүгүртүүдөгү акча массасын жөнгө салуу 

 

Улуттук банк акча массасынын көлөмүн жана түзүмүн төмөнкү инструменттердин жардамы менен жөнгө салат

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана гарантияланган баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу; 

2) Улуттук банк тарабынан чыгарылган жана гарантияланган баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу; 

3) чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу; 

4) банктарга кыска мөөнөттүү насыяларды берүү;  

5) Улуттук банкка жайгаштырылуучу милдеттүү резервдердин өлчөмдөрүн өзгөртүү

6) ликвиддүүлүктү жөнгө салуунун эл аралык тажрыйбада кабыл алынган башка инструменттери, ыкмалары жана методдору.  

 

26-берене. Улуттук банк чыгаруучу баалуу кагаздар  

 

Улуттук банк акча-насыя саясатын жүргүзүү максатында баалуу кагаздарды чыгарууга жана кабыл алынган эл аралык практикага ылайык алар менен операциялардын баардык түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.  

 

27-берене. Милдеттүү резервдер 

 

1. Улуттук банк банктар жана башка банктык эмес финансы-насыялык уюмдар үчүн милдеттүү резервдер боюнча талаптарды белгилейт. Бул жактар Улуттук банкта жайгаштырылуучу милдеттүү резервдерге ээ болууга милдеттүү.  

2. Милдеттүү резервдердин өлчөмү, аларды эсептөөнүн жана жайгаштыруунун тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

3. Резервдик талаптардын ченемдерин сактабагандык үчүн Улуттук банк аныктоочу өлчөмдө жана тартипте айып алынат.  

 

28-берене. Пайыздык чендердин деңгээлин жөнгө салуу 

 

1. Улуттук банк акча-насыя саясатынын инструменттери жана ушул Кодексте каралган башка чаралар аркылуу банктык пайыздык чендердин деңгээлин жөнгө салат.  

2. Финансылык инструменттердин түрлөрү жана аларды колдонуу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

6-БАП

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ВАЛЮТАСЫ 

 

29-берене. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (улуттук валюта)  

 

1. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги - сом. Бир сом 100 (жүз) тыйындан турат

2. Накталай акча белгилери банкнота жана монета түрүндө жүгүртүүгө чыгарылат.  

3. Улуттук банк башка мамлекеттердин акча бирдиктерине карата сомдун расмий курсун белгилейт.  

 

30-берене. Акча белгилеринин эмиссиясы 

 

1. Улуттук валютанын акча белгилерин жүгүртүүгө чыгаруу жана жүгүртүүдөн алуунун өзгөчө укугу Улуттук банкка гана таандык. 

2. Банкноттор жана монеталар Улуттук банктын алмаштырылгыс милдеттенмеси болуп саналат жана анын бардык активдери менен камсыз кылынат.  

3. Банкнотту жана монетаны төлөм каражаты болууга жараксыз деп жарыялоого Улуттук банк гана укуктуу.  

 

 

 

31-берене. Төлөм каражаты 

 

1. Сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында эч кандай чектөөлөрсүз, төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш болгон, бирден бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ишке ашырылат. Экспорттолуучу, импорттолуучу товарларды берүү жана кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдерде төлөө валютасын тараптар макулдашуу боюнча аныкташкандан башка учурларда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары сом менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

2. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилерин кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы, ошондой эле аларды атайлап жок кылып же жарнамалык жана башка максаттарда мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.  

3. Акча белгилерин жасалма жасоо жана мыйзамсыз даярдап чыгаруу, ошондой эле акча белгилерин санкциясыз эмиссиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.  

 

32-берене. Накталай акчанын жүгүртүлүшүн уюштуруу 

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында накталай акчанын жүгүртүлүшүн уюштуруу максатында

1) акча белгилерин чыгарууга болгон керектөөнү болжолдойт жана алардын даярдалышын камсыздайт

2) акча белгилеринин резервдик фонддорунун түзүлүшүн камсыздайт, акча белгилерин даярдоого заказдарды даярдайт жана берет;  

3) банктар үчүн накталай акчаны сактоонун, ташуунун жана инкассациялоонун тартибин жана талаптарын белгилейт; 

4) банктар үчүн жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансылык-насыялык уюмдар үчүн кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин иштеп чыгат жана бекитет; 

5) акча белгилеринин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоонун тартибин белгилейт; 

6) акча белгилеринин коргоо белгилерин жана аларды алмаштыруу тартибин, ошондой эле жүгүртүүдөн алынган акча белгилерин жок кылуу тартибин аныктайт; 

7) накталай акчаны жүгүртүүнү уюштуруунун эл аралык практикада кабыл алынган башка ыкмаларын жана механизмдерин колдонот. 

 

7-БАП

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ВАЛЮТА САЯСАТЫ 

 

33-берене. Валюта саясаты  

 

Улуттук банк Кыргыз Республикасында бирдиктүү валюта саясатын жана валюталык жөнгө салууну иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.  

 

34-берене. Улуттук банктын валюталык операциялары  

 

1. Улуттук банк баардык валюталык операцияларды, анын ичинде баалуу металлдарды жана валюта рыногунда чет өлкөлөрдүн валюталарын сатып алуу жана сатуу операцияларын ишке ашырат, ошондой эле эл аралык резервдерди тескөө, акча-насыя саясатын жүргүзүү, өз ишин жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо максатында, эч кандай чектөөлөрсүз баалуу металлдарды жана кайсыл болбосун валютаны өлкөгө алып келүүгө жана өлкөдөн алып чыгууга укуктуу.  

2. Улуттук банк чет өлкө валютасын сатып алууга жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө рыноктук курс боюнча келишимдик негизде сатууга укуктуу. 

3. Улуттук банк банктар аралык валюта рыногунда (банктар аралык валюта биржасында) операцияларды жүргүзүү тартибин жана шарттарын аныктайт. 

 

35-берене. Алмашуу курсу 

 

1. Расмий алмашуу курсу рыноктук спот-алмашуу жана башка рыноктук курстардын негизинде Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жарыяланат. Расмий алмашуу курсу, Улуттук банктын жарыяланган курстар боюнча чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу милдеттенмелерсиз, Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жарыяланат.  

2. Эгер Улуттук банк тарабынан башкасы белгиленбесе, спот-алмашуу жана башка рыноктук алмашуу курстары сатуучу менен сатып алуучу ортосунда эркин аныкталат.  

 

36-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө валютасындагы операциялар 

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө валютасында эсептешүүлөр жана төлөмдөр Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.  

2. Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук жана/же чет өлкөлүк накталай жана накталай эмес валюталарды сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларга чек коюлбайт жана аларды Улуттук банктын (ыйгарым укуктуу жактын) тиешелүү лицензиясына ээ юридикалык жактар гана ишке ашыра алат.  

Улуттук жана/же чет өлкөлүк накталай жана накталай эмес валюталарды сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүргүзүү тартибин жана шарттарын, ошондой эле ыйгарым укуктуу жактарга карата талаптарды Улуттук банк аныктайт.  

3. Ыйгарым укуктуу жактар чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзүү үчүн чет өлкө валютасындагы операцияларга тиешелүү маалыматты Улуттук банкка беришет, ошондой эле жүргүзүлүүчү операциялардын ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин камсыздоого милдеттүү.  

 

37-берене. Чет өлкө валюталарын жана валюталык баалуулуктарды алып жүрүү 

 

1. Бажылык контролдоочу пункттарда бажы мыйзамдарына ылайык декларацияланган шартта чет өлкө валюталарын чет өлкөлөрдөн (алып келүүгө) жана чет өлкөлөргө (алып чыгууга), ошондой эле валюта болуп саналбаган валюталык баалуулуктарды алып өтүүгө чек коюлбайт. 

 

38-берене. Акча каражаттардын жана капиталдардын эркин которулуулары  

 

1. Чет өлкөлөрдөн жана чет өлкөлөргө капиталдын түшүүсүнө жана которулушуна чек коюлат. 

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун сактоо максатында акча каражаттардын жана капиталдардын которулушуна чек коюуга укуктуу.  

 

39-берене. Резиденттер тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта ачылуучу эсептерди каттоо 

 

1. Кыргыз Республикасынын резиденттери республиканын чегинен тышкары ачылган эсептерин жана аманаттарын Улуттук банкта каттатууга милдеттүү

2. Кыргыз Республикасынын резиденттери республиканын чегинен тышкары ачылган эсептери жана аманаттары боюнча маалыматтарды, ошондой эле чет өлкө валютасындагы операцияларга байланыштуу баардык башка документтерди жана маалыматтарды Улуттук банктын талабы боюнча берүүгө милдеттүү

 

8-БАП

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫ 

 

40-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы 

 

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы (мындан ары төлөм системасы) акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин өз ара байланышкан системасы. Төлөм системасынын иши мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 

 

41-берене. Төлөм системанын кардарларынын жана анын кызматтарынан пайдалануучулардын укугун коргоо  

 

1. Төлөм системасынын катышуучулары жана операторлору төлөм кызматтарын көрсөтүүдө төлөм системасынын кызматынан пайдалануучулардын кардарлардын укуктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды, анын ичинде маалыматтардын өз учурунда чечмеленип берилиши жана банктык сырды түзгөн маалыматтардын жашырындыгын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.  

2. Улуттук банк төлөм системанын кызматынан пайдалануучулардын кардарлардын укуктарын коргоого багытталган талаптарды аныктоого укуктуу.  

 

42-берене. Мамлекеттик органдар жана төлөм системасын көзөмөлдөөчү чет өлкөлүк органдар менен кызматташуу 

 

1. Катышуучулары жана операторлору Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан эл аралык төлөм системаларынын ишине карата көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Улуттук банк зарыл болсо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, башка мамлекеттердин көзөмөлдөөчү органдары жана эл аралык финансылык уюмдар менен өз ара байланышта иш жүргүзөт.  

2. Улуттук банк төлөм системаларына көзөмөл жүргүзүүчү чет өлкөлүк органдар менен чек ара аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүнүн стандарттарын, принциптерин жана ыкмаларын макулдашуу, ошондой эле тиешелүү юрисдикцияларда иштеп жаткан төлөм системасына тиешелүү баардык маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташууга укуктуу.  

 

 

 

 

43-берене. Төлөм системасынын катышуучуларына карата таасир этүү чаралары 

 

Улуттук банк төлөм системасынын катышуучуларына карата ушул Кодексте жана төлөм системасы жөнүндө мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

 

9-БАП

ТЫШКЫ ЭКОНОМИКАЛЫК ИШ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК РЕЗЕРВДЕР 

 

44-берене. Улуттук банктын эл аралык уюмдар, чет өлкөлөрдүн борбордук банктары жана башка мекемелери менен мамилеси 

 

1. Мыйзамдарда жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларда Улуттук банк акча-насыя жана валюта саясатына, төлөм системасына, макропруденциялык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, ошондой эле анын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда республиканын таламында иш жүргүзөт.  

2. Улуттук банк берилген ыйгарым укуктарына ылайык башка өлкөлөрдүн борбордук жана коммерциялык банктары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзө алат.  

3. Улуттук банк эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө, чет мамлекеттердин борбордук банктарынын жана башка финансылык уюмдарынын, эл аралык финансылык уюмдардын Кыргыз Республикасындагы жана анын чегинен сырттагы өкүлү же корреспонденти катары иш жүргүзүүгө укуктуу.  

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында, анын чегинен сыртта жайгашкан баардык уюмдар менен акча-насыя, валюта, төлөм жана банк чөйрөлөрүндө, макропруденциялык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө тармактарында кызматташат

5. Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар, башка мамлекеттердин борбордук, коммерциялык банктары жана ыйгарым укуктуу органдары менен келишимдерди түзүүгө укуктуу. 

 

45-берене. Улуттук банктын эл аралык резервдери 

 

1. Улуттук банк ушул Кодексте белгиленген милдеттерди аткаруу максатында резервдик активдерин чет өлкөлүк валюта жана Улуттук банктын милдеттерине жана керектөөлөрүнө жооп берүүчү башка эл аралык активдер менен кармап турат.  

2. Эл аралык резервдер Улуттук банктын менчигинде болот жана алар төмөнкүлөрдөн турат

1) алтын жана башка баалуу металлдардан

2) накта жана накталай эмес формалардагы чет өлкөлүк валюталардан

3) чет өлкөлүк валютадагы жөнөкөй жана которулма векселдерден; 

4) чет өлкөлөрдүн өкмөттүк уюмдары өз валютасында же чет өлкөлүк валютада чыгаруучу же гарантиялаган мамлекеттик баалуу кагаздардан; 

5) Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка баалуу кагаздардан

6) эл аралык деңгээлде таанылган баардык резервдик активдерден турат. 

3. Эл аралык резервдерди башкаруу саясаты, контрагенттерге карата лимиттер, талаптар жана ыйгарым укуктардын деңгээлдери Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

4. Улуттук банктын эл аралык резервдери төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат: 

1) ушул Кодекске ылайык тиешелүү акча-насыя жана валюта саясатын жүргүзүү аркылуу улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баанын туруктуулугун сактоого, Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыздоого

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин өз учурунда тейлөөгө. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы карыз боюнча милдеттенмелерин аткарууда, эл аралык уюмдарга мүчөлүк акыларды төлөөдө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн каржылоо боюнча милдеттенмелерин, ошондой эле башка милдеттенмелерди аткарууда чет өлкө валютасына болгон керектөөсүн чет өлкө валюталарын эл аралык резервдин бөлүгүн Өкмөткө сатуу аркылуу канааттандырат.  

3) Улуттук банктын чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин аткарууга

4) Улуттук банктын операциялык ишин камсыз кылууга

5) Улуттук банктын ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарын ишке ашырууга

5. Улуттук банк ликвиддүүлүк жана резервдик активдердин коопсуздугун камсыз кылуу артыкчылыгын эске алуу менен бардык эл аралык резервдерди өз алдынча топтойт, ээлик кылат жана башкарат.  

6. Эл аралык резервдерди түзүү жана аларды башкаруу же аларды чет өлкөлөрдө жайгаштыруу жана сатуу максатында Улуттук банктын баалуу металлдарды чет өлкөдөн алып келиши жана/же чет өлкөгө алып чыгышы үчүн лицензия талап кылынбайт. Баалуу металлдарды алып келүү жана/же алып кетүү, сатып алуу жана сатып өткөрүү тартиби жана шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат

 

10-БАП.  

УЛУТТУК БАНКТЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕСИ 

 

46-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара байланышта иштешүү  

 

1. Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү компетенцияларынын чегинде өз ара байланышта иштешет.  

2. Улуттук банк, эгерде ал Улуттук банктын негизги иш максаттарына, милдеттерине жана ыйгарым укуктарына каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатты эске алат, саясаттын ишке ашырылышына көмөктөшөт. 

3. Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык жана акча-насыя саясатындагы маселелер боюнча маалыматтарды бири-бирине өз учурунда билдирип, дайыма консультацияларды берип турушат. 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпагандай эле, Улуттук банк да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 

 

47-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн насыялоого жана финансылык жардам көрсөтүүгө тыюу салуулар 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн насыялоого, анын ичинде республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоо үчүн насыя жана гарантия берүүгө Улуттук банкка тыюу салынат.  

2. Улуттук банк ушул Кодекске ылайык банктарга берилүүчү насыяларды эске албаганда, мамлекеттик органдарга, кайсыл болбосун жеке адамдарга жана юридикалык жактарга баардык формада жана баардык максаттар үчүн насыяларды же башка финансылык же материалдык жардамдарды берүүгө укугу жок.  

 

48-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыгарган баалуу кагаздар менен операциялар  

 

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды баалуу кагаздардын экинчилик рыногунда сатып алып жана сатууга, ошондой эле депозитарий катары иш жүргүзүүгө укуктуу. 

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын баштапкы жайгаштыруу учурунда сатып алууга Улуттук банкка тыюу салынат.  

 

49-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча банк операциялары 

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча банк операцияларын Улуттук банк жүргүзөт

 

50-берене. Улуттук банктын консультациялары  

 

1. Улуттук банк өз компетенциясындагы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө консультацияларды берет.  

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбоорун даярдоодо Улуттук банктан консультация алат. 

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөөнү кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансылык агенти катары макулдашылган шарттарда иш жүргүзүшү мүмкүн. 

 

51-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзүү 

 

1. Улуттук банк статистика боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзөт.  

2. Төлөм балансын түзүүдө төлөм балансын түзүү боюнча эл аралык методология, анын ичинде төлөм балансы жана эл аралык инвестициялык позиция боюнча колдонмо, ошондой эле акча-насыя жана финансы статистикасы боюнча колдонмолор пайдаланылат.  

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке адамдар жана менчик формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы резидент эместер төлөм балансын түзүү жана аны болжолдоо үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматтарды Улуттук банк тарабынан аныкталган формада жана мөөнөттөрдө Улуттук банкка өз учурунда берип турууга милдеттүү.  

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтардын берилбеши же өз учурунда берилбей калгандыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.  

 

 

 

 

 

 

11-БАП.  

УЛУТТУК БАНКТЫН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ БОЛУУЧУ БАНКТАР ЖАНА БАШКА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР МЕНЕН УЛУТТУК БАНКТЫН ӨЗ АРА МАМИЛЕСИ 

 

52-берене. Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу орган  

 

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасынын ишине көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.  

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо, аманатчылардын таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптары аткарылышын камсыздоо максатында банктык көзөмөлдү жүргүзөт жана жөнгө салуу ченемдерин белгилейт. Ушул Кодексте каралгандан башка учурларда Улуттук банк банктардын күндөлүк ишине кийлигишпейт. 

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын жана башка юридикалык жактардын ишин көзөмөлдөйт.  

 

53-берене. Банктарга берилүүчү насыялар 

 

1. Банк системасынын бүтүндүгүн жана анын ишинин туруктуулугун сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктардын ликвиддүүлүгүн колдоо максатында Улуттук банк банктарга улуттук валютада насыяларды акы төлөө шарты менен, камсыздоонун төмөндөгү түрлөрүнүн бири болгондо берүүгө укуктуу: 

1) алтын жана башка баалуу металлдар

2) чет өлкө валютасы; 

3) Улуттук банктагы же башка насыялык уюмдагы депозиттер; 

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар; 

5) камсыздоонун башка түрлөрү

2. Банктын камсыздоонун башка түрлөрү катары сунушталган активдердин жетиштүүлүгү жана алгылыктуулугу Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталат.  

3. Насыялардын түрү, аларды берүү тартиби жана шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

4. Овердрафт түрүндө насыяларды берүүгө тыюу салынат.  

5. Улуттук банк активдер боюнча, анын ичинде насыялар боюнча да болуучу ыктымалдуу чыгымдардын ордун жабуу үчүн Улуттук банктын сарптоолоруна чегерилүүчү атайы резервдерди (провизияларды) түзөт.  

6. Банктарга насыяларды берүү, ушул Кодексте каралган таасир этүү чараларын колдонуу жагында Улуттук банктын ыйгарым укуктарын чектебейт.  

 

12-БАП.  

УЛУТТУК БАНКТЫН ОТЧЕТУ ЖАНА ОТЧЕТТУУЛУГУ, АУДИТИ ЖАНА БЮДЖЕТИ 

 

54-берене. Улуттук банктын отчету жана маалыматы 

 

1. Улуттук банктын Төрагасы жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Улуттук банктын иши жөнүндө отчет берет. 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлунан кечиктирбестен Улуттук банктын Төрагасынын жылдык отчетун угат.  

3. Улуттук банктын Төрагасынын отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде угуу Улуттук банктын укуктук статусун эске алуу менен ишке ашырылат.  

4. Улуттук банктын Төрагасынын Улуттук банктын иши жөнүндө отчетунда төмөнкүлөр камтылат: 

1) Улуттук банктын аудитордук текшерүүдөн өткөн финансылык отчетун; 

2) Улуттук банктын отчеттук мезгил ичиндеги иши боюнча маалыматтарды; 

3) Улуттук банктын Башкармасы аныктаган башка маалыматтарды. 

5. Улуттук банк жылдык отчетту өз интернет-сайтында Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын абалына тиешелүү негизги аналитикалык маалыматтар менен кошо жыл сайын жарыялап турат. 

6. Улуттук банк акча-насыя саясатынын негизги багыттары, ошондой эле банктык каржылоонун ар кандай формаларын жана принциптерин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын банк секторун жана төлөм системасын өнүктүрүү маселелери боюнча расмий маалыматты жылына кеминде эки жолу жарыялап турат.  

 

55-берене. Улуттук банктын финансылык отчеттуулугу 

 

1. Улуттук банк Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык, ушул Кодекстин жоболорун эске алуу менен банктын операцияларын жана финансылык абалын чагылдырган туруктуу эсепти жана отчет түзүүнү ишке ашырат

2. Улуттук банктын финансылык жылы 1-январдан 31-декабрды кошо алгандагы мезгил аралыгын камтыйт.  

3. Улуттук банк жыл сайын Улуттук банктын балансынан жана ага байланыштуу башка отчеттордон турган финансылык отчетту даярдайт.  

4. Улуттук банктын балансынын түзүмү Улуттук банктын Башкармасы тарабынан белгиленет. Улуттук банк жылдык финансылык отчету көз карандысыз аудиттик текшерүүдөн өткөндөн жана Улуттук банктын Башкармасы тарабынан бекитилгенден кийин, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен жарыяланат.  

 

56-берене. Улуттук банктын тышкы аудити  

 

1. Улуттук банкка тышкы аудити жыл сайын, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык өткөрүлүп турат.  

2. Улуттук банктын Башкармасы финансылык жыл аяктаганга чейинки алты айдан кечиктирбестен аудитордук уюмду кароого алып, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлүүчү тендердин жыйынтыгы боюнча үч жылдык мөөнөткө бекитет. Аудитордук уюм эл аралык деңгээлде таанылган абройго жана борбордук (улуттук) банктарда аудит жүргүзүү боюнча кеминде беш жылдык тажрыйбага ээ болууга тийиш. Бир эле аудитордук уюм катары менен эки жолудан көп кароого алынбайт жана бекитилбейт.  

3. Улуттук банкка тышкы аудит Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн жана тиешелүү лицензияга ээ аудитордук уюм тарабынан да, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүргүзүүгө лицензиясы жок, бирок ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген чет өлкөлүк аудитордук уюм тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн. Ушундай чет өлкөлүк уюмдардын лицензиялары Кыргыз Республикасынын аймагында алардын легитимдүүлүгү тастыкталган шартта таанылат.  

4. Улуттук банк аудитордук уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык ага эл аралык аудитордук практикага туура келген аудитордук текшерүү жүргүзүү үчүн керектүү отчетторду жана маалыматтарды берет

5. Улуттук банкка тышкы аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдун кызматтарына акы Улуттук банктын каражатынын эсебинен төлөнөт.  

 

57-берене. Ички контроль системасы 

 

1.  Улуттук банкта ички контролдун шайкеш системасы болууга тийиш.  

2.  Улуттук банктын Башкармасы банкта ички контроль системасынын талаптагыдай уюштурулушун жана иштешин камсыздоого милдеттүү.  

 

58-берене. Улуттук банктын Аудит боюнча комитети  

 

1. Улуттук банкта Аудит боюнча комитет иштейт. Аудит боюнча комитеттин ишинин негизги максаты болуп Улуттук банктын Башкармасына ички контролдун талаптагыдай системасын камсыздоого, ошондой эле бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетту даярдоо жол-жоболоруна контролду камсыздоого көмөктөшүү саналат. 

2. Аудит боюнча комитеттин негизги функциялары төмөнкүлөр

1) ички контроль, тобокелдерди башкаруу жана корпоративдик башкаруу системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүү,  

2) ички аудит кызматын көзөмөлдөө

3) бухгалтердик эсептин стандарттары шайкеш колдонулушун камсыздоо, финансылык отчеттуулуктун сапатына байкоо жүргүзүү

4) Улуттук банктын Башкармасына тышкы аудиторду бекитүү жагынан сунуштамаларды берүү жана тышкы аудитордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга ылайык келишине баа берүү

3. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө, алардын санына, статусуна, компетенциясына жана иш регламентине карата талаптарды Улуттук банктын Башкармасы аныктайт. Комитеттин мүчөлөрүн Улуттук банктын Башкармасы дайындайт. Аудит боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын Башкармасынын Улуттук банктын администрациясына кирбеген мүчөлөрү, ошондой эле көз каранды эмес эксперттер дайындалышы мүмкүн.  

4. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө карата ушул Кодексте Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр колдонулат.  

 

59-берене. Улуттук банктын ички аудити 

 

1. Улуттук банкта милдеттүү түрдө туруктуу негизде ички аудит жүргүзүлүп турат. 

2. Ички аудитти Улуттук банктын Башкармасына отчет берүүчү ички аудит кызматы жүргүзөт. Ички аудит кызматы жөнүндө жобону Улуттук банктын Башкармасы бекитет.  

3. Ички аудит кызматынын жетекчиси кызматка Улуттук банктын Аудит боюнча комитетинин сунушу боюнча Улуттук банктын Башкармасы тарабынан дайындалат жана бошотулат.  

 

60-берене. Улуттук банктын бюджети  

 

Улуттук банктын кирешелерди жана сарптоолорду, ошондой эле кийинки жылга өнүктүрүү бюджетин камтыган бюджетин Улуттук банктын Башкармасы өтүп жаткан жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен бекитет. Зарыл болсо бюджетке жыл ичинде оңдоолор киргизилиши мүмкүн.  

 

13-БАП.  

УЛУТТУК БАНКТЫ БАШКАРУУНУ УЮШТУРУУ 

 

61-берене. Башкаруу органдары 

 

1.  Улуттук банктын башкаруу органы болуп төмөнкүлөр саналат:  

1) Улуттук банктын Башкармасы жогорку башкаруу органы; 

2) Улуттук банктын төрагасы жогорку аткаруучу кызмат адамы. 

2.  Улуттук банктын Башкармасы Улуттук банктын ишинин негизги багыттарын аныктоочу жана Улуттук банктын ишин жалпы жетектөөчү коллегиялуу орган.  

3.  Улуттук банктын Башкармасынын курамына Улуттук банктын төрагасы, төраганын эки орун басары жана Улуттук банктын Башкармасынын төрт мүчөсү кирет. Улуттук банктын Башкармасы туруктуу негизде иштейт.  

4.  Улуттук банктын төрагасы жана төраганын орун басарлары Улуттук банктын администрациясын түзүшөт жана аларга администрациялык-башкаруу ыйгарым укуктары берилет. Улуттук банктын төрагасы банк ишин оперативдүү күндөлүк жетектейт.  

5.  Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрү Улуттук банктын администрациясына киришпейт жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ички контроль системасынын натыйжалуулугун жана шайкештигин, ачык-айкындыгын, өз убагындалыгын камсыздоо, тобокелдерди минималдаштыруу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо максатында Улуттук банктын Башкармасынын жыйындарына катышуу, менеджмент жана Улуттук банктын Башкармасынын чечимдерин аткаруу процессине (анын ичинде адам ресурстарына жана эмгек акыга) баа берүү жана мониторингдөө аркылуу ишке ашырышат.  

 

62-берене. Улуттук банктын төрагасынын, анын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат ордуна карата талаптар 

 

Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсүнүн кызматына Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, кынтыксыз абройго, керектүү квалификацияга жана финансы-экономикалык жана/же юридикалык чөйрөдө кесиптик тажрыйбага ээ адамдар дайындалышы мүмкүн. 

 

63-берене. Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрү үчүн чектөөлөр 

 

1. Төрагага, төраганын орун басарларына жана Башкарманын мүчөлөрүнө ушул Кодексте Улуттук банктын кызматкерлери үчүн белгиленген чектөөлөр таркатылат.  

2. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү саясий партияларга, диний жана башка коомдук-саясий уюмдарга катыша алышпайт. 

3. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрү кызматынан бошотулгандан кийинки бир календардык жыл ичинде Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктарда жана башка юридикалык жактарда кызматтарды ээлөөгө укугу жок.  

 

64-берене. Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо тартиби жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү 

 

1. Улуттук банктын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жети жылдык мөөнөткө шайланат.  

2. Кыргыз Республикасынын Президенти Улуттук банктын төрагасынын кызматына дайындоо үчүн талапкерди Улуттук банктын иштеп жаткан төрагасынын ыйгарым укуктары бүткөнгө чейин үч айдан кечиктирбестен сунуштайт. 

3. Улуттук банктын төрагасы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти бул кызматка талапкерди мурдагы төрага бошонгон күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен сунуштайт. Улуттук банктын жаңы шайланган төрагасы кызматына киришкенге чейин анын милдетин Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын бири аткарып турат. 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын төрагасынын кызматына сунушталган талапкерди четке каккан учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти эки аптанын ичинде жаңы талапкерди сунуш кылат. Бир эле талапкер эки жолудан ашык сунушталышы мүмкүн эмес. 

5. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жети жылдык мөөнөткө дайындалышат.  

6. Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызматына дайындоо үчүн талапкерлерди Улуттук банктын төрагасы Улуттук банктын төрагасынын иштеп жаткан орун басарларынын жана Башкарманын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары бүткөнгө чейин эки айдан кечиктирбестен сунуштайт. 

7. Улуттук банктын төрагасынын орун басары жана Башкарманын мүчөлөрү ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бул кызматтарга жаңы талапкерлерди Улуттук банктын төрагасы алар бошотулган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен сунуш кылат.  

8. Ыйгарым укуктары бир мөөнөттө аяктоочу Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрүнүн саны, төраганы жана төраганын орун басарларын кошо алганда үч адамдан ашпоосу керек. 

9. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкарманын мүчөлөрү кызматтарына катары менен эки жолудан ашпастан кайталап дайындалышы мүмкүн.  

 

65-берене. Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана Башкарманын мүчөлөрүн кызматынан бошотуу негиздери жана тартиби  

 

1. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкарманын мүчөлөрү кызматынан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле төмөнкү учурларда гана мөөнөтүнөн мурда бошотулушат:  

1) өзүнүн арызы боюнча;  

2) ден-соолугуна байланыштуу кызматтык милдеттерин аткарышы мүмкүн эмес болсо жана ал медициналык корутунду менен тастыкталса

3) каза болгонуна байланыштуу, же соттун дайынсыз жоголгону же өлдү деп жарыялоо тууралуу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; 

4) соттун айыптаган өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенине байланыштуу

5) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажырашына байланыштуу; 

6) Башкарманын мүчөсүнүн статусуна ылайык келбеген иштерди жасаган же ушул Кодекстин ченемдерин бузган учурда, Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн сунушу боюнча; 

7) кызмат ордуна карата талаптарга ылайык келбесе. 

2. Улуттук банктын төрагасы кызматынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бошотулат.  

3. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкарманын мүчөлөрү ээлеген кызматынан Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бошотулат.  

4. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана Башкарманын мүчөлөрүн бошотуу жөнүндө чечимди алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин бир айдан кечиктирбей кабыл алат. 

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4- жана 6-пункттарында каралган негиздер боюнча кызматтан бошотулган учурда, аталган адамдар бошотулган учурдан баштап он беш жыл аралыгында Улуттук банкта кызматтарды ээлөөгө талапкер болууга укугу жок.  

 

66-берене. Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Башкарманын мүчөлөрүнүн эмгек акылары 

 

Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Башкарманын мүчөлөрүнүн эмгегине акы төлөө системасы жана кызматтык маяналарын белгилөө системасы Улуттук банктын Башкармасы тарабынан, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген банктардын жетекчилигинин эмгек акыларынын орточо өлчөмүн эске алуу менен белгиленет.  

 

67-берене. Улуттук банктын Башкармасынын ишин уюштуруу 

 

1. Улуттук банктын Башкармасынын (мындан ары Башкарма) иши айына бирден кем эмес жыйын өткөрүү аркылуу жүргүзүлөт.  

2. Улуттук банктын Башкармасынын жыйыны Башкарманын тизме боюнча курамынын көпчүлүгү катышкан шартта мыйзам ченемдүү (кворум бар) деп эсептелет. Башкарманын чечими ал үчүн тизме боюнча курамдын көпчүлүгү добуш берсе мыйзам ченемдүү деп эсептелет.  

3. Каралып жаткан маселе боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда төрага, төраганын орун басары же Башкарманын мүчөсү ошол маселе боюнча талкууга катышууга жана добуш берүүгө укугу жок.  

4. Төраганын, төраганын орун басарынын же “каршы” добуш берген Башкарма мүчөсүнүн өзгөчө пикири Башкарманын жыйынынын протоколуна милдеттүү түрдө киргизилет. Добуш берүүгө катышпай коюуга болбойт.  

5. Улуттук банктын Башкармасынын жыйынына катышпай калган төрага, төраганын орун басары же Башкарманын мүчөлөрү жыйындын протоколу жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюп таанышып чыгууга милдеттүү.  

6. Башкарманын жыйынын Улуттук банктын төрагасы башкарат. Ал жок учурда жыйынды Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын бири башкарат

7. Башкарманын чечимдери Улуттук банктын Башкармасынын токтомдорунун формасында таризделет.  

8. Башкарманын ишин уюштуруу, жыйындарды өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби Улуттук банктын Башкармасынын регламентинде аныкталат.  

68-берене. Улуттук банктын Башкармасынын ыйгарым укуктары 

 

1. Улуттук банктын Башкармасы Улуттук банктын компетенциясына кирген баардык маселелерди кароого укуктуу.  

2. Төмөнкү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу Улуттук банктын Башкармасынын өзгөчө ыйгарым укуктарына кирет: 

1) Улуттук банктын ишинин негизги багыттары жана саясаттары; 

2) Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясаты

2) Улуттук банктын бюджети (кирешелер жана чыгашалар бюджети, өнүктүрүү бюджети)

4) Улуттук банктын жылдык отчету жана жылдык финансылык отчету; 

5) Улуттук банктын ички контролдук тутуму жана тышкы аудит; 

6) Улуттук банктын резервдеринин жана эсептеринин түрлөрү, өлчөмдөрү, аларды түзүү жана пайдалануу тартиби; 

7) милдеттүү резервдик талаптар; 

8) кыска мөөнөттүү насыялоо аспаптары

9) акча белгилеринин үлгүлөрүн жана номиналдарын чыгаруу, жүгүртүүдөн банкнотторду жана монеталарды алуу; 

10) Улуттук банктын эсептеринин планы, бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча операцияларды жүргүзүү эрежелери; 

11) Улуттук банктын эл аралык уюмдарга катышуусу; 

12) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкарыда Улуттук банктын обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүн, ошондой эле юридикалык жактарын түзүү жана жоюу; 

13) Улуттук банктын уюштуруучулук түзүмү жана кызматкерлердин чектүү штаттык саны

14) мыйзамдарда жана ушул Кодексте чектөөлөр белгиленген, Улуттук банктын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмегин аныктоо; 

15) Улуттук банктын, анын мекемелеринин, уюмдарынын жана кызматкерлеринин ишин камсыз кылуу үчүн кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөр; 

16) Улуттук банктын регламенти жана Улуттук банктын Башкармасынын регламенти

17) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу; 

18) Убактылуу администрацияны киргизүү жана токтотуу; 

19) Улуттук банктын Башкармасы аныктаган жактарга лицензияларды берүү жана кайра алуу (жокко чыгаруу); 

20) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында Улуттук банктын Башкармасынын өзгөчө компетенциясына гана киргизилген башка маселелер. 

3. Улуттук банктын Башкармасы көмөкчү коллегиалдуу органдарды (комитеттерди жана комиссияларды) түзүүгө укуктуу. 

4. Улуттук банктын Башкармасы банктык мыйзамдар аркылуу анын компетенциясына киргизилген өзгөчө маселелерди эске албаганда, ыйгарым укуктарынын бөлүгүн өткөзүп берүүгө укуктуу.  

 

69-берене. Улуттук банктын төрагасынын ыйгарым укуктары 

 

1. Улуттук банктын төрагасы: 

1) Улуттук банктын Башкармасынын ишин уюштурат, отурумдарын алып барат, Улуттук банктын Башкармасы тарабынан кабыл алынган токтомдорго кол коёт; 

2) Улуттук банктын Башкармасынын гана компетенциясына киргизилген маселелерди эске албаганда, администрациялык-башкаруу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат, күндөлүк ишке тиешелүү чечимдерди кабыл алат; 

3) Улуттук банктын атынан чыгат жана анын атынан ишеним катсыз иш алып барат; 

4) ишеним каттарды берет; 

5) буйруктарды чыгарат; 

6) штаттык ырааттаманы бекитет; 

7) мыйзамдарда каралган жана Улуттук банктын Башкармасы өткөрүп берген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 

2. Улуттук банктын төрагасы жок учурда анын милдеттери орун басарларынын бирине жүктөлөт.  

 

14-БАП.  

УЛУТТУК БАНКТЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫ 

 

70-берене. Улуттук банктын кызматчылары 

 

1. Төраганы, төраганын орун басарларын жана Улуттук банктын Башкармасынын мүчөлөрүн кошо алганда, Улуттук банктын бардык кызматкерлери Улуттук банктын кызматчылары болуп саналат. 

2. Улуттук банктын кызматчыларына карата коюлган квалификациялык талаптар жана ишке кабыл алуунун башка шарттары, ушул Кодексте башкасы каралбаса, Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталат.  

3. Улуттук банктын кызматчыларына эмгек акы төлөө тутуму жана тартиби, ушул Кодексте башкасы каралбаса, финансы рыногунда атаандаша алган эмгек акыларды эске алуу менен Улуттук банктын Башкармасы тарабынан белгиленет. 

4. Улуттук банктын кызматчылары этикалык жүрүм-турум принциптерин сактоого жана таламдардын каршылыгынын пайда болушунун себеби болгон аркандай жагдайларга жол бербөөгө тийиш.  

5. Улуттук банк, таламдардын каршы келген жагдайына мониторинг жүргүзүү максатында өз кызматкерлери жана алардын жакын туугандары боюнча маалымат базасын жүргүзүүгө укуктуу. Таламдардын каршылыгына мониторинг жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. Улуттук банк мындай маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү

6. Улуттук банктын кызматчыларынын кызматтык милдеттерди аткаруусуна байланыштуу укуктук жактан корголушу жана жоопкерчилиги ушул Кодексте аныкталат.  

 

71-берене. Улуттук банктын кызматчыларын социалдык жактан коргоо 

 

1. Улуттук банктын Башкармасы өз кызматчыларын социалдык жактан коргоо максаттарында, өз каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) Улуттук банктын кызматчыларынын өмүрүн камсыздандырууну жана медициналык камсыздандырууну уюштурууга, кошумча пенсия менен камсыз кылууга. Кызматчылардын айрым категориялары Улуттук банктын Башкармасы бекиткен тизмеге ылайык, милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш; 

2) Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген тартипте турак-жай ссудаларын, керектөө насыяларын жана кыймылсыз мүлктү сатып алууну уюштурат; 

3) Улуттук банктын кызматчыларын социалдык жакатан коргоонун башка чараларын (социалдык пакет) көрөт.  

 

 

 

 

72-берене. Улуттук банктын кызматчылары үчүн чектөөлөр 

 

1. Улуттук банктын Башкармасы тарабынан бекитилген кызмат орундарынын тизмесине ылайык, Улуттук банктын кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү болууга же башка мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматты ээлөөгө, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгына ээ болууга;  

2) Улуттук банктын көзөмөлүндөгү банктарда же башка юридикалык жактарда кызматтарды ээлөөгө

3) башка уюмдарда иштөөгө, анын ичинде кошо айкаштыкта иштөөгө, ошондой эле жарандык-укуктук келишим боюнча кызмат көрсөтүүгө (окутуучулук, илимий-изилдөө жана чыгармачылык иштерди эске албаганда).  

Мындай тыюу салуу, Улуттук банк катышуучусу болгон уюмдарда Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын таламындагы Улуттук банктын расмий өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык финансы-насыя жана башка уюмдарда постторду жана кызматтарды ээлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларга таркатылбайт;  

4) банктардан жана микрофинансылык уюмдардан насыяларды алууга

5) эгерде, бул таламдардын каршылыгына алып келүүсү мүмкүн болсо, баалуу кагаздарды сатып алууга. Улуттук банктын кызматчысы банкта иштеп жаткан мезгилде ага таандык болгон баалуу кагаздарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү

6) ушул Кодексте башкасы каралбаса, Улуттук банкта үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адамы же өкүлү болууга. 

2. Улуттук банктын кызматчылары үчүн ушул беренеде белгиленген чектөөлөрдүн сакталбашы эмгек милдеттерин одоно бузууга кирет.  

 

73-берене. Купуялуу маалыматтарды коргоо 

 

1. Улуттук банк кызматтык жана башка купуялуу маалыматтарды, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды коргоо тутумуна ээ болууга милдеттүү.  

2. Улуттук банктын кызматчыларына кызматтык жана башка купуялуу маалыматтарды, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруусуна тыюу салынат. Мындай маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат

 

74-берене. Улуттук банктын кызматчыларын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн укуктук жактан коргоо  

 

1. Улуттук банктын кызматчылары өз милдеттерин аткарууда, ошондой эле Улуттук банктын укуктары жана мыйзамдуу таламдарында иштеген башка адамдар мамлекеттин коргоосуна алынат. 

2. Улуттук банктын кызматчылары, Убактылуу администрация жетекчиси жана анын өкүлдөрү, ошондой эле Улуттук банктын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын көздөгөн башка адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин же мыйзамдуу тапшырмаларды укук ченемдүү аткаруунун жүрүшүндөгү чыгашалар үчүн кандай жактын алдында болсун жарандык жоопкерчиликтүү болбойт. Алардын укук ченемсиз ишине байланыштуу кине коюулар жана доолор Улуттук банкка карата гана коюлушу мүмкүн. Улуттук банк регресстик тартипте доо коюуга укуктуу. 

3. Улуттук банк өз кызматкерлерин соттордо жана укук коргоо органдарында өз эсебинен зарыл чыгашаларды төлөө же кызматкерлер тарткан чыгашаларды компенсациялоо аркылуу, укуктук жактан коргоону камсыз кылууга милдеттүү.  

4. Улуттук банк банкка карата таасир этүү чараларын укук ченемдүү колдонуунун жана ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжасында келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчиликтүү болбойт.  

 

15-БАП.  

УЛУТТУК БАНКТЫН МҮЛКТҮК УКУКТАРЫ ЖАНА КООПСУЗДУГУ  

 

75-берене. Улуттук банктын мүлкү жана иш коопсуздугу  

 

1. Улуттук банк өзүнө таандык акча каражаттарына, имараттарга, курулмаларга, жабдууларга, транспортко жана башка мүлктөргө өз алдынча ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт

2. Мамлекет Улуттук банктын мыйзамдуу мүлктүк укуктарынын корголушун кепилдейт, анын мүлкүн алып коё албайт же кыскарта албайт. Капиталды, акча каражаттарын жана негизги каражаттарды, башка материалдык баалуулуктарды кошо алганда, Улуттук банктын мүлкү Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимисиз аларга башка милдеттенмелер жүктөлүшү мүмкүн эмес.  

3. Улуттук банк өз ишин камсыз кылуу жана кызматчыларын социалдык коргоого алуу максатында гана кандай мүлктү болбосун менчигине сатып алууга же ижарага алууга анын ичинде акысыз пайдаланууга алууга укуктуу.  

4. Пайдаланууга жараксыз же пайдаланылбаган материалдык баалуулуктарды ээликтен ажыратуу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

5. Улуттук банк эки жылдан кечиктирилбеген мөөнөттө ээликтен ажыратуу менен кандай гана формада болбосун насыя берүүчүнүн ар кандай укуктарын сатып алууга укуктуу.  

6. Милдеттенмелердин кайсыл түрүнө болбосун банктарга жана башка карызкорлорго карата Улуттук банктын талаптарына доонун эскирүү мөөнөтү таркатылбайт.  

7. Улуттук банк борбордук банктардын ишине карата коюлган эл аралык талаптарга ылайык, өз ишинин коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде мүлктөрүнүн, акча каражаттарынын жана башка активдеринин сакталышына, ошондой эле кызматчыларды жана маалыматтарды коргоого багытталган чараларды көрүүгө милдеттүү.  

8. Улуттук банкта ок атуучу курал-жарактарды жана атайы каражаттарды сактоо, алып жүрүү жана колдонуу укугуна ээ түзүмдүк бөлүмдөр иштейт.  

 

76-берене. Салык алуу, бажы төлөмдөрү жана мамлекеттик алым 

 

1. Улуттук банкка салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык бажы төлөмдөрүн ишке ашырат

3. Улуттук банк жана анын региондук бөлүмдөрү бардык нотариалдык иш-аракеттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык доочу жана жооп берүүчү катары бардык сот инстанцияларында мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулат. 

III БӨЛҮМ

БАНКТАР 

 

16-БАП.  

БАНКТЫН УКУКТУК АБАЛЫ. БАНКТАРДЫ УЮШТУРУУГА  

КАРАТА НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР 

 

77-берене. Банк  

 

1. Акционердик коомдун (жабык же ачык) уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн жана ушул Кодекске ылайык, Улуттук банк тарабынан берилген тиешелүү лицензиялардын негизинде банктык ишти жүзөгө ашырууга укуктуу юридикалык жак банк болуп саналат. 

Эгерде, ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, чет өлкө банктарынын филиалдарын да банк катары түшүнүүгө болот.  

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып банк юридикалык жак статусуна ээ болот. Юридикалык жак катары банкты мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн банкты түзүү жөнүндө Улуттук банктын уруксаты көрсөтүлөт

3. Ушул Кодекстин талаптарына ылайык банк өз аталышына, капиталына жана башкаруу органдарына ээ.  

4. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде банк банктык ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

5. Ислам банкы же ислам терезесине ээ болгон банк өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, Улуттук банктын тиешелүү лицензияларынын негизинде жүзөгө ашырат.  

6. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана кийлигишүүнү эске албаганда, мамлекеттик органдарга, алардын кызмат адамдарына банктардын мыйзамдуу ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат. 

7. Банк мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Мамлекет мындай милдеттенмени өзүнө алган же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралган учурларды эске албаганда, банктын милдеттенмелери боюнча мамлекет да жооп бербейт.  

8. Банк Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Улуттук банк банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 

 

78-берене. Банктын аталышы 

 

1. Банк толук жана кыскартылган түрдөгү расмий аталышка ээ. Банктын аталышы анын уставында көрсөтүлөт. Банктын аталышында анын уюштуруу-укуктук формасы, ишинин түрү (банк) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.  

2. Өз аталышында же символикасында «мамлекеттик», «государственный», «Кыргызстан», «Улуттук», «Национальный», «Борбордук», «Центральный», «Кыргыз Банкы», «Банк Кыргызстана», «КРУБ», «КРББ» аббревиатураларын кайсыл тилде болбосун, кандай сөз айкалышында болбосун толук же кыскартылган түрүндө колдонууга банкка тыюу салынат. 

3. Аталыштар катары мурда түзүлгөн же жаңыдан түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктардын аталыштарына окшош же чаташууга чейин алып келүүчү окшоштуктагы белгилөөлөрдү пайдаланууга жол берилбейт.  

4. Расмий аталышынан тышкары, башка аталышты колдонууга банкка тыюу салынат. Банктын өзгөргөн аталышы, мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин он иш күнүнүн ичинде банк тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.  

5. Башка юридикалык жактарга өз аталыштарында “банк” деген сөздү жана андан келип чыккан ар андай сөздөрдү колдонууга тыюу салынат. 

6. Банктын аталышында “ислам” деген сөздү тиешелүү лицензиянын негизинде банк ишин жана каржылоо ислам принциптерине ылайык иш жүргүзгөн банктар гана колдонууга укуктуу. 

 

79-берене. Банктын уюштурулушу 

 

1. Банк ушул Кодексте каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык уюштурулат. 

2. Ушул Кодексте белгиленген талаптарга жооп берген жеке адамдар жана/же юридикалык жактар банктын уюштуруучуларынан боло алышат.  

3. Төмөнкүлөр банктын уюштуруучулары боло алышпайт

1) оффшордук аймактарда жашаган жана/же катталган же Улуттук банк тизмесин аныктаган, оффшордук аймактарда катталган, аффилирленген жактарга ээ болгон, жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

Аффилирленген жактар катары төмөнкүлөр таанылат:  

- юридикалык жактын олуттуу катышуучулары; 

- башка юридикалык жактар анда олуттуу катышуучулардан болуп саналган юридикалык жактар; 

2) өздөрүнө карата эл аралык санкциялары бар жеке адамдар жана юридикалык жактар (аффилирленген жактарды кошо алганда), ошондой эле өздөрүнө карата көрсөтүлгөн жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салынган жана Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон эл аралык санкциялары бар мамлекеттерде катталган жеке адамдар жана юридикалык жактар (аффилирленген жактарды кошо алганда); 

3) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте сунуштабаган жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген ар кандай башка маалыматтарды жана документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген, ошондой эле өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн ырастай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

4) банктын акцияларын сатып алууга жумшалган акча каражаттарынын мыйзамдуу булактарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ырастай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн эске албаганда, республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржыланган юридикалык жактар

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, аларга карата тыюу салуулар же чектөөлөр орун алган жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактар же жеке адамдар тарабынан банктардын акцияларынын сатылып алынышына байланыштуу бүтүмдөр жараксыз бүтүмдөр болуп саналат.  

5. Банк жана/же финансылык иш жүргүзбөгөн юридикалык жактар-уюштуруучулар, кандай түрдө болбосун добуш берүүчү акциялардын жыйырма же андан көп пайыздарына тике же кыйыр түрдө ээлик кыла албайт же башкара албайт же банкты контролдоону жүргүзө албайт. Финансылык иштин жана банк жана/же финансы ишине байланыштуу иштин түрлөрү, критерийлери Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

6. Банктын уюштуруучуларына карата ушул Кодекстин банктын капиталында чектүү катышууну сатып алуу боюнча талаптары колдонулат.  

7. Банктын уюштуруучулары үчүн белгиленген чектөөлөр банктын акционерлерине да таркатылат.  

 

80-берене Банктын уюштуруу документтери 

 

1. Уюштуруу мезгилиндеги жана уюштуруучулар өз милдеттенмелерин аткарганга чейин уюштуруу келишими жана устав, ал эми кийин устав банктын уюштуруу документтери болуп саналат.  

2. Банктын уставында мыйзамдарда каралган маалыматтардан тышкары төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө камтылууга тийиш: 

1) уюштуруу чогулушунун уставды бекитүү тууралуу чечими жөнүндө маалымат; 

2) банктын мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук жана кыскартылган расмий аталышы; 

3) банктын жайгашкан жеринин юридикалык дареги; 

4) банктын башкаруу органдары тууралуу жобо; 

5) банктын башкаруу органдарынын чечим кабыл алуу тартиби; 

6) чет өлкө банкынын филиалы же өкүлчүлүгү ачылган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарылышы жөнүндө жобо. 

3. Банктын аталышынын, башкаруу органдарынын, уставдык капиталынын өзгөрүшүнө, ошондой эле банкты башкарууга таасир эткен башка өзгөрүүлөргө байланыштуу банктын уставындагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.  

4. Банктын капиталынын өлчөмүнө жана түзүмүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү эске албаганда, банктын уставына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолорго Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугу, банктын документтери менен кошо тиешелүү өтүнүч келип түшкөн күндөн кийинки бир айдан кечиктирбестен жана макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болбогондо берилет. Банктын капиталына тиешелүү өзгөртүүлөрдү макулдашуу үч айдын ичинде ишке ашырылат.  

5. Банктын уставындагы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу тартиби жана жол-жобосу Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

6. Уставдагы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуудан төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: 

1) кароого сунушталган документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе же калпыс документтер жана маалыматтар берилсе

2) эгерде, акционерлердин жалпы чогулушунун чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган болсо; 

3) эгерде, уставдык капиталдын өлчөмү белгиленген минималдуу өлчөмдөн аз болсо; 

4) эгерде, акцияга жазылуу жүргүзүлбөсө, алардын толук наркы төлөнбөсө же акциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен чыгарылса жана төлөнсө, же болбосо акцияларды сатып алууга жумшалган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу ырасталбаса

5) ушул Кодекске ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга Улуттук банктын уруксаты жок болсо; 

6) эгерде бул, банк ишинин туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч туудурса. 

7. Банктын уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Мамлекеттик каттоо жол-жобосунун аткаруунун натыйжалары жөнүндө банк мамлекеттик кайра каттоо тууралуу күбөлүктү алган күндөн тартып беш иш күнүнүн ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

8. Банк уставдык капиталынын өлчөмү өзгөргөн учурда, баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарга ылайык, банктын баалуу кагаздарынын эмиссиясын акыркы каттоонун жыйынтыктары тууралуу Улуттук банкка бир ай ичинде билдирүүгө милдеттүү

 

81-берене Банкты уюштурууга уруксат берүү  

 

1. Банкты уюштуруучулар банкты уюштурууга уруксат берүү өтүнүчү менен (мындан ары уруксат) Улуттук банкка кайрылат. 

2. Уруксат алуу үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген тизмеге, талаптарга жана тартипке ылайык документтер Улуттук банкка берилет

3. Тиешелүү өтүнүч жана бардык талап кылынган документтер келип түшкөндөн алты айдан ашпаган мөөнөттө уруксат берилет.  

Уруксат берүү өтүнүчүн кароо учурунда Улуттук банк маалыматтарды талап кылууга жана ыйгарым укуктуу органдар, анын ичинде чет өлкөлүк көзөмөл органдары менен консультацияларды жүргүзүүгө укуктуу.  

Эгерде, берилген документтер Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе, мөөнөт талаптагы документтер алынган учурдан тартып эсептелинет. Уруксат берүү мөөнөтү Улуттук банктын Башкармасынын чечими менен алты айга узартылышы мүмкүн.  

4. Банкты уюштурууга уруксат берүү өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк уруксат берүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.  

Банкты уюштуруу боюнча уруксаттын колдонуу мөөнөтү - алты ай. Ушул мөөнөт ичинде уюштуруучулар алар түзгөн банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө жана лицензия берүү жөнүндөгү арызы менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.  

5. Уруксат берилип, лицензия алууга чейинки мезгил ичинде банк жана анын уюштуруучулары уруксат берүү негизделген маалыматтардагы ар кандай өзгөртүүлөр тууралуу, өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки беш күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.  

6. Төмөнкү негиздердин кайсынысы болбосун орун алган шартта уруксат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн: 

1) уюштуруу документтеринин жана башка документтердин коюлган талапка ылайык келбеши же калпыс маалыматтардын жана документтердин берилиши; 

2) банктык топтун катышуучулары тууралуу маалыматтардын жана документтердин берилбеши же толук эмес көлөмдө берилиши же болбосо банктык топторго же банктык топтун катышуучулары менен байланыштуу адамдарга таасирдүү банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун мүмкүн эместиги; 

3) акча каражаттарынын булактарынын мыйзамдуулугу жөнүндө маалыматтардын жана документтердин берилбеши же толук эмес берилиши же болбосо акча каражаттарынын келип чыгышынын легитимдүүлүгүн аныктоонун мүмкүн эместиги; 

4) минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүнүн белгиленген талаптарга ылайык келбеши; 

5) уюштуруучулардын ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык келбеши; 

6) банкта кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин (кызмат адамдары) ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык келбеши;  

7) чет өлкөлүк юридикалык жак туунду банкын ачууда чет өлкөлүк көзөмөл органынын расмий макулдугун көрсөтпөсө же мындай макулдук уюштуруучунун өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча талап кылынбай тургандыгынын, кат жүзүндөгү ырастоосун бербесе

8) Улуттук банктын берген баасы боюнча чет өлкөлүк уюштуруучуга-юридикалык жакка, ошондой эле катталган жери боюнча банктык топтун катышуучусуна карата көзөмөл, анын ичиндеги консолидацияланган негизде көзөмөл жетишсиз жүргүзүлүп жатса

7. Улуттук банк төмөнкү учурларда мурда берилген уруксатты жокко чыгарууга укуктуу: 

1) уруксат берүү негизделген, анык эмес маалыматтар жана документтер аныкталган учурда; 

2) уюштуруучулардын финансылык абалы начарласа же уруксат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн болгон фактылар аныкталса; 

3) эгерде, Улуттук банктын макулдугусуз уюштуруучулардын курамында, уюштуруучу жана башка документтерде өзгөрүүлөр болуп өтсө

4) эгерде банктын уюштуруучулары банкты уюштуруудан баш тартышса же аны уюштуруу боюнча кийинки аракеттерди көрбөсө.  

8. Уруксат жокко чыгарылган учурда Улуттук банк ал жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органга маалымдайт.  

9. Уруксат берүү өтүнүчү кайтарылып алынган, ошондой эле уруксат берүүдөн баш тартылган же уруксат жокко чыгарылган учурда, берилген документтер кайтарылбайт.  

10. Улуттук банк банкка берилген уруксаттар, уруксат берүүдөн баш тартуу жана банкты уюштурууга берилген уруксаттар жокко чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтарды жарыялайт.  

 

82-берене. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү 

 

1. Банктын уюштуруучулары лицензия алуу үчүн банкты уюштуруу жөнүндө уруксат колдонулган мөөнөт ичинде лицензия берүү арызы менен Улуттук банкка кайрылат. Өтүнүчкө документтер жана төмөнкү талаптардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар тиркелүүгө тийиш: 

1) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн болушу

2) минималдуу уставдык капитал толук төлөнгөндүгү жөнүндө ырастоо

3) банк жайгашкан имарат жайдын жана жабдуулардын Улуттук банк белгилеген коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу

4) алдыдагы финансы жылына көз карандысыз тышкы аудиторду тандоо

5) Улуттук банктын талаптарына ылайык банктын уюштуруу түзүмүнүн, башкаруу органдарынын жана персоналынын (кызмат адамдарынын) болушу; 

6) банктын бизнес-планынын, бардык негизги саясаттарынын, жоболорунун жана жол-жоболорунун болушу; 

7) ишин жүргүзүүнү баштагандан кийин Улуттук банктын капитал боюнча бардык ченемдиктерин жана талаптарын сактагандыгы тууралуу маалыматтардын берүү

8) ички контролдук системасынын, техникалык, маалыматтык, технологиялык коргоо чараларынын, мүлктү камсыздандыруунун болушу

9) банк ишин жүзөгө ашыруу үчүн маалымат системаларын жана коопсуздук системаларын ийгиликтүү тестирлөө

10) лицензия үчүн акы төлөө

11) Депозиттерди коргоо фондуна кирүү төлөмүн төлөө

2. Улуттук банк лицензия берүү жөнүндө арызды алты айдан ашпаган мөөнөттө карайт. Улуттук банк кароонун натыйжалары боюнча лицензия берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.  

3. Улуттук банк төмөнкү учурларда, баш тартуу үчүн негиздерди көрсөтүү менен лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу: 

1) лицензия берүү жөнүндө арыз, банкты уюштуруу тууралуу уруксаттын мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе

2) берилген документтер жана маалыматтар ушул беренеде белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

3) ушул Кодекске ылайык, уруксатты жокко чыгаруу үчүн негиздер келип чыкса. 

4. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда берилген документтер кайтарылбайт.  

5. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия (мындан ары лицензия) Улуттук банк тарабынан ушул Кодексте белгиленген тартипте берилет. Лицензияга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, уруксат берилген банк операциялардын тизмеси кошо тиркелет.  

6. Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык банк операцияларын жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу тартиби, ислам банктарынын жана “ислам терезесине” ээ банктардын статусу Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

7. Лицензия Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат, чектелбеген колдонуу мөөнөтүнө ээ, энчилүү (ээликтен ажыратылгыс) болуп саналат жана үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес. Лицензиясыз банк операцияларын жүргүзүүгө тыюу салынат.  

8. Улуттук банк лицензияга ээ банктардын реестрин жүргүзөт. Банктардын реестриндеги маалыматтар Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланат.  

 

83-берене. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды кайтарып алуу  

 

1. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны Улуттук банк төмөнкү учурларда кайра алууга милдеттүү

1) эгерде, лицензия билип туруп жалган документтердин негизинде, ошондой эле алдоо менен же башка мыйзамсыз жол аркылуу алынса

2) эгерде, банк мыйзамдарда тыюу салынган ар кандай иштерди жүргүзсө

3) башкы чет өлкө банкынын лицензиясы кайра алынган учурда, чет өлкө банкынын филиалынан; 

4) ушул Кодекске ылайык банк банкрот деп таанылган учурда.  

2. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды Улуттук банк төмөнкү учурларда кайра алышы мүмкүн: 

1) лицензия алгандан кийин банк 12 ай ичинде банк ишин жүргүзүүнү баштабаса же 6 айдан ашуун убакыт банк ишин токтотсо; 

2) Банк депозиттерди коргоо фондуна милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөсө

3) банк банктык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ишинин туруктуулугуна жана стабилдүүлүгүнө таасир тийгизген талаптарын бузса

4) банк кардарлар алдында милдеттенмелерин мыйзамдуу негиздерсиз аткарбаса; 

5) банк Улуттук банктын жазма буйруктарын жана башка милдеттүү талаптарын аткарбаса; 

6) банк башкарууга, ички контролго, банктын финансылык отчетторуна байланыштуу маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербесе же анык эмес маалыматтарды берсе; 

7) банк кооптуу, ишенимсиз жана алгылыксыз банктык ишти жүргүзсө

8) банк өз иши жөнүндө билип туруп анык эмес маалыматтарды жарыяласа же башка жолдор менен кардарларды адашууга алып келсе

9) банк өз аракеттери же аракетсиздиги менен инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, тикелей банктык көзөмөлгө, Убактылуу администрациянын ишине тоскоолдук кылса

10) банк ушул Кодекске ылайык тышкы аудитти жүргүзүү талабын бузса

11) кайра өзгөртүп түзүүдөн улам банк өз ишин токтотсо; 

12) банкка жана банктык топтун катышуучуларына карата талаптагыдай консолидацияланган көзөмөлдү жүргүзүүдө тоскоолдуктар келип чыкса;  

13) банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жөнүндө банктын өтүнүчү канааттандырылган учурда

14) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда.  

3. Улуттук банктын чечими боюнча насыя берүүчүлөр менен эсептешүүлөрдү аягына чыгаруу учурларын эске албаганда, лицензия кайра алынган учурдан тартып, бардык банктык операциялар жана банктын башка иши токтотулат. Лицензиянын кайра алынышы, банктын ишинин токтошуна жана анын жоюлушуна алып келет.  

4. Улуттук банк лицензиялардын кайра алуу тууралуу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыялайт.  

 

84-берене. Банктын капиталы жана акциялары  

 

1. Банктын капиталы бул, бухгалтердик эсепке алуунун белгиленген принциптерине жараша баланстын статьяларына ылайык, анын активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма.  

2. Улуттук банк көзөмөл максатында банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын өлчөмүн, анын түзүмүн аныктайт, ошондой эле банкка карата экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилейт. 

3. Банктын уставдык капиталы анын өздүк (регулятивдик) капиталынын түзүмүнө кирет. Мында банктын өздүк (регулятивдик) капиталына, акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча банктын милдеттенмелери болбогон жана Улуттук банктын талабына ылайык келген уставдык капитал гана кирет.  

4. Банктын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана акционерлердин (уюштуруучулардын) акча каражаттарынын эсебинен гана накталай эмес формада түзүлөт. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен гана жүргүзүлөт.  

5. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен акциялардын эмиссиясын жүзөгө ашырат.  

6. Банктын уставдык капиталын топтоодо же өлчөмүн көбөйтүүдө акцияларды төлөө акча каражаттары менен гана ишке ашырылат. Ушул Кодексте каралган, банкты реструктуризациялоо учурларын эске албаганда, банктын уставдык капиталынын өлчөмүн негизги каражаттар, материалдык жана материалдык эмес активдер менен топтоого же көбөйтүүгө жол берилбейт.  

7. Банк жеке өзүмдүк гана акцияларды чыгара алат. Банктын акциялары жөнөкөй жана артыкчылыктуу болушу мүмкүн. Артыкчылыктуу акциялардын көлөмү банктын уставдык капиталынын он пайызынан ашпоого тийиш. 

8. Банк өз акцияларын күрөөгө кабыл алууга укугу жок.  

9. Банк, өз акцияларын өз алдынча же банктын таламында гана иш алып барган үчүнчү жак аркылуу, Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү эске алуу менен сатууга жана сатып алууга укуктуу. Улуттук банктын талаптарын жана чектөөлөрүн бузуу менен ишке ашырылган бүтүмдөр жараксыз катары эсептелинет. 

10. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны алганга чейин банк, Улуттук банкта ачылуучу эсепке минималдуу уставдык капитал өлчөмүндө каражат салууга милдеттүү.  

11. Жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддер акционерлерге төлөнө тургандыгына кепилдик берүүгө банкка тыюу салынат. 

12. Улуттук банк төмөнкү учурларда дивиденддерди төлөөгө тыюу салууга же чектөөгө укуктуу: 

1) эгерде бул банк тарабынан экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе; 

2) эгерде банктын капиталынын шайкештик коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу чектен төмөн болсо; 

3) эгерде, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резервдер Улуттук банктын талабына ылайык түзүлбөсө же жетишсиз өлчөмдө түзүлсө

4) эгерде банктын өткөн жылдар жана/же отчеттук жыл үчүн орду жабылбаган чыгымы бар болсо; 

5) эгерде банктын финансылык абалы начарлап кетсе; 

6) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

 

85-берене. Банктын капиталына чектүү катышуу  

 

1. Банктын капиталына чектүү катышуу бул, жеке өзү же башка жактар менен биргелешип: банктын добуш берүүчү акцияларынын беш жана андан көп, он жана андан көп, жыйырма жана андан көп, отуз үч жана андан көп, элүү жана андан көп, алтымыш жети жана андан көп пайызына тикелей же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу.  

2. Жеке өзү же башка жактар менен биргелешип, акцияларга менчик укугуна ээ болуу ыкмасына карабастан, анын ичинде мурастап алуу же укугун калыбына келтирүүнү кошо алганда, олуттуу катышууну жана контролдукту, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга ниеттенген кандай жеке адам же юридикалык жак болсун Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.  

3. Банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон, жеке өздөрү же башка жактар менен биргелешип, менчиктен ажыратып алуу ыкмасынан көз карандысыз, чектүү маанини өзгөртүүгө таасир эткен сандагы акцияларды ажыратып алууга ниеттенген кандай жеке адам же юридикалык жак болсун бүтүм жасалганга чейин ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

4. Олуттуу катышуу жеке өзү же башка жактар менен биргелешип, акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын беш жана андан көп пайызына же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын беш жана андан көп пайызына тикелей жана кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу.  

5. Контроль жеке өзү же башка жактар менен биргелешип: 

1) акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын элүү пайызынан ашыгына тикелей же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу, же

2) юридикалык жактын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн эң аз дегенде жарымын шайлоо мүмкүнчүлүгү, же 

3) юридикалык жактын капиталына катышуудан көз карандысыз, ошол юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына тикелей же кыйыр түрдө аныктоочу таасир этүү мүмкүнчүлүгү

6. Кыйыр ээлик кылуу банктын башкаруу органдарынын же анын олуттуу катышуучуларынын же болбосо банкка же банктык топтордун катышуучуларына контролдукту жүзөгө ашырган жактардын чечим кабыл алуусуна үчүнчү жак аркылуу олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү

7. Эгерде алар: 

1) жакын туугандардан болушса; 

2) банктын кызмат адамдары акционерлеринен болушса; 

3) өз-өзүнчө же биргелешип, олуттуу катышуучулардан болушса; 

4) келишимден улам акцияларга биргелешип ээлик кылса, же: 

- банкты башкаруу боюнча добуш берүү

- акцияларды добуш берүү укугу менен күрөөгө коюу; 

- акциялар боюнча добуш берүү укугун өткөрүп берүү

- акцияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү же башкаруу укугу менен башка негиздерде сактоо

- акциялар өз пайдасына, бирок башка жактын атына сатылып алынса; 

- ишеним боюнча же башка мыйзамдуу негизде өкүл болгон шартта, анда алар банктын акцияларына биргелешип ээлик кылуучулар катары таанылат. 

8. Эки жана/же андан көп жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жалпы кызыкчылыктары төмөнкү шарттардын кайсынысында болсун орун алган деп таанылат

1) бир юридикалык жак же жеке адам башка юридикалык жакты же жеке адамды контролдосо; 

2) ошол жактар банк менен байланыштуу жактар болуп саналса; 

3) ошол жактардын бири башка жактын баш ийген компаниясынан болсо

 

86-берене. Иштеп жаткан банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга уруксат алуу тартиби  

 

1. Банктын капиталына чектүү катышуу үчүн уруксат алуу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

2. Уруксат алуу үчүн ага кызыкдар болгон жак тиешелүү документтер жана маалыматтар кошо тиркелген арыз менен Улуттук банкка кайрылат. Улуттук банктын талаптарына жооп бербеген документтер кароого алуусуз кайтарылат. 

3. Улуттук банк келип түшкөн арыз боюнча чечимди арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө арыз ээсине билдирген күндөн тартып алты календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Улуттук банк келип түшкөн арызды кароо мөөнөтүн отуз календардык күнгө узартууга укуктуу. Улуттук банк өз чечими - макул экендиги же андан баш тарткандыгы тууралуу арыз ээсине кат жүзүндө маалымдайт. Баш тартуу жүйөлөштүрүлүүгө тийиш. 

4. Улуттук банк төмөнкү учурларда өтүнүч катты канааттандыруудан баш тартууга укуктуу, эгерде: 

1) өтүнмөнү канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банк тутумунда монополияга алып келиши мүмкүн болсо; 

2) өтүнүч ээсинин финансылык абалы канааттандыраарлыксыз болсо; 

3) өтүнүч ээсинин, анын бенефициардык менчик ээлеринин жана кызмат адамдарынын (эгерде арыз ээси - юридикалык жак болсо) ишкердик аброю алгылыксыз экендигин күбөлөөчү фактылар болсо

4) өтүнүч ээси бурмаланган же анык эмес маалыматтарды берсе; 

5) арыз ээси мыйзамсыз финансылык же башка иштерге катышкандыгы же катышып жаткандыгы тууралуу анык маалыматтар болсо; 

6) өтүнүч ээсинин буга чейинки иши банкроттук менен аяктаса же кайсы бир юридикалык жактын банкроттугуна же олуттуу финансылык чыгымга учуроосуна көмөк берсе

7) өтүнүч ээсинин-юридикалык жактын, банктын контролдоочу адамдарынан болууга ниеттенген кызмат адамдары банктык мыйзамдардын талаптарына ылайык келбесе; 

8) банк аманатчыларынын таламдарына зыян келтирилиши мүмкүн болсо же банк менен өтүнүч ээсинин жана/же банк менен байланыштуу жактардын жана/же өтүнүч ээсинин жалпы кызыкчылыгы бар компаниялардын ортосунда түзүлгөн мамилелерден улам банкка таасирдүү көзөмөлдү жүзөгө ашыруу мүмкүн болбосо; 

9) өтүнүч ээсинин бенефециардык менчик ээлерин идентификациялоо мүмкүн болбосо; 

10) өтүнүч ээси банк саясатынын олуттуу өзгөрүүсүн болжолдоп, ал анын Финансылык туруктуулугуна, ишенимдүүлүгүнө же банк аманатчыларынын таламдарына коркунуч келтирсе;  

11) өтүнүч ээси, уюшулган (катталган) өлкөдөгү көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш болгон, чет өлкөлүк юридикалык жак болсо жана эгерде

- уюшулган (катталган) өлкөсүндө таасирдүү, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл ишке ашырылгандыгы тууралуу ал ырасталган маалыматты Улуттук банкка бербесе; 

- Улуттук банктын берген баасы боюнча өтүнүч ээсине таасирдүү көзөмөл, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл жүзөгө ашырылбаса

- ал өтүнүч ээси туулуп-өскөн (катталган) мамлекеттин көзөмөл органы менен кызматташууга мүмкүн болбосо

5. Улуттук банк, банктын олуттуу катышуучусу же контролдоочу адамынан болуп калышы мүмкүн, же банкка инвестиция жумшап, анын натыйжасында банк ошол жактын компаниясына көз каранды болуп калышын шарттаган, ошол жак контролдогон юридикалык жактардан бардык кошумча маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.  

6. Улуттук банк, банктын капиталына катышуу чегине ээ болгон акционерлер тарабынан берилген бардык маалыматтардын жана документтердин аныктыгын, ошондой эле банктын капиталына катышууга (акцияларды сатып алууга) багытталган акча каражаттары алынган булактардын мыйзамдуулугун текшере алат. 

7. Экинчилик рыногунда банктын акциялары менен жаралган бүтүм ушул Кодекстин 85-беренесинин таасирине кабыла турган болсо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу Улуттук банктын мындай бүтүм жасоого кат жүзүндөгү уруксатын талап кылууга, ал эми кайсыл жеке адам же юридикалык жак болбосун аны берүүгө милдеттүү.  

8. Ушул берененин жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган же мындай талаптарды бузууга багытталган кыйыр ишти жүргүзүшкөн кайсы жеке адам болсун же юридикалык жак Улуттук банк тарабынан, кынтыксыз ишкердик абройго ээ болбогон, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган натыйжаларга түрткү берген жак катары таанылат.  

9. Эгерде, жак анык эмес (жалган) маалыматтардын негизинде Улуттук банктан алынган уруксаттын негизинде банктын капиталына чектүү катышууга ээ болсо же ушул Кодексте каралган уюштуруучуларга карата талаптарга ылайык келбей калса, Улуттук банк ушул беренеге ылайык өтүнүч ээсине буга чейин акцияларды сатып алууга берген уруксатын кайтарып алат, жана ушул берененин 12-бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалар (кесепеттер) келип чыгат

10. Эгерде банктын капиталына чектүү катышуу Улуттук банктын уруксатысыз алынса, мындай бүтүм жараксыз болуп саналат жана алар боюнча ушул берененин 12-бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалар келип чыгат. 

Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу. 

11. Эгерде, жак мурастоо боюнча же аларга укукту калыбына келтирүү аркылуу банктын капиталына чектүү катышуу өлчөмүндө акцияларга карата менчик укугуна ээ болсо, Улуттук банктын уруксатын алууга чейин ушул берененин 12-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн натыйжалар келип чыгат. 

Эгерде көрсөтүлгөн жактарга Улуттук банктын уруксатын берүүдөн баш тартылган болсо, ушул берененин 12-бөлүгүнүн экинчи абзацында каралган көрсөтүлгөн натыйжалар келип чыгат. 

12. Ушул берененин 9, 10 жана 11-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда мындай акциялар боюнча добуштар кворумду эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Буга чейин кабыл алынган бардык чечимдер, эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны иш жагдайы боюнча чечим кабыл алууга таасир эткен болсо, анык эмес катары эсептелинет.  

Ушул берененин 9 жана 11-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда кемчиликтерге жол берген жак акциялардын тиешелүү топтомун аны менен байланыштуу болбогон жактарга Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде сатууга милдеттүү. Мындай болбосо, Улуттук банк ошол жактын акцияларын мажбурлап ээликтен ажыратуу өтүнүчү менен сотко кайрылат.  

13. Улуттук банк ушул берененин 12-бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалардын келип чыккандыгы жөнүндө банктын көз карандысыз реестр жүргүзүүчүсүнө маалымдайт.  

 

87-берене. Банк тарабынан түзүлгөн резервдер 

 

1. Банк ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу чыгымдардын ордун өз учурунда жабуу үчүн банк тиешелүү резервдерди түзүүгө жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык активдердин реалдуу наркын финансылык отчетто чагылдырылууга милдеттүү.  

2. Улуттук банк жөнгө салуу максатында, өзүндө банктын сарптоолоруна чегерилүүчү насыялык жана башка тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча зыян тартууларды жабуу үчүн резервдерди түзүү тартибин жана эсептөө методдорун аныктоого укуктуу.  

3. Өз ишинде контролдукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу максатында, жүргүзүлүп жаткан операциялардын мүнөзүнө жана масштабына жараша, банк финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык капиталдык ж.б. резервдерди түзөт. 

 

88-берене. Бизнес-планга карата талаптар 

 

1. Банктын бизнес-планы анын стратегиясын жана иш масштабын чечмелеп берүүгө тийиш. Бизнес-план үч жылга түзүлүп, милдеттүү түрдө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

1) банк ишинин экономикалык негизин жана финансылык келечегин (бюджет, болжолдонгон: баланстык отчет, капиталдын шайкештигин эсептөө, кирешелер жана чыгашалар); 

2) башкаруу жана ички контролдук системаларынын түзүмүн

3) насыялык саясатты (насыялоодо тобокелдиктерге баа берүү механизми, берилген насыяларга үзгүлтүксүз контролдук механизми жана банктын насыя саясатына байланыштуу башка маселелер) жана насыялык стратегияны

4) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу операциялардан коргоо механизмин; 

5) кардарларды тартуу жана банктын кардарлар базасын түзүү планын

6) банкта кадр саясатын жүргүзүү планын

7) активдерди жана пассивдерди башкаруу планын

8) иштин Улуттук банк тарабынан аныкталган башка аспекттерин

2. Бизнес-план төмөнкүлөргө баа берүүгө мүмкүндүк түзүүгө тийиш

1) банктын финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, экономикалык ченемдерди, милдеттүү резервдик талаптарды аткара алуу, мыйзамдар талаптарын сактоо жөндөмдүүлүгүнө

2) пайдалуу иш алып барган финансылык уюм катары банктын узак убакыт бою иштей алуу мүмкүнчүлүгүнө

3) тобокелдиктерди башкаруу системасынын шайкештигине. 

3. Бизнес-план төмөнкү талаптарды эске алуу менен түзүлүүгө тийиш: 

1) эсептөөлөр жана болжолдоолор банк иштей турган базар сегментинин реалдуу экономикалык шарттарын эске алуу менен түзүлүүгө тийиш; 

2) банк операцияларынын экономикага жумшалган инвестициялар суммасын, анын ичинде насыяларды көрсөтүү менен өлкө экономикасын жакшыртууга банк операцияларынын таасиринин сыпаттамасы келтирилүүгө тийиш. 

3) өбөлгөлөр жана болжолдоолор сапаттуу, текшерилген маалыматтардын негизинде түзүлүүгө тийиш; 

4) алгылыктуу мөөнөт ичинде банктын жакшы кирешелүүлүккө жетишүүсү

5) банктын капиталынын шайкештиги Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүгө жана активдердин болжолдонгон өсүшүн колдоого алуу, тобокелдиктердин ордун жабуу жана банк ишин уюштурууга байланыштуу баштапкы чыгашалардын ордун жабууга жетиштүү болууга тийиш.  

4. Бизнес-план жыл сайын кайрадан каралып турууга тийиш. Кийинки жылга кайрадан каралып чыккан бизнес-план өтүп жаткан жылдын 31-декабрына чейин Улуттук банкка берилет.  

5. Бизнес-план банктын айкын ишине ылайык келбеген учурда , банк аны дароо кайрадан карап чыгууга милдеттүү. Кайрадан каралып чыккан бизнес-план бир айлык мөөнөт ичинде Улуттук банкка берилет.  

 

89-берене. Банктын туунду жана көз каранды компанияларына карата талаптар  

 

1. Банктын туунду компаниясы бул, банк (башкы компания) тарабынан контролдонгон юридикалык жак. Туунду банктын туунду банкы да, башкы компаниянын туунду банкы катары каралат. 

Банктын көз каранды компаниясы бул юридикалык жак, банк анда өз алдынча же башка жактар менен биргелешип, ошол юридикалык жактын добушка укук чегерген акцияларынын же капиталдагы үлүшүнүн жыйырма же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырат.  

Бул аныктамалар башка юридикалык жактарга да таркатылат.  

2. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же аны сатып алуу төмөнкү шарттар сакталган учурда, Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатынын негизинде ишке ашырылат: 

1) банктын жана туунду компаниянын менчик жана башкаруу түзүмү, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келсе; 

2) туунду компаниянын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди контролго алуу жол-жобосу, банктын жана туунду компаниянын корпоративдик өзгөчөлүгүн колдоого багытталган жол-жоболор банкта иштелип чыкса; 

3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык туруктуулугу үчүн олуттуу тобокелдиктерди түзбөсө

4) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса

3. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишкердикти гана, ошондой эле банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишти гана жүргүзө алат. 

4. Банк, Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугу менен гана көз каранды компанияларды сатып алышы же түзө алышы мүмкүн. Банктардын көз каранды компаниялары банк жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти кошо алганда, банк жана/же финансылык ишти гана жүргүзө алат

5. Банк, төмөнкү учурларда туунду же көз каранды компанияны сатып алууга укугу жок, эгерде:  

1) компания тизмеси Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата эл аралык уюмдардын санкциялары орун алган, Кыргыз Республикасы үчүн да милдеттүү болгон мамлекеттерде жана аймактарда катталса жана/же иш жүргүзсө

2) ушул Кодексте чектөөлөр белгиленген жактар, компаниянын катышуучулары болсо

6. Банк төмөнкү учурларда туунду жана/же көз каранды компанияны түзүүгө укугу жок, эгерде: 

1) мындай компанияны каттоо жана/же анын иш жүргүзүүсү Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата, Кыргыз Республикасы үчүн да милдеттүү болгон, эл аралык уюмдардын санкциялары орун алган мамлекеттерде жана аймактарда болжолдонсо

2) ушул Кодексте чектөөлөр белгиленген жактар мындай компаниялардын кошо уюштуруучулары болсо

7. Туунду жана же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга уруксат берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

90-берене. Банктын филиалы 

 

1. Банк Кыргыз Республикасынын аймагында өз филиалын түзө алат. Банк жайгашкан жерде орун албаган, юридикалык жак болуп саналбаган, банктын атынан банктык операциялардын бардыгын же анын бөлүгүн жүзөгө ашырган, берилген ыйгарым укуктардын чегинде иштеген обочолонгон бөлүм банктын филиалы болуп саналат. Банктын филиалы жөнүндө маалымат анын уставында чагылдырылууга тийиш. 

2. Филиал банк бөлүп берген мүлккө, банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле “филиал” деген сөздөр кошулган банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болот. Филиалдардын жетекчилери банк тарабынан дайындалат жана аларга берилген ишеним каттын негизинде иштешет. Ишеним катта операциялардын тизмеси жана филиалдын жетекчисинин башка ыйгарым укуктары көрсөтүлүүгө тийиш. 

3. Филиалдын иш-аракети банктын-юридикалык жактын иш-аракети катары каралат. Банк өз филиалынын аракеттери үчүн толук жоопкерчиликтүү болот.  

4. Банктын филиалын түзүү тартиби жана шарттары Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

5. Банк, банктын филиалы эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу беш иш күнүнүн ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк банктардын филиалдарынын реестрин жүргүзөт. 

6. Банк Улуттук банктын уруксаты менен чет өлкөдө өз филиалын ача алат. Чет өлкөдө филиалды ачууга уруксат берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

7. Банктын чет өлкөдө филиал ачуусуна Улуттук банктын уруксат берүү тартибинде каралган негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн, ошондой эле эгерде: 

1) кабыл алуучу өлкөдө жетиштүү жана таасирдүү банктык көзөмөл, анын ичинде консолидацияланган негиздеги көзөмөл камсыз кылынбаса; 

2) кабыл алуучу өлкөнүн көзөмөл органдары менен маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, натыйжалуу кызматташуу мүмкүн болбосо. 

 

91-берене. Чет өлкө банкынын филиалы 

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында финансылык бекем абалга, кынтыксыз ишкердик абройго ээ болгон чет өлкө банктары, чет өлкөлүк банк катталган өлкөнүн көзөмөл органы менен Улуттук банк ортосунда кызматташуу жөнүндө келишими түзүлгөн шартта филиалдарын ача алышат. 

2. Чет өлкө банкынын филиалы “филиал” деген сөздү кошуу менен банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болууга тийиш.  

3. Чет өлкө банктарынын филиалдары Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иштейт. Чет өлкө банктарынын филиалдарын лицензиялоо жана алардын иш өзгөчөлүгү Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

4. Чет өлкө банкынын Кыргыз Республикасынын аймагында филиал ачуу өтүнүчү алты ай ичинде каралат. Улуттук банктын Башкармасы келип түшкөн өтүнүчтү кароо мөөнөтүн алты айга узартышы мүмкүн. 

5. Чет өлкө банкынын филиалын ачуу үчүн чет өлкө банкы катталган өлкөнүн банктык көзөмөл органынын расмий макулдугу талап кылынат. Чет өлкө банктары өз филиалдарына Улуттук банктын банк капиталына карата талаптарына ылайык келген өлчөмдө кайтарылып алынгыс жана мөөнөтсүз акча каражаттарын бөлүп берет. 

6. Чет өлкө банкынын филиалына төмөнкү учурларда лицензия берүүдөн баш тартылышы мүмкүн: 

1) уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе, ошондой эле толук эмес маалыматтар же анык эмес документтер берилген учурда; 

2) башкы чет өлкө банкы Улуттук банк тарабынан белгиленген кынтыксыз ишкердик аброй жана финансылык туруктуулук критерийлерине ылайык келбесе; 

3) башкы чет өлкө банкынын ушул Кодекстин банктын уюштуруучуларына карата талаптарына ылайык келбесе; 

4) башкы банк тарабынан бөлүнгөн акча каражаттары белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

5) эгерде, филиалда кызмат ордун ээлөөгө талапкер адамдар (кызмат адамдары) банктык мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

6) филиалдын имарат-жайы жана жабдуулары, ички контролдук системасы, техникалык, маалымат системасы жана коопсуздук системасы белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

7) чет өлкө банкы катталган өлкөнүн көзөмөл режими таасирдүү банктык көзөмөлдү, анын ичинде консолидацияланган негиздеги көзөмөлдү камсыз кылбаса, ошондой эле маалымат алмашууну кошо алганда, аны менен талаптагыдай кызматташуу жөнгө салынбаса. 

7. Чет өлкө банкынын филиалы лицензия берүү шарттарына байланыштуу же ага тиешелүү болгон бардык өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка дароо маалымдап турууга милдеттүү.  

8. Чет өлкө банкынын филиалынын лицензиясын кайра алуу ушул Кодексте Кыргыз Республикасынын банктары үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте жүргүзүлөт. 

9. Улуттук банк лицензия берүү, берүүдөн баш тартуу негиздери жана чет өлкө банкынын филиалынан лицензияны кайра алуу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыялайт.  

 

92-берене. Банктын өкүлчүлүгү 

 

1. Юридикалык жак болуп саналбаган, банктын таламында өкүлчүлүктү ишке ашырган, ошондой эле ушул Кодекске ылайык банктык операцияларды эске албаганда, анын атынан бүтүмдөрдү же башка уруксат берилген аракеттерди жасаган банктын обочолонгон бөлүмү өкүлчүлүк болуп саналат. 

2. Өкүлчүлүккө банктын мүлкү берилет, ал банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле “өкүлчүлүк” деген сөздү кошуу менен банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болот. Банк өз өкүлчүлүгүнүн иш-аракети үчүн толук жоопкерчиликтүү болот

3. Банкын өкүлчүлүгү эсептик каттоо тууралуу банк беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт. 

4. Банктын өкүлчүлүгүнүн жайгашкан жерин жана ишинин түрлөрүнүн тизмесин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүргүзүлөт. 

5. Чет өлкө банкынын өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүн ачуу боюнча талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

6. Эгерде өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келген учурда, банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүн ачууга берилген уруксатты Улуттук банк кайра алууга укуктуу. 

 

93-берене. Чет өлкө банкынын өкүлчүлүгү 

 

1. Чет өлкө банкынын өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Чет өлкө банкынын өкүлчүлүгүөкүлчүлүк” деген сөздү кошуу менен чет өлкө банкынын аталышына толук дал келген аталышка ээ болууга тийиш. 

2. Чет өлкө банкынын өкүлчүлүгүнө банктык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. Чет өлкө банктарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби жана алардын ишине карата талаптарды Улуттук банк белгилейт.  

3. Улуттук банк чет өлкө банктарынын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт. Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө банкынын өкүлчүлүгүнүн ачылгандыгы тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыялайт.  

4. Чет өлкө банктарынын өкүлчүлүктөрүнүн аталышын, жайгашкан жерин жана иш чөйрөсүнүн тизмесин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүргүзүлөт. 

5. Эгерде өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келген учурда, банктын чет өлкөдө өкүлчүлүк ачууга берилген уруксатты Улуттук банк кайра алууга укуктуу. 

 

 

 

94-берене. Банктардын союздары, ассоциациялары жана бирикмелери 

 

1. Банктар өз ишин координациялоо, жалпы таламдарды көздөө, баруу, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн биригип, союздарды, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мындай уюмдардын иши алардын уюштуруу документтерине ылайык жүзөгө ашырылып, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиш. 

2. Банктардын союздарын, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин түзүү жана мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.  

3. Банктардын союздары, ассоциациялары жана башка бирикмелери өздөрүнүн түзүлгөндүгү жөнүндө мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөндөн кийин беш иш күнүнүн ичинде Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

4. Банктарга өз союздарын, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө багытталган жана пайыздык коюмдарды, тарифтерди жана комиссияларды белгилөө маселелеринде банкка кызмат көрсөтүү рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле кардарлардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына доо келтирген же доо келтириши мүмкүн болгон, кандай болбосун башка шарттарга жетишүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.  

 

95-берене. Банкты өзгөртүп түзүү  

 

1. Банкты өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.  

2. Банкты өзгөртүп түзүү Улуттук банктын макулдугу менен гана ишке ашырылат.  

3. Банктарды өзгөртүп түзүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

 

17-БАП

БАНКТЫ БАШКАРУУНУ УЮШТУРУУ 

 

96-берене. Банктын башкаруу органдары 

 

1. Банктын башкаруу органынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) банктын акционерлеринин жалпы чогулушу

2) банктын Директорлор кеңеши

3) банктын Башкармасы

2. Банктын башкаруу органдарынын укуктук статусу жана компетенциясы, эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. 

3. Банк ишин жана каржылоону ислам принциптерине ылайык ишке ашырган банкта Шариат кеңеши иштөөгө тийиш. 

Шариат кеңеши операциялардын жана бүтүмдөрдүн (келишимдердин) Шариат стандарттарына ылайык келиши үчүн жооп берген орган. Шариат кеңешинин курамына Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген адамдар кириши мүмкүн.  

 

97-берене. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу 

 

1. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу банкты башкаруунун жогорку органы болуп саналат. 

2. Банктын акционерлери банк ишинин коопсуздугу, таза жана ишенимдүү иштөө максатында, өз укуктарын жана милдеттерин ак ниет жана акыл-эстүүлүк менен жүзөгө ашырууга милдеттүү

3. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чакырылат жана өткөрүлөт.  

4. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу эгерде ага уставга ылайык, банктын добуш берүүчү жайгаштырылган акцияларынын кеминде алтымыш пайызына ээ болгон акционерлери жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катышкан шартта, укук ченемдүү (кворум) деп таанылат. Кворум жок учурда, бир айлык мөөнөттө акционерлеринин жалпы чогулушу кайталап чакырылат, анда кворум милдеттүү болуп саналбайт.  

5. Кворумду эсептөөдө жана добуш берүүдө ушул Кодекстин 86 жана 147-беренелеринин жоболору эске алынат. 

6. Төмөнкүдөй учурда акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу милдеттүү чакырылыт, эгерде: 

1) банктын капиталы Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе; 

2) Директорлор кеңешинин курамында бош орун пайда болуп, кворум жок болсо

3) тышкы аудитор түзүлгөн келишимди бузса же башка себептер боюнча аудитти улантууга мүмкүнчүлүгү жок болсо. 

7. Улуттук банк көрсөтүлгөн мөөнөттө жана аныкталган күн тартиби менен акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууну талап кылууга укуктуу. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу боюнча жол-жоболордун мөөнөтү бул талапка жайылтылбайт. 

8. Улуттук банк акционерлердин өткөрүлө турган жалпы чогулушу боюнча кандай маалыматты болбосун талап кылууга укуктуу. 

9. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктары банкка Убактылуу администрация режиминин киргизилишине байланыштуу чектелиши мүмкүн. 

 

98-берене. Банктын акционерлеринин реестри 

 

1. Банктын акционерлеринин реестри баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан жүргүзүлөт. 

2. Банктын акционери акцияларга менчик укугунун өтүшүн каттоого байланышкан бардык өзгөрүүлөр тууралуу көз карандысыз реестр кармоочуга маалымдоого милдеттүү.  

3. Көз карандысыз реестр кармоочу акционерлер реестриндеги бардык өзгөрүүлөр тууралуу банкка, алардын ортосундагы келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө маалымдоого милдеттүү

4. Көз карандысыз реестр кармоочу банктын акционерлеринин реестриндеги кандай маалымат болбосун Улуттук банктын жана банктын талабы боюнча аларга берүүгө милдеттүү

5. Банк, Улуттук банк белгилеген тартипте акционерлердин юридикалык көктөмөсүн түзүүгө жана ал үчүн жооптуу кызматкерге ээ болууга тийиш. 

6. Банктын акционерлери юридикалык көктөмөгө киргизүү үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген тизме боюнча жана көлөмдө банкка маалымат берүүгө милдеттүү

Эгерде акционер банк тарабынан суралган маалыматты берүүдөн баш тарткан учурда Улуттук банк акционерден акциялардын ага тиешелүү топтомун аны менен байланышы жок жактарга Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде сатууга милдеттүү. Мындай болбосо, Улуттук банк ошол акционердин акцияларын мажбурлап ээликтен ажыратуу жөнүндө сотко кайрылат. 

7. Эгерде банктын капиталында олуттуу катышууга ээ болуу, өзгөртүүлөр же ээликтен ажыратуу фактысы жөнүндө ага маалым болсо, банк дароо, бир жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

 

99-берене. Банктын Директорлор кеңеши 

 

1. Банктын Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы чогулуштарынын ортосундагы мезгилде банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган башкаруу органы.  

Директорлор кеңеши банктын эң мыкты кызыкчылыктарына иштөөгө бардык акционерлерге бирдей мамиле жасоо принцибин сактап, банктын акционерлеринин жыл сайын өткөрүлгөн жалпы чогулушунда өз иши жөнүндө акционерлерге отчет берип турууга милдеттүү

2. Банктын Директорлор кеңешинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардан тышкары, төмөнкү маселелер анын гана өзгөчө ыйгарым укуктарына кирет: 

1) банктын уюштуруу түзүмүн бекитүү

2) банктын шайкеш ички контролдук системасын уюштуруу; 

3) банктын аткаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү, алардын жыйынтыгы боюнча чаралар көрүү

4) Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөрүнүн, ошондой эле ички жана тышкы аудиттик текшерүүлөрдүн натыйжасын кароо, алар боюнча чара көрүү

5) ички аудит, тобокелдик менеджменттин жана комплаенс-контролунун кызматтарынын жетекчилеринин бекитүү, алардын эмгек акысын төлөө шарттарын аныктоо; 

6) банктын уставында каралган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктар. 

3. Банктын Директорлор кеңеши банк ишиндеги тобокелдиктерге ылайык, капиталдын шайкеш деңгээлин колдоп туруу максатында баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун натыйжалуу системасынын жөнгө салынышы үчүн жоопкерчиликтүү.  

4. Банктын Директорлор кеңеши беш мүчөдөн кем болбогон, так сандагы курамда болууга тийиш.  

Банктын Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. 

Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүгө тийиш. 

5. Банктын Директорлор кеңешинин отуруму квартал ичинде кеминде бир жолу өткөрүлөт. Директорлор кеңешинин отуруму, ага анын курамынын 2/3 катышкан шартта жана банктын уставында башка кворум каралбаса, укук ченемдүү катары эсептелинет (кворумга жетишилет). Добуш берүүдө Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн таламдарынын каршылыктары пайда болгон учурда, ал талкууга жана добуш берүүгө катышууга укугу жок. 

6. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө отурумдардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу маалымдоо тартиби жана мөөнөтү, отурумду өткөрүү тартиби жана банктын Директорлор кеңешинин чечимин кабыл алуу эрежеси Директорлор кеңешинин регламентинде аныкталат. Директорлор кеңешинин чечиминин кат жүзүндө сурамжылоо ыкмасында кабыл алынышы, Директорлор кеңешинин отурумдарын коммуникация каражаттарын колдонуу менен өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү Банктын уставында каралышы мүмкүн. Директорлор кеңешинин ар бир отурумунда банктын корпоративдик катчысы протокол жана стенографиялык отчет толтурат. Директорлор кеңешинин отурумунун протоколуна кеңештин мүчөлөрүнүн отурумга катышкан мүчөлөрү жана банктын корпоративдик катчысы кол коюшат.  

7. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын үчүнчү жак алдындагы милдеттенмелеринин келип чыгышын шарттаган, банк үчүн милдеттүү болгон чечимдерди Директорлор кеңешинин отурумунан тышкары өз алдынча кабыл ала албайт. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кандай документ болбосун таанышып чыгуусуна, банк кызматкерлеринен анын ишине тиешелүү зарыл маалыматтарды алуусуна чек коюлбайт. 

8. Эгерде, банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү кеңештин отурумуна катышпаса, ал Директорлор кеңешинин отурумунун протоколу жана чечимдери менен кол коюп берүү аркылуу таанышып чыгууга милдеттүү. Банктын Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү кеңештин отурумунда кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчиликтүү болушат. Эгерде, банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн пикири боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган чечим банктын финансылык туруктуулугуна, аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына коркунуч туудурса, ал бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

9. Банкта банкроттук абалында калуу коркунучунун белгилери пайда болгон учурда, банк төмөнкүлөргө милдеттүү

1) банкроттуктун алдын алуу боюнча шашылыш зарыл чараларды көрүүгө

2) банктын Директорлор кеңешинин отурумунда акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу зарылчылыгы жөнүндө маселесин дароо кароого; 

3) банкта банкроттук коркунучунун белгилери пайда болгондугу жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу маселесин Директорлор кеңешинде кароонун натыйжалары, ошондой эле банкроттукту алдын алуу боюнча шашылыш көрүлүүчү жана пландаштырылып жаткан чаралар жөнүндө Улуттук банкка дароо маалымдоо. 

 

100-берене. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана бошотуу 

 

1. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланат. Банктын уставы бир эле адам кайра шайланган учурда мөөнөттөрүнүн санын чектеши мүмкүн.  

2. Иштөөгө толук жөндөмдүү жана Улуттук банктын талабына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго, кесиптик даярдыкка жана иш тажрыйбага ээ болгон жеке адамдар гана банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп шайланышы мүмкүн. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен эмгек келишими же ушундай эле келишимдер жана контракттар түзүлбөйт, ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары аларга карата жайылтылбайт. 

3. Төмөнкүлөр банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү боло албайт: 

1) банктын Башкармасынын мүчөсү болуп саналгандар же банкта башка кызматты ээлегендер; 

2) Улуттук банктын көзөмөлүндө турган башка банктын же банктык эмес финансы-насыялык уюмунун кызмат адамы же маанилүү акционери болуп саналгандар; 

3) Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербегендер, ошондой эле мыйзамдарга ылайык же соттун чечими боюнча мындай кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган адамдар; 

4. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында анын курамы белгиленген кворумга жетпеген санга чейин азаят. Банктын Башкармасы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулгандан кийинки беш күндүн ичинде Директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо үчүн акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу чечимин кабыл алууга милдеттүү.  

5. Директорлор кеңешинин мүчөсү тарабынан бул Кодекстин нормалары бузулган учурда, Улуттук банктын чечими боюнча банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү четтетилген мезгилге карата акысы төлөнбөстөн, өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн.  

6. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү төмөнкү учурларда Улуттук банктын чечими боюнча ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш: 

1) кынтыксыз кызматтык аброюнан ажырап калса; 

2) кызыкчылыктардын кагылышын жашыргандыгы же банктын бүтүмдү түзүүдө кызыкдар экендиги жөнүндө факты аныкталса; 

3) эгерде ошол адам квалификациялык талапка, кынтыксыз ишкердик абройго жана көз карандысыздыкка карата белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматты жашырган болсо; 

4) Улуттук банктын баасы боюнча Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн аракеттери же аракетсиздиги банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келсе. 

7. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүн четтетүү же бошотуу жөнүндөгү Улуттук банктын чечими, ал кабыл алынган күндөн тартып дароо күчүнө кирет.  

 

101-берене. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү 

 

1. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү бул:  

1) буга чейин жана учурда ушул банктын кызматкери болбогон же банк менен байланыштагы каалаган юридикалык жактын акыркы беш жыл ичинде кызматкеринен болбогон; 

2) буга чейин жана учурда ушул банктын Башкарма мүчөсү болбогон же банк менен байланыштагы юридикалык жактардын Башкармасынын акыркы беш жыл аралыгында мүчөсү болбогон; 

3) Директорлор кеңешинин жыйынына катышууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү эске албаганда, ошол банктан же банкка байланышкан жактардан же алардын атынан акыркы беш жыл ичинде тике же кыйыр түрдө эч кандай олуттуу кошумча акы, компенсацияларды, жөлөкпулдарды же ыктыярдуу жардамдарды албаган; 

4) ушул банк же банк менен байланыштагы кайсы жак болбосун акыркы беш жыл аралыгында түздөн-түз же өнөктөш катары олуттуу ишкердик байланышка (зайымдарды берүүнү жана алууну кошо алганда) ээ болбогон; 

5) ушул банктын же банк менен байланыштагы жактардын учурда иштеп жаткан же мурдагы тышкы аудиторунун акыркы беш жыл ичинде өнөктөшү же кызматкери болуп саналбаган; 

6) ушул банктын ишине олуттуу катышууну же контролдоону ишке ашырбаган жана банктын ишине олуттуу катышуучу же банктын үстүнөн контролду ишке ашыруучу акционердин атынан иш алып барбаган; 

7) акыркы беш жыл ичинде бул банктын Директорлор кеңешинин курамына кирбеген; 

8) ушул бөлүктүн 1-7-пункттарында келтирилген жактар менен жакын туугандык мамиледе болбогон адам. 

 

 

 

102-берене. Директорлор кеңешинин комитеттери 

 

1. Банктын Директорлор кеңеши өз функцияларын аткаруу үчүн комитеттерди жана башка көмөкчү эксперттик-консультативдик органдарды түзө алат. Директорлор кеңешинин комитеттери кеңештин компетенциясына кирген маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлөт. Комитеттер банктын башкаруу органы болуп саналбайт, Директорлор кеңешин алмаштыра албайт жана алардын функциясын да аткарбайт.  

2. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзөт: 

1) Тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитет

2) Аудит боюнча комитет;  

3) Дайындоолор жана акыларды белгилөө боюнча комитет.  

Банкта Жаңы продуктулар боюнча комитет, комплаенс-контроль боюнча комитет жана башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн. 

3. Комитеттерди түзүү тартибине карата талаптар, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

 

103-берене. Банктын корпоративдик катчысы  

 

1.  Банкта корпоративдик катчынын кызмат орду түзүлүүгө тийиш. Корпоративдик катчы банктын кызмат адамы болуп эсептелет, банктын Директорлор кеңеши тарабынан шайланат. Банктын корпоративдик катчысынын өз алдынча кызматын банктагы башка милдеттерди аткаруу менен айкалыштырууга жол берилбейт.  

2.  Корпоративдик катчы акционерлердин жалпы чогулушунун жана Директорлор кеңешинин протоколдорун жүргүзөт, алар кабыл алган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат, банктын башкаруу органдарынын ортосунда талаптагыдай корпоративдик өз ара аракеттенүүнүн камсыздалышына көмөк көрсөтөт жана Улуттук банк тарабынан аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.  

 

104-берене. Банктын Башкармасы 

 

1. Банктын Башкармасы банктын аткаруучу органы болуп саналат. Банктын Башкармасынын компетенциясына банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун жана Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерден тышкары, банктын күндөлүк ишин жетектөө боюнча бардык маселелер кирет. Банктын Башкармасы банктын акционерлеринин жалпы чогулушу жана Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдуу чечимдердин аткарылышын камсыздоого милдеттүү

2. Банктын Башкармасынын компетенциясы, иш тартиби жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында жана банктын уставында белгиленет. 

3. Банктын Башкармасы бештен кем эмес адамдан турууга тийиш. Башкарманын мүчөлөрү банктын уставында каралган, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөткө дайындалышат. Башкарманын мүчөлөрү кайрадан дайындалышы мүмкүн.  

4. Банкты уюштуруу учурунда Башкарма мүчөлөрү алгач банктын уюштуруучулары тарабынан дайындалат, ал эми кийин алар банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалышат.  

5. Иштөөгө толук жөндөмдүү жана Улуттук банктын кынтыксыз ишкердик абройго, кесиптик жарамдуулукка жана иш тажрыйбага карата белгиленген талаптарына ылайык келген жеке адамдар гана Банктын Башкармасынын мүчөсү боло алат. 

6. Банктын Башкармасын банктын Директорлор кеңеши дайындаган Башкарманын төрагасы жетектейт. Башкарманын төрагасынын орун басарлары кызмат орундары боюнча Башкарма мүчөлөрү болуп саналышат. Банктын Башкармасынын мүчөлөрү Башкарманын төрагасынын сунушу боюнча банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.  

7. Төмөнкүлөр банктын Башкармасынын мүчөсү боло алышпайт: 

1) банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү болгон же Улуттук банктын көзөмөлүндө турган башка банктын же банктык эмес финансы-насыялык уюмунун кызмат адамы болуп саналгандар; 

2) банктын капиталына олуттуу катышууга ээ болгон акционер же Улуттук банктын көзөмөлүндө турган башка банктын же банктык эмес финансы-насыялык уюмунун олуттуу акционери болуп саналгандар; 

3) Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербеген башка адам, ошондой эле мыйзамдарга ылайык же соттун чечими боюнча мындай кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган адам. 

8. Башкарманын мүчөсү ушул Кодекстин нормаларын бузган учурда, Улуттук банктын чечими боюнча банктын Башкармасынын мүчөсү четтетилген учурга карата эмгек акысы төлөнбөстөн, өз милдетин аткаруудан четтетилиши мүмкүн. 

9. Банктын Башкармасынын мүчөсү Улуттук банктын чечими менен төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш: 

1) кынтыксыз кызматтык аброюнан ажырап калса; 

2) кызыкчылыктардын кагылышын жашыргандыгы же банктык бүтүмдү түзүүдө кызыкдар экендиги жөнүндө факты аныкталса; 

3) эгерде ошол адам квалификациялык талапка, кынтыксыз кызматтык абройго жана көз карандысыздыкка карата белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматты жашырган болсо; 

4) Улуттук банктын баасы боюнча Башкарманын мүчөсүнүн аракеттери же аракетсиздиги банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келсе. 

10. Банктын Башкармасынын мүчөсүн четтетүү же ишинен бошотуу жөнүндөгү Улуттук банктын чечими, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.  

11. Банктын Башкармасынын жыйыны зарылчылыкка жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Банктын Башкармасынын жыйыны эгерде банктын уставында өтө жогору кворум белгиленбеген учурда, анын курамынын 2/3 аз эмеси катышса, укуктуу (кворум) деп эсептелинет. Банктын Башкармасынын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуш берүүдө Башкарманын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Банктын Башкармасынын мүчөсүндө кызыкчылыктардын кагылышы келип чыккан учурда, ал талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга укуксуз. 

12. Банктын Башкармасынын жыйынынын протоколун Башкарманын катчысы жүргүзөт. Жыйындын протоколуна төрагалык кылуучу, банктын Башкармасынын жыйынга катышкан мүчөлөрү жана Башкарманын катчысы кол коёт. Эгерде банктын Башкармасынын мүчөсү жыйынга катышпай калса, кийинчерээк ал жыйындын протоколу менен кол коюу аркылуу таанышууга милдеттүү.  

13. Банктын Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү Банктын Башкармасынын жыйындарында кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчиликти тартышат. Эгерде Башкарманын мүчөсүнүн пикири боюнча банкта кабыл алынган чечимдер анын финансылык туруктуулугуна, насыя берүүчүлөрдүн укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына коркунуч алып келе турган болсо, Башкарманын мүчөсү банктын Директорлор кеңешине бул тууралуу маалымдоого милдеттүү. Эгерде Директорлор кеңеши Башкарманын мүчөсүнүн маалыматын этибарга албаса, ал Улуттук банкка билдирүүгө укуктуу.  

 

 

105-берене. Ички контролдоо тутуму 

 

1. Ички контроль - банктын төмөнкү максаттарга жетишүүсүнө багытталган үзгүлтүксүз процесс: 

1) иштин натыйжалуулугуна жана жыйынтыгына, активдерди жана пассивдерди башкаруу натыйжалуулугуна, активдердин сакталышын камсыздоого, тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууга; 

2) ички жана тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык, регулятивдик жана башка отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн, толуктугун, объективдүүлүгүн жана өз учурунда түзүлүп жана берилишин камсыздоо; 

3) мыйзамдуулукту жана банктын ички ченемдик документтерин сактоо. 

2. Банктын ички контролдоо тутуму төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш: 

1) банктын башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын компетенциясын, ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин бөлүнүшүн, банктагы акы төлөө тутумун караган тиешелүү уюштуруу түзүмүн; 

2) тиешелүү ички маалымат тутумун жана өз учурунда чечим кабыл алууга, маалымат коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзгөн башкаруу органдарына маалымдоо тутумун; 

3) тобокелдиктерге, тобокелдиктерди башкаруу жана аларды баалоо тутумдарына туруктуу байкоо жүргүзүүнү

4) ички контролдун тиешелүү жол-жоболорун; 

5) ички контролдоо тутумун анын кемчиликтерин аныктоо жана өркүндөтүү максатында мезгил-мезгили менен өзүн-өзү баалоо. 

3. Банктын Директорлор кеңеши банктын ички контролдоо тутумунун талаптагыдай уюштурулушун жана иштешин камсыз кылууга милдеттүү.  

4. Ички контролдоо тутумун уюштуруу жана иштетүү боюнча банктарга карата талаптарды Улуттук банк белгилейт. 

 

106-берене. Ички аудит, тобокелдик менеджменти жана комплаенс-контролдоо 

 

1. Банкта милдеттүү түрдө туруктуу негизде иштеген, Директорлор кеңешине отчет берип турган ички аудит, тобокелдик-менеджменти жана комплаенс-контролдоо кызматтары иштейт. 

2. Ички аудит, тобокелдик-менеджменти жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын ишине карата талаптар жана алардын компетенциясы Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

107-берене. Банктын кызмат адамдары  

 

1. Банктын милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат орундарынын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

2. Банктын кызмат адамдарына талапкерлер белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө жана жетиштүү иш тажрыйбага ээ болууга тийиш. Кызмат адамдарына талапкерлерге карата талаптар, аларды макулдашуу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

108-берене. Кынтыксыз кызматтык аброй  

 

1. Банктын уюштуруучулары, акционерлери жана алардын аффилирленген жактары, банктын кызмат адамдары, ошондой эле банк менен байланышкан жактар ушул Кодекске ылайык кынтыксыз кызматтык абройго ээ болууга тийиш. 

2. Жеке адамдар же юридикалык жактар төмөнкү учурларда кынтыксыз кызматтык абройго ээ эмес же андан ажыраган катары эсептелинет: 

1) соттолгондугу алынып салынгандыгына же өтөлгөндүгүнө карабастан, атайлап жасалган кандай гана кылмышы болбосун, ошондой эле экономика чөйрөсүндөгү калпыстык боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо;  

2) банктык, салыктык, бажы, монополияга каршы мыйзамдарына, банкроттук жөнүндө, баалуу кагаздар боюнча операциялар жөнүндө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, камсыздандыруу иши жөнүндө мыйзамдарга, эсеп-бухгалтердик иш чөйрөсүнө, сот акыйкаттыгына, коомдук тартип жана коопсуздукка, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарга шек келтирген укук бузууларга жыл ичинде бирден көп жолу жол бергендиги үчүн административдик жоопкерчиликке тартылса; 

3) өзү мажбурлап жоюлууга, банкроттукка дуушар болгон же мажбурлап сырттан башкарууга же банкроттукту кошо алганда, мажбурлап жоюлууга дуушар болгон олуттуу катышуучусу же юридикалык жактын башкаруу органынын мүчөсү болсо;  

4) соттун жана башка ыйгарым укуктуу органдардын чечими боюнча банктык, финансылык, аудитордук, камсыздандыруу жана инвестициялык чөйрөлөрдө ишти жүргүзүүгө укуксуз болсо; 

5) мыйзам боюнча иштин башка чөйрөлөрүндө кынтыксыз кызматтык аброюнан ажыраса; 

6) Улуттук банктын же чет өлкөнүн компетенттүү органынын чечими боюнча банкка карата таасир этүү чарасын колдонуу тартибинде ээлеген кызматынан бошотулган банктын кызмат адамы; 

7) банктын капиталына чектүү катышууга ээ болуусу боюнча ушул Кодекстин талаптарын бузууга жол берсе; 

8) өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө жагында кемчиликтерге жол берсе; 

9) башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жылына бирден көп жолу финансылык санкциялар жана башка мажбурлоочу чаралар колдонулса; 

10) Улуттук банкка такталбаган маалыматтарды жана документтерди берсе; 

11) юридикалык жактын башкаруу органдарында ээлеген кызматынан ага болгон ишенимдин кеткендигинен же зыян келтиришинен улам жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча иштен бошотулса же четтетилсе; 

12) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган башка учурларда. 

3. Банктын аларга таасир этүү чараларын колдонуу тартибинде кызматынан бошотулушуна байланыштуу кынтыксыз кызматтык аброюнан ажыраган кызмат адамдары Улуттук банктын чечими күчүнө киргенден тартып, он беш жыл аралыгында Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат орундарына кайрадан талапкер боло албайт. 

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жак катары Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жеке адамдарын жана юридикалык жактарын түшүнүү зарыл. Мыйзамдар, соттор жана компетенттик органдар деп, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мыйзамдарын, сот жана компетенттүү органдарын түшүнүү зарыл.  

 

109-берене. Банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттери 

 

1. Банктын кызмат адамдары банктын таламында ак ниеттүүлүк жана акыл ченемдүүлүк менен иштөөгө милдеттүү, бул алар тарабынан төмөнкү талаптардын сакталышын болжолдойт: 

1) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруу; 

2) берилген ыйгарым укуктарды алар эмне үчүн берилген болсо, ошол максаттарда колдонуу; 

3) алгылыктуу мөөнөттөрдө жеткиликтүү маалыматтарды алуу үчүн мүмкүн болушунча күч-аракеттерди жумшагандан кийин, жеке квалификациясынын жана иш тажрыйбасынын негизинде олуттуу чечимдерди кабыл алуу; 

4) кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө боюнча талаптарды сактоо, кызыкчылыктардын кагылышы келип чыккандыгы тууралуу банктын башкаруу органдарына өз учурунда билдирүү

5) бир акционердин таламын башкалардын таламынан жогору койбостон, акционерлерге карата бирдей мамиле жасоо принциптерин сактоо; 

6) бардык белгилүү болгон инциденттер жөнүндө банктын башкаруу органдарына билдирүү

7) алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбага коркунуч келтирген банк ишиндеги инциденттер, чыр-чатактар жана мыйзам бузуулар жөнүндө көзөмөл органына билдирүү

2. Улуттук банк банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине карата башка талаптарды да белгилөөгө укуктуу.  

 

110-берене. Кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө 

 

1. Банктын Директорлор кеңеши кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө боюнча саясатты бекитүүгө, ошондой эле банктын ишинин бардык деңгээлинде кызыкчылыктардын кагылышын идентификациялоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш. 

2. Банк кызыкчылыктардын кагылышына байланышкан банк ишиндеги потенциалдуу коркунучтар жөнүндө банктын жетекчилигине маалымдоо жол-жоболоруна ээ болууга тийиш.  

3. Банктын кызмат адамы кызматка дайындалганга (шайланганга) чейин жакын туугандарынын тизмесин банкка берүүгө милдеттүү. Банк менен өзүнүн ортосунда кызыкчылыктардын кагылышы келип чыккандыгы жөнүндө билген кызмат адамы же банктын кызматкери ал тууралуу банктын Башкармасына жана/же Директорлор кеңешине дароо билдирүүгө милдеттүү.  

4. Банк орун алган кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө маалымат базасын жүргүзүүгө тийиш. 

5. Кызыкчылыктардын кагылышынын өз учурунда аныкталбагандыгы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.  

 

111-берене. Банкта эмгекке төлөө тутумуна карата талаптар  

 

1. Банк эмгекке төлөө тутумун уюштуруу боюнча саясатты иштеп чыгууга тийиш.  

2. Банктын ишинин жыйынтыктары жана орун алган тобокелдик деңгээли менен байланышкан эмгекке төлөө тутуму бүтүндөй алганда, ошондой эле банктын кызмат адамдарынын жана натыйжасы Улуттук банктын экономикалык ченемдеринин жана талаптарынын банк тарабынан сакталышына же аманатчылар менен насыя берүүчүлөрдүн таламына коркунуч туудурган башка жагдайлардын келип чыгышына таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болгон чечимдерди кабыл алышкан башка жактардын (кызматкерлердин) эмгегине төлөө жагында Улуттук банк тарабынан бааланууга тийиш.  

3. Улуттук банк банкта эмгекке төлөө тутумунун уюштурулушуна карата талаптарды белгилейт.  

 

18-БАП

БАНК ИШИ 

 

112-берене. Банк иши жана банк операциялары  

 

1. Банк лицензияларында түздөн-түз көрсөтүү менен улуттук жана/же чет өлкө валютасында төмөнкү банк операцияларын жүзөгө ашырат:  

1) келишимдик шарттарда өзүнүн атынан салымдарды тартуу; 

2) өздүк жана/же өз атынан тартылган каражаттарды келишимдик шарттарда жайгаштыруу; 

3) эсептерди ачуу жана жүргүзүү

4) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө

5) насыялык жана төлөмдүк карточкаларды кошо алганда, төлөм документтерин (чектерди, аккредитивдерди, векселдерди жана башка документтерди) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана ырастоо; 

6) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг), жөнөкөй жана которулма векселдердин эсебин алуу (форфетирлөө); 

7) карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу; 

8) банктык кепилдиктерди берүү

9) кардарлардын акча которууларын, анын ичинде эсеп ачуусуз жүзөгө ашыруу; 

10) Кыргыз Республикасынын резидент эмес банктары үчүн корреспонденттик эсептерди ачуу жана жүргүзүү

11) кардарлар үчүн чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү жана кардардын атынан чет өлкө валюталарын сатып алуу (алмашуу) операцияларын ишке ашыруу

12) өзүнүн атынан чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу)

13) баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашыруу (банктык алтын, күмүш, платина жана жогорку сапаттагы ушул металлдардан жасалган монеталар менен гана)

14) туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды ишке ашыруу.  

2. Банктар төмөнкүдөй иш-аракеттерди жана бүтүмдөрдү ишке ашырууга укуктуу: 

1) үчүнчү жактар үчүн кепилдиктерди жана башка милдеттенмелерди берүү

2) милдеттенмелердин акчалай формада аткарылышын талап кылуу укугун үчүнчү жактардан сатып алуу; 

3) баалуу кагаздарды чыгаруу, сатып алуу, сатуу, тейлөө, ошондой эле депозитарий кызматтарын сунуштоо; 

4) жеке адамдар жана юридикалык жактар менен келишим түзүү аркылуу мүлктөрдү (акча каражаттарын эске албаганда) ишеним боюнча башкаруу; 

5) жеке адамдарга жана юридикалык жактарга баалуулуктарды сактоо үчүн сейфтерди ижарага берүү

6) банк алдындагы милдеттенмелердин ордун жабууда, күрөөлүк мүлктөрдү сатуу; 

7) инвестициялык кызмат көрсөтүүлөр; 

8) банк ишине байланыштуу консультациялык кызмат көрсөтүүлөр; 

9) финансылык лизинг боюнча бүтүмдөрдү түзүү

10) финансылык агент катары кызмат көрсөтүүлөр; 

11) электрондук акча эмиссиясы жана банктар аралык процессингге (клирингге) байланышкан иш. 

3. Банктар Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди да жүзөгө ашырат. Мында банк анын негизги ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон же банк ишине байланыштуу иштерди гана жүргүзөт. 

4. Банк Улуттук банктын макулдугу менен лицензияланган иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу. 

5. Банк келишимдин негизинде банк үчүн зарыл болгон (аутсорсинг) кызмат көрсөтүүсү үчүн Улуттук банктын макулдугу менен башка жакты тартууга (аутсорсинг) укуктуу. Аутсорсингге карата талаптарды Улуттук банк аныктайт.  

6. Улуттук банк банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операциялардын, бүтүмдөрдүн жана типтүү келишимдердин тизмегин жана аларды жүргүзүүнүн тартибин белгилөөгө укуктуу. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери боюнча каражаттарды жайгаштыруу Улуттук банктын ченемдик талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат. 

7. Айрым банк операциялары, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операциялар банктык эмес финансы-насыялык уюмдар жана башка юридикалык жактар тарабынан Улуттук банк тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы болгон шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.  

8. Ар кандай утуштарды, лотереяларды жана башка ушул сыяктуу оюн-зоок иш-чараларды уюштурууга же аларды өткөрүүгө катышууга, ошондой эле аларды жарнамалоого жана жарыялоого банктарга тыюу салынат.  

9. Банк операцияларын, башка иштерди жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруунун талаптары, шарттары жана өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

 

113-берене. Насыялоо 

 

1. Банк насыя берүүнү жоопкерчиликтүү насыялоо принциптерин жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын сактоо менен ишке ашырууга тийиш.  

2. Банк Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген насыя саясатына ээ болууга тийиш. 

3. Банкта насыялык тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуу тутуму жөнгө салынышы зарыл. 

4. Директорлор кеңеши банктын насыя саясатынын, лимиттердин, инструменттердин жана насыя тобокелдиктерин башкаруу жол-жоболорунун тутумунун, насыя тобокелдиктерин башкаруу боюнча ички контролдоо жана ички аудит тутумунун шайкештигин мезгил-мезгили менен жылына кеминде бир жолу кайрадан карап чыгууга милдеттүү

5. Банк бүтүндөй банктык продукттарда, операцияларда жана банк ишинде орун алган насыя тобокелдиктерин башкарышы керек.  

6. Банкта Улуттук банктын насыялоого жана насыя тобокелдигин башкарууга карата талаптарын эске алуу менен насыя берүүнүн тартиби белгиленет. 

7. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык каражаттарды жайгаштыруу банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык иш жүзүнө ашырылат.  

 

114-берене. Банктын инвестициялары 

 

1. Банк төмөнкү талаптарды жана чектөөлөрдү сактоо менен инвестицияларды жүзөгө ашыра алат: 

1) банктын банктык эмес уюмдарга катышуусу узак мөөнөттүү инвестициялоо катары ишке ашырылууга тийиш; 

2) финансылык салымдарды жана насыяларды кошо алганда, ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын он беш пайызына жетпегенин түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын алтымыш пайызынан ашпоосу зарыл;  

3) кыймылсыз мүлккө инвестициялардын өлчөмү белгиленген лимиттерден ашпоого тийиш; 

4) өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралат.  

2. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу банктын инвестициялык саясатына карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

3. Инвестицияларды жүзөгө ашыруу жана алардын банктын капиталына таасири боюнча банктарга карата башка талаптар жана чектөөлөр Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

115-берене. Банктын кыймылсыз мүлкү 

 

1. Банк кыймылсыз мүлктү, анын ичинде жерди Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык сатып алууга, ижарага алууга, ижарага өткөрүп берүүгө жана ажыратып алууга укуктуу.  

2. Улуттук банк кыймылсыз мүлктүн эсебин жүргүзүү, аны кармоонун мезгилин, баалоонун стандарттарын белгилөө жана кыймылсыз мүлккө байланышкан башка маселелер боюнча талаптарды белгилейт.  

 

116-берене. Банк менен байланыштагы жактар жана кызыкдар болгон бүтүмдөрдү түзүү 

 

1. Банк менен байланыштагы жактар бул: 

1) банктын кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары; 

2) банктын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан жана/же контролду ишке ашырган жактар; 

3) банк жана анын кызмат адамдары аларга олуттуу катышкан жана/же контролду ишке ашырган юридикалык жактар.  

4) ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн юридикалык жактардын жетекчилиги жана алардын жакын туугандары; 

5) жеке адамдар - ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын жакын туугандары; 

6) ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар аларга олуттуу катышкан жана/же контролду ишке ашырган юридикалык жактар; 

7) Улуттук банк менен байланышта аныкталуучу башка критерийлер. 

2. Банк менен байланыштагы жактар менен банктын кандай болбосун бүтүмдөрү кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр болуп саналат.  

3. Акчалай наркы Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашпаган, кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. Эгерде Директорлор кеңеши кворумдун жоктугунан улам мындай чечимди кабыл ала албаса, бүтүмгө келишүү маселеси банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна берилет.  

4. Акчалай наркы Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашкан, кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө чечим банктын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн. 

5. Банктын бүтүм түзүүгө кызыкдар болгон жагы ошол маселени талкуулоого жана добуш берүүгө катыша албайт, ошондой эле чечимдин кабыл алынышына башка ыкмада таасир эте албайт.  

6. Бүтүмдүн ишке ашырылышына кызыкдар жак экендиги ага маалым болгон жак ошол бүтүмгө канчалык деңгээлде кызыкдар экендигин жана/же бүтүмдүн экинчи тарабы менен өз ара мамилеси тууралуу банкка кат жүзүндө дароо чечмелеп берүүгө милдеттүү.  

7. Банк банк менен байланыштагы жактардын реестрин түзүүсү керек. Реестрдин түзүлүүсүнө карата талаптарды Улуттук банк аныктайт.  

 

117-берене. Банк жана банк менен байланыштагы жактардын ортосундагы операцияларга жана бүтүмдөргө карата талаптар жана чектөөлөр 

 

1. Банк банк менен байланыштагы жактарды төмөнкү учурларда насыялоого укуксуз: 

1) акыркы отчеттук күнгө карата учурдагы чыгымдар орун алса; 

2) эгерде банк тарабынан банк менен байланыштагы бир жакка берилген бардык насыялардын жана аларды алмаштыруучулардын өлчөмү Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн ашып кетсе; 

3) эгерде банк менен байланыштагы бардык жактарга берилген насыялардын жана аларды алмаштыруучулардын жалпы суммасы Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн ашып кетсе. 

2. Эгерде Улуттук банк тарабынан башкасы каралбаса, мындай операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруу шарттары ачык рыноктук шарттарда ишке ашырылган ушундай эле операциялар жана бүтүмдөргө салыштырганда алда канча ыңгайлуу болсо, банк банк менен байланыштагы жактар менен кандай болбосун операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуксуз.  

3. Банк менен байланыштагы жактар менен болгон ар кандай бүтүмдөр жана операциялар банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.  

4. Банктын туунду компаниялары, эгерде мындай операциялар жана бүтүмдөр Улуттук банктын талаптарына ылайык келсе, банк менен байланыштагы жактар менен ишке ашырылган операцияларга жана бүтүмдөргө катыша алат.  

5. Банк каалаган жак менен ага төмөнкүлөргө мүмкүндүк берүү үчүн бүтүмдөрдү түзүүгө укуксуз: 

1) банк менен байланыштуу жактын алдында милдеттенмелерди төлөө же башка жол менен аткарууга; 

2) банк менен байланыштуу жактан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга; 

3) банк менен байланыштуу жак тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга. 

6. Ишке ашырылган мына ушундай операциялардын жана бүтүмдөрдүн натыйжасында банктын финансылык абалы начарлап, финансылык кыйынчылыктарга алып келсе, банк менен байланыштуу жактар менен кандай болбосун операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруусуна банкка тыюу салынат. Банктын финансылык кыйынчылыктарга дуушар болушунун белгилери Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

7. Эгерде банктын акционерлери жана кызмат адамдары ушул Кодекске каршы келген жана банк үчүн чыгымдарды алып келүүчү чечимдерди кабыл алып же ал үчүн добуш берген болсо, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ошол чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартышат.  

8. Ушул Кодекстин талаптарын бузуу аркылуу түзүлгөн банк жана банк менен байланышкан жактардын ортосунда түзүлгөн кандай бүтүм болбосун жараксыз болуп саналат. 

9. Банкка байланыштуу жактар менен түзүлгөн банктын бардык бүтүмдөрү жөнүндө маалыматты банк Улуттук банк белгилеген тартипте, Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

10. Банктын банкка байланышкан жактар менен болгон операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрүн Улуттук банк аныктайт.  

 

118-берене. Банк ишинде кооптуу жагдайдын орун алышына жана анын алгылыксыз, кооптуу банктык тажрыйбага тартылышына жол бербөө 

 

1. Өз ишин жүзөгө ашырууда банктар аманатчыларынын жана насыя берүүчүлөрүнүн таламдарына, Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумдарынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдайларга жол бербөөгө, ошондой эле банктын алгылыксыз, кооптуу банктык тажрыйбага тартылышына бөгөт коюуга милдеттүү. Улуттук банк, алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны жүзөгө ашыруу белгилерин аныктайт.  

2. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган, ошондой эле банктын аманатчыларынын жана насыя берүүчүлөрүнүн таламына, Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумдарынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдайды түзгөн банктарга жана алардын кызмат адамдарына карата ушул Кодексте каралган таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.  

 

119-берене. Чындыкка ылайык келбеген жарнамаларга тыюу салуу 

 

1. Банктардын чыныгы иш абалына шайкеш келбеген жарнамаларды берүүгө тыюу салынат. Улуттук банктын талабы боюнча банк белгиленген мөөнөттө талапка жооп бербеген жарнамаларын жана башка ушундай эле маалыматтарын өзгөртүүгө, талапка ылайык келтирүүгө милдеттүү.  

2. Ушул беренеге ылайык Улуттук банктын талаптары аткарылбаган учурда, банктын жарнамалары чындыкка ылайык келбегендиги тууралуу маалыматты банктын эсебинен жарыялоого жана ага карата ушул Кодексте каралган таасир этүү чараларын колдонууга Улуттук банк укуктуу.  

3. Саясий партияларды жана шайлануучу кызматтарга талапкерлерди кошо алганда, банктарга саясий иш-чараларды каржылоого, саясий көз караштагы жарнамаларды берүүгө, ошондой эле башка жолдор менен саясий иш-чараларга катышууга тыюу салынат.  

 

120-берене. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террордук же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча банктардын милдеттери 

 

Банктар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террордук же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү

 

121-берене. Аманаттарды милдеттүү коргоо тутуму 

 

1. Банктар аманаттарды милдеттүү коргоо тутумуна катышат.  

2. Аманаттарды милдеттүү коргоо тутумунун иш тартиби, депозиттерди коргоо фондусун түзүү жана андан пайдалануу, кепилдик учурлары келип чыкканда аманаттар боюнча компенсацияларды төлөө, ошондой эле депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, банктар, Улуттук банк, мамлекеттик органдар ортосундагы мамилелер жана бул чөйрөдө келип чыгышы мүмкүн болгон башка мамилелер банк аманаттарын коргоо тууралуу мыйзам аркылуу жөнгө салынат.  

3. Банк эл аралык тажрыйбада колдонулган депозиттерди коргоонун кошумча формаларын тандай алат.  

 

122-берене. Камакка алуу, өндүрүүгө чегерүү жана конфискация 

 

1. Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын банктык эсептерде же сактоо жайында турган акча каражаттарына жана башка баалуулуктарына сот тарабынан гана камакка алынышы мүмкүн. 

Банктык эсепке же банкта сактоодо турган баалуулуктар камакка алынган шартта, ошол эсеп боюнча бардык чыгаша операцияларды же баалуулуктарды ооштуруу дароо токтотулат. Банктык эсептеги акча каражаттарынын белгилүү бир суммасы камакка алынган учурда, ошол сумманын өлчөмүндө азайтылбаган калдык чегинде кандай болбосун чыгаша операциялары токтотулат. 

2. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын банктык эсептерде же банкта сактоодо турган акча каражаттарынан жана башка баалуулуктарынан чегерүү сот жана салык мыйзамымын негизинде салыктык төлөм талабын берүү аркылуу салык органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.  

3. Банктагы акча каражаттарына, баалуулуктарга, документтерге карата тинтип текшерүүнү жүргүзүү же аларды алуу козголгон кылмыш иштери боюнча, өзгөчө соттук актынын негизинде тергөө органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.  

4. Акча каражаттарын жана башка баалуулуктарды конфискациялоо соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун) негизинде гана ишке ашырылышы мүмкүн. 

5. Сот же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, кызмат адамдары банктардын иш чөйрөсүн чектөө, анын ичинде акча каражаттарын же мүлкүн башкарууга карата аларга чектөөлөрдү белгилөө чечимин кабыл алуудан мурда, мындай чечимдин банктын насыя берүүчүлөрү жана кардарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы тутуму үчүн алып келе турган натыйжалары жөнүндө Улуттук банктан маалымат алууга милдеттүү.  

 

19-БАП

ЭСЕПКЕ АЛУУ, ОТЧЕТТУУЛУК ЖАНА АУДИТ 

 

123-берене. Жалпы жоболор  

 

1. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана банктын эсепке алуу саясатына ылайык эсепке алууну жүргүзүп, отчет түзүүгө милдеттүү.  

Өз ишин банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банк бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчетту түзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу стандарттарына ылайык жүргүзөт.  

2. Банктын эсепке алуу саясатында бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптери, бухгалтердик эсепке алуу ыкмалары жана аны уюштуруу эрежелери камтылууга тийиш. Финансылык топко көзөмөл жүргүзүлгөн учурда, банк ошол топтун жалпы консолидацияланган эсепке алуу саясатын иштеп чыгууга тийиш.  

3. Банкта эсепке алуу төмөнкүлөрдү тастыктагыдай негизде уюштурулушу зарыл: 

1) анын негизинде төмөнкүлөр так, анык түзүлүшү керек: 

- банктын реалдуу финансылык абалын жана иш натыйжаларын чагылдырган, эл аралык стандарттарга ылайык финансылык отчеттуулук; 

Улуттук банктын талаптарына ылайык регулятивдик отчеттуулук; 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттуулуктун башка түрлөрү

2) банктын активдерин жана келип чыккан тобокелдиктерди коопсуз жана ишенимдүү башкаргыдай; 

3) банктын акционерлери жана Директорлор кеңеши банктын финансылык абалын жана кызмат адамдарынын ишин контролдой алгандай. 

 

124-берене. Банктагы эсепке алуу жана отчеттуулук 

 

1. Банктын финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды кошо алгандагы мезгилди камтыйт. Эгерде банк 1-январдан кийин каттоодон өткөн болсо, анда биринчи финансылык жыл банктын мамлекеттик каттоодон өткөн күнүнөн башталып, ошол эле жылдын 31-декабрында бүтөт. 

2. Банктар бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту түзүүнү финансылык отчеттордун стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык жүргүзөт.  

3. Консолидацияланган негизде түзүлгөн отчетторду кошо алганда, банктык, бухгалтердик отчеттордун тизмеги, берүү формасы жана мөөнөттөрү, ошондой эле аларды бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.  

4. Банктар Улуттук банктын кат жүзүндөгү суроо-талабы боюнча акча каражаттарынын жүгүртүлүшү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан каражаттар (корреспонденттик эсептер) боюнча кандай гана маалымат болбосун ага берип турууга милдеттүү.  

5. Банктын Башкармасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарына ылайык финансылык отчеттуулуктун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтардын тактыгы, толуктугу жана талаптагыдай сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Банктын башкы бухгалтери финансылык отчеттуулукта бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын туура чагылдырылышы, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулуктун регистрлеринин талаптагыдай сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.  

 

125-берене. Документтердин эсебин алуу жана сактоо 

 

1. Банк бухгалтердик эсепте жана отчетторду түзүүдө колдонулган документтердин так эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү

2. Так эсепке алынууга жана сакталууга тийиш болгон документтердин тизмеги, аларды сактоо тартиби жана мөөнөттөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

 

126-берене. Банктардын аудити 

 

1. Банктын иши аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш.  

2. Банктын Директорлор кеңеши аудитордук уюмдарды жана талапкер аудиторлорду акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна сунуштоо үчүн тандайт. Акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейинки жыйырма иш күнүнөн кечиктирбестен, банк аудитордук уюм жана аудиторлорго талапкерлер тууралуу Улуттук банкка билдирет. Улуттук банк банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербеген катары аудитордук уюмду жана аудиторго талапкерлерди четке кагууга укуктуу жана ал жөнүндө акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейинки он иш күнүнөн кечиктирбестен банкка билдирет. 

3. Кыргыз Республикасынын аймагында банктарга аудитти жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензияга ээ, банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген аудитордук уюм гана банктын тышкы аудиторунан боло алат.  

4. Тышкы аудитор банктан көз карандысыз болууга тийиш, бул аудитордук корутундунун натыйжаларына, тыянактарга жана тышкы аудитор өз пикирин билдириши үчүн сырттан кимдир бирөөнүн таасирин жокко чыгарган шарттарга кандайдыр бир таасирлердин орун алышына көз карандысыз өз алдынча иш алып барууга жөндөмдүүлүктү түшүндүрөт. Тышкы аудитти жүргүзүү келишиминде аудитордук уюмдун өзү же анын кайсы бир аудитору же башка кызматкери, банкта эч кандай кызыкчылыкка ээ эмес экендиги, ага көз каранды эместиги, банк жана анын кызматкерлери менен эч кандай мамилеси жоктугу тууралуу билдирүүсү чагылдырылууга тийиш. 

5. Аудитордук уюм жана аудитор, эгерде алар акыркы эки жылдын аралыгында: 

1) банктын капиталына же анын аффилирленген жактарына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышуучу болгон жак болсо; 

2) банктын же анын аффилирленген жактарынын аффилирленген жагынан болсо; 

3) банкка жана анын аффилирленген жактарына кызматтарды (атайы аудитордук текшерүүлөрдү өткөрүү, консультациялык кызматтарды, ички аудит кызматын сунуштоо) сунуштаган жактар болсо; 

4) банктын же анын аффилирленген жагынын кызматкери болсо; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда банктан көз карандысыз деп эсептелинбейт. 

6. Банктын тышкы аудити бир эле аудитордук уюм тарабынан катары менен үч жолудан көбүрөөк ишке ашырылышы мүмкүн эмес. 

7. Тышкы аудитор төмөнкүдөй кемчиликтер аныкталгандан кийинки бир иш күнүнүн ичинде алар тууралуу банктын Башкармасына, Директорлор кеңешине жана Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

1) банктын туруктуулугуна коркунуч келтирген фактылар аныкталгандыгы тууралуу; 

2) убактылуу администрацияны киргизүү жана лицензияны кайтарып алуу үчүн негиз болгон фактылар жөнүндө

3) банкты аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы аудитти жүзөгө ашыруудан баш тартуу чечими жөнүндө

4) “арам” акчанын изин жашыруу жана/же террорчулукту каржылоо белгилери байкалган алдамчылык схемалары же бүтүмдөр аныкталгандыгы жөнүндө

5) тышкы аудиттин өтүнүчү боюнча кайсы бир маалыматты Улуттук банкка билдирүүдөн банктын баш тартып жаткандыгы жөнүндө

6) банкта же аффилирленген юридикалык жакта олуттуу чыгымдарга алып келиши мүмкүн болгон кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталгандыгы жөнүндө

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

8. Тышкы аудитор аудиттик текшерүүгө байланыштуу бардык маалыматты Улуттук банктын талабы боюнча берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтардын берилиши, тышкы аудитти жүргүзүүдө купуялуулукту камтыган маалыматтын ачыкка чыгарылышы катары эсептелинбейт.  

9. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбеген аудитордук корутундуну тааныса, анда банк өз эсебинен кайрадан аудит жүргүзүүгө милдеттүү

10. Аудитордук корутундуда маалыматтар аудиттин эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык чагылдырылууга тийиш. 

11. Аудитордук уюмдарга жана аудиторлорго карата талаптарды кошо алганда, банктардын тышкы аудитине карата талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

127-берене. Банктык топтордун аудити  

 

1. Эгерде банк банктык топко кирсе, бүтүндөй банктык топ милдеттүү аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Банктык топко жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча топтун ар бир катышуучусу боюнча отчеттор жана консолидацияланган отчет түзүлөт.  

2. Банктык топко аудити бир аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.  

3. Банктык топко аудитти жүргүзүүгө карата талаптар, анын ичинде ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шартты эске алгандагы талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

4. Тышкы аудитор банктык топтун аудитине байланыштуу кандай маалымат болбосун Улуттук банктын суроо-талабы боюнча ага берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтардын берилиши тышкы аудитти жүргүзүү учурунда купуялуулукту камтыган маалыматтарды ачыкка чыгаруу катары эсептелинбейт.  

 

128-берене. Аудитти жүргүзүүнүн, банктын жылдык финансылык отчетун бекитүүнүн, берүүнүн жана жарыялоонун мөөнөттөрү 

 

1. Финансы жылынын аякташы боюнча банк төмөнкүлөргө милдеттүү

1) банкка жаңы финансы жылы башталгандан кийинки токсон күндөн кечиктирилбестен тышкы аудиттин өткөрүлүшүн камсыздоого; 

2) финансылык отчет жана аудитордун банктын жетекчилигине каты менен бирге аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейинки беш иш күнүнүн ичинде Улуттук банкка берүүгө

3) акционерлердин жалпы чогулушунда банктын жылдык финансылык отчетунун жаңы финансылык жыл башталгандан кийинки токсон күндөн кечиктирбестен бекитилишин камсыздоого; 

4) акционерлердин жалпы чогулушу бекиткен финансылык отчет жана аудитордун банктын жетекчилигине каты менен бирге аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жаңы финансылык жыл башталгандан кийинки жүз беш күндөн кечиктирбестен, Улуттук банкка берүүгө;  

5) банктын жылдык финансылык отчетун (анын ичинде консолидацияланган отчетту) аудитордук корутунду менен бирге жаңы финансы жылы башталгандан жүз жыйырма күндөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жана формада жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.  

2. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу аудитордук корутундусуз банктын жылдык финансылык отчетун кароого жана бекитүүгө укуксуз.  

 

129-берене. Банктын финансылык отчеттуулугун жарыялоо жана банк ишинин негизги көрсөткүчтөрүн ачып берүү 

 

Банк финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өзүнүн ишинин негизги көрсөткүчтөрүн ачуу менен финансылык отчеттуулугун жарыялоого милдеттүү.  

 

 

IV БӨЛҮМ. 

БАНК СЫРЫ 

20-БАП. БАНК СЫРЫ 

 

130-берене. Банк сыры 

 

1. Банк сыры бул кардар тарабынан банкка берилген же банк тарабынан түзүлгөн же банктык ишти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алардын келишимге чейинки мамилелерин кошо алганда, банк менен кардардын өз ара мамилелерине байланыштуу башкача негизде келип чыккан бардык маалыматтар.  

2. Банк сырына төмөнкүлөр кирбейт: 

1) легитимдүү ачык маалымат (мыйзамдарга ылайык алар менен эркин таанышууга мүмкүн болгон маалымат); 

2) банктын кардарын идентификациялоого мүмкүндүк бербеген, консолидацияланган мүнөздөгү маалымат; 

3) банк менен байланыштуу жактар тууралуу, Улуттук банк тарабынан аныкталган ченемдеги маалымат. 

3. Бул главанын талаптары Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга жана башка юридикалык жактарга да жайылтылат. 

 

131-берене. Банк сырын түзгөн маалыматтын берилиши 

 

1. Банк ушул беренеде башкасы каралбаса, банктык сырды түзгөн маалыматты кардардын кат жүзүндөгү макулдугу менен каалаган жактарга берүүгө укуктуу. 

2. Банк Улуттук банкка банк сырын түзгөн каалаган маалыматты берүүгө милдеттүү. Улуттук банк банк сырын түзгөн маалыматты мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле ушул Кодексте каралган тартипте банктык көзөмөл максаттары үчүн башка мамлекеттердин борбордук банктарына/көзөмөл органдарына жана башка жактарга берүүгө укуктуу.  

3. Банк сырын түзгөн маалыматтар банк тарабынан төмөнкүлөргө берилет: 

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык - Кыргыз Республикасынын сотуна; 

2) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террордук же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга; 

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык алуу максаттары үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу салык органына;  

4) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык, депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга; 

5) Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга; 

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мураскордун укугунун өтүшүн (укук улантуучулукту) ырастоочу документтерди берүү учурунда, кардарлардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн мураскорлоруна (укук улантуучуларына), ошондой эле өлгөн кардарлардын аманаттары жана эсептери жөнүндөгү мурастык иштер кароосунда турган мамлекеттик нотариалдык контораларга. 

4. Банк сырын түзүүчү маалымат ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн каалаган башка жактарга соттук актынын негизинде гана берилиши мүмкүн.  

5. Банк сырын түзүүчү маалыматты берүү учурунда, ушул берененин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык банк кардарларынын макулдугу талап кылынбайт. 

 

132-берене. Банк сырын түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптарга карата талаптар 

 

Банк сырын түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) суроо-талап менен кайрылган жактын толук расмий аталышы жана реквизиттери, ошондой эле дареги, байланыш каналдары же берүү ыкмасын жана маалыматты алууга ыйгарым укук берилген адамды көрсөтүү менен башка байланыш маалыматтары;  

2) суроо-талап жөнөтүлгөн жактын аталышы; 

3) талап кылынган, банк сырын түзгөн маалыматтардын чегин жана көлөмүн көрсөтүү менен банктын кардарынын аты-жөнү (аталышын); 

4) банк сырын түзгөн маалыматтарды пайдалануу максаты жана суроо-талаптын укуктук негиздери; 

5) суроо-талапка кол койгон жактын ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар, кол тамга жана мөөрү

 

133-берене. Банк сырын түзгөн маалыматтарды пайдалануу 

 

1. Банк сырын түзгөн маалыматтар банк тарабынан төмөнкүлөрдүн пайдалануусу үчүн берилиши мүмкүн: 

1) банктын негизги ишине байланыштуу кызматтык милдеттерин аткаруу максатында, банк кызматкерлерине; 

2) мындай маалыматтар кызмат көрсөтүүнүн алкагында зарыл болсо, банк ишине байланыштуу банкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактарга; 

3) консолидацияланган отчетту даярдоо максатында банктын үстүнөн контролду ишке ашырган жакка; 

4) банк менен кардардын ортосундагы талаш маселелер боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого алуусу үчүн зарыл болгон учурларда жана чектерде - сотко. Банктын же кардардын өтүнүч каты боюнча соттук жыйын жабык түрдө өтүшү мүмкүн; 

Маалыматтардын мындай берилиши банктык сырды берүү жана ачыкка чыгаруу катары эсептелбейт. 

2. Мында банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга берилген банк сырын түзгөн маалыматтын корголушун жана купуялуулугун камсыздоого милдеттүү

 

134-берене. Банк сырын түзгөн маалыматты коргоо 

 

1.  Банк сырын түзгөн маалымат берилген жана/же алар үчүн чечмеленген банк, ошондой эле каалаган башка жактар мындай маалыматтын талаптагыдай корголушун жана купуялуулугун камсыздоого милдеттүү.  

2.  Банк сырын түзгөн маалыматтын корголушу жана купуялуулугунун сакталышы аларды сактоо, пайдалануу, кимдир бирөөгө берүү, чечмелөө жана санкциясыз пайдалануудан коргоо боюнча шайкеш уюштуруучулук, укуктук жана техникалык чаралардын көрүлүшү аркылуу камсыз кылынат.  

 

135-берене. Банк сырын түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгаруу же пайдалануу үчүн жоопкерчилик 

 

1. Банк сырын түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгаргандыгы же пайдалангандыгы үчүн банк, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана каалаган башка жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.  

2. Банк сырын түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгаруу же пайдалануу учурунда укуктары бузулган кардар же башка жактар келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу. 

 

136-берене. Банк сырын түзгөн маалыматтарды алмашуу 

 

1. Насыялык тобокелдиктерди минималдаштыруу жана өз ара маалымат алмашуу максатында, мыйзамга ылайык насыялык таржымалды түзүү жана банк сырын камтыган маалыматтардын пайдалануучуларга берилиши үчүн юридикалык жак түзүлүшү мүмкүн. 

2. Банктар өз ара макулдашуунун негизинде банк сырын түзгөн маалыматтарды алмашууга укуктуу.  

3. Ушул берененин максаттары үчүн банк сырын түзгөн маалымат кардардын макулдугу менен гана жана ушул главанын талаптарын сактоо шартында банк тарабынан берилиши мүмкүн.  

 

V БӨЛҮМ. 

БАНК КӨЗӨМӨЛҮ ЖАНА ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ 

 

21-БАП

БАНК КӨЗӨМӨЛҮ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ЧАРАЛАР 

 

137-берене. Банк көзөмөлү 

 

1. Улуттук банк ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык банктардын, банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын жана башка юридикалык жактардын ишине көзөмөлдү жана жөнгө салууну ишке ашырат.  

2. Банк көзөмөлү тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле жөнгө салуучу нормаларды чыгаруу аркылуу ишке ашырылат. Улуттук банк жеринде комплекстүү жана максаттуу текшерүү методдорун тышкы көзөмөл менен айкалыштыруу аркылуу ар бир банк үчүн алардын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен көзөмөлдү жүргүзүү стратегиясын аныктайт.  

3. Улуттук банкта банктык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу коллегиалдык орган түзүлүшү мүмкүн. 

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн финансы секторунун ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташууну ишке ашырат.  

5. Улуттук банк банктык топторго көзөмөлдү ушул Кодекске ылайык консолидацияланган (консолидацияланган көзөмөл) негизде ишке ашырат.  

 

138-берене. Банк көзөмөлүнүн максаттары үчүн маалымат жана документтер 

 

1. Банк, анын кызмат адамдары жана башка кызматкерлер, банктын акционерлери жана банк менен байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана башка каалаган маалыматтарды өз учурунда берип турууга милдеттүү.  

2. Улуттук банк тарабынан алынган жана банк сырына жатпаган маалымат жана документтер купуялуулукту камтыган маалымат болуп саналат жана алар ушул Кодекске ылайык банк көзөмөлүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон учурлардан тышкары жарыяланууга же кимдир бирөөгө берилүүгө тийиш эмес.  

3. Купуялуулукту камтыган маалыматтар менен таанышууга мүмкүнчүлүгү болгон Улуттук банктын кызматкерлерине жана башка жактарга ушул Кодексте белгиленген тартиптен тышкары башка жол менен аларды ачыкка чыгаруусуна тыюу салынат.  

4. Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, алардын ишине тиешелүү маалыматтарды берүү тартибин банктык топ үчүн аныктоого укуктуу.  

5.  Улуттук банктын насыялык регистрин кошо алуу менен Улуттук банк маалымат базасын түзөт. Насыялык регистрди түзүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

139-берене. Банк үчүн экономикалык ченемдер жана талаптар 

 

1. Банктар үчүн экономикалык ченемдердин жана талаптардын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:  

1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

2) өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү

3) капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттары; 

4) бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү

5) ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү); 

6) валюталык, насыялык, операциялык жана башка тобокелдиктерди чектөө жана аларды башкаруу боюнча талаптар; 

7) резервдерди түзүү тартибине карата талаптар; 

8) Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка түрлөрү

2. Экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн өлчөмү жана аларды эсептөөнүн методикасы Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

3. Улуттук банк тутумдук банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга карата экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка өлчөмдөрүн белгилөөгө укуктуу. Тутумдуулук статусун Улуттук банк аныктайт.  

4. Улуттук банк банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашырган банктар үчүн экономикалык ченемдерди жана башка милдеттүү талаптарды, ченемдерди жана лимиттерди белгилейт.  

5. Банктар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.  

140-берене. Банк ишине тышкы көзөмөл 

 

1. Банк ишине тышкы көзөмөл, кароого сунушталган отчеттор жана башка маалыматтар боюнча банктардын ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле негизги иш багыттары боюнча банктын башкаруу органдары менен өз ара иш алып баруу аркылуу, аралыктан туруп, туруктуу негизде ишке ашырылат.  

2. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери тиешелүү документтерди жана маалыматтарды банктан талап кылууга, ошондой эле банкка өзү барып, анын жетекчилиги, кызмат адамдары жана кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу.  

3. Банктардын ишине тышкы көзөмөлдү уюштуруу, аны жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар жана анын тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

141-берене. Банк ишине инспектордук текшерүү 

 

1. Банкка ыйгарым укуктуу кызматкерлерин жөнөтүү аркылуу Улуттук банк банк ишине мезгил-мезгили менен инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүп турат.  

2. Инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында төмөнкүлөргө баа берилет:  

1) банктын финансылык абалына, ишти башкаруу сапатына жана натыйжалуулугуна; 

2) банктын туруктуулугуна жана коопсуз ишине таасир этүүчү банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерге; 

3) банктын финансылык жана регулятивдик отчеттуулугунун ишенимдүүлүгүнө

4) Улуттук банктын эскертүүлөрүнүн, талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн банк тарабынан аткарылышына; 

5) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам ченемдеринин банк тарабынан сакталышына; 

6) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген башка милдеттердин жана талаптардын банк тарабынан аткарылышына. 

3. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө укуктуу:  

1) банктын кайсы жайына болбосун кирүүгө, каалаган документтерди жана маалыматтарды, анын ичинде алардын көчүрмөлөрүнүн берилишин талап кылууга; 

2) тышкы аудитор, банктын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, ошондой эле банкка кызмат көрсөткөн башка жактар менен жолугушуп, ошондой эле оозеки жана кат жүзүндө маалыматтарды алууга; 

3) инспектордук текшерүүлөргө байланыштуу башка зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө

4. Текшерүүгө алынган банк төмөнкүлөргө милдеттүү

1) Улуттук банкка зарыл болгон бардык документтерди жана маалыматтарды берүүгө

2) Улуттук банктын талаптарына ылайык маалымат тутумдарын жана банктын маалымат базасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; 

3) өзүнчө жай, тиешелүү техникалар жана байланыш каражаттарын берүүгө

4) башка кызматташууну ишке ашырууга. 

5. Ушул берененин талаптары ошондой эле банктык топторго жана анын катышуучуларына, банк менен жалпы кызыкчылыгы болгон каалаган башка компанияларга жана банк менен байланыштуу кандай болбосун башка жактарга да жайылтылат. 

6. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин Улуттук банк аныктайт.  

7. Банкка жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчет Улуттук банктын купуялуулукту камтыган документи болуп саналат жана аны Улуттук банктын макулдугусуз үчүнчү жактарга берүүгө болбойт. Банктын директорлор кеңеши жана Башкармасы инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчетко кол коюп берүү аркылуу Улуттук банк белгилеген мөөнөттөрдө таанышууга милдеттүү

8. Улуттук банк аудиторлорду, эксперттерди, адистерди, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды жана уюмдарды инспектордук текшерүүгө тартууга укуктуу. Текшерүүгө тартылган жактар маалыматтардын купуялуулугун сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык сырды ачыкка чыгарбоого милдеттүү.  

9. Улуттук банк жана банк көзөмөлүн жүргүзгөн чет өлкөлүк органдар тиешелүү эки тараптуу келишимдердин негизинде бири-биринин аймагында көзөмөлгө алынган субъекттерге инспектордук текшерүүлөрдү ишке ашырууга укуктуу.  

 

22-БАП

БАНКТАРДЫН ТОБУ. КОНСОЛИДАЦИЯЛАНГАН КӨЗӨМӨЛ 

 

142-берене. Консолидацияланган көзөмөл объектиси 

 

1. Улуттук банк төмөнкү банктардын тобуна карата консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашырат: 

1) Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банк жетектеген жана анын туунду жана/же көз каранды компанияларына; 

2) Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компания жетектеген, Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банк анын туунду жана/же көз каранды компанияларынын биринен болгондорго. Банктык холдингдик компания бул банк анын туунду жана/же көз каранды компанияларынын биринен болгон башкы компания; 

3) Кыргыз Республикасынын аймагында банктык жана/же финансылык ишти жүргүзүшкөн, курамына Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн, аларды контролдоону бир эле жак өз алдынча же башка жактар менен биргелешип жүзөгө ашырган банк кирген юридикалык жактардын тобуна.  

2. Эгерде юридикалык жактардын тобунун башкы компаниясы жок болсо, анда контролдоочу жак тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жактар тобунун бири Улуттук банктын макулдугу менен консолидацияланган отчетту жана маалыматтарды Улуттук банкка берүү милдетин аткарат.  

3. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөл талаптарын колдонбоо учурларын белгилөөгө укуктуу. 

 

143-берене. Банктар тобунун иши 

 

1.  Банктардын тобуна кирген компаниялар банктык жана/же финансылык ишти, ошондой эле банктык холдингдик компанияларга тиешелүү учурларда, топтун катышуучуларынын акцияларына ээлик кылууну кошо алганда банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу иштерди гана жүзөгө ашыра алат.  

2.  Банктардын тобунун катышуучусу болуп саналган банк өз ишин банктардын тобунун калган катышуучуларынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасында түзүлгөн, банктардын тобуна кирген банктык холдингдик компаниялар акционердик коом формасында болууга тийиш. 

3.  Банктардын тобун жетектеп турган банк банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдоого алган башкы компания бүтүндөй банктар тобунун ишинин банктык мыйзамдарга ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартат.  

4.  Банктардын тобун, банктык холдингдик компанияларды жана юридикалык жактар тобун контролдогон башкы компанияларды жетектеп турган банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы, банктардын тобунун бардык катышуучуларынын ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашуусун камсыздоого тийиш.  

5.  Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктын финансылык абалына анын банктардын тобуна катышуусунан улам коркунуч орун алса, банк ал тууралуу кат жүзүндө дароо Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.  

6.  Ушул Кодекстин талаптары банктардын тобуна жана банктык топтун катышуучуларына Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө жана чектерде жайылтылат. 

 

144-берене. Экономикалык ченемдер жана башка талаптар 

 

1. Улуттук банк банктык топтун катышуучуларынын капиталынын шайкештигине карата талаптарды, ошондой эле банктык топ милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон башка экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт  

2. Банктык топ топтун бардык катышуучуларынын потенциалдуу жоготууларынын жана чыгымдарынын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон капиталдын тиешелүү деңгээлине ээ болууга тийиш. 

3. Банктык топтун жана анын катышуучуларынын капиталы Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигин камсыздоо боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгышы зарыл. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигин камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартышат.  

4. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигине олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон бардык фактылар жана жагдайлар тууралуу Улуттук банкка дароо маалымдоого милдеттүү

 

145-берене. Тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо 

 

1. Банктык топтун катышуучулары өз ишинде банктык топтун каалаган катышуучунун же бүтүндөй банктык топтун финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди өзүнө алууга тийиш эмес. 

2. Банктык топтор жана анын катышуучулары топтун ишине, ошондой эле ушул Кодекске жана мыйзамдарга ылайык келген тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдун талаптагыдай тутумуна (саясатына) ээ болууга тийиш. 

3. Банктык топ жана анын катышуучулары Улуттук банктын ири тобокелдиктер, инвестициялардын өлчөмү жана консолидацияланган негизде валюталык позицияга тиешелүү чектөөлөрүн так сактоого, ошондой эле тобокелдиктерди жана иштеги чектөөлөрдү минималдаштыруу боюнча башка талаптарды аткарууга тийиш. Улуттук банк банктык топтун катышуучуларынын ортосундагы бүтүмдөр жана операциялар боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. 

4. Банктык топту жетектеп турган банк банктык холдингдик компания жана юридикалык жактардын тобун контролдоого алган башкы компания ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу тутумуна карата Улуттук банктын талаптарынын банктык топ тарабынан сакталышы үчүн жоопкерчилик тартышат.  

 

146-берене. Банктык топтор берген отчеттор жана маалыматтар 

 

1. Банктык топ консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында, Улуттук банк тарабынан, анын ичинде банктык топтордун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын резидент эместерине карата да белгиленген тизмекте, форма боюнча, көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө өз ишине тиешелүү консолидацияланган отчетторду жана маалыматтарды Улуттук банкка чечмелеп берүүгө милдеттүү.  

2. Банктык топ же анын катышуучулары аларга карата олуттуу таасир эте алган (тике же кыйыр түрдө) башка юридикалык жактар консолидацияланган отчеттуулукту түзүү максатында өз ишине тиешелүү отчетторду берип турууга милдеттүү

3. Банктык топ директорлор кеңешинин жана Башкарманын мүчөлөрү, аларга тике же кыйыр түрдө контролду жүргүзгөн олуттуу катышуучулар, алар менен байланыштуу жактарга тиешелүү маалыматтарды Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

4. Улуттук банк алардын финансылык абалына, тобокелдиктерди башкаруу тутумуна, корпоративдик башкаруунун сапатына жана көзөмөлдү жүргүзүүнүн башка максаттарына баа берүү үчүн банктык топтордон жана анын катышуучуларынан башка отчеттордун жана маалыматтардын берилишин талап кылууга укуктуу.  

 

147-берене. Банктык топтордун катышуучуларына карата таасир этүү чаралары 

 

1. Банктык топтун кайсыл болбосун катышуучусуна (жеке адамдарга же юридикалык жактарга) же кызмат адамдарына карата ушул беренеге ылайык таасир этүү төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн, эгерде:  

1) аффилирленген жактар банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманатчыларынын таламдарына кедергисин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды четтетүүгө тиешелүү Улуттук банктын талабы боюнча чараларды көрбөсө

2) банктын олуттуу катышуучусу, иши же финансылык абалы банктын финансылык туруктуулугуна же анын аманатчыларынын таламдарына кедергисин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон, алар контролдогон компанияларга карата Улуттук банктын талабы боюнча чараларды көрбөсө

3) Улуттук банктын баасы боюнча банктык топтун ишине башкы (энелик) банк/компания жана/же чет өлкөлүк көзөмөл органы тарабынан контролдук/банктык топтун катышуучуларына контроль/көзөмөл тобокелдиктерди аныктоо жана аларды минималдаштырууга мүмкүндүк бербегендей негизде, жетишсиз жүргүзүлүп жатса; 

4) Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды ала албай жатса; 

5) Ушул Кодексте каралган башка негиздер боюнча. 

2. Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) банктын туунду компаниясы менен болгон учурда бул компанияга кандай болбосун инвестициялардын токтотулушун банктан талап кылууга;  

2) банктын аффилирленген жактары менен болгон учурда мындай аффилирленген жак менен банк ортосунда операциялардын, бүтүмдөрдүн (тике же кыйыр) токтотулушун банктан жана/же аффилирленген жактан талап кылууга; 

3) банктык холдингдик компания менен болгон учурда банк ишине контролдукту, анын ичинде акциялар боюнча тике же кыйыр түрдө добуш берүү укугун токтотууну банктык холдингдик компаниядан талап кылууга; 

4) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдонуучу компаниялар менен болгон учурда олуттуу катышуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга: 

- банк ишине катышууну, анын ичинде тике же кыйыр түрдө акциялар боюнча добуш берүү укугун ишке ашырууну токтото турууга; 

- банк менен олуттуу катышуучу жана/же банк менен олуттуу катышуучуну контролдогон компаниянын ортосунда тике жана кыйыр түрдө операциялардын, бүтүмдөрдүн ишке ашырылышын токтото турууга; 

5) банктын туунду же көз каранды компаниясы менен болгон учурда-компания андан ары банктын туунду же көз каранды компаниясы болуп саналбагандай деңгээлге чейин банк өз инвестицияларын азайтууну талап кылууга;  

6) банктык холдингдик компания менен болгон учурда - банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга уруксатты жокко чыгарууну жана акциялардын тиешелүү топтомунун сатылышын талап кылууга;  

7) банктын башкы компаниясынын туунду компаниясы менен болгон учурда - банктык холдингдик компания туунду компанияга же банкка контролдугун токтотушун талап кылууга; 

8) банктын олуттуу катышуучусу болуп саналган компаниялар менен болгон учурда банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууну жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга; 

9) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдонгон юридикалык жактар менен болгон учурда банктын олуттуу катышуучусу укугуна берилген уруксатты жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга. 

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-9-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда акциялар боюнча добуштар банктын акционерлеринин чогулушунун кворумун эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны тиешелүү чечимдин кабыл алынышына таасир этсе, буга чейин кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелинет. Кемчиликтерге жол берген жак Улуттук банктын талабы боюнча акциялардын тиешелүү топтомун белгиленген мөөнөт ичинде аны менен байланыштуу болбогон жактарга сатууга милдеттүү. Бул ишке ашырылбаса, Улуттук банк ошол жактын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу өтүнүчү менен сотко кайрылат. 

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 4-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, эгерде бүтүмдөр Улуттук банктын талаптарын бузуу менен ишке ашырылган болсо, анда мындай бүтүмдөр жараксыз болуп саналат. Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу боюнча талап менен сотко кайрылууга укуктуу. 

 

148-берене. Улуттук банк менен финансы секторунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүү 

 

1. Эгерде банктык топтун катышуучусу башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш болсо, Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар банктардын тобунун ишине ар тараптуу көзөмөлдү ишке ашыруу максатында, алар менен кызматташууга тийиш. 

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Улуттук банктын суроо-талабы боюнча ага банктык топко же анын катышуучуларына кандай болбосун тиешелүү колдо болгон маалыматты берүүгө тийиш. 

3. Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууда банктык топко жана анын катышуучуларына карата макулдашылган иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын координацияланышын караган тиешелүү келишимдерди түзүшөт.  

 

 

 

 

149-берене. Улуттук банк менен чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдарынын 

ортосундагы кызматташтык 

 

1. Банктык топтун ишине бириккен негизде көзөмөлдү ар тараптан жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен кызматташтык жөнүндө макулдашууну түзөт.  

2. Чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен бириккен көзөмөл боюнча кызматташтыкты ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк банктык сырды кошкондо, зарыл болгон маалыматтар менен алмашууга, суроо-талап боюнча максаттуу текшерүүлөрдү (анын ичинде, биргелешкен) жана өз ара консультацияларды жүргүзүүгө, ошондой эле колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө билдирүүгө укуктуу. 

 

23-БАП. 

БАНКТАРГА КАРАТА КОЛДОНУЛУУЧУ ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ 

 

150-берене. Жалпы жоболор 

 

 1. Улуттук банк ушул Кодексте каралган таасир этүү чараларын банкка, анын акционерлерине жана кызмат адамдарына, ошондой эле банктык топко карата колдонот. Ушул Кодекстин таасир этүү чараларын колдонуу жана аларга карата даттануу тартиби бөлүгүндөгү жоболору, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, Улуттук банктын көзөмөлүндөгү банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга жана башка юридикалык жактарга карата да колдонулат.  

2. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларынын колдонулушунун максаты болуп банктардын жана Кыргыз Республикасынын бүтүндөй банк тутумунун туруктуулугун колдоо үчүн көйгөйлөрдү алдын-ала ыкчам аныктоо, оңдоолорду киргизүү жана четтетүү, аманатчылардын жана башка насыячылардын кызыкчылыктарын коргоо саналат. 

3. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары ушул Кодексте каралган негиздер боюнча, анда белгиленген учурларда жана тартипте колдонулат. Банкка карата таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, анын түрүн жана колдонуу тартибин Улуттук банк өз алдынча аныктайт.  

Улуттук банк алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбанын белгилерин жана ага банктардын жана анын кызмат адамдарынын канчалык деңгээлде тиешеси бардыгын аныктайт.  

4. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонууда Улуттук банк банктык тажрыйбанын жогорку стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумдарынын туруктуулугун сактоо зарылчылыгын жетекчиликке алууга тийиш. Ал банктын акционерлеринин жана кызмат адамдарынын, банк менен байланыштуу адамдардын жана бардык башка адамдардын таасири алдында болууга, же болбосо Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир этүү чараларынан улам, алар потенциалдуу жоготууларга учурап калышын көңүлгө алууга укугу жок.  

5. Улуттук банк маалыматтарды жарыялоо банктын аманатчыларынын жана башка насыячыларынын кызыкчылыктарына, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурлардан, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка учурлардан тышкары, банктарга карата колдонулган таасир этүү чаралары, ошондой эле мындай чаралардын бардык өзгөрүүлөрү же токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялайт. Аталган маалыматты жарыялоо мөөнөтү жана тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. Мындай маалыматтардын жарыяланышы банктык сырдын ачыкка чыгарылышы болуп саналбайт.  

 

151-берене. Таасир этүү чараларын колдонуунун негиздери  

 

1. Таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен белгиленген ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн бузулушу саналат.  

2. Таасир этүү чаралары ушул Кодексте каралган башка учурларда да колдонулат.  

 

152-берене. Таасир этүү чаралары 

 

1. Таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:  

1) төмөнкүлөр жөнүндө жазма буйрук: 

- жол берилген бузууларды четтетүү жөнүндө;  

- ишти талапка ылайык келтирүү жөнүндө

- белгилүү бир иштерди аткаруу жөнүндө

2) айып пул: 

банкка карата - уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеминен он пайыздан көп эмес өлчөмдө

банктын кызмат адамына карата - бардык түрдөгү төлөөлөрдү (эмгек маянаны, сый акыларды, бонустарды ж.б.) кошкондо, орточо жылдык сый акыдан көп эмес өлчөмдө

Улуттук банктын көзөмөлүндөгү банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга жана башка юридикалык жактарга карата - активдердин баланстык наркынан он пайыздан көп эмес өлчөмдө жана алардын кызмат адамдарына карата - төлөөлөрдүн бардык түрүн (эмгек маяна, сый акыларды, бонустарды ж.б.) кошкондо, орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө

3) төмөнкүлөр жөнүндө талап: 

- банктын финансылык жактан чыңдоо, кайра түзүмдөө жана/же кайра өзгөртүп түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү

- банкка кайталап/атайын тышкы аудитти жүргүзүү

- Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде банктын акцияларын сатуу; 

- административдик чыгымдарды кыскартуу; 

- банктын уюштуруу түзүмүн өзгөртүү

банктын саясатын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү

4) экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу; 

5) төмөнкүлөргө чек коюу же тыюу салуу: 

- банктын мүлктөрүн жана/же акча каражаттарын тескөөгө

- пайданы бөлүштүрүү жана/же сыйакыларды төлөөгө

- инвестицияларды жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жана башка бүтүмдөрдү жүргүзүүгө

- банктык операциялардын айрым түрлөрүн ишке ашырууга; 

банктын туунду компанияларын, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана башка түзүмдүк бөлүнүштөрүн түзүүгө

банк менен байланышы бар жактар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө

- акционердин банк ишине андан-ары катышуусуна;  

6) кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же бошотууга, башкаруу органдарын алмаштырууга; 

7) атайын режимди киргизүүгө

- тике банктык көзөмөлдү киргизүү

- Убактылуу администрацияны киргизүү

8) Ушул Кодексте каралган негиздер боюнча лицензияларды кайтарып алуу; 

9) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган башка таасир этүү чаралары.  

 

153-берене. Таасир этүү чараларын колдонуу жана ага даттануу тартиби 

 

1. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин Улуттук банк белгилейт.  

2. Банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары, эгерде анда башкача белгиленбесе, Улуттук банктын тиешелүү документине кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 

3. Банкка карата колдонулган таасир этүү чаралары Улуттук банктын чечими боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн. 

4. Мөөнөттүн эскириши Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларынын колдонулуусу үчүн пайдаланылбайт.  

5. Ушул Кодекске ылайык банктын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароодо, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушу белгилүү болгондугу, ошондой эле мындай бузуулардын алдын алуу же четтетүү үчүн мүмкүн болгон бардык чаралар көрүлгөндүгү, анын ичинде банктын коллегиалдуу башкаруу органы чечимдерди кабыл алуусунда добуш берүү аркылуу чара көрүлгөндүгү тууралуу Улуттук банкты өз учурунда маалымдагандыгы фактору эске алынат.  

6. Ушул Кодекске ылайык Банктарга жана алардын кызмат адамдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары административдик жоопкерчилик чараларына кирбейт. 

7. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу Улуттук банктын чечимине ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.  

 

VI БӨЛҮМ.  

БАНКТЫ ФИНАНСЫЛЫК ЖАКТАН ЧЫҢДОО.  

УБАКТЫЛУУ АДМИНИСТРАЦИЯ ЖАНА КАЙРА ТҮЗҮМДӨШТҮРҮҮ 

 

24-БАП.  

БАНКТЫ ФИНАНСЫЛЫК ЖАКТАН ЧЫҢДОО 

 

154-берене. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы 

 

1. Финансылык кыйынчылыктар жана көйгөйлөр келип чыккан учурда банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банкты финансылык жактан чыңдоо планы болууга тийиш.  

2. Планда банктын туруктуу ишин калыбына келтирүү боюнча шайкеш чаралар, ыкмалар жана ресурстар каралышы зарыл.  

3. Банк банкты финансылык жактан чыңдоо планынын шайкештигине баа берүүгө милдеттүү

4. Жаңыртылган планды кошкондо, банкты финансылык жактан чыңдоо планы Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Банкты финансылык жактан чыңдоо планын түзүүгө жана аны жаңыртууга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

5. Эгерде банк банктык топтун бөлүгү болуп саналса, анда банктык топту финансылык жактан чыңдоо боюнча кошумча план болууга тийиш. Ушул главанын талаптары банктык топко жайылтылат.  

 

155-берене. Улуттук банктын талабы боюнча банкты финансылык жактан чыңдоо 

 

1.  Улуттук банк кайсы убакыт болбосун финансылык жактан чыңдоо планында каралган чаралардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, өзүнүн кароосу боюнча бардык башка чаралардын колдонулушун банктан талап кыла алат.  

2.  Улуттук банктын талабына ылайык Банктын директорлор кеңеши банкты финансылык жактан чыңдоо программасын бекитүүгө милдеттүү.  

3.  Улуттук банктын талабы коюлган күндөн тартып банк пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлер алдында бардык финансылык милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө, ошондой эле банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине эмгек акыдан тышкары, кандай болбосун сый акыларды төлөө тууралуу чимдерди кабыл алууга укуктуу эмес.  

4.  Банкты финансылык жактан чыңдоо боюнча чаралар көрүлүп жаткан мезгилде Улуттук банк, эгерде бул банктын финансылык абалынын начарлашына же банкрот болушуна алып келе турган болсо, банктын акчалай милдеттенмелери боюнча насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга тыюу салууга же чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.  

 

25-БАП. 

УБАКТЫЛУУ АДМИНИСТРАЦИЯ 

 

156-берене. Жалпы жоболор 

 

1. Убактылуу администрация банктын ишин башкаруунун атайын режими, ал ушул Кодекске ылайык таасир этүү чаралары катары Улуттук банк тарабынан киргизилет.  

2. Убактылуу администрация төмөнкү максаттарда киргизилет:  

1) активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн банкка контролду орнотуу; 

2) банктагы иштин айкын абалын белгилөө жана анын андан аркы ишин аныктоо; 

3) банктын аманатчыларынын жана башка насыя берүүчүлөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу. 

3. Убактылуу администрация алты айга чейинки мөөнөткө киргизилет. Убактылуу администрациянын аракеттенүү мөөнөтү алты айдан көп эмес мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.  

4. Убактылуу администрация аракеттенүү мөөнөтү бүткөндө же Улуттук банктын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат.  

5. Улуттук банктын Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө чечими белгиленген тартипте банктын башкаруу органдарына жана кызыкдар жактарга жеткирилет.  

6. Улуттук банк Убактылуу администрациянын ишин контролдойт жана координациялайт, Убактылуу администраторго милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон нускамаларды, көрсөтмөлөрдү жана буйруктарды берет.  

7. Улуттук банк Убактылуу администрация мезгилинде банктын лицензиясын кайсы убакыт болбосун кайтарып алууга жана аны мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоого укуктуу. 

8. Улуттук банктын Убактылуу администрацияны киргизүү тууралуу чечими сот тарабынан жараксыз деп таанылууга тийиш эмес. Кызыкдар жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгашаларды өндүрүү жолу аркылуу өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.  

9. Улуттук банктын Убактылуу администрацияны киргизүү жана анын ишин токтотуу жөнүндөгү чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланат.  

 

157-берене. Убактылуу администрацияны киргизүү негиздери  

 

1. Улуттук банк төмөнкү негиздердин бири боюнча банкка Убактылуу администрацияны киргизүүгө милдеттүү

1) банктын өздүк капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмүнүн жетимиш беш пайызынан азын түзсө

2) капиталдын шайкештик коэффициенттеринин кайсынысы болбосун Улуттук банк тарабынан белгиленген коэффициенттин маанисинин элүү пайызынан азын түзсө

3) төлөм мөөнөтү келип жеткенден кийинки беш жумуш күнүнүн ичинде банк карыздык милдеттенмелер боюнча насыя берүүчүнүн укук ченемдүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүз болсо. 

2. Улуттук банк төмөнкү негиздердин бири боюнча банкка Убактылуу администрацияны киргизүүгө укуктуу: 

1) банк капиталга карата талаптарды бузса жана/же Улуттук банктын баасы боюнча банктын финансылык абалы олуттуу начарлайт деген негиздер болсо; 

2) ушул Кодекске ылайык лицензияларды кайтарып алуу үчүн кандай болбосун негиздер болсо; 

3) банктын башкаруу органдарынын ортосунда анын ишинин үзгүлтүккө учурашына алып келген пикир келишпестиктер болсо жана/же банкка өз эрки менен жоюуну жүргүзүүгө баш тартылган учурду кошкондо, банктын башкаруу органдары же кызмат адамдары өз функцияларын аткара алышпай, банкты башкарууга мүмкүн болбой калганда; 

4) ушул Кодексте каралган башка негиздер боюнча.  

 

158-берене. Убактылуу администрацияны киргизүүнүн кесепеттери  

 

1. Банкка Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып төмөнкү кесепеттер келип чыгат: 

1) банктын башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары токтотулат жана убактылуу администрацияга өтөт. Банктын атынан юридикалык жак катары Убактылуу администрация гана чыга алат. Кимдир бирөөнүн банктын атынан көргөн кандай иш-аракеттери болбосун жараксыз деп эсептелинет; 

2) эгерде Улуттук банк тарабынан башкача белгиленбесе, бардык банктык операциялар, бүтүмдөр жана башка иштер токтотулат; 

3) банктын ишенимдүү башкарууда турган мүлктөрүнөн тышкары, банктан карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук актыларды аткаруу токтотулат; 

4) банк тарап катары чыккан жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот өндүрүшү токтотулат; 

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын банкка карата кандай болбосун мажбурлоочу актыларын аткаруу токтотулат;  

6) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдөн тышкары, банктын бардык карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат; 

7) пайдаларды бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлердин алдындагы башка бардык финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кандай болбосун сыйакыларды (белгиленген эмгек акыдан тышкары, сыйакылар, бонустар жана башка дем берүүчү төлөөлөр) төлөөлөр токтотулат.  

2. Убактылуу администрация иш алып барып жаткан мезгилде банктык операцияларды жана төлөмдөрдү, ошондой эле башка иштерди жүргүзүү тартибин Улуттук банк аныктайт.  

3. Улуттук банктын чечими боюнча Убактылуу администрация банк менен байланышы жок жактардын аманаттары боюнча төлөөлөрдү ишке ашырышы мүмкүн. 

4. Улуттук банктын макулдугу менен ушул Кодексте каралган төлөм тутумдарында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумдарында акыркы эсептешүүлөрдүн эрежелери колдонулушу мүмкүн.  

5. Банк Убактылуу администрация тарабынан ушул Кодекске ылайык банктын атынан жүргүзүлгөн бардык операциялар жана бүтүмдөр боюнча толук жоопкерчилик тартат. 

6. Убактылуу администрация иш алып барган мезгилде эмгек акыны төлөө жана кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндардын ордун толтуруп берүү токтотулбайт. 

7. Кызмат көрсөтүүчүлөр (электр энергиясы, суу менен камсыз кылуу, байланыш, күзөт жана башка кызматтар) Убактылуу администрациянын киргизилишине байланыштуу банк менен түзүлгөн кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу эмес.  

 

159-берене. Убактылуу администратор 

 

1. Убактылуу администратор болуп кынтыксыз ишкердик абройго ээ, финансы-банк-тутумунда беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, Улуттук банк тарабынан белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген жеке адамдар дайындалышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматкерлери Убактылуу администратор боло алышпайт.  

2. Убактылуу администратор Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат.  

3. Кызыкчылыктардын каршы келип калышына жол бербөө максатында Убактылуу администратор кызматына талапкер адам өзү жана иштеги кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматты белгиленген форма боюнча Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

4. Убактылуу администратордун жана Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган, ишке тартылган адистердин эмгек акылары банктын каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Убактылуу администрациянын курамында иштеген Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акылары Улуттук банктын эсебинен төлөнөт.  

5. Убактылуу администрациянын чыгымдар сметасын Убактылуу администратор түзөт жана Улуттук банк бекитет. Убактылуу администратор Улуттук банк белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө Убактылуу администрациянын чыгымдары боюнча отчет берет. 

6. Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. Камсыздандыруучуга талаптар жана камсыздандыруу шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

160-берене. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу 

  

1.  Убактылуу администратор өз эрки менен жоюу жөнүндө чечимди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктардан тышкары, банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын уставы жана мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырат. 

2.  Убактылуу администратор ушул Кодексте каралган максаттарга жетүү үчүн өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат. Убактылуу администратор банктын, анын аманатчыларынын жана башка насыя берүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарында ак ниет жана акылга сыярлык иш алып барууга тийиш.  

3.  Убактылуу администратор өз иш-аракеттерин координациялайт жана Улуттук банк менен макулдашат, анын нускамаларын, буйруктарын аткарып, ага отчет берип турат.  

4.  Убактылуу администратордун ишин уюштуруу жана отчет берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

 

161-берене. Убактылуу администратордун корутундусу 

 

Убактылуу администратор банкка Убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып он беш календардык күндөн кечиктирбестен, банктын финансылык абалына жүргүзүлгөн талдоонун жана анын ишин баалоонун жыйынтыктары боюнча төмөнкү сунуштамалардын бирин камтыган корутундуну Улуттук банкка берет: 

1) көйгөйлөрдүн четтетилгенине байланыштуу банктын өз алдынча ишин калыбына келтирүү

2) банктын лицензиясын кайтарып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо; 

3) банкты кайра түзүмдөө боюнча ушул Кодексте каралган иш-чараларды жүргүзүү

 

 

26-БАП. 

БАНКТЫ КАЙРА ТҮЗҮМДӨӨ 

 

162-берене. Банкты кайра түзүмдөө жөнүндө жалпы жоболор 

 

1. Банкты кайра түзүмдөө бул аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо, банк же төлөм тутумдары үчүн банктын тутумдуу мааниге ээ функцияларынын үзгүлтүксүздүгүн сактоо, ошондой эле банк жана финансы тутумдарынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында банкка карата колдонулуучу чаралардын топтому. Банкты кайра түзүмдөө төмөнкү чараларды өз-өзүнчө же комплекстүү түрдө колдонуу аркылуу ишке ашырылат: 

1) банкты кайра капиталдаштыруу; 

2) банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу; 

3) “өтмө банкты” түзүү.  

2. Банкты кайра түзүмдө боюнча кайсыл чараларды болбосун ишке ашырууда алар банктын насыя берүүчүлөрүнүн жана акционерлеринин абалын банкты мажбурлап жоюуда келип чыгуучу жагдайларга салыштырмалуу начарлатууга тийиш эмес.  

3. Банкты кайра түзүмдөө боюнча чараларды колдонуу Улуттук банк белгилеген тартипте анын активдерине жана милдеттенмелерине баалоо менен коштолууга тийиш. 

4. Банкты кайра түзүмдөө боюнча чаралар Улуттук банктын ушул Кодексте каралган таасир этүү чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарын чектебейт.  

5. Банкты кайра түзүмдөө боюнча чараларды ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган кайсыл чечимдер жана иш-аракеттер болбосун сот аркылуу токтотулууга же жокко чыгарылууга тийиш эмес. Кызыкдар болгон жактар чыгымдарды өндүрүү аркылуу өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.  

6. Улуттук банктын чечими менен кайра түзүмдөлүүчү банк ушул Кодекске ылайык мажбурлап жоюлууга дуушар болушу мүмкүн.  

7. Банкты кайра түзүмдөө боюнча чаралар Убактылуу администратор тарабынан Улуттук банктын макулдугу менен ишке ашырылат. Банкты кайра түзүмдөө боюнча чараларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүгү Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

 

163-берене. Банкты кайра капиталдаштыруу 

 

1. Банкты кайра капиталдаштыруу бул кошумча капиталды киргизүү, чыгымдардын ордун жабуу, акционерлердин жана банк менен байланышкан адамдардын алдындагы милдеттенмелерди кошкондо, банктын милдеттенмелерин капиталга өзгөртүп түзүү аркылуу, ошондой эле мыйзамдарга каршы келбеген башка ыкмалар аркылуу капиталды өзгөртүү, активдердин жана пассивдердин түзүмүн өзгөртүү

2. Банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чараларды жүргүзүүдө, эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, банктын акционерлеринин жана насыя берүүчүлөрүнүн макулдугу талап кылынбайт.  

3. Банкты кайра капиталдаштыруу төмөнкүчө ишке ашырылат: 

1) акционерлердин акцияларынын жана башка капиталдык эсептердин (резервдердин, бөлүштүрүлбөгөн пайданын ж.б.) эсебинен чыгымдардын ордун жабуу аркылуу. Мында акциялар жокко чыгарылат; 

2) банктын акционерлеринин жана банк менен байланышкан адамдардын алдындагы анын милдеттенмелеринин эсебинен чыгымдардын ордун жабуу же мындай милдеттенмелерди банктын капиталына өзгөртүп түзүү аркылуу. Бул учурда мындай милдеттенмелер токтотулат; 

3) жаңы акциялардын эмиссиясы жана аларды сатуу аркылуу; 

4) субординацияланган насыяны тартуу аркылуу; 

5) башка чараларды көрүү аркылуу. 

4. Банктын милдеттенмелерин капиталга өзгөртүп түзүү төмөнкүлөргө карата жол берилбейт: 

1) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзам менен корголууга тийиш болгон аманаттар боюнча банктын милдеттенмелерине; 

2) насыя берүүчүлөрдүн күрөө предметинин наркынан ашпаган суммадагы күрөө менен камсыздалган талаптары боюнча банктын милдеттенмелерине; 

3) банктын кардарлар алдындагы банктын каражаттарынан башка эске алынган милдеттенмелерине; 

4) банктын эмгек акы, жөлөк пулдар боюнча милдеттенмелерине, ошондой эле банк кызматкеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндан улам келип чыккан милдеттенмелерге;  

5) банктын бюджетке жана башка бюджеттен тышкаркы фонддорга милдеттүү төлөмдөрү боюнча милдеттенмелерине. 

5. Тутумдук банкты кайра капиталдаштырууга катышуу жөнүндө чечим Улуттук банктын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнүүчү каражаттарды тартуу менен тутумдук банкты кайра капиталдаштыруу, ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн чаралар жүргүзүлгөндөн кийин ишке ашырылат. 

6. Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен жана анын кепилдиги менен кайра капиталдаштырууну ишке ашырууга тыюу салынат.  

7. Тутумдук банкты кайра капиталдаштырууга Улуттук банктын макулдугу менен башка жактар катыша алышат.  

8. Банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чараларды жүргүзүү тартиби жана шарты Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

 

164-берене. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу 

 

1.  Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу, эгерде Улуттук банктын берген баасы боюнча: 

1) банкты банкрот деп таануунун реалдуу коркунучу орун алса жана мындай чечимди кабыл албоо банк менен байланышы жок аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн болсо; 

2) мындай чечим банк менен байланышы жок аманатчыларды жана башка насыя берүүчүлөрдү камсыздоонун, ошондой эле депозиттик базанын сакталышынын эң алгылыктуу ыкмасы болуп саналса; 

3) мындай чара финансы жана банк тутумдарынын туруктуулугун, коопсуздугун сактоо, калктын банктарга ишениминин кетишине жол бербөө үчүн зарыл болсо. 

2.  Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүдө же сатууда банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин бардыгы же анын бөлүгү кандай көлөмдө жана катышта болбосун өткөрүлүп берилиши же сатылышы мүмкүн болсо. 

3.  Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу рыноктук шарттарда ишке ашырылат. Банктын активдерин сатуудан түшкөн каражаттар кайра түзүмдөлүүчү банкка жумшалат.  

4.  Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу учурунда, аларды кабыл алып же сатып алып жаткан жактын тиешелүү лицензиясы же уруксаты болууга тийиш. 

5.  Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу банктын насыя берүүчүлөрүнүн жана акционерлеринин, ошондой эле башка кызыкдар жактардын макулдугун талап кылбайт. 

6.  Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарында жана өзүнүн интернет сайтында банктын активдери, милдеттенмелери өткөрүлүп же сатылып жаткандыгы жөнүндө билдирүүнү жарыялайт. 

7.  Биринчи кезекте банктын аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык корголууга тийиш болгон аманаттар боюнча банктын милдеттенмелери өткөрүлүп берилүүгө тийиш. 

8.  Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн укуктарын бузуу болуп саналбайт. 

9.  Менчиги, милдеттенмелери жана укуктары өткөрүлүп берилбеген же сатылбаган банктын насыя берүүчүлөрү, акционерлери жана башка жактар, башкаларга өткөрүлүп берилген же сатылган активдерге, милдеттенмелерге жана укуктарга кандай негиздер болбосун талапкер болууга же өз укуктарын билдирүүгө укугу жок.  

 

165-берене. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын пайдалануу 

 

1.  Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу боюнча чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө Депозиттерди коргоо фондунун (мындан ары Фонд) каражаттары Депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банк менен макулдашкан өлчөмдө жана шарттарда пайдаланылышы мүмкүн.  

2.  Фонддун каражаттары аманаттар боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүүдө банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык корголууга тийиш болгон аманаттарга гана карата пайдаланылат.  

3.  Ушул беренеге ылайык Фонд тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын суммасы банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык кепилденген учур келгенде аманаттар боюнча төлөө суммасынан ашпоого тийиш. 

4.  Фонддун каражаттарын ушул беренеде каралган максаттар үчүн пайдалануу кепилденген учур келгендеги төлөөлөргө теңештирилет. Фонддун каражаттарынын ордун толтуруу насыя берүүчүлөрдүн ушул Кодексте белгиленген кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт. 

 

166-берене. “Өтмө” банкты түзүү  

 

1.  Убактылуу администратор Улуттук банктын макулдугу менен кайра түзүмдөлүүчү банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин базасында “өтмө” банкты уюштурууга укуктуу. 

2.  Өтмө” банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жана Улуттук банктын лицензиясын берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурдан тартып жетимиш эки сааттын ичинде жүргүзүлөт.  

3.  Өтмө” банктын капиталына жана башка экономикалык ченемдерине карата талаптарды Улуттук банк белгилейт.  

4.  Өтмө” банктын уюшулгандыгы тууралуу расмий жарыялоо мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт. 

5.  Убактылуу администратор “Өтмө” банктын акцияларын кыска мөөнөттө, бирок ал түзүлгөн учурдан тартып бир жылдан кечиктирбестен баардык мүмкүн болгон ыкмалар менен сатууга милдеттүү. Улуттук банктын чечими боюнча “өтмө” банктын акцияларын сатуу мөөнөтү бир жылга чейинки мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. Эгерде “өтмө” банктын акциялары белгиленген мөөнөттө сатылбаса, ал жоюлууга тийиш. “Өтмө” банктын акцияларын сатууга байланыштуу бардык маалыматтар ачык-айкын болууга, сатуу айрым сатып алуучуларга артыкчылык берилбестен, рынок шарттарында ишке ашырылууга тийиш.  

6.  Өтмө” банктын акцияларын сатуудан түшкөн каражаттар кайра түзүмдөлүүчү банкка жумшалат. 

7.  Убактылуу администрацияны киргизүүнүн ушул Кодексте каралган натыйжалары “өтмө” банкка карата колдонулбайт. 

8.  Өтмө” банк түзүлгөн учурдан тартып кирүү төгүмдөрүсүз эле депозиттерди коргоо тутумунун катышуучу макамына ээ болот. 

9.  Өтмө” банк юридикалык жак катары кайра түзүмдөлүүчү банктын укук улантуучу болуп саналбайт жана ушул Кодекске ылайык ага өткөрүлүп берилген милдеттенмелерден тышкары, анын кандай болбосун милдеттенмелери үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

10. Активдерди жана милдеттенмелерди “өтмө” банкка өткөрүп берүү ушул Кодекстин 164-беренесинде каралган эрежелер боюнча ишке ашырылат. 

 

167-берене. Банкты кайра түзүмдөө чараларын жүзөгө ашырууда Улуттук банктын башка кызыктар жактар менен өз ара аракеттенүүсү  

 

1.  Улуттук банк банктарды кайра түзүмдөө боюнча чараларды жүзөгө ашыруу учурларына иш-чаралар планын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка кызыкдар органдар менен макулдашылган иш-чаралар планын иштеп чыгууга тийиш. 

2.  Улуттук банк банктык топко карата көзөмөлдөө иш-чараларын ишке ашыруу боюнча чет өлкөлүк ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара иш алып барат. 

 

VII БӨЛҮМ.  

СОТКО ЧЕЙИНКИ ДАТТАНУУ ЖАНА УЛУТТУК БАНКТЫН ЧЕЧИМИН СОТКО ДАТТАНУУ 

 

27-БАП.  

СОТКО ЧЕЙИНКИ ДАТТАНУУ ЖАНА УЛУТТУК БАНКТЫН ЧЕЧИМИН СОТКО ДАТТАНУУ 

 

168-берене. Сотко чейинки даттануу тартиби жана мөөнөттөрү 

 

1.  Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банктын Башкармасынын чечимдеринен тышкары, Улуттук банктын бардык чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот. 

2. Сотко чейинки даттануу Улуттук банктын чечиминин аракетин токтотпойт. 

3.  Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу, Улуттук банктын тиешелүү чечимин алгандан күндөн тартып он жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө ишке ашырылат.  

4. Улуттук банк даттануу келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен, аны карап чыгат. Улуттук банк даттанууну кароо мөөнөтүн бир жолу отуз календардык күнгө узартууга укуктуу. 

5. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

 

169-берене. Сотко даттануу 

 

1.  Улуттук банктын чечимине сотко даттанууга болот.  

2.  Сотко даттануу Улуттук банктын чечиминин аракетин токтотпойт.  

3.  Сот ишти мааниси боюнча кароонун кайсы баскычында болбосун Улуттук банктын, Убактылуу администратордун жана жоюучунун белгилүү бир иштерди жүргүзүүгө мыйзамдуу ыйгарым укуктарына тыюу салууга же чектөөгө, же болбосо башка негиздер боюнча чектөөгө укугу жок.  

 

170-берене. Соттук териштирүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү  

 

1.  Даттанууну мааниси боюнча кароо учурунда сот Улуттук банктын даттанылуучу чечиминин максатка ылайыктуулугун карабайт.  

2.  Улуттук банктын чечими ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, төмөнкү негиздер боюнча гана сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн: 

1) ушул Кодексте каралган чечимди кабыл алуу үчүн мыйзамдуу негиз жок болсо; 

2) Улуттук банктын ушул Кодекске ылайык ыйгарым укуктары жогорулатылып жиберилсе. 

3. Улуттук банктын лицензияларды кайтарып алуу, Убактылуу администрацияны киргизүү же банкты кайра түзүмдөө жүргүзүү жөнүндө чечимдеринде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер сот тарабынан аныкталган учурда, мындай чечимдер сот тарабынан жараксыз деп таанылууга тийиш эмес. Кызыкдар жактын арызы боюнча сот мындай чечимдерден улам келтирилген чыгашаны Улуттук банктан өндүрүшү мүмкүн.  

 

VIII БӨЛҮМ.  

БАНКТАРДЫ ЖОЮУ 

 

28-БАП.  

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

171-берене. Банкты жоюу жөнүндө жалпы жоболор 

 

1.  Банкты жоюу соттук эмес тартипте өз эрки менен жоюу (өзүн-өзү жоюу) же мажбурлап жоюу формасында жүргүзүлөт. Банкты кайсыл формада болбосун жоюуга негиз болуп Улуттук банктын лицензияларды кайтарып алуу тууралуу чечими саналат. 

2.  Улуттук банк банктын демилгеси (ыктыярдуу түрдө жоюу) же өзүнүн демилгеси боюнча (мажбурлап жоюу) банктын лицензиясын кайтарып алат. 

3.  Банкты кайсыл болбосун формада жоюу ушул Кодекске ылайык гана ишке ашырылат. Банкты жоюуну банктын жоюучусу гана ишке ашырат. Жоюучуну Улуттук банк дайындайт. Банктын жоюучусуна карата талаптарды Улуттук банк белгилейт.  

4.  Банктарды жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдери ушул Кодексте түздөн-түз каралган учурларда гана колдонулат. 

5.  Улуттук банк лицензияны кайтарып алган жана банкты жоюу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып эки иш күндүн ичинде банктын лицензиясы кайтарып алынгандыгы тууралуу кат жүзүндөгү билдирүүнү депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жана юридикалык жактарды каттаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү.  

6.  Улуттук банк үч иш күндүн ичинде банктын лицензиясы кайтарып алынгандыгы жана аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарламаны интернет-сайтында жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү.  

7.  Улуттук банк жоюучунун акыркы отчетун бекитүүнү кошкондо, бардык жол-жоболор аягына чыгарылганга чейин жоюлуп жаткан банктарга мониторинг жүргүзөт.  

8.  Бир кезектеги насыя берүүчүлөрдүн ишин бир нече өлкөдө жүзөгө ашырган, жоюлуп жаткан банктын активдерине карата талаптарынын бирдейлигин камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр белгиленет: 

1) Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктын филиалдары, өкүлчүлүктөрү же туунду компаниялары жайгашкан чет өлкөлөрдүн көзөмөлдөөчү жана башка расмий органдары менен кызматташат, анын ичинде банктык сырды камтыган маалыматтарды кошкондо, банктык көзөмөлдөө жана жоюу жол-жоболорунун алкагында маалыматтарды алмашат; 

2) чет өлкөдө филиалы, өкүлчүлүгү же туунду компаниясы бар банкка карата чет өлкөлүк соттор тарабынан кабыл алынган чечимдерди таануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык, Улуттук банктын расмий корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан ишке ашырылат. 

9.  Жоюлуп жаткан банктын баардык документтеринде, ошондой эле банктын жоюучусу менен түзүлгөн келишимдерде банк жоюу процессинде тургандыгы жөнүндө жазуулар камтылууга тийиш. 

10. Банктын жоюлушу укук улантуучулукка алып келбейт.  

 

 

 

172-берене. Банкроттукка байланыштуу банкты жоюу 

 

1. Банкты банкрот деп таануу Улуттук банктын гана компетенциясына кирет. 

2. Банк төмөнкү учурларда банкрот деп таанылышы мүмкүн: 

1) банк төлөм мөөнөтү келип жеткенде, он иш күндүн ичинде карызды төлөө же башка милдеттенмелерди аткаруу боюнча насыя берүүчүнүн укук ченемдүү талабын канааттандырууга жөндөмсүз болсо; 

2) банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн элүү пайызынан азын түзсө

3) капиталдын шайкештигинин кайсы коэффициенти болбосун Улуттук банк белгилеген коэффициенттин маанисинен жыйырма беш пайыздан азын түзсө

4) банктын активдеринин наркы Улуттук банктын эсептөөлөрү боюнча анын милдеттенмелеринин наркынан төмөн болсо. 

3. Банкты банкрот деп таанууда Улуттук банк тарабынан төмөнкүлөр көңүлгө алынбайт: 

1) келечекте карызды төлөө же анын ордун башкача жабуу мүмкүнчүлүгү

2) банктын акционерлеринде жана/же потенциалдуу инвесторлордо банктын активдерине кирбеген финансылык резервдердин олуттуу суммасынын болушу, банктын мурда киреше менен иштегендеги же анын аброю; 

3) банкты банкрот деп таануу учурунда Улуттук банкка маалым болбогон же жок болгон банк тарабынан берилген кошумча фактылар жана документтер; 

4. Банкты банкрот деп таануу аны мажбурлап жоюу менен лицензияларынын кайтарып алынышына алып келет. 

 

173-берене. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу 

 

1. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу Кыргыз Республикасынын банктары үчүн каралган тартипте ишке ашырылат. 

2. Чет өлкөлүк банктын филиалынын же чет өлкөлүк банктын ал жайгашкан өлкөдөгү иши токтотулганда, анын акча каражаттары жана башка активдери ушул Кодексте каралгандардан тышкары, өткөрүп берилбейт/ажыратылбайт/алып коюлбайт/өндүрүлбөйт.  

3. Чет өлкөлүк банк жоюлган жана талаптарды канааттандыруу үчүн зарыл болгон активдер жетишсиз болгон учурда, чет өлкөлүк банктын филиалынын насыя берүүчүлөрү карызды төлөп берүү талабы менен чет өлкөлүк банкка кайрылууга укуктуу. 

4. Кыргыз Республикасынын аймагында филиалы бар чет өлкөлүк банк жоюлган учурда, чет өлкөлүк банктын филиалына карата колдонулуучу укук Кыргыз Республикасынын укугу болуп саналат.  

 

174-берене. Чет өлкөдө филиалы, өкүлчүлүгү же туунду компаниясы бар банкты жоюу өзгөчөлүктөрү 

 

Чет өлкөдө филиалы, өкүлчүлүгү же туунду компаниясы бар банкты жоюуда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган өзгөчөлүктөр менен ушул бөлүктүн эрежелери колдонулат.  

 

175-берене. Өз эрки менен жоюу (өзүн-өзү жоюу)  

 

1. Банкты өз эрки менен жоюу банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун банктын акционерлеринин добуштарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси кабыл алган чечими боюнча, соттон тышкары тартипте жүргүзүлөт. Банкты өз эрки менен жоюу Улуттук банктын макулдугу менен гана ишке ашырылат.  

2. Акционерлердин жалпы чогулушунун банкты өз эрки менен жоюу жөнүндөгү чечиминен кийин банк бардык аманатчылары менен толук эсептешүүнү жүргүзүүгө же болбосо банктык аманат келишимдеринен улам келип чыккан укуктарды жана милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүүгө, андан кийин лицензияларды кайтарып алуу жана өз эрки менен жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.  

3. Банктын лицензияны кайтарып алуу жана өз эрки менен жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө өтүнүч катына төмөнкүлөр тиркелиши керек: 

1) акционерлердин жалпы чогулушунун банкты өз эрки менен жоюу жөнүндө чечими; 

2) банктын бардык аманатчылары менен толук эсептешкендиги жана банктык аманат келишимдеринен келип чыккан укуктар менен милдеттенмелердин башка банкка өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө маалымат; 

3) Улуттук банктын талаптарына жооп берген жоюучунун талапкерлиги; 

4) аудитордук корутунду менен ырасталган банктын акыркы отчеттук күнгө карата финансылык отчету; 

5) өз эрки боюнча жоюлуу планы; 

6) тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган башка зарыл маалыматтар. 

4. Улуттук банк бир айлык мөөнөттө банктын өтүнүч катын кароого жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алууга милдеттүү

1) лицензияны кайтарып алуу, банкты өз эрки менен жоюуну баштоо жана жоюучуну дайындоо жөнүндө. Эгерде, банк тарабынан сунушталган жоюучунун талапкерлиги Улуттук банктын талаптарына канааттандырылбаса, Улуттук банк башка жоюучуну дайындоого укуктуу; 

2) ушул берененин талаптарын бузуу менен берилген банктын өтүнүч катын канааттандыруудан баш тартуу же банкты өз эрки менен жоюу планы Улуттук банктын баасы боюнча алгылыксыз экендиги тууралуу; 

3) эгерде, Улуттук банктын баасы боюнча банктын активдеринин наркы анын милдеттенмелеринин наркынан төмөн болсо, банктын лицензиясын кайтарып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо жөнүндө

5. Улуттук банк тарабынан лицензияларды кайтарып алуу жана өз эрки боюнча жоюуну баштоо чечими кабыл алынгандан кийин банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун өз эрки менен жоюлуу чечими кайтарылбайт же жокко чыгарылбайт.  

6. Улуттук банк тарабынан лицензиялар кайтарылып алынган жана өз эрки менен жоюу башталган учурдан тартып жоюучунун корутунду отчетун жана банкты жоюу балансын бекитүүдөн тышкары, акционерлердин жалпы чогулушунун бардык ыйгарым укуктары банктын жоюучусуна өтөт.  

 

176-берене. Банкты мажбурлап жоюу 

 

1. Банкты мажбурлап жоюу Улуттук банк тарабынан лицензияларды кайтарып алуу чечими кабыл алынган, банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган жана жоюучу дайындалган учурдан тартып башталды деп эсептелет.  

2. Жоюучу ушул Кодекске ылайык банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун жүргүзөт. Банктын жоюучусунун функцияларын ишке ашыруу үчүн талапкерлерди тандоого карата квалификациялык жана башка талаптарды Улуттук банк белгилейт.  

3. Жоюучу дайындалган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде Улуттук банкка бекитүү үчүн жоюу планын сунуштайт. Улуттук банк жоюу планын берилген күндөн тартып он иш күндүн ичинде карайт. 

4. Банкты мажбурлап жоюуну ишке ашыруунун жүрүшүндө Убактылуу администрацияны киргизүүгө, банкты финансылык жактан чыңдоо жана кайра түзүмдөө боюнча чараларды көрүүгө, өзгөртүп түзүүгө, ошондой эле жарашуу келишимин түзүүгө тыюу салынат.  

5. Мажбурлап жоюуга дуушар болгон банк өзүнүн милдеттенмелери боюнча активдери жана мүлктөрү менен толук жоопкерчилик тартат. 

 

29-БАП

БАНКТЫН ЖОЮУЧУСУ 

 

177-берене. Жоюучунун статусу  

 

1. Жоюучу банктын бардык башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына ээ болот жана ушул Кодексте башкача каралбаса, юридикалык жак катары банктын бирден-бир мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. Жоюучу банктын атынан ишеним катсыз эле, бардык чыгыш документтерде жана билдирүүлөрдө банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтүү менен иш алып барат.  

2. Жоюучунун негизги милдети болуп банктын активдерин өндүрүү, сатуу жана каражаттарды ушул Кодекске ылайык насыя берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүү саналат.  

3. Жоюучунун жоопкерчилиги жарандык мыйзамдарга ылайык келип чыккан учурлардан тышкары, жоюучуга ушул Кодекс менен берилген ыйгарым укуктарга ылайык ал менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн келип чыккан милдеттенмелер боюнча банк жоопкерчилик тартат.  

4. Улуттук банк эгерде, жоюучу өзүнүн функцияларын талаптагыдай аткарбай жатат деп белгилесе же жоюучу өз милдеттерин аткарууга укугу жок болсо же болбосо ага кудурети жетпесе, жоюучуну алмаштырат. Банкты өз эрки менен жоюу учурунда, Улуттук банк банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун өтүнүчү же болбосо өзүнүн демилгеси боюнча жоюучуну алмаштырууга укуктуу. Жаңыдан дайындалган жоюучу өз ыйгарым укуктарын аткарууга белгиленген тартипте киришет.  

5. Жоюучуга акы төлөө жоюлуп жаткан банктын жагдайына жараша, бирок жоюлуп жаткан банктын Башкармасынын төрагасынын Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайтарылып алынганга чейинки акыркы жылда инфляция коэффициентин эске алуу менен эсептелинген эмгек акысынын орточо айлык өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

Жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайтарылып алынганга чейин иштеген банктын тиешелүү кызматкерлеринин эмгек маянасынан ашпаган өлчөмдө акы төлөөнү белгилейт. 

6. Активдерди сатуудан түшкөн жана насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызы (милдеттенмелер жүктөлбөгөн жогорку ликвиддүү активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан алынган суммалардан тышкары) жоюучу тарабынан топтоо фондуна жиберилет. Жоюучунун корутунду отчету бекитилгенге чейин Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен жоюучуга акы төлөө, ошондой эле жоюучунун чечими боюнча түзүлгөн контракттарга ылайык тартылган кызматкерлерге акы төлөө жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу. Улуттук банктын мындай чечимисиз акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга жумшалат.  

7. Акыларды төлөө банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун сарптоолоруна (административдик чыгашаларга) тиешелүү болот. 

 

178-берене. Жоюучунун ыйгарым укуктары 

 

1. Жоюучу банкты жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ак ниет жана насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыгы боюнча иш алып барууга милдеттүү.  

2. Өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу максатында жоюучу: 

1) дайындалган учурдан тартып банкты өзүнүн башкаруусуна алат, активдерди, эсептерди жана документтерди инвентаризациялоону жүргүзөт, банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт; 

2) банктын мүлкүн тескейт, насыя берүүчүлөрдүн талаптарын оптималдуу канааттандыруу максатында банктын баардык активдери менен укук ченемдүү иш-аракеттерди жүргүзөт, банк алдында карыздарды өндүрүп алуу боюнча чараларды, ошондой эле банктын мүлкүн жана активдерин иликтеп табууга жана кайтарып алууга багытталган чараларды көрөт; 

3) насыя берүүчүлөрдүн талаптарынын негиздүүлүгүн текшерет жана талаптар негизсиз болгон учурда - аларды толугу менен же жарым-жартылай четке кагат; 

4) ушул Кодексте белгиленген эрежелерди жана тартипти сактоо менен насыя берүүчүлөргө төлөөлөрдү жүргүзөт; 

5) киреше алып келбеген же милдеттенмелердин келип чыгышын жараткан бүтүмдөрдү кошкондо, банктын кайсыл милдеттенмелеринен болбосун баш тартууга укуктуу (насыя берүүчүлөрдүн же жоюу жол-жобосунун жүрүшүндө юридикалык анык милдеттенмелерди же милдеттерди аткаруудан баш тартуунун натыйжасында аларга келтирилген чыгашаларга карата банктын насыя берүүчүлөрүнүн же банктын насыя берүүчүлөрү болуп калуучу тараптардын бүтүмдөрүнүн талаптарын канааттандырбастан); 

6) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жеке жактардын кепилденген депозиттери жөнүндө маалыматтарды берет; 

7) жоюу башталганга чейинки акыркы үч жылдын ичинде банк жүргүзгөн бүтүмдөрдү, эгерде аталган бүтүмдөрдө ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу белгилери болсо, жараксыз деп таануу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу; 

8) банктын акционерлерин, Директорлор кеңешин, Башкармасынын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу; 

9) ушул бөлүктүн максаттары үчүн Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен кызматташтыкты ишке ашырат; 

10) Улуттук банкка жоюлуп жаткан банктын бухгалтердик жана статистикалык отчетторун, жана башка отчетторун, Улуттук банк белгилеген тартипте жана көлөмдө сунуштайт; 

11) банкты жоюу жол-жобосун ишке ашыруу боюнча ушул Кодекстен келип чыккан башка милдеттерди аткарат. 

3. Карызды өндүрүү боюнча сотко доо арызы менен кайрылууда жоюучу баардык иштер боюнча доочу жана жооп берүүчү катары баардык соттордо мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулат.  

 

179-берене. Жоюучунун отчеттору 

 

1. Жоюучу Улуттук банкка, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушуна (өз эрки менен жоюу учурунда) алдын ала даярдалган, күндөлүк жана корутунду отчетторду берет. 

2. Алдын ала отчет банкты жоюу жол-жобосу башталган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш. 

3. Жоюу жол-жобосунун жүрүшү жөнүндөгү күндөлүк отчет квартал сайын берилип турат. 

4. Корутунду отчет ушул Кодекске ылайык берилет.  

5. Улуттук банк жоюучунун отчетторунун түзүмүнө жана мазмунуна карата талаптарды аныктайт.  

30-БАП. 

БАНКТЫ ЖОЮУ ТАРТИБИ 

 

180-берене. Банкты жоюу жол-жобосун баштоодон улам келип чыккан натыйжалар (кесепеттер) 

 

1. Банкты кайсы формада болбосун жоюу башталган учурдан тартып: 

1) банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун (ушул Кодексте белгиленген, банкты өз эрки менен жоюудагы айрым ыйгарым укуктардан тышкары), Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын, ошондой эле Убактылуу администрациянын белгиленген тартипте токтоосуз жоюучуга өткөрүлүп берилүүчү ыйгарым укуктары токтотулат; 

2) Улуттук банк же банкка дайындалган жоюучу же алардын атынан башка ыйгарым укуктуу жак жүзөгө ашырган аракеттерден тышкары, банк тарабынан же анын атынан ишке ашырылган аракеттер юридикалык күчкө ээ болбойт; 

3) банктын бардык карыздык милдеттенмелерин төлөө мөөнөтү, эгерде алар мурда келип жетпесе, келип жеткен катары эсептелинет; 

4) банкка карата мүлктүк мүнөздөгү, анын ичинде милдеттүү төлөмдөр боюнча бардык талаптар жоюу жол-жобосунун алкагында гана коюлушу мүмкүн; 

5) банктын бардык карыздык милдеттенмелери боюнча айыптык төлөмдөрдү (туумдарды) жана пайыздарды кошуп эсептөө токтотулат, жоюу жол-жобосу башталган учурга карата кошуп эсептелген суммалар ушул Кодекске ылайык төлөнүүгө тийиш; 

6) банктык сырды түзгөн маалыматтардан тышкары, банктын финансылык абалы жөнүндө маалыматтар купуя же коммерциялык сыр болуп саналган маалыматтар категориясына таандык болушу токтотулат; 

7) банктын мүлкүнөн ажыратууга, карыздарды төлөөгө, милдеттенмелерди жабууга байланышкан же анын мүлкүнүн үчүнчү жактардын пайдасына өтүшүнө алып келген бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, жоюу жол-жобосунун алкагында гана жол берилет; 

8) банкка карата кандай болбосун соттук иштер, анын ичинде банктын милдеттенмелерин мажбурлап аткартууга багытталган, ошондой эле банктын активин камакка алуу жана анын мүлкүн тескөө боюнча башка чектөөлөр токтотулат. Жаңы камакка алууларга же банктын мүлкүн тескөө боюнча башка чектөөлөргө жол берилбейт; 

9) банктын банктык эсептерин же башка мүлктөрүн кошкондо, анын активдерин камакка алуу жана алардан өндүрүүгө багытталган соттук актылардын кайсынысы болбосун (чечим, аныктама, токтом, аткаруу баракчасы, буйрук) банкты жоюу жол-жобосунун алкагында гана аткарылууга тийиш;  

10) банкка жана анын активдерине карата башка мажбурлоочу жол-жоболор козголбойт; 

11) жоюлуп жаткан банк үчүн ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган башка натыйжалар (кесепеттер) келип чыгат. 

2. Жоюучу дайындалган күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде өзүнүн дайындалгандыгы жөнүндө билдирүүнү, банктын негизги иш жүргүзгөн жери боюнча республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү. Билдирүү жети иш күндүн аралыгында эки жолу жарыяланат.  

3. Аталган жарыялоодо төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:  

1) жоюлуп жаткан банктын расмий аталышы жана башка реквизиттери; 

2) жоюу жол-жобосун баштоонун негиздери жана башталган күн; 

3) жоюучу жөнүндө маалымат; 

4) жоюлуп жаткан банктын насыя берүүчүлөрү тарабынан талап коюла баштагандыгы тууралуу маалымат; 

5) насыя берүүчүлөр жоюлуп жаткан банкка карата өз талаптарын коюусу үчүн банктын дареги; 

6) талаптарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөн күн; 

7) жана башка маалыматтар. 

 

181-берене. Жоюуну жүргүзүү мөөнөтү  

 

1. Банкты жоюуну жүргүзүү мөөнөтү жыйырма төрт айдан ашпашы керек. Зарыл болгондо жоюучунун өтүнүч каты менен жоюу мөөнөтү Улуттук банк тарабынан узартылышы мүмкүн. 

2. Жоюучунун өткөн мөөнөт үчүн отчеттору Улуттук банк тарабынан каралбаса жана бекитилбесе, жоюу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. 

 

182-берене. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсеби 

 

1. Жоюучу жоюлуп жаткан банктын каражаттарын топтоо үчүн башка банкта атайын эсебин ачат. Мындай эсеп улуттук жана/же чет өлкө валютасында ачылышы мүмкүн. 

2. Жоюлуп жаткан банктын бардык эсептери жабылууга тийиш, бул эсептердеги акча каражаттарынын калдыгы жоюлуп жаткан банктын атайын эсебине которулууга тийиш.  

3. Жоюлуп жаткан банктын атайы эсебиндеги каражаттар банктын насыя берүүчүлөрүнүн талаптарын жабууга жана жоюучунун административдик чыгымдарына гана жумшалууга тийиш. 

4. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарын камакка алууга, алар менен жүргүзүлгөн операцияларды токтотууга жана өндүрүүнү жүргүзүүгө тыюу салынат. 

5. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсеби турган банк жоюлууга дуушар болсо, атайы эсептеги акча каражаттар жоюлуучу массага киргизилбейт жана жоюучунун көрсөтмөсү боюнча башка банкта ачылган башка атайын эсепке дароо которулууга тийиш. 

6. Жоюучу жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы жана алар кандай багытка пайдаланылганы жөнүндө отчетту квартал сайын Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

 

183-берене. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары) 

 

1. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары) өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) жоюучунун кабарлоолорун жана кулактандырууларын жарыялоого кеткен чыгымдарды; 

2) банктын активдерин иликтеп табуу, өндүрүү, баа берүү жана сатуу менен байланышкан чыгымдарды; 

3) банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды; 

4) жоюучуга акы төлөөнү жана ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысын; 

5) топтоо фондусун; 

6) иштөөсүн улантуу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр менен байланышкан чыгымдарды (электр энергиясы, суу менен камсыздоо, байланыш, күзөт, транспорт, салыктар, алымдар, жыйымдар, төлөөлөр ж.б.). 

 

184-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын кабыл алуу жана каттоо 

 

1. Ушул беренеде каралган учурлардан тышкары, насыя берүүчүлөрдүн талаптары банкка карата жоюу жол-жобосун козгоо тууралуу кабарлоо республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып алтымыш календардык күндүн ичинде кат жүзүндө жоюучуга берилүүгө тийиш. 

2. Улуттук банк бул мөөнөттү бардык насыя берүүчүлөр үчүн отуз календардык күнгө бир жолу узарта алат. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын кабыл алуу мөөнөтүн узартуу тууралуу маалыматты жоюучу жарыялоого тийиш.  

3. Талаптарды коюуда насыя берүүчү коюлуп жаткан талаптар менен катар насыя берүүчүнү идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, ошондой эле анын банктык реквизиттерин (бар болсо) көрсөтүүгө милдеттүү.  

4. Насыя берүүчүлөрдүн талаптары мындай талап коюу үчүн негиздерди ырастаган документтер менен бирге кабыл алынат.  

5. Насыя берүүчүлөрдүн банктын бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча документтеринде чагылдырылган талаптары банк тарабынан чагылдырылган суммага караганда көп же аз суммага талаптардан тышкары, кошумча далилдөөлөрсүз документтерде кандай түрдө чагылдырылса, жоюучу тарабынан ошол түрдө кабыл алынат. 

6. Аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык коюлган аманатчылардын талаптарын жоюучу аманат боюнча (кепилденген аманат) компенсация суммасынан ашкан бөлүгүндө гана кабыл алат.  

7. Насыя берүүчүлөрдүн аныкталбаган суммасы жөнүндөгү талаптары көз карандысыз баа берүүчү тарабынан аныкталган нарк боюнча гана кабыл алынат.  

8. Талаптар каралгандан кийин жоюучу кабыл алган талаптарды Кабыл алынган талаптардын тизмегине, ал эми ал кабыл алуудан четке кагылган талаптарды четке кагуунун себептерин көрсөтүү менен Четке кагылган талаптардын тизмегине киргизет. Жарым-жартылай четке кагылган талаптар эки тизмекке тең, тиешелүү түрдө кабыл алынган жана четке кагылган бөлүктөрү боюнча киргизилет. Эки тизмекте тең ар бир насыя берүүчүнүн аталышы, дареги, талаптарынын суммасы, камсыздоосунун бар экендиги жана насыя берүүчүнү идентификациялоо жана карыздарды төлөө үчүн зарыл болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт.  

9. Эки тизмек тең талаптарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып кырк беш календардык күндөн кечиктирбестен жоюучу тарабынан бекитилет, бул тууралуу жоюучу насыя берүүчүлөрдүн талаптарынын тизмектери бекитилгендиги тууралуу кабарлоону республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына он беш календардык күндүн аралыгында, кеминде үч жолу жарыялайт. Тизмектердин көчүрмөлөрү Улуттук банкка берилет.  

10. Насыя берүүчү талаптардын тизмегинде көрсөтүлгөн жоюлуп жаткан банкка карата өз талаптарынын өлчөмү жана аны канааттандыруу кезеги менен таанышууга укуктуу.  

11. Насыя берүүчүлөр өздөрүнүн талаптарына карата жоюучунун чечимин анын акыркы кабарлоосу жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен сотко даттанууга укуктуу.  

12. Жоюучу тарабынан бекитилген насыя берүүчүнүн талаптарынын тизмектери, эгерде алар сотко белгиленген мөөнөттө даттанылбаса, жыйынтыктоочу болуп саналат. 

13. Жоюучу акыркы талаптардын эсебинен эч кандай төлөөлөрдү жүргүзбөйт.  

185-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графиги 

 

1. Насыя берүүчүлөрдүн бекитилген талаптары аларды төлөө кезектүүлүгүнө ылайык категориялар боюнча бөлүштүрүлөт жана насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигине киргизилет.  

2. Жоюучу түзүлгөн тизмекке ылайык төлөөлөр насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу эрежелерин жана кезектүүлүгүн бузбаган шартта, талаптары жоюучу тарабынан бекитилген насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигин бекитет.  

3. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигине киргизилген, насыя берүүчүлөрдү аныктоо жана алар менен байланышуу мүмкүн эместигинен улам, төлөнүп берилбеген суммалар жоюучунун атайы эсебинде депонирленет, ал эми эгерде бул суммалар жоюу жол-жобосу аяктаган учурга карата талап кылынбаса, алар жоюулуп жаткан банк жайгашкан жер боюнча мамлекеттик нотариустун депозитинде депонирленет.  

4. Жоюучу насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу үчүн төлөөлөрдүн башталгандыгы тууралуу билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш, анда көрсөтүлгөн насыя берүүчүлөргө каражаттарды алуу үчүн кайрылуу сунуш кылынат.  

 

186-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу эрежелери  

 

Жоюучу банктын активдерин сатуудан алынган каражаттарды ушул беренеде белгиленген эрежелерге жараша, ушул Кодекстин башка талаптарын эске алуу менен бөлүштүрөт: 

1) ар бир кийинки кезектеги насыя берүүчүлөргө карызды төлөө алдында, мурдагы кезектеги бардык насыя берүүчүлөрдүн талаптары толук канааттандырылууга тийиш; 

2) бир кезектеги насыя берүүчүлөрдү канааттандырууда бул кезектеги бардык насыя берүүчүлөр өз ара тең укуктуу жана карызга пропорционалдуу төлөөлөрдө бирдей укукка ээ; 

3) эгерде кайсыл бир мүлк бир нече айкын күрөөлөрдүн предмети болуп саналса, анда мындай камсыздалган күрөөлөр ортосундагы артыкчылык насыя берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат; 

4) активдерди сатуу мүмкүн болбогон учурда, активдер насыя берүүчүлөрдүн жана Улуттук банктын макулдугу менен карыздарды толук төлөөнүн эсебине, бир кезектеги насыя берүүчүлөргө түздөн-түз өткөрүлүп берилиши мүмкүн; 

5) насыя берүүчүлөрдүн күрөө менен камсыздалган талаптары кезексиз тартипте канааттандырылат. 

 

187-берене. Насыя берүүчүлөрдүн күрөө менен камсыздалган талаптары  

 

1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурдан тартып, банктын күрөө кармоочуларда күрөөдө турган бардык активдери жоюучунун тескөөсүнө токтоосуз өткөрүлүп берилүүгө тийиш.  

2. Жоюлуп жаткан банктын мүлкүнүн курамында күрөө предмети болуп саналган мүлк өзүнчө эсепке алынат жана ал милдеттүү түрдө бааланууга тийиш. 

3. Насыя берүүчүлөрдүн күрөө менен камсыздалган талаптары күрөө предметинин наркынын эсебинен канааттандырылат. Эгерде, күрөөнү сатуудан түшкөн каражат талаптын суммасын толук жабуу үчүн жетишсиз болсо, анда талаптын канааттандырылбаган бөлүгү камсыздалбаган талап катары каралат жана ушул Кодексте белгиленген кезектүүлүк тартибинде канааттандырылууга тийиш.  

4. Күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн сумманын үч пайызы жоюучунун административдик чыгымдарынын ордун жабууга жумшалат.  

 

188-берене. Жоюу массасы 

 

1. Жоюу жол-жобосу башталган учурга карата банктын болгон бардык активдери (мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары) жана бул жол-жобонун жүрүшүндө табылган мүлкү ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлктөрдөн тышкары, жоюу массасын түзөт.  

2. Жоюу массасында төмөнкүлөр киргизилбейт: 

1) күрөө предмети болуп саналган мүлк; 

2) кардарлардын депозиттик сейфтеги мүлкү

3) банктын кардарларынын брокер же депозитарий катары саналган банктын каражаттарынан өзүнчө эсепке алынган акча каражаттары жана баалуу кагаздары;  

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өткөрүп берүүгө тийиш болбогон мүлктүк укуктар; 

5) банкты жоюу жол-жобосуна кеткен сарптоолор (административдик чыгымдар); 

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюу массасына киргизилүүгө тийиш эмес башка мүлктөр.  

 

189-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү 

 

1.  Насыя берүүчүлөрдүн талаптары төмөнкү кезектүүлүк менен канааттандырылат: 

1) банк алардын алдында мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартуучу банктын кызматкерлеринин өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирүү жагдайынан келип чыккан милдеттенмелер боюнча талабы, анын ичинде тиешелүү мезгилдүү төлөмдөрдү капиталдаштыруу аркылуу; 

2) банк кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек акы жана бошоо жөлөкпулдары боюнча талаптары; 

3) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык коргоого алынууга тийиш болгон аманатчылардын аманаттар боюнча талаптары. Бул талап мыйзам боюнча, ушул Кодекске ылайык кайра түзүмдөө максаттарына багытталган суммалар боюнча талап коё алган аманаттарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга өтөт;  

4) уставдык капиталга салынган суммалардан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тутумдук банкты кайра капиталдаштырууга багытталган суммалар боюнча талаптары; 

5) бюджетке жана бюджеттик эмес фонддорго милдеттүү төлөмдөр боюнча талаптар; 

6) ушул бөлүктүн 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн банк менен байланышы жок аманатчылардын талаптары; 

7) банк менен байланышы жок башка насыя берүүчүлөрдүн талаптары; 

8) банк менен байланышкан аманатчылардын жана насыя берүүчүлөрдүн талаптары; 

9) субординацияланган карыздар боюнча талаптар. 

2.  Банктын акционерлери насыя берүүчү болуп саналбайт. Жоюу массасынын калдыгы баардык насыя берүүчүлөрдүн талаптары канааттандырылгандан кийин банктын акционерлерине өткөрүлүп берилет.  

190-берене. Жоюучунун келишимдик мамилелери 

 

1. Жоюучу келишимди бузуу болжолдонгон күнгө чейин отуз календардык күн мурда контрагенттерге милдеттүү түрдө билдирүү менен банктын бардык күндөлүк келишимдерин бир тараптуу негизде бузууга укуктуу. Мында, жоюучу ушул Кодексте белгиленген тартипте жоюучуга насыя берүүчүлөрдүн талаптарын жеткирүү зарыл экендиги тууралуу контрагенттерге билдирилүүгө тийиш.  

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жоюучу тарабынан бузулбаган келишимдерди, ошондой эле жоюучу өзү түзгөн келишимдерди аткаруу, банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүү максатында жарандык мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.  

3. Кызмат көрсөтүүчүлөр (электр энергиясы, суу менен камсыз кылуу, байланыш, күзөт кызматтары ж.б.) банкты жоюу жол-жобосу башталгандыгына байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө банк менен түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу негизде бузууга укугу жок. 

 

191-берене. Төлөм тутумдарындагы жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумдарындагы акыркы эсептешүүлөр 

 

1. Бул берене менен төмөнкүлөр белгиленет: 

1) банк тарабынан төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна өткөрүлүп берилген, Улуттук банк тарабынан таанылган акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууда жокко чыгарылгыс тапшырмалар юридикалык күчкө ээ жана банкты жоюу жол-жобосу башталган учурда үчүнчү тарап үчүн милдеттүү болуп саналат;  

2) банкты жоюу жол-жобосу башталгандан кийин банк акча каражаттарын же баалуу кагаздарды которууда жокко чыгарылгыс тапшырманы төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна берген учурда, алар эгерде, жоюучу которуу жөнүндө тапшырма жокко чыгарылганга чейин банкты жоюу башталгандыгы тууралуу тутумдун операторуна маалым болгондугун далилдей алган учурда гана юридикалык күчкө ээ болбойт жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналбайт. 

2. Банкты жоюу жол-жобосу башталганга чейин кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн контракттар жана бүтүмдөр, төлөм тутуму же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутуму аркылуу жүргүзүлгөн, банкты жоюу жол-жобосу башталгандан улам Улуттук банк тарабынан ушундай деп таанылган клирингдин натыйжаларын жокко чыгарууга алып келбейт.  

3. Тутумдун оператору, катышуучусу, эсептешүүлөрдөгү ортомчу жана клиринг борбору банкты жоюу жол-жобосу башталгандыгы тууралуу аларга маалым болгон учурдан тартып, акча каражаттарынын же баалуу кагаздардын төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна которулушуна жол бербөө үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүлөрү тийиш.  

4. Ушул берененин максаттары үчүн: 

1) төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна өткөрүлгөн которууга тапшырма бул тутумдун эрежелеринде аныкталган учурда жокко чыгарылгыс болуп калат;  

2) «клиринг» которууга тапшырмалардан келип чыккан талаптардын жана милдеттенмелердин бир таза талапка же бир таза милдеттенмеге өзгөртүлүп түзүлүшүн билдирет, анда эсептешүүлөр тутумунун бир же бир нече катышуучулары бул тутумдун бир же бир нече башка катышуучуларына сунушташат же алардан алышат, натыйжада бир таза талап же бир таза милдеттенме гана калат.  

 

 

192-берене. Активдерди сатуу  

 

1. Банктын активдерин инвентаризациялоо жана баалоо жүргүзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде жоюучу Улуттук банкка мүлктүн курамы жана өзгөчөлүктөрү, аны сатуу мөөнөттөрү, ачык тооруктардын формасы жана шарттары, мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды берүү формасы, аны сатуунун баштапкы баасы, мүлктү сатуу жөнүндө кулактандырууларды жарыялоо жана жайгаштыруу формалары жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган банктын активдеринин (мүлктөрүнүн) тизмегин бекитүү үчүн берүүгө милдеттүү.  

2. Банктын сатылууга тийиш болгон активдеринин (мүлкүнүн) тизмеги бекитилгенден кийин жоюучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөр менен аларды сатууга киришет.  

3. Банктын мүлкүн баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

4. Банктын кыймылсыз мүлкүн сатуу аукцион өткөрүү аркылуу гана ишке ашырылат. Эгерде аукцион өткөрүлгөн жок деп таанылса, аукцион милдеттүү түрдө кайрадан өткөрүлөт. Эгерде кыймылсыз мүлк кайрадан өткөрүлгөн аукциондо сатылбаса, жоюучу Улуттук банктын макулдугу менен аны башка ыкма аркылуу сатууга укуктуу.  

5. Өзгөчө учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөрдү сактоо менен активдерди сатуу Улуттук банктын макулдугу менен гана түздөн-түз сатуу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.  

6. Жоюучу банктын активдерин насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыгында рынок баасы боюнча кечиктирбестен сатууга милдеттүү. Эгерде активдерди сатууга мүмкүн болбосо, аларга суроо-талаптын аздыгынан улам баасы төмөн болсо же ээликтен ажыратуу боюнча чыгымдар активдердин наркынан ашып кетсе, же болбосо башка себептерден улам аларды рыноктук баада сатууга мүмкүн болбосо, жоюучунун жогорудагы милдеттери өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүн.  

7. Күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 

8. Насыя берүүчүлөр банктын активдерин баалоо жана аларды сатуу жөнүндө маалыматтар менен таанышууга укуктуу.  

 

193-берене. Өз ара эсептешүүгө тыюу салуу жана жоюу неттинги 

 

1. Жоюу жол-жобосун ишке ашыруунун жүрүшүндө кредитордук жана дебитордук карыздар боюнча өз ара талаптарды чегеришүүнү (өз ара эсептешүүнү) колдонууга, эпке көнүүгө баруу жана милдеттенмелерди жаңылоо жөнүндө макулдашууну түзүү аркылуу насыя берүүчүлөрдүн талаптарын жабууга тыюу салынат.  

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жоюу неттингин колдонууга жол берилет.  

 

194-берене. Корутунду отчет жана жоюу жол-жобосун бүткөрүү 

 

1. Жоюучу ушул Кодексте каралган бардык иш-чаралар аяктагандан жана милдеттер аткарылгандан кийин, корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жана банкты жоюу жол-жобосун бүткөрүү үчүн Улуттук банкка кайрылат (банкты өз эрки менен жоюу учурунда, жоюучу Улуттук банкка кайрылуу алдында банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун тиешелүү чечимин алууга тийиш). Корутунду отчеттун түзүмү жана мазмуну Улуттук банк тарабынан аныкталат. Жоюучу корутунду отчеттун бир түп нускасын Улуттук банкка берет. 

2. Банкты жоюу жол-жобосу Улуттук банк тарабынан корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү, жоюу жол-жобосун бүткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бүткөрүлгөн катары эсептелинет. 

3. Банкты жоюу жол-жобосу бүткөрүлгөндөн кийин аны кайра жандандырууга жол берилбейт. 

4. Жоюучу Улуттук банктын жоюу жол-жобосу бүткөрүлгөндүгү жөнүндөгү чечими күчүнө киргенден кийин он беш календардык күндүн ичинде банктагы эсептерди жабат, банктын мөөрлөрүн жана штамптарын белгиленген тартипте жок кылууну жүргүзөт, юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен банкты алып салуу үчүн Улуттук банктын чечимин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет, ошондой эле жоюлган банктын бардык документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусунун сактоосуна жиберет, банкты жоюу жол-жобосунун бүткөрүлгөндүгү тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт. 

 

IX БӨЛҮМ.  

КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

 

31-БАП.  

КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

 

195-берене. Ушул Кодекстин ченемдерин бузгандык үчүн жоопкерчилик 

 

Улуттук банк, банктар жана алардын кызмат адамдары, мамлекеттик органдар жана мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде резидент эместер, ушул Кодекстин ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. 

 

196-берене. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  

 

Ушул Кодекске Улуттук банктын расмий корутундусу жок өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Президенти