Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы
Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы төмөнкү маселелерди чечүүгө багытталган:
- акчакредиттик көрсөткүчтөрдүн, финансы рыногунун, реалдуу сектордун жана мамлекеттик финансылардын статистикасын жүргүзүү;
- төлөм теңдемин, Кыргыз Республикасынын эларалык инвестициялык позициясын түзүү жана тышкы карыз маселелери боюнча Кргыз Республикасынын өкмөтүн эксперттик колдоо;
- статистикалык маалымат базасынын структурасын жана статистикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун технологиясын өркүндөтүү;
- эларалык стандарттарга ылайык финансылык статистикалык маалыматтарды таркатуу;
- "Улуттук банктын Бюллетени" жана "Кыргыз Республикасынын Төлөм теңдеми" расмий басылмаларын даярдоо.
Жогорудагы максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгында төмөнкү бөлүмдөр түзүлгөн:
- Финансы статистикасы бөлүмү;
- Төлөм теңдеми жана тышкы карызды тейлөө бөлүмү;
- Статистикалык базаны техникалык колдоо бөлүмү;
- Улуттук банктын басылмаларын чыгарууну уюштуруу бөлүмү.