Кайта келүү

Акчакредиттик операциялар башкармалыгы


Акчакредиттик операциялар башкармалыгы төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

- ишенимдүүлүк, коопсуздук жана кирешелүүлүк принциптеринин сакталышына негизденүү менен эларалык камдарды натыйжалуу башкаруу;

- ички жана тышкы финансы рынокторунда бүтүмдөрдү түзүү;

- мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу, төлөө жана экинчилик рынокту уюштуруу, мамлекеттик тышкы карызды тейлөө, Кыргыз Республикасынын эларалык финансы уюмдарында мүчө болуусун, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн валюталык операцияларын банктык тейлөө боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү үчүн агенттик функцияларды аткаруу;


Белгиленген милдеттерди натыйжалуу аткаруу максатында Акчакредиттик операциялар башкармалыгында төмөнкү бөлүмдөр уюштурулган:

- кайра каржылоо жана баалуу кагаздарды жайгаштыруу бөлүмү;

- эларалык камдарды жайгаштыруу бөлүмү;

- дилинг операциялары бөлүмү.