Кайта келүү

Административдик-чарбалык ишти камсыздоо башкармалыгы


Административдик-чарбалык ишти камсыздоо башкармалыгынын негизги милдеттери:

- Улуттук банктын обүекттерин тейлөө жана санитардык эрежелерге жана нормаларга ылайык алардын талаптагыдай күтүлүшүн камсыз кылуу, чарбалык иш үчүн каралган ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу;

- Улуттук банктын энергетика чарбасы боюнча ишин уюштуруу, чарбалык жабдуулардын ишенимдүү, үнөмдүү жана кынтыксыз ишин камсыз кылуу;

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жогорку сапаттагы материалдарга, жабдууларга, унаага болгон керектөөсүн комплекстүү жана өз учурунда камсыз кылуу;

- "Толкун" пансионатынын ишин уюштуруу, тиешелүү эмгек шарттарын түзүүгө жана кесиптик иштен улам илдеттерге чалдыгуу жана ар кандай кокустуктарды алдын алууга багытталган иш-чаралардын топтомун жүзөгө ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан курулуш иши нормаларына жана эрежелерине ылайык, обүекттерде курулуш-кураштыруу, оңдоп-түзөө жана долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүүдө капиталдык салымдардын натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу.

- капиталдык курулуш обүекттерин өз учурунда колдонууга берүү, реконструкциялоо, капиталдык жана утурумдук оңдоп-түзөө иштерин учурунда бүткөрүү жана алардын сапаттуу деңгээлде ишке ашырылышын камсыз кылуу.


Башкармалыктын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында Административдик-чарбалык ишти камсыздоо башкармалыгынын түзүмүнө төмөнкү бөлүмдөр киргизилди

- Курулуш жана ремонт иштерин уюштуруу бөлүмү;

- Имараттарды тейлөө бөлүмү;

- Энергетиктер кызматы;

- Материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмү;

- Материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн курамында саламаттыкты сактоо пункту;

- Унаа менен камсыздоо кызматы;

- "Толкун" пансионаты.