Кайта келүү

Документтер менен иштөө жана коммуникациялар башкармалыгы


Документтер менен иштөө жана коммуникациялар башкармалыгынын негизги милдеттери:

- документ менен иштөө формаларын жана ыкмаларын өркүндөтүү, документ түзүү жана алар менен ишти уюштуруунун бирдиктүү тартибин камсыз кылуу;

- документтердин, Улуттук банк Башкармасынын чечимдеринин жана жетекчиликтин тапшырмаларынын аткарылышына контролдукту жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын талаптарын жүзөгө ашыруу;

- коомдук кабылдаманын ишин уюштуруу, Улуттук банктын расмий сайтынын ишин камсыз кылуу;

- музей ишин уюштуруу;

- протоколдук жана өкүлчүлүк иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү;

- басма ишине бюджеттик каражаттардын пайдаланылышына контролдукту жүргүзүү.


Башкармалыктын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында Документ менен иштөө жана коммуникациялар башкармалыгынын түзүмүнө төмөнкү бөлүмдөр киргизилди

- Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү;

- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү;

- Коомдук байланыштар жана протокол бөлүмү.