Кайта келүү

Тышкы көзөмөл башкармалыгы


Башкармалыктын негизги милдеттери

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, коммерциялык банктардын жана БФКМдердин ишине сапаттуу баа берилишин жана тескөөгө алынышын камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, белгиленген ыйгарым укуктардын жана жетекчиликке сунушталган материалдардын чегинде көрүлүүчү таасир этүү чаралары боюнча сапаттуу чечимдердин кабыл алынышын камсыз кылуу;

- банк сектору жана БФКМдер системасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды алардын ишине жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жана баа берүүлөрдүн негизинде иштеп чыгуу жана ишке ашыруу


Белгиленген милдеттерге ылайык, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын уюштуруу түзүмүндө төмөнкү бөлүмдөр түзүлгөн:

- Банктарга тышкы көзөмөл бөлүмү;

- БФКМдерге тышкы көзөмөл бөлүмү;

- Жыйынтыктоочу отчет түзүү жана анализ бөлүмү.