Кайта келүү

 Конъюнктура: 16 - 20 ноябрь


«Народный перевод» - «Халык Банк Кыргызстан» ААКсынын жергиликтүү акча которуу системасынын оператору 2015-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунушташкан операторлордун реестринде 1037121115 номеринде катталган. 

Кыргыз Республикасынын акча которуу системалары боюнча акча которууну жүзөгө ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомуна ылайык) «Народный перевод» - «Халык Банк Кыргызстан» ААКсынын жергиликтүү акча которуу системасынын оператору 2015-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунушташкан операторлордун реестринде 1037121115 номеринде катталган. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-ноябрындагы №65/2 токтомуна ылайык коммерциялык банктардын жана төлөм системаларынын операторлорунун “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобого ылайык электрондук акчаны эмиссиялоо жагында талаптарын аткаруу мөөнөтү 2016-жылдын 1-мартына чейин узартылган. 

Мында, төлөм системасынын операторлору жаңы электрондук акчанын эмиссиясын жана жогоруда аталган токтомдун күчүнө кирген учурунан тартып жаңы кардарларды каттоону токтотууга, ошондой эле процессинг, жайылтуу, кардарларды идентификациялоо, лимиттерди белгилөө, электрондук акчаны нак акчага айландыруу ж.б. жагында “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобонун талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга тийиш.  

Төмөнкү телефон номерлеринен маалымат алсаңыздар болот: 66 91 05, 66 91 09 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген:  

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна “Согдиана плюс” ЖЧКсына 2015-жылдын 20-ноябрында № 5403 лицензия берилди. Дареги: Жалал-Абад шаары, Ноокен р-ну, Кочкор-Ата айылы (багыты: борбордук базар, түштүк жагынан 1-өтмөк, 4-жай). 

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна “НУРДАН КОМПАНИ ЛТД” ЖЧКсына 2015-жылдын 16-ноябрында № 5402 лицензия берилди. Алмашуу бюронун каттоо номери 3369. Дареги: Бишкек шаары, К.Акиев атындагы көчө 24 үй, 64-батир. 

3. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна “Обмен кей Джи” ЖЧКсынын 2015-жылдын 25-мартында № 5225 лицензия берилди. Алмашуу бюронун каттоо номери 3369. Анын кошумча алмашуу бюросу 2015-жылдын 18-ноябрында 3370 номеринде катталган. Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө 150-үй (№ 12/13-жай). 

4. МКА «Адал Финанс» коомдук фонду. микрокредиттик агенттиктин 2015-жылдын 6-ноябрында №210 катталган тууралуу күбөлүгү. Дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү 403.  

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган: 

1. Жеке ишкер Эзафович Ирина Борисовнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 16-ноябрында берилген №5065 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Алмашуу бюронун каттоо номери 3051. Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр., 44-үй. 

2. Жеке ишкер Ташполотов Абдулхамит Абдумуталибовичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 16-ноябрында берилген №5064 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Ноокат шаары, борбордук базар, № 3-күрмө