Кайта келүү

 Конъюнктура: 10 - 14 ноябрь

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы жана Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси Кыргызстанда жаңы коммерциялык банкты ачуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуулашты. 

Кыргызстандын атынан Ислам өнүктүрүү банкында башкаруучу альтернат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) Төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана Ислам өнүктүрүү банкынын Президенти Ахмад Мохамед Али Аль-Мадани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул жолугушуу 2015-жылдын 11-ноябрында Эль-Кувейт шаарында өтүп жаткан "Ислам боюнча каржылоо: глобалдык умтулууларга жооп" деп аталган эл аралык финансылык конференциянын алкагында болуп өткөн. Сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги ыйгарым укуктуу элчиси Ж. Шарипов да катышкан.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары ислам каржылоо принциптери боюнча иш алып барган коммерциялык банкты биргелешип түзүү жөнүндө маселени талкуулашты. Мындан тышкары, Улуттук банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчилери сүйлөшүү учурунда Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлчүлүгүн ачуу жана борбордук банк тарабынан ислам каржылоо принциптери боюнча иш алып барган банктарга финансылык инструменттерди жайылтуу аракеттери тууралуу сөз козгошту.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар берилген:  

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Финанс обмен" ЖЧКсына 2015-жылдын 11-ноябрында № 5401 лицензия берилди. Алмашуу бюронун каттоо номери 3368. Дареги: Бишкек шаары, К.Акиев атындагы көчө 24 үй, 64-батир. 

2. МКК "Тез Финанс Кредит" ЖЧКсына 2015-жылдын 6-ноябрында каттоодон өткөндүгү тууралуу № 490 күбөлүк берилди. Дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү 403.