Кайта келүү

 Конъюнктура: 10 - 14 август


өлөм системалары" бөлүгүндөөлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары" бөлүкчөсү ачылган, анда төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына "Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун (Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы №58/9 токтому) талаптарына ылайык берилген лицензиялар боюнча маалымат жайгаштырылган.  

 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

МКК "Эллей" ЖЧКсына 2015-жылдын 10-августунда микрокредиттик компанияны эсептик каттоодон өткөртүү жөнүндө № 489 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ж.Бөкөнбаев атындагы көчө, 7, кв.44. 

"Усман плюс" ЖЧКсына 2015-жылдын 13-августунда нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүү укугуна № 5357 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3340. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка атындагы көчө, 266/3. 

"Экотехсервис" ЖЧКсына 2015-жылдын 12-августунда нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүү укугуна № 5356 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3339. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка атындагы көчө, 294. 

"Жигит-Нур" ЖЧКсына 2015-жылдын 11-августунда нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүү укугуна № 5355 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3338. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, "Дордой" соода-оюн зоок комплекси, башкы өтмө, №21. 

"Форекс кей джи" ЖЧКсына 2015-жылдын 11-августунда нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүү укугуна № 5354 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3337. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү, 61.  

 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

МКК "AUB-Агро" ЖАКтын 2010-жылдын 10-февралындагы микрокредиттик компаниянын эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №271 күбөлүгү акционерлердин 2015-жылдын 10-августундагы кезексиз жалпы жыйынынын протоколунун көчүрмөсүнө ылайык жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чүй пр. 168. 

Жеке ишкер Муктар Бектуровичке 2012-жылдын 17-сентябрында нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген №5052 лицензия юридикалык жак катары лицензия алгандыгына байланыштуу жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо атындагы көчө, 28/8.