Кайта келүү

 Конъюнктура: 13 июль - 17 июль


 

«Ак-Ашуу» микрокредиттик компаниясына 2015-жылдын 14-июлунан тартып жеке адамдарды жана юридикалык жактарды улуттук валютада микрокредиттөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга тыюу салынган  

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 37-беренесинин 3-пунктунун жана “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун 3.11-пунктунун талаптарын бузгандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) жазма буйруктарынын талаптарын системалуу түрдө аткарбагандыгы үчүн Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2015-жылдын 10-июлундагы № 26/1 токтому менен МКК «Ак-Ашуу» ААКсынын (юридикалык дареги: Бишкек шаары, Киев көч. 254) 2007-жылдын 31-декабрындагы № 106 эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү 2015-жылдын 14-июлунан тартып кайтарылып алынган.  

 

Улуттук банк калкты улуттук валютага аяр мамиле жасоого чакырат 

Акыркы мезгилде Улуттук банкка атайын эле жарактан чыгартылган купюра жана монеталар көп келип түшкөн. Сомго карата аяр мамиле жасабаган учурлар менен катар эле (банкноттор бырышып, айрылып, булганып, жазуу китепчеси катары колдонулуп жана атайын капчыкта эмес чөнтөктөргө салынып жүрөт), Улуттук банк жарандар акча белгилерин атайылап эле жараксыз кылып жаткандагын тастыктады. Жакында эле кагаз купюраларында жарнамалык маалымат жарыяланып, максаттуу түрдө банкнот менен монеталар жарактан чыгып жаткан да учурлар катталган.  

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Улуттук банк улуттук валютага аяр мамиле жасоо керектигин эсиңиздерге салат. Жүгүртүүдөгү нак акчанын тышкы көрүнүшү жана жалпы абалы ал даярдалган материалдан же аны жасоо ыкмасынан, климаттык шарттардан гана эмес, көбүнчө калктын ага болгон мамилесинен жана акчаны колдоно билүү маданиятынан көз каранды.  

Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн жетектөөчү эксперти Эмил Курманалиев төмөнкүлөрдү маалымдады: «Кыргызстандыктардын улуттук валютага карата аяр мамиле жасоо маданиятынын жоктугунан улам, банкноттор маалымат жазуучу же телефондук китепче, рецепт баракчасы, жарнама жана сүйүү тууралуу ыр саптарды түшүрүүчү барак катары дагы колдонулуп жатат. Сомго жасалып жаткан мындай мамиле, менин көз карашым боюнча жарандардын өздөрүнө, өз өлкөсүнө болгон мамилесин көрсөтүп жатат. Анткени, улуттук валюта бул мамлекеттин жүзү болуп саналат да. Өлкөгө биринчи ирээт келген коноктор өлкө тууралуу алгачкы таасирди жергиликтүү валютаны колуна кармап көрүп алат. Албетте, ар бир адам өз валютасын кир, айрылган, жазуу түшүрүлгөн банкнотко алмаштыргысы келбейт. Балким, бул кимдир бирөө үчүн болор-болбос нерсе катары көрүнүшү мүмкүн, бирок ушундай майда нерселерден мамлекеттин экономикалык жана саясий имиджи түптөлөт.   

Ар бир өлкө өз улуттук валютасынын тышкы сүрөттөлүшүнө өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Бул бир гана банкноттун сапатын, дизайнын жана коргоо элементтерин жакшыртуу эмес, бул ар бир жарандын акчага болгон аяр мамилеси. Сомду даярдоо үчүн, эскилиги жеткен жараксыз акчаларды жаңы банкнотко жана монеталарга алмаштырууда мамлекет бул иш үчүн бир топ каражат жумшайт. Улуттук валютага болгон аяр мамиле, ар бир банкнота менен монетанын көбүрөөк колдонулушуна өбөлгө түзөт. Ошондуктан, акчаны көздүн карегиндей сактайлы (бүктөбөй, бырыштырбай, ага жазбай). Эгерде, сизде 80 % ашык аянты сакталган купюра бар болсо (айрылган, кирдеген, жазылган ж.б.) аны Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарынан жарактуу акчага алмаштырып алсаңыз болот. Ал эми Улуттук банк 50 % жана андан көбүрөөк аянтын сактап калган эскилиги жеткен улуттук валютаны күн сайын дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00- 15.00 чейин алмаштырат.  

 

 

2015-жылы банк тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн бекемдетүү максатында, Улуттук банк тарабынан банктардын уставдык капиталы боюнча талаптары көбөйтүлгөн, ал банктардын капиталын 2017-жылдын 1-июлуна карата 600,0 млн сомго чейин этап боюнча көбөйтүүнү карайт: 

2015-жылдын 1-июлуна чейин - 300 млн сом;   

2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн сом;   

2017-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн сом.   

 2015-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктары уставдык капиталды 300,0 млн сомго чейин жеткирүү боюнча талапты аткарган.  

  

  

өлчөө бирдиги: миң сом  

№ 

Банктын аталышы  

Төлөнгөн уставдык капитал 

2015-жылдын 1-январы  

2015-жылдын 1-июлу 

1  

"РСК Банк" ААКсы 

1 244 018  

1 244 018  

2  

"ФИНКА Банк" ЖАК 1  

1 043 236  

1 232 336  

3  

"Айыл Банк" ААКсы  

600 000  

1 150 000  

4  

"КИКБ" ЖАК 2  

1 030 514  

1 087 489  

5  

"БТА Банк" ЖАК  

1 000 000  

1 000 000  

6  

"КБ Кыргызстан" ААКсы  

781 987  

781 987  

7  

Банк "Бай Түшүм" ЖАК 

715 000  

715 000  

8  

"Оптима Банк" ААКсы 

700 000  

700 000  

9  

"Россинбанк" ААКсы 

40 900  

647 172  

10  

РК "Аманбанк" ААКсы 

600 000  

600 000  

11  

"Халык Банк Кыргызстан" ААКсы  

534 200  

534 200  

12  

"Банк Бакай" ААКсы 

384 889  

475 887  

13  

"ЭкоИсламикБанк" ЖАК 

407 369  

427 283  

14  

"Кыргыз-Швейцария Банкы" ЖАК 

242 389  

422 389  

15  

" Азиия Банкы " ЖАК 

271 001  

335 624  

16  

АКБ "Толубай" ЖАК  

268 000  

322 000  

17  

"Капитал Банк" ААКсы 

310 100  

310 100  

18  

"Дос-Кредобанк" ААКсы 

304 385  

304 385  

19  

"ФинансКредитБанк КАБ" ААКсы  

300 000  

300 000  

20  

Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалы 3  

201 454  

300 000  

21  

"Кыргызкоммерцбанк" ААКсы 4  

153 518  

300 000  

22  

"Демир КИБ" ЖАК 

132 540  

300 000  

23  

"КыргызКредит Банк" ААКсы 

300 000  

300 000  

   

Бардыгы болуп  

11 565 499  

13 789 869  

  

  

  

  

1. 2015-жылдын 3-мартында "ФИНКА Банк" ЖАК тарабынан банктык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия алынган 

2. «КИКБ» ЖАКтын уставдык капиталы 17 500 миң АКШ долл. түзгөн 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 10-июнундагы №31/1 токтому менен бекитилген “"Банк-резидент эместин өз филиалына капитал бөлүү тартиби жөнүндө” жаңы жобосуна ылайык Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалынын капиталы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында улуттук валютада жайгаштырылган.  

4. 2015-жылдын 17-июнунан тартып «Казкоммерцбанк Кыргызстан» ААКсы «Кыргызкоммерцбанк» ААКсы деген аталышка өзгөртүлгөн 

 

Бишкекте Евразия экономика бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Финансылык рынок боюнча консультативдик комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү 

Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык кеңешине мүчө мамлекеттердин Финансылык рынок боюнча консультативдик комитетинин отуруму болду. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган бул жолугушууга Россия Федерациясынын, Беларусь, Казакстан жана Армения Республикаларынын борбордук банктарынын, финансы министрликтеринин жана бизнес-топторунун өкүлдөрү, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын мүчөлөрү да катышты.   

Иш-чаранын катышуучуларын кабыл алып жатып Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов: Евразия экономикалык комиссиясына, экономика жана финансылык саясат боюнча министри Тимур Сулейменовго өлкөнүн экономика бирлигине кирүүсүндө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.   

“Мен биздин мамлекеттин Евразия экономика бирлигинин толук мүчөсү болуу өлкө үчүн маанилүү жана тарыхый окуянын алдында жогоруда аталган бирликке мүчө мамлекеттердин Финансылык рынок боюнча консультативдик комитетинин отурумун ачып жатканыма кубанычтамын. ЕАЭБге кирүү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана анын экономикалык уюмдун мүчөлөрү менен интеграцияланышына туруктуу импульс боло алат ”, -деп белгиледи Т. Абдыгулов.  

Улуттук банк башчысы иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн өзгөчө Бирликке мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономика жана башка тармактар боюнча өз ара иш алып баруусунун өнүгүүгө ык койгон тенденциясына бурду. Ал мындан ары да кызматташтыкты бекемдөөгө жана аны улантууга ишеним билдирди.   

Коллегиянын мүчөсү, Евразия экономикалык комиссиянын экономика жана финансылык саясат боюнча министри Тимур Сулейменов өз сөзүндө: Евразия экономика бирлигинин жана Евразия экономикалык комиссиянын Кыргыз Республикасынын аймагында алгачкы өткөрүлүп жаткан иш-чарасы экендигин баса белгиледи. “Консультативдик комитеттин жаңы мүчөсү болуп киргендигине карабай, биргелешкен иште терең билимин жана кесипкөйлүүлүгүн көрсөткөн Улуттук банктын даярдыгын белгилеп кетүү зарыл”,- деп билдирди.  

Отурумдун жүрүшүндө 14 маселе кароого алынган. Катышуучулар Финансылык рыноктордо ишти жүзөгө ашырууда талаптар жөнүндө макулдашуунун аткарылышы, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин брокерлер менен дилерлерин улуттук фондулук биржаларга өз ара киргизүү жөнүндө макулдашуу долбоорлорун талкуулашты. Мындан тышкары, Финансылык рынок боюнча консультативдик комитетке караштуу Бирликтин аймагында валюталык контролдукту жана валюталык жөнгө салуу маселелери боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыктары жана кредит таржымалына кирген маалыматтарды алмашуу боюнча Евразия бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара иш алып баруунун келечеги каралды.   

 

Маалымат үчүн:  

Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын 2012-жылдын 25-октябрындагы №199 чечими менен Евразия экономикалык комиссияга караштуу Финансылык рынок боюнча консультативдик комитет түзүлгөн. Комитеттин төрагасы Коллегиянын мүчөсү, Экономика жана финансылык саясат боюнча министри Тимур Сулейменов.  

Комитеттин иши мыкты эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен финансылык рынок чөйрөсүндө Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке жана Бажы бирлигинине мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө багытталган.   

Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке жана Бажы бирлигинине мүчө мамлекеттердин ортосундагы финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн ( банк жана камсыздандыруу тармагы, ошондой эле баалуу кагаздар рыногу) өз ара сатылышын кеңейтүү бул Комитеттин негизги милдетинен болуп саналат.   

Комитеттин алгачкы отуруму ушул эле жылдын 3-апрелинде Ереванда ( Армения) өткөн. Кийинки отурум күз айында болуп, ал эми декабрь айында Москвада өтүүчү отурумда комитеттин 2015-жылга каралган ишинин жыйынтыктары чыгарылат.   

 

 

Төмөнкү БФКМдерге берилген лицензиялар/күбөлүктөр жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

 

 

1. Жеке ишкер Сыдыкова Роза Мачиновнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 18-июлунда берилген №5020 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Чүй областы, Сокулук айылы Фрунзе атындагы көч. 163 «а». 

2. Жеке ишкер Джолдошбаев Абдурашид Галиахпаровичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 17-июлунда берилген №5017 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Бишкек шаары, Курманжан датка атындагы көчө 300. 

3. Жеке ишкер Абдулхамидов Абдусалам Ташпулатовичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 16-июлунда берилген №5015 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Өзгөн шаары, Борбордук базар (багыты: бут кийим базары). 

4. Жеке ишкер Абдулхамедов Мухторжон Мухаммаджановичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 16-июлунда берилген №5014 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Өзгөн шаары Борбордук базар (багыты: күрүч базары). 

5. Жеке ишкер Мирюсупов Миролим Мирсобировичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 16-июлунда берилген №5013 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Өзгөн шаары Борбордук базар (багыты: күрүч базары). 

6. Жеке ишкер Токтогулова Гулбарчын Шаршенбековнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 13-июлунда берилген №5012 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 165-1. 

7. Жеке ишкер Моминов Октамжон Маматгазиевичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 12-июлунда берилген №5011 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Ноокат шаары С. Алимбаева атындагы көчө 7. 

8. Жеке ишкер Хажикурбанов Мадаминжон Сурожидиновичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 12-июлунда берилген №5010 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Ноокат шаары шаардык базар (№ 6-күркөө). 

9. Жеке ишкер Пратов Хайрулло Эминжоновичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 12-июлунда берилген №5009 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Ноокат шаары, шаардык базар (№ 4-күркөө). 

10. Жеке ишкер Джоробаев Равшанжон Ибрагимжановичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 12-июлунда берилген №5009 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Ноокат шаары, шаардык базар (багыты: “Нооруз” кафеси). 

11. Жеке ишкер Сидиков Олимжон Эминжановичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 12-июлунда берилген №5006 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Ноокат шаары, борбордук базар № 2-алмашуу бюросу. 

12. Жеке ишкер Ахмедов Равшанбек Анваржановичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 12-июлунда берилген №5005 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Ош областы, Ноокат шаары, борбордук базар ( № 7-алмашуу бюросу). 

13. Жеке ишкер Ганижанов Казимжанга нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 12-июлунда берилген №5004 лицензия жокко чыгарылган. Дареги: Дареги: Ош областы, Ноокат шаары, борбордук базар ( № 1-алмашуу бюросу). 

14. МКК «Ак-Ашуу» ААКсынын жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө карата 2007-жылдын 31-декабрындагы № 106 эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү кайтарылып алынган. Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү 254. 

15. МКК «Нурдан Инвест» ААКсынын жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө карата 2007-жылдын 27-апрелиндеги № 81 эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү жокко чыгарылган. Дареги: Бишкек шаары, Абай атындагы көчө 81, 18-батир. 

 

Төмөнкү коомдорго кошумча алмашуу бюросунун катталгандыгы жөнүндө кат берилгендигин белгилеп кетүү зарыл: 

1. « Золотой Курс» ЖЧКсынын 2015-жылдын 16-июлунда №3328. Юридикалык дареги: Чүй областы, Чалдыбар айылы, Ленин көчөсү 524 а. 

2. «Мыктыбек-Руслан» ЖЧКсы, юридикалык дареги: Талас областы, Манас району Новодонецк айылы «Кербен» базары.