Кайта келүү

 Конъюнктура: 29 июнь - 3 июль

Улуттук банктын өкүлдөрү VI эл аралык конференцияга жана COINS-2015 эстелик монеталардын көргөзмөсүнө катышты 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын кызматкерлери 2015-жылдын 25-27-июнунда Москва шаарында өткөн VI эл аралык конференцияга жана COINS-2015 эстелик монеталарынын көргөзмөсүнө катышты.   

Иш-чарага Россиянын Борбордук банкы, Беларусь Республикасынын Улуттук банкы, Казакстан Республикасынын Улуттук банкы, Приднестровье Республикалык банкы, Армениянын Борбордук банкы, Перт шаарынын Австралиялык зерканасы, Польшанын зерканасы, Москва жана Санкт-Петербург зерканалары -“Гознак” федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын филиалдары, Австриянын зерканасы, Чехиянын зерканасы, Литвалык зеркана, ошондой эле Ресурс Трейд (Россия), Coin Invest Trust (Лихтенштейн) сыяктуу белгилүү монеталардын дистрибьюторлору катышышты.   

Конференциянын жүрүшүндө зеркана рыногунун негизги аспектилери жана тенденциялары талкууланды. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Медина Аширалиева өлкөнүн коллекциялык монеталарын жайылтуу жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Россиянын Борбордук банкынын Нак акча жүгүртүү департаментинин жетектөөчү экономисти Юлия Поспелова Россиянын эстелик жана инвестициялык монеталарынын бүгүнкү рыногу менен тааныштырды. Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын башкы сүрөтчүсү Светлана Некрасова Улуу Ата-Мекендик согушка арналган “монета” жөнүндө айтып берди. Ал эми Польша зерканасынын Техникалык өндүрүштү уюштуруу бөлүмүнүн директору Лукаш Карда конференциянын катышуучуларына инновациялык технологияда өндүрүлгөн “Дүйнө сыры” сериясынан “Дүйнөнүн жети керемети” монетасын 3-D түрүндө көрсөттү

  Улуттук банктын Эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Медина Аширалиева: «VI Эл аралык конференция жана COINS-2015 эстелик монеталарынын көргөзмөсү катышуучуларга монеталар рыногу үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берди. Мында тажрыйба алмашып, жетишкендиктер менен бөлүшүп, жаңы өнөктөштөр менен мамиле түзүүгө шарт түзүлдү. Бул көргөзмө нумизматикага болгон кызыгууну дагы да арттырды”,- деп билдирди.   

Конференциянын жүрүшүндө адаттагыдай эле көргөзмө өткөрүлүп, анын катышуучулары көңүлгө жаккан монеталарды көрүп гана тим болбостон, аны сатып алып да жатышты. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы күмүштөн даярдалган “Кыргызстандын кызыл китеби”, “Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери", “Кыргыз каганатынын доору", ошондой эле “Тарыхый окуялар” ж.б ар түрдүү сериядагы жүз коллекциялык монетаны тартуулады. Кыргызстандын коллекциялык монеталары көргөзмөгө келгендердин арасында жогорку суроо-талапка ээ болгон. Көргөзмөнүн жыйынтыгында Улуттук банк тарабынан сунушталган бардык монеталар сатылып өткөрүлгөн. 

 

маалымат үчүн  

COINS бул Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн аймагында монеталар рыногуна арналып өткөрүлүүчү жападан жалгыз эл аралык форум. Мындай иш-чаранын катышуучуларынын катарына борбордук банктар, зерканалар, ошондой эле эстелик монеталардын дистрибьюторлору кирет.   

Форумдун уюуштуруучусу - «Уотер Марк» басма үйү (Россия Федерациясы). Ал коллекцияга, инвестицияга жана белектерге арналган монеталары жөнүндө «Золотой червонец» аттуу журналынын негиздөөчүсү.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жетекчилери өлкөнүн банк секторун өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларын талкуулашты 

 

Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмеси менен биргеликте салтка айлангандай эле банктык тегерек стол маегин уюштурушту. Иш-чарага коммерциялык банктардын жетекчилери, Кыргыз банктар бирлигинин Төрагасы, ошондой эле Улуттук банктын Төрагасы жана банк Башкармасынын мүчөлөрү катышты.   

Иш-чараны ачып жатып, Улуттук банктын Төрагасы Т. Абдыгулов: рыноктун катышуучулары менен биргеликте иш-чараларды өткөрүү, бул бүгүнкү күндө жөнгө салуучунун маанилүү милдеттеринин бири болуп саналган банк тутумун бекемдөөдө Улуттук банктын зарыл кадамдарынын бири экендигин белгиледи. “Ушуга байланыштуу, банктардын финансылык абалына жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн жакшыртылышы жана өз убагында таасир этүү чаралары бизге абдан маанилүү. Мындан тышкары, банк секторун бекемдөө жана жакшыртуу максатында ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө жана банктарда башкаруу маданиятын жогорулатып, корпоративдик башкаруунун принциптерин өркүндөтүүгө бардык күч аракеттерди жумшоо зарыл” - деп билдирди. 

Т. Абдыгулов белгилегендей, Улуттук банк тарабынан мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, учурда менеджерлер менен акционерлердин жоопкерчиликтерин жогорулатууга, ички контролдук системасын өркүндөтүүгө, банк кардарынын таламдарын коргоого жана банктын баардык багыттар боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Улуттук банк микрофинансылык уюмдарды өнүктүрүүгө жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты жогорулатууга багытталган чараларга өзгөчө көңүл бурат.   

Иш-чаранын жүрүшүндө коммерциялык банктардын жана Улуттук банктын жетекчилери бүгүнкү күндө банк жана микрофинансылык секторлор алдында турган актуалдуу темаларды жана негизги маселелерди чечүү жолдорун талкуулаган. Анын ичинде акча-кредит саясатынын жаңы инструменттерине, төлөм системасынын ишиндеги жаңы эрежелерге жана Улуттук банк тарабынан рыноктун катышуучуларын жөнгө салууга байланыштуу маселелер айтылды.   

Ошондой эле тегерек стол маегинин катышуучулары тарабынан калктын финансылык ресурстардан кеңири пайдаланышын камсыз кылууда келип чыккан көйгөйлөргө, жаңы банк продуктыларын колдонууга киргизүү зарыл экендигине жана калк арасында финансылык сабаттуулукту жайылтууга өзгөчө көңүл бурулду.   

Банк секторунун отуздан ашык актуалдуу маселеси талкууланган жолугушуунун жыйынтыгында, Улуттук банктын Төрагасы конструктивдүү маек курган тегерек стол маегинин катышуучуларына ыраазычылык билдирди.   

Иш-чаранын жүрүшүндө биргелешип кабыл алынган бардык чечимдер, жакынкы эки жуманын ичинде тараптар кол коюуга пландаштырып жаткан Резолюцияда чагылдырылат.  

маалымат үчүн  

Банктык тегерек стол маеги жыл сайын Улуттук банк менен “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмеси менен биргеликте өткөрүлүп келет. Улуттук банктын Кыргыз банктар бирлигинин мүчөлөрү жана мамлекеттик органдары менен кызматташуусун өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле финансы жана банк секторундагы проблемаларды биргеликте чечүү жолдорун издөө иш-чаранын негизги максатынан болуп саналат.   

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы токтому менен бекитилген “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобого ылайык 2 уюм Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон.  

 

«EPAY»(«ИПЭЙ») ЖЧКсы 

 

«EPAY»(«ИПЭЙ») ЖЧКсы 2015-жылдын 26-июнунда төмөнкү иш багыттарын жүзөгө ашыруу укугуна төмөнкү лицензияларга ээ болгон:   

1. № 2013260615 - төлөм системасынын процессинг, клиринг борборунун катышуучуларынан болгон үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоого лицензия.  

2. № 3012260615 -өз иш натыйжасынан болуп саналбаган маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына таянуу менен төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу кызматын сунуштоого лицензия. 

 

«АсИсНур» ЖЧКсы 

«АсИсНур» ЖЧКсы 2015-жылдын 26-июнунда төмөнкү иш багыттарын жүзөгө ашыруу укугуна төмөнкү лицензияларга ээ болгон:   

№ 2014260615 төлөм системасынын процессинг, клиринг борборунун катышуучуларынан болгон үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоого лицензия.  

1. № 3013260615–өз иш натыйжасынан болуп саналбаган маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына таянуу менен төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу кызматын сунуштоого лицензия. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 9,50 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды  

 

Улуттук банк Башкармасы 2015-жылдын 29-июнунда эсептик чен өлчөмүн 9,50 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды. 

Эсептик чен өлчөмүнө тиешелүү буга чейин кабыл алган чечимден берки тышкы финансылык рыноктордогу жагдайдын чиелениши олуттуу белгисиздик шартында өкүм сүрүүдө. Инфляция динамикасын жана экономикалык өсүштү аныктаган негизги факторлор мурдагы бойдон калууда. 

Сезондук фактор инфляциянын басаңдашына түрткү берип, ал июнь айынын орто ченинде (19-июнга карата) жылдын баш жагындагы 11,6 пайызга караганда, жылдык туюндурууда 4,8 пайызды түзгөн. 

2015-жылдын январь-май айларында экономикалык өсүштүн жогорку көрсөткүчү (6,9 пайыз) эң башкысы, “Кумтөр” алтын кенин азып алуу ишканаларында өндүрүштүн өсүшү менен шартталган. “Кумтөрдү” эске албаганда, ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүш арымы 3,9 пайыз чегинде катталган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, инфляциялык процесстердин болжолдонгон динамикасын эске алуу менен өлкө экономикасындагы жагдайга мониторинг жүргүзүүнү улантып, мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктарына чегинде акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алууга ниеттенүүдө. Ал эми, орто мөөнөттүк мезгил ичинде акча-кредит саясаты негизги багыттарда аныкталгандай эле, инфляцияны 5-7 пайыз деңгээлинде чектеп турууга багытталат.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого алган кийинки отуруму 2015-жылдын 27-июлуна пландаштырылган. 

 

Төмөнкү алмашуу бюролоруна лицензиялар берилди: 

 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "ФОРЕКС ПЛАЗА" ЖЧКсына 2015-жылдын 3-июлунда № 5332 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү 1, Киоск-5, № 29. 

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Континент Групп" ЖЧКсына 2015-жылдын 3-июлунда № 5331 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө 144/2. 

3. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Вероника Ч.Компани" ЖЧКсына 2015-жылдын 3-июлунда № 5330 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү 124 

4. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Халил-Ата" ЖЧКсына 2015-жылдын 2-июлунда № 5329 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Ж. Бакиев атындагы көчө номерсиз (багыты: "Мариям" бут кийим базарынын жанында). 

5. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Толон-Ата" ЖЧКсына 2015-жылдын 2-июлунда № 5328 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Ж. Бакиев атындагы көчө номерсиз (багыты: "Мариям" бут кийим базарынын жанында).  

6. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Каныкей-Ч.Г." ЖЧКсына 2015-жылдын 2-июлунда № 5327 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Ж. Бакиев атындагы көчө номерсиз (багыты: "Мариям" бут кийим базарынын жанында).  

7. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Береке ААА" ЖЧКсына 2015-жылдын 1-июлунда № 5326 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Чүй областы, Сокулук айылы, Фрунзе атындагы көчө 163 а. 

8. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Тошалиев ММ” ЖЧКсына 2015-жылдын 30-июнунда № 5325 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Үч-Коргон айылы Исфайрам көчөсү номерсиз, багыты биринчи светофор. 

9. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Байсал-Каракол" ЖЧКсына 2015-жылдын 29-июнунда № 5324 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Токтогул жана Горький атындагы көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 

10. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Досмат ЛТД» ЖЧКсына 2015-жылдын 29-июнунда № 5323 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Чүй областы, Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү 143. 

11. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Байкут и Ко" ЖЧКсына 2015-жылдын 29-июнунда № 5322 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 164/12. 

12. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «ЭрБаймак» ЖЧКсына 2015-жылдын 29-июнунда № 5321 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка атындагы көчө 292. 

13. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Триумф Голд» ЖЧКсына 2015-жылдын 29-июнунда № 5320 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө 146. 

"НКА три семерки" ЖЧКсынын 2015-жылдын 30-июнунда №3319 кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат берилгендигин белгилеп кетүү зарыл: Юридикалык дареги: Кант шаары, Ленин атындагы көчө 89.