Кайта келүү

 Конъюктура: 11-15 май


 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы баалуу коллекциялык монеталарды, ошондой эле уникалдуу номерлердеги аффинаждалган алтын куймаларды сатуу боюнча аукцион өткөрөт. 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коллекционерлердин эстелик монеталарына, ошондой эле уникалдуу номерлери менен өлчөнгөн алтын куймаларга карата суроо-талаптарын канааттандыруу максатында, бардык каалоочуларды монеталар менен алтын куймаларды сатуу боюнча аукционго катышууга чакырат.   

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталары өзгөчө маанилүү тарыхый булак гана эмес, пайда алып келген финансылык салым да болуп саналат. Тажрыйба көрсөткөндөй, коллекциялык монеталардын саналуу санда гана чыгарылышы (күмүш монеталар 1 миңден 3 миңге чейин, алтын монеталар миң даанага чейин) алардын эң оболу баалуулук экендигин мүнөздөйт. Баалуу металлдарга карата баанын өсүшүнө байланыштуу топтоо каражаты катары коллекциялык монеталардын ролу бир кыйла жогорулап, мында алтындан жана күмүштөн даярдалган коллекциялык монеталар көбүнчө келечектин инвестициясы катары каралып жатат. Эл аралык нумизматикалык рынокто Улуттук банктын сатуусунан чыккан коллекциялык монеталар КМШ өлкөлөрүнүн эң көп суроо-талап жараткан монеталар рейтингинде жогорку позицияны ээлеп келет. Ошондуктан Улуттук банк кайталангыс предметтерди жактырган нумизматтар үчүн аталган банк тарабынан 1995-жылдан тартып 2007-жыл ичинде чыгарылган сейрек кездешкен алтын жана күмүш монеталарды өздөрүнүн коллекциясы үчүн аукциондо сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аукциондун катышуучуларына өзүндө жана сертификатта көрсөтүлгөн уникалдуу номерлери менен алтын куймаларын сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.   

  Аукцион 2015-жылдын 19-майында саат 16.00 Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчөсү 7 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Басма сөз борборунда өткөрүлөт.   

  Аукционго кайсыл болбосун жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алат. Эсептешүүлөр нак жана нак эмес формада жүргүзүлөт. Сатып алуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн эсептешүүлөр жеринде нак акчада жүргүзүлөт. Аукционгө күрөөсүз катышуу мүмкүнчүлүгү каралган.  

  

Лоттун мазмунун түзгөн монеталар:  

  

Лоттун  

номери  

Лоттун мазмунун түзгөн монеталар:  

Баштапкы  

баа (сом)  

1.  

"Ош-3000" алтын монетасы - 1 даана.  

25 000  

2.  

"Манас эпосуна 1000 жыл" күмүш монета - 1 даана.   

5 000  

3.  

"Хан-Теңири" күмүш монетасы - 1 даана.  

5 000  

4.  

"Аркар" күмүш монетасы - 1 даана.  

5 000  

5.  

"Акмаңдай гүл" күмүш монетасы - 1 даана.  

5 000  

6.  

"Ташрабат" күмүш монетасы - 1 даана.  

5 000  

7.  

"Улуттук валютага 10 жыл" күмүш монетасы - 1 даана.  

5 000  

8.  

"Кызматташуунун шанхай уюму" күмүш монетасы - 1 даана.  

5 000  

9.  

"Өзгөн архитектуралык комплекси" күмүш монетасы -1 даана  

5 000  

10.  

"Улуу Жеңишке 60 жыл" күмүш монетасы - 1 даана.  

5 000  

  

Лоттун мазмунун түзгөн алтын куймалар:  

  

Лоттун  

номери  

Лоттун мазмунун түзгөн  

алтын куймалар  

Куйманын  

жана  

сертификаттын  

номери  

1.  

1,0 грамм алтын куйма - 1 даана.  

А 00111  

2.  

2,0 грамм алтын куйма - 1 даана.   

А 00111  

3.  

5,0 грамм алтын куйма - 1 даана.  

А 00111  

4.  

10,0 грамм алтын куйма - 1 даана.  

А 00111  

5.  

31,1035 грамм алтын куйма - 1 даана.  

А 00111  

6.  

100,0 грамм алтын куйма - 1 даана.   

А 0111  

  

  

Аукцион өткөрүү күнүнө карата башкача айтканда 2015-жылдын 19-майында белгиленген баштапкы баа-сатуу баасы 

  

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот: 669229, 669141 (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы).   

 

  

Улуттук банкта Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык Жеңишине арналган балдар сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. 

 

13-майда жеңүүчүлөргө арналган салтанаттуу сыйлык берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Сынактын катышуучуларына акрил блоктору, эстелик монеталары, багеттер жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.   

Сыйлыктар расмий тапшырылгандан соң, балдар ата-энелери менен биргеликте Улуттук банктын нумизматикалык музейинде болушуп, аларга Кыргыз Республикасынын жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн алгачкы төлөм каражаттарынан тартып заманбап монеталары жана акчанын келип чыгышы тарыхы жөнүндө маалымат берилген. Окуучуларды эң көп кызыктырганы тарыхый инсандар, архитектуралык курулуштар, Кыргызстандын флорасы жана фаунасы түшүрүлгөн коллекциялык монеталар, ошондой эле мамлекеттин маанилүү окуяларына арналган монеталар болгон.  

Сынак мыкты сүрөт жана ыр чыгармалары боюнча банк кызматкерлеринин 6 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдар арасында өткөрүлгөн.   

Жалпысынан сынакка 42 окуучу катышкан. Сынактык комиссия тарабынан окуучулардын 63 материалы каралган.   

Сынакты өткөрүүнүн негизги максатынан болуп Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишти-эрдикти түбөлүк эсте калтыруу менен жаш муундун патриот болуп тарбияланышына салым кошуу саналган.  

Төмөнкү алмашуу бюролору лицензияларга ээ болду: 

 

 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «КЭШ Центр» ЖЧКсына 2015-жылдын 12-майында № 5267 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3262 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө 119-үй 18-батир. 

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «MCS Agency» (эМ Си эС Эджинси) ЖЧКсына 2015-жылдын 12-майында № 5268 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3263 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов атындагы көчө 119. 

3. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Фарида Капитал» ЖЧКсына 2015-жылдын 13-майында № 5269 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3264 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Дордой базары, “Чимкент” унаа токтотуучу жайы.  

4. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «ЛТЖ-ЭКЮ» ЖЧКсына 2015-жылдын 13-майында № 5270 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3265 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чимкент көчөсү 1 (Батыш автобекети).  

5. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна “Жумаш-Инвест» ЖЧКсына 2015-жылдын 13-майында № 5271 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3267 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Горький атындагы көчө 27/1-үй, "Вефа" соода борбору. 

6. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Баймак Финанс» ЖЧКсына 2015-жылдын 14-майында № 5272 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3268 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан Датка атындагы көчө 290. 

7. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Айгуль ЛТД» ЖЧКсына 2015-жылдын 15-майында № 5273 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3270 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары Курманжан Датка атындагы көчө 276. 

8. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна "Арзы плюс Ж» ЖЧКсына 2015-жылдын 15-майында № 5274 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3271 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Дэн Сяопин атындагы көчө 2-үй 31-батир. 

Маалымат үчүн: «ЛТЖ-ЭКЮ» ЖЧКсынын 2015-жылдын 13-майында кошумча алмашуу бюросу № 3266 каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Чимкент көчөсү 1 (Батыш автобекети).  

 

 

Банктар аралык төлөмдөр  Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс система 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

 

2015-жылдын 8-майдан 15-майга кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

30 479 713 934,79 

80 794 

2 032 996 637,40 

73 621 

28 446 717 297,39 

7 173 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

6,7 

91,1 

93,3 

8,9 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

1,2 

1,9 

1,3 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

6,9 

8,2 

20,1 

9,0 

6,0 

0,5 

БКга түшкөндөр 

9,5 

45,1 

19,7 

49,3 

8,8 

1,8 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,1 

3,3 

1,9 

3,7 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,7 

9,0 

10,6 

9,9 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

29 047 074 659,51 

64 969 

1 831 279 339,17 

59 130 

27 215 795 320,34 

5 839 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү  

Абсолюттук мааниси  

1 432 639 275,28 

15 825 

201 717 298,23 

14 491 

1 230 921 977,05 

1 334 

4,9 

24,4 

11,0 

24,5 

4,5 

22,9 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

08.05.2015 

18.05.2015 

Чыгарылган карттардын жалпы саны    

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

410 722 

412 088 

 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1520 

795 

725 

 

1529 

803 

726 

Банкоматтардын саны  

437 

437