Кайта келүү

 Конъюнктура: 16 - 20 март

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 18-мартында болуп өткөн отурумунда төмөнкү маселе каралып, тиешелүү токтом кабыл алынган: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 18-мартындагы № 17\2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы №39/9 "Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Дүйнөлүк банктын делегациясы менен жолугуп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын учурдагы экономикалык абалын талкууга алды  

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Сародж Кумар Джа баштап келген делегация менен жолугушту.  

Тараптар, Россиянын жана Борбордук Азия аймагында экономикалык өсүш арымдын басаңдашына, Кыргыз Республикасынын Евроазия экономика бирлигине кирүүсүнө, ошондой эле Жогорку Кеңештин парламентине шайлоо жакындап калгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын учурдагы социалдык-экономикалык жагдайы жана экономиканын өнүгүүсүндөгү болжолдоолор тууралуу маселелерди талкуулашты. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү зарылчылык келип чыккан шартта жана Улуттук банктын өтүнүчү боюнча гана инфляциянын арымын токтотуу жагында чараларды иштеп чыгууга техникалык көмөк көрсөтүү үчүн даяр экендигин билдиришти.  

Келген коноктор жолугушуунун акырында Кыргызстандын экономикасындагы маселелерди кошумча талкуулоону сунуш кылуу менен Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондусунун алкагында жыл сайын жазында 2015-жылдын 17-апрелинен 19-апрелине чейин Вашингтон шаарында өтүүчү жыйында жолугушууну сунушташты.  

 

 

 

Кыргызстанда 2015-жылдын 11-мартынан 17-мартка чейин болуп өткөн "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын" жыйынтыгы чыгарылды 

Кыргызстанда 2015-жылдын 11-мартынан 17-мартына чейин "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" (Global Money Week) болуп өттү. Кыргызстандын жаштарынын келечекте финансы жагында өз алдынча туура чечим алуусуна өбөлгө түзө турган финансылык сабаттуулуктун негиздерин балдарга жана жаш муундарга үйрөтүүгө, аларда каражатты топтоо маданиятын өнүктүрүүгө багытталган дүйнөлүк кампанияга Кыргыз Республикасы биринчи жолу толук масштабдуу кошулду.  

үткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын" алкагында алыскы аймактарды жана айылдарды кошо алганда, бүтүндөй Кыргызстан боюнча мектеп окуучулары менен студенттери үчүн эксперттер кыдырып лекция окуган атайын окутуу, финансы мекемелерине экскурсияга баруу, анын ичинде коммерциялык банктарда "Ачык эшик күнү" иш-чаралары уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, Улуттук банк сыяктуу мамлекеттик мекемелеринде мастер-класс, тренинг, тегерек стол маеги, викториналар, олимпиадалар, сынактар жана көптөгөн башка иш-чаралар өткөрүлдү. Жалпысынан 160ка жакын иш-чара уюштурулуп, ага 6 000ден ашык балдар катышкан. 

Кыргыз Республикасында "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгын" өткөрүү Улуттук банк тарабынан тескөөгө алынган. Ошондой эле калкты толук камтуу максатында, кампанияга башка финансы мекемелери, ассоциациялар жана эл аралык уюмдар, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмеси, "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук бирикмеси, Өнүктүрүү саясаты институту, "ФИНКА Банк" ЖАК, "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" ЖАК, Банк "Бай-Түшүм" ЖАК, "Айыл Банк" ААКсы, Эл аралык финансылык корпорация (IFC), Герман эл аралык кызматташуу боюнча коому (GIZ), "Кыргыз Фондулук биржа" ЖАК, "Жеке инвесторлор клубу" коомдук бирикмеси, Борбордук Азия Университети жана башкалар кирген.  

Улуттук банктын адистери бүгүнкү күндө финансылык жактан сабаттуу болуу маанилүү экендигин, зарыл билимге ээ болуу бул байсалдуу келечекке жол ачууга баштапкы капитал боло тургандыгы тууралуу мектеп окуучулары менен студенттерге кеңири түшүнүк берген республиканын бардык областтарына кыдырып лекция окуу иш-чарасын өткөрүштү. Жаш муундар менен жолугушууда валюта, кредит, депозит, банктык карт темалары талкууга алынып, деги эле жалпысынан финансы мекемелери сунуштаган продукттар менен кызмат көрсөтүүлөр жана башка маселелер боюнча суроолор арбын берилди. Дагы белгилей кетүүчү нерсе, Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсиялар уюштурулуп, мында балдар Орто Азияда пайдаланылган алгачкы төлөм каражаттары, ошондой эле Кыргызстандын азыркы улуттук валютасынын жаралыш тарыхы, анын ичинде Улуттук банктын эстелик монеталары тууралуу маалымат алышты.  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов: "Балдардын маалыматтарды кызыгуу артуу менен кабыл алышкандыгын баса белгилегим келет. Ал эми мектеп окуучулары бардык иш-чарага толук катышып, талкууларга, сынактарга, тренингдерге жигердүү катышып тим болбостон, көптөгөн суроолорду берип жаткандыгы кубандырат. "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" Кыргызстанда ийгиликтүү өттү. Биз мындай салтты кийинки жылы да улантабыз деген ойдобуз", - деп баса белгиледи. Кыргызстанда болуп өткөн "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгын" корутундулап жатып, "Бүгүнкү топтогонуң эртеңкиге ишеним" деп аталган балдар сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи, ошондой эле Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде сынакка сунушталган эң мыкты эмгектер коюлган көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Көргөзмө 2015-жылдын 19-мартынан 25-мартка чейин созулду. 

 

 

 

Улуттук банктын адистери Ысык-Көл областынын мектеп окуучулары үчүн кыдырып лекция окуу иш-чарасын өткөрүштү.  

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан лекциялар бул жолу республика боюнча 2015-жылдын 11-мартынан тартып башталган "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын" алкагында Улуттук банктын адистери тарабынан Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында болуп өттү. Аталган окутуу иш-чарасына 160 окуучу катышты. Улуттук банктын адистери финансылык сабаттуулуктун негиздери жөнүндө Чолпон-ата шаарындагы "SOS Балдар айылында" тарбияланып жаткан балдарга, А.Осмонов атындагы "Билим ордо" мектеп-комплексинин 711-класстарынын окуучуларына (Чолпон-Ата шаары), ошондой эле И. Бийболсунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин студенттерине жана Т.Сатылганов атындагы (Каракол шаары) мектеп-лицей интернатынын жогорку класстарынын окуучуларына кеңири маалымат беришти.  

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын адистери финансылык сабаттуулук деген эмне, өзүңдүн бюджетиңди кантип туура бөлүштүрүү жөнүндө жана улуттук валютага этият мамиле жасоо маанилүү экендиги тууралуу айтып беришти. Лекция аудиторияга жеткиликтүү жана кызыктуу болсун үчүн лекторлор сабакты турмуштан алынган мисалдар менен коштолгон интерактивдүү ыкмада өткөрүштү.  

"Билимге, мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу бул силердин эң башкы артыкчылыгыңар. Эгерде силер өзүңөрдүн билимиңерди туура пайдалансаңар, аларды капиталга айландыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуңар", - деп Юридика башкармалыгынын Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо бөлүмүнүн башкы юристи Эмир Бообеков белгиледи.  

Тышкы көзөмөл башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредит мекемелерине тышкы көзөмөл бөлүмүнүн кызматкери Адилет Нурланов: финансы мекемелери тарабынан бүгүнкү күндө сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр темасына токтолуп, акчаны топтоо жана аны үнөмдөө ыкмалары, ошондой эле кредит алуу учурунда биздин жарандар дуушар болгон, көп кездешкен көйгөйлөр жөнүндө маалымат берип, ал тургай карыз алуучу эсине сактай турган "алтын эрежелерди" бирден санап айтып берди. Мындан тышкары, эксперт депозиттик эсепти ачуу үчүн финансы мекемесин тандоонун критерийлерин белгилөө менен депозиттер темасына да токтолду.  

Кыргызстандын улуттук валютасына арналган тема лекциянын маанилүү бөлүгүн түздү, мында балдарга сомдун жаралыш тарыхы тууралуу айтылып, банкноттун коргоо белгилери көрсөтүлдү. Заманбап төлөм инструменттери, төлөм системасынын жана банктык карттардын түрлөрү боюнча маалыматтар менен Төлөм системасынын ишин анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Максат Дюшенбиев бөлүштү.  

Чолпон-ата шаарындагы "SOS Балдар айылынын" директорунун ассистенти Алия Галиева учурдун талабы болуп жаткан мындай иш-чараларды өткөрүү өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн абдан маанилүү экендигин белгилөө менен Улуттук банктын адистерине ыраазычылыгын билдирди: "Бизде тарбияланып жаткан ар бир бала үчүн акча каражаты каралган, ошондуктан биздин балдар өздөрүнүн акчаларын кантип туура сарптоону, сарамжалдуу пайдаланууну билүүсү зарыл. Бул лекциялардан биздин балдар өздөрүнө керектүү зарыл маалыматтарды алды деп ойлойм".  

Чолпон-ата шаарындагы "SOS Балдар айылында" тарбияланып жаткан 11-класстын окуучусу Эльмира Мырзабекова келечекте дарыгер болсом деп кыялданат жана ар бир адам кесибине карабастан финансылык жактан сабаттуу болуусу зарыл деп эсептейт. Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн окутуу иш-чарасынан кийин көптөгөн окуучулар акчаны жөнү жок сарптоону токтотуп, аларды максаттуу пайдаланат деген ойдомун деген пикирин билдирди.  

Каракол педагогикалык колледжинин 2-курсунун студенти Айнагүл Доолотбекова аталган лекцияга катышканга чейин мен үчүн финансылык сабаттуулук темасы анча мааниге ээ эмес болчу. "Буга чейин биз Улуттук банктан кредит алууга, валютаны алмаштырууга жана акча которууга болот деп ойлочумун. Ал коммерциялык нукта иш алып барбай тургандыгын жана башка банктардан айырмалана тургандыгын эми гана билдим. Биздин ар бир сурообузга адистер оңой жана жеткиликтүү маалыматтарды беришти. Алган билимибиз келечекте сөзсүз кереги тиет деген ойдомун", - деп Айнагүл кошумчалады.  

Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей интернатынын 10-классынын окуучусу Нурсултан Жумадыловду заманбап төлөм системасы кызыктырды. Азыр биздин өспүрүмдөр төлөм картына ээ эмес, бирок ыңгайлуу болсун жана коопсуздук үчүн алар келечекте төлөм карттары менен пайдаланууну пландап жатышат. Мектеп окуучулары жана студенттер лекциянын жүрүшүндө адистерге кызыккан суроолорун берип, толук маалымдар болушту. Алар интернет-банкингди кантип пайдалануу тууралуу, банкта депозиттик эсепти ачуу үчүн эмнелер талап кылына тургандыгы, төлөм карты жоголгон учурда кандай иш-аракеттерди көрүү ж.б. жөнүндө кеңири маалыматка ээ болушту. Жолугушуунун акырында лекторлор калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча эң мыкты дилбаянга, сүрөткө жана ырга Улуттук банк тарабынан жарыяланган республикалык сынакка окуучуларды катышууга чакырды. Улуттук банктын адистери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кыдырып лекция окуу иш-чарасын мындан ары улантат. Буга чейин мындай сабактар Бишкек шаарында, Чүй, Талас жана Ысык-Көл областтарында өткөрүлүп, 600дөн ашык балдар жана ишкерлер катышкан. Ал эми жакынкы мезгил аралыгында ушундай эле иш-чара Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында өткөрүлөт.  

 

 

 

"SOS Балдар айылы" коомдук бирикмесинде тарбияланып жаткан балдар коммерциялык банктын алып барган иши тууралуу маалыматтарга ээ болушту 

Улуттук банк, "SOS Балдар айылы" коомдук бирикмесинде тарбияланып жаткан балдар үчүн жана Бишкек шаарында үй-бүлөнү чыңдоо долбоорунун балдары үчүн тааныштыруу экскурсиясын "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" ЖАКтын башкы кеңсесинде уюштурду. Бул иш-чара Кыргызстандын аймагында өтүп жаткан жылдын 11-мартынан 17-мартына чейин өткөрүлгөн "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын" алкагында уюштурулган. 

Экскурсиянын жүрүшүндө балдарга банкты уюштуруу таржымалы, анын ишиндеги негизги багыттар, финансы продукттары жана кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле банктын бөлүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилип, адистердин иши менен дагы тааныштырышты. Алсак, кредит бөлүмүнө келгенде балдарга кредиттердин түрлөрү, карыз алуучунун негизги эрежелери тууралуу айтылды. Билим алууга берилген кредиттерге өзгөчө көңүл бөлүнүп, мында насыя каражатын тариздөө учурунда ар бир студент окуганына жараша белгилүү жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болору белгилүү болду. Мектеп окуучуларын банктын ушул кызматы жана башка жаңы продукттары кызыгууну жаратты, ал эми KICB адистери мектеп окуучуларынын бардык суроолоруна кылдат жооп беришти. Экскурсия аяктагандан кийин балдар өздөрүнүн ойлору менен бөлүштү. "Экскурсия кызыктуу болуп, көп нерсени таанып билдик. Биз коммерциялык банктын ишин, негизги бөлүгү болгон операцияларды ишке ашыруу бөлүмүнүн иш алып баруусун өз көзүбүз менен көрө алдык. Өсүп келе жаткан муун үчүн бул абдан маанилүү жана актуалдуу. Жакында биздин алдыбызда кесип тандоо маселеси туулат эмеспи, балким бүгүнкү өткөрүлгөн иш-чарадан кийин айрымдары банк кесибин тандашы мүмкүн", - деп айтып берди "SOS Балдар айылы" коомдук бирикмесинин тарбиялануучусу Жасмин Алманбетова.  

 

 

 

үгүнкү топтогонуң эртеңкиге ишеним" мектеп окуучулары арасындагы өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктары чыгарылды  

үткүл дүйнөлүк акча жумалыгына" (GlobalMoneyWeek) арналган иш-чаралардын алкагында Кыргызстанда "Бүгүнкү топтогонуң эртеңкиге ишеним" темасында балдар арасында сүрөттөрдүн сынагы өткөрүлгөн. Сынакты уюштуруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн, анын курамына Улуттук банктын, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын, Өнүктүрүү саясаты институтунун, Кыргыз банктар бирлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын, Жаштарды өнүктүрүү институтунун, Кыргызстандын депозиттерин коргоо боюнча агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү кирген.  

Сынак 2015-жылдын 16-февралынан 27-февралына чейин созулуп, мында 7 жаштан 17 жашка чейинки курактагы балдардын эмгектери кабыл алынган. Сынакка бардыгы болуп өлкөнүн бардык областтарынан 199 автордон 205 сүрөт келип түшкөн. Балдар үй-бүлөлүк бюджетке, күнүмдүк сарптоо акчаларына, финансы мекемелерине, финансылык керектөөлөргө жана келечекте өзүнүн финансылык маселелерин чечүүгө байланыштуу темаларга сүрөттөрдү сунушташкан. Сүрөттүн авторлору тарткан сүрөтүнүн аталышына акча тууралуу макалдарды пайдаланып, көпчүлүк сүрөттөрдө акчаны жана топтолгон каражаттарды туура пайдалана билүү боюнча чакырыктар берилген.  

Кыргыз Республикасында "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгын" өткөрүү боюнча жумушчу топтун өкүлдөрү кирген сынак комиссиясы бардык иштерди карап чыгып, байгелүү орундарды төмөнкүдөй бөлүштүргөн:  

"7 жаштан 10 жашка чейинки балдар" тобу боюнча:  

1-орун Кузьмина Алина, 8 жашта. № 13 комплекслицей мектеби, Бишкек ш.  

2-орун Макеева Даяна, 10 жашта. Герман Гмайнер атындагы мектеп, Бишкек ш.  

3-орун Сатаева Дария, 9 жашта. Окуу-тарбия комплекси № 67 мектеп-гимназия, Бишкек ш.  

"11 жаштан 14 жашка чейинки балдар" тобу боюнча:  

1-орун Морозов Георгий, 12 жашта. № 13 комплекслицей мектеби, Бишкек ш.  

2-орун Атаканова Акылай, 11 жашта. № 13 комплекслицей мектеби, Бишкек ш.  

3-орун Морозов Арсений, 12 жашта. № 13 комплекс-лицей мектеби, Бишкек ш. 

"15 жаштан 17 жашка чейинки балдар" тобу боюнча:  

1-орун Шарапова Даяна, 15 жашта. Окуу-тарбия комплекси № 70 мектеп, Бишкек ш.  

2-орун Мамасали уулу Урмат, 17 жашта. Ж.Жунусалиев атындагы № 23 мектеп, Жалал-Абад областы, Ноокен району.  

3-орун Исаков Аман, 15 жашта. "Манас-Ата-Себат" эркек балдар үчүн лицей, Талас ш.  

Сынакка сүрөттөрдүн көп келип түшкөндүгүнө байланыштуу, сынактын жобосу менен каралбаган төмөнкүдөй номинациялар боюнча кошумча кызыктыруучу сыйлыктарды ыйгаруу чечими кабыл алынган:  

"7 жаштан 10 жашка чейинки балдар" тобу боюнча кызыктыруучу сыйлыктар төмөнкүлөргө ыйгарылат:  

1. Кадралиева Сумая, 8 жашта. Герман Гмайнер атындагы мектеп, Бишкек ш.  

2. Сейитов Кубатбек, 7 жашта. № 64 мектеп-гимназия, Бишкек ш.  

3. Айзат Т., 10 жашта. Борбордук Азиядагы Европа мектеби, Бишкек ш.  

"11 жаштан 14 жашка чейинки балдар" тобу боюнча кызыктыруучу сыйлыктар төмөнкүлөргө ыйгарылат:  

1. Кубанычбеков Сыймык, 13 жашта. Макаренко атындагы № 1 мектеп-гимназия, Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району  

2. Шамыгина Ксения, 13 жашта. Окуу-тарбия комплекси, № 6 мектеп , Бишкек ш.  

3. Саркулова Аида, 13 жашта. № 65 мектеп-лицей, Бишкек ш.  

"15 жаштан 17 жашка чейинки балдар" тобу боюнча кызыктыруучу сыйлыктар төмөнкүлөргө ыйгарылат:  

1. Абдрахман кызы Орозгүл, 16 жашта. Ж.Жунусалиев атындагы № 23 мектеп, Жалал-Абад областы, Ноокен району 

2. Мусаева Айпери, 15 жашта. Окуу-тарбия комплекси, № 70 мектеп, Бишкек ш.  

3. Айдиева Мээрим, 15 жашта. Окуу-тарбия комплекси, № 70 мектеп, Бишкек ш.  

Ошондой эле кошумча кызыктыруучу сыйлыктар менен төмөнкүлөр сыйланган: Лавриненко Рита (№ 13 мектеп-лицей), Шаршенбек Кызы Адель (Окуу-тарбия комплекси, № 70 мектеп), Сатаева Саадат (№ 67 мектеп-гимназия), Чернявская Арина (Окуу-тарбия комплекси, № 70 мектеп), Максатова Айдана (Тамга орто мектеби), Апсатарова Айтолкун (Окуу-тарбия комплекси, № 70 мектеп), Бобуков Кайрат (SOS Балдар айылы), Ашурова Нафиса (Окуу-тарбия комплекси, № 20 мектеп), Стамкалый уулу Эламан (Герман Гмайнер атындагы мектеп), Нурланова Диана (Герман Гмайнер атындагы мектеп), Жаныбекова Айдана (Герман Гмайнер атындагы мектеп), Аубакирова Айжамал Кувановна (Окуу-тарбия комплекси, № 70 мектеп), Карамуратова Бермет (Окуу-тарбия комплекси, № 70 мектеп), Шаршенбекова Айданек (Герман Гмайнер атындагы мектеп).  

үгүнкү топтогонуң эртеңкиге ишеним" темасына арналган балдардын тарткан сүрөттөрү боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө Улуттук банктын коллекциялык монеталары, ошондой эле сынактын демөөрчүсү катары "ФИНКА Банк" ЖАК, Банк "Бай Түшүм" ЖАК, "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" ЖАК, "Айыл Банк" ААКсы коммерциялык банктарында депозиттерге ээ болуу сертификаттары тапшырылган. Алсак, үч сынактын категориясы боюнча биринчи орундарды ээлеген авторлорго 5 000 сом, экинчи орунду ээлеген авторлорго 3 000 сомго, үчүнчү орунду ээлеген авторлорго 2 000 сом суммасына депозиттер ачылган. 

Кызыктыруучу сыйлык катары дагы эки авторго 1 500 сом суммасына депозиттер ачылган жана тогуз баланын сүрөттөрү байгелүү орунга илинбей калса да, алар сынак комиссиясы тарабынан белгиленип, атайын сыйлыктарга - 500 сомдон 1500 сомго чейин акча каражаттары менен мобилдик капчыкка ээ болушкан.  

Мындан тышкары, бардык белгиленген авторлор "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгын" Кыргыз Республикасындагы башка уюштуруучуларынан баалуу белектерге ээ болушкан. Атап айтканда, Өнүктүрүү саясаты институтунан, "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук бирикмесинен, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен жана "Жеке инвесторлор клубу" коомдук бирикмесинен алышкан. 

 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. Күрөөкана "Камышай" кошумча жоопкерчиликтүү коомуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 18-мартында № 5219 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3215 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Байтик-Баатыр көчөсү 49 дареги боюнча жайгашкан. 

2. "Ак-Жолтой-Венера" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 19-мартында № 5220 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3216 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, "Дордой" соода базар комплекси, башкы өтмөк, контейнер № 14 дареги боюнча жайгашкан. 

3. "Кайрат-Адил" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 20-мартында № 5221 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3217 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Дэн-Сяопин пр., үй №10, №13 батир дареги боюнча жайгашкан. 

4. "Киреше Капитал" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 20-мартында № 5222 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3218 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү 286, 1-4 дареги боюнча жайгашкан.  

 

Төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензиялары кайтарылып алынган: 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна жеке ишкер Старжинская Оксана Юрьевнага 2012-жылдын 17-сентябрында берилген № 5055 лицензия кайтарылып алынды. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Байтик-Баатыр көчөсү 49-2. 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2015-жылдын 16-марттан тартып 20-мартын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

29 105 726 163,90 

64 812 

1 591 774 478,09 

59 800 

27 513 951 685,81 

5 012 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

5,5 

92,3 

94,5 

7,7 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,4 

1,5 

1,6 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

8,6 

6,1 

14,9 

6,5 

8,2 

1,0 

БКга түшкөндөр 

8,0 

55,7 

26,7 

60,1 

6,9 

2,7 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,03 

1,2 

0,6 

1,3 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,2 

4,5 

2,8 

4,8 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

29 583 587 846,61 

53 582 

1 466 425 876,00 

49 078 

28 117 161 970,61 

4 503 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү  

Абсолюттук мааниси  

-477 861 682,71 

11 230 

125 348 602,09 

10 722 

-603 210 284,80 

509 

-1,6 

21,0 

8,5 

21,8 

-2,1 

11,3 

 

Показатели системы Элкарт 

По состоянию на 

13.03.2015 

20.03.2015 

Общее количество выпущенных карт  

(без учета перевыпущенных)  

388 793 

392 984 

Количество pos-терминалов:  

- в банках  

- в торговых точках  

1498 

794 

704 

1498 

794 

704 

Количество банкоматов  

432 

433