Кайта келүү

 Жумалык хроника: 10 - 13 март

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартында болуп өткөн отурумунда төмөнкү маселе каралып, тиешелүү токтом кабыл алынган: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/1 "Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтому.  

 

 

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 12-мартында өлкөнүн Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.  

Жолугушуунун жүрүшүндө туруктуу макроэкономикалык жагдайды камсыз кылуу, инфляция деңгээлин басаңдатуу, улуттук валюта курсунун туруктуулугун колдоо, банк жана төлөм системаларынын коопсуз ишин камсыз кылуу жагында Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу мамлекет башчысына ырааттуу маалымат берилди.  

Президент Алмазбек Атамбаев жана Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов ошондой эле, Кыргызстанда альтернативдүү инвестициялык инструменттерди өлчөнгөн алтын куймаларды колдонууга киргизүү маселесин талкуулашты.  

Мындан тышкары, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселесине көңүл бурулуп, атайы иштелип чыккан www.finsabat.kg сайты жана балдар үчүн каралган алгачкы китепче кароого сунушталды. 

Мамлекет башчысы финансылык ресурстарды өлкө жарандарынын жана ишкерлердин таламында натыйжалуу мобилизациялоого тийиш болгон финансы-кредит мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү ишинин маанилүү экендигин баса белгиледи.  

 

 

Улуттук банктын нумизматикалык музейине "SOS Кыргызстан балдар айылында" тарбияланып жаткан балдар экскурсияга келишти 

Улуттук банктын нумизматикалык музейине "SOS Кыргызстан балдар айылы" коомдук бирикмесинде тарбияланып жаткан улан-кыздар үчүн экскурсия Кыргызстанда өтүп жаткан жылдын 10-мартынан 17-мартына чейин өтүүчүүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын" (GlobalMoneyWeek) алкагында уюштурулган. Экскурсияга 20дан ашык балдар жана "SOS Кыргызстан балдар айылынын" кызматкерлери катышты.  

Экскурсиянын жүрүшүндө Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгынын башкы адиси Бермет Усубалиева келген конокторго байыркы жана орто кылымдагы мамлекеттерде пайдаланылган алгачкы төлөм каражаттары жана монеталар жөнүндө, ошондой эле Кыргызстандын жана дагы башка мамлекеттердин азыркы учурдагы акчалары менен нумизматикалык монеталары тууралуу кеңири маалымат берди. Музейдеги экспонаттардын ичинен ар башка тарыхый доорлордун сейрек кездешүүчү монеталары жана купюралары коюлган, атап айсак: тарыхый жана нумизматикалык баалуулукка ээ баалуу кагаздардын ар кандай түрлөрү; чет өлкөнүн юбилейлик жана эстелик монеталары, ошондой эле Кыргызстандын улуттук валютасынын бардык төрт сериясынын банкноттору; борбордук банк тарабынан 1995-жылдан тартып 2014-жылга чейин чыгарылган коллекциялык монеталар. Алардын ар биринде кыргыз элинин тарыхы, республиканын жаратылышы жана жаныбарлар дүйнөсү чагылдырылган. 

Мектеп окуучулары көргөзмөдөгү экспонаттарга кызыгуу артуу менен карап, экскурсоводго кызыккан суроолорун гана бербестен, өздөрүнүн ой пикирлерин да ортого салышты. 

"SOS Кыргызстан балдар айылында" тарбияланып жаткан Бакай Кемельев: "Мага жана менин досторума Улуттук банктын музейинде дүйнөдөгү ар түрдүү мамлекеттердин монеталары жана акча белгилери түрүндө коюлган экспонаттары абдан жакты. Биринчи акчалардын келип чыгышы, кыргыз сомунун жаралышы тууралуу көп кызыктуу жана жаңы маалыматтарды алдым. Өзүмдүн бир туугандарыма жана эже-карындаштарыма сөзсүз айтым берем", - деген пикири менен бөлүштү. Ошондой эле "SOS Кыргызстан балдар айылында" тарбияланып жаткан Эркинбек кызы Айчүрөк экскурсияны уюштуруп бергендиги үчүн Улуттук банкка ыраазычылык билдирди: "Музейге чакырып, экскурсия уюштуруп бергениңиздер үчүн рахмат. Борбордук банктын коллекцияларын көрүү, алгачкы сомдун жаралышы жөнүндө фактыларды угуу абдан кызыктуу болду деп ойлойм".  

"Экскурсиядан көп пайдалуу маалыматтарды алдык. Мисалы мен акча кагаздан эмес кебезден жасала тургандыгын азыр гана билдим. Ошол эле учурда байыркы акчалардын, коллекциялык монеталардын тышкы көрүнүшү да абдан кызыктырды",-деп Айчүрөктүн курбусу Канышай Мейманбекова оюн билдирди.  

"Мен алгачкы акчалар кантип пайда болгондугун, байыркы убакта төлөм инструменти катары эмнелер пайдалангандыгын, жалпы эле монеталар менен акча тууралуу көп маалыматтарды алдым. Көрсө акча белгилерин жасоо мыйзам тарабынан жазага тартылат экен", -деп Нуркул уулу Бусурманкул да өз ою менен бөлүштү.  

Маалымат үчүн:  

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жүгүртүүгө чыгарылышынын 5 жылдыгына арналган нумизматикалык экспозиция Улуттук банкта 1998-жылдын 6-майында уюштурулган, ал эми ошол эле жылдын декабрь айында көргөзмө банктын нумизматикалык музейине айланган. Улуттук банктын нумизматикалык музейи өзүнүн коллекциясын байыркы монеталар, тарыхый жана азыркы акча белгилери менен, кыргыз улуттук валютасы боюнча документалдык материалдар менен дайыма толуктап турат, ошондой эле алардын илимий жана маданий маанилүүлүгүн түшүндүрүп кеңири жайылтып турат. Улуттук банктын музейинде: ар башка мамлекеттердин байыркы доорундагы акча белгилери, анын ичинде Кыргызстандын байыркы акча бирдиги; Кыргызстандын аймагында пайдаланган кагаз акча белгилери менен монеталар; баалуу кагаздардын ар башка түрлөрү, тарыхый жана нумизматикалык баалуулукка ээ башка баалуулуктар; чет өлкө акча белгилери жана Улуттук банктын музейине белекке берилген башка баалуулуктар; баалуу металлдардан жасалган чет өлкө монеталары; СССР мамлекеттик банкынын юбилейлик жана эстелик монеталары; Кыргызстандын юбилейлик жана эстелик банкноттору менен монеталары; улуттук валютанын банкнотторунан жана монеталарынан турган сувенирлер топтому коюлган. Музейдин коллекциясында фото жана видеоархивди түзүү үчүн материалдар: Улуттук банктын кызматкерлеринин жана башка расмий адамдарынын сүрөттөрү, ошондой эле Улуттук банктын ишинин олуттуу баскычтарын чагылдырган видео жана аудиокассеталар сакталган. Музейде Улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгаруу күнүнө, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө, ошондой эле өлкөбүздөгү жана дүйнөдөгү маанилүү ар кандай окуяларга арналган ачык эшик күнүнө карата көргөзмө жыл сайын уюштурулуп турат.  

 

 

Улуттук банктын адистери SOS балдар айылында тарбияланып жаткан балдарга финансылык сабаттуулуктун баштапкы негиздери тууралуу маалымат беришти 

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартынан тартып өтө баштаган Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында Улуттук банктын кызматкерлери Герман Гмайнер SOS окуу комплексинин окуучулары жана Бишкек шаарында жайгашкан SOS балдар айылында тарбияланып жаткан балдар менен жолугушуу өткөрдү.  

Жолугушуу учурунда адистер өсүп келе жаткан жаш муунга финансылык сабаттуулуктун баштапкы негиздерине ээ болуу маанилүү экендигин, жеке бюджетиңди кантип туура пайдалануу зарылдыгы тууралуу, ошондой эле финансыны сабаттуу тескөө ар бир адамдын турмушунда маанилүү натыйжаларды бере тургандыгы жөнүндө маалымат беришти.  

"Сиздердин билимиңиздер бул сиздин капитал. Силер билимиңерди өзүңөрдүн капиталыңарга айландыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуңар",- деп Улуттук банктын Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо бөлүмүнүн башкы юристи Мирлан Майтпасов белгиледи. Улуттук банктын адистери андан кийинки презентациянын материалдарын акча каражаттарын топтоо ыкмалары жана финансы мекемелери тарабынан көрсөтүлүп жаткан финансылык продукттар боюнча сунушташты. Балдарды каражаттарды жайгаштырган мезгилден тартып көбөйтүп берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн коммерциялык банктардагы депозиттер кызыктырды.  

Кыргызстандын улуттук валютасы лекциянын дагы бир маанилүү темасынын болду. Угуучуларга улуттук валютанын жаралыш тарыхы жана анын коргоо белгилери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле төлөмдөрдүн формалары, төлөм системасынын түрлөрү, банктык карттар ж.б. тууралуу маалыматтар дагы толугу менен балдарга жеткирилди.  

Герман Гмайнер SOS окуу комплексинин директорунун милдетин аткаруучу Светлана Тенизбаева жаш муундун финансылык сабаттуулугун жогорулаткан мындай иш-чаралардын өткөрүлүш бүгүнкү күндө актуалдуу экендигин баса белгилөө менен Улуттук банк менен мындан кийин да тыгыз кызматташуу ниетин билдирди.  

Ал эми жолугушуунун акырында Улуттук банктын адистери окуу комплексине кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылган "Акча алиппеси" китепчесин тапшырышты.  

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кыдырып лекция окуу иш-чарасы Улуттук банктын адистери тарабынан республика боюнча мезгил-мезгили менен уюштурулуп турат. Буга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Талас областтарында 500дөн ашык балдар катышкан мындай сабактар өткөрүлгөн. Ал эми жакынкы мезгил аралыгында ушундай эле иш-чара Ысык-Көл жана Ош областтарында өткөрүү пландалууда.  

 

 

Кыргызстанда алгачкы жолу калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча www.finsabat.kg электрондук ресурсу ишке киргизилди 

Республикада алгачкы жолу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча сайт иштелип чыгып, ишке киргизилди. 

Мында, finsabat.kg маалыматтык порталы кыргыз жана орус тилдеринде, дайыма жаңыланып туруучу бирдиктүү ресурс болуп саналат, анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү үчүн мамлекеттик ведомстволор жана финансы мекемелери тарабынан даярдалган экономика жана финансы темасындагы актуалдуу материалдар топтолгон. Бул сайтта жайгаштырылган маалыматтык материалдар окурмандарга жергиликтүү финансы жана банктык системалардын иши, алардын ар бир адамдын жашоо-турмушуна таасири тууралуу түшүнүк алууга көмөктөшөт, ошондой эле өлкөнүн финансы мекемелери тарабынан сунушталуучу продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр, карыз алуучулардын укуктары жана милдеттери тууралуу толук маалыматтарды сунуштайт. 

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн маалыматтар тематикалар боюнча бөлүштүрүлүп жайгаштырылган. Алсак, "Мыйзамдар" деп аталган бөлүктөн банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана аларды керектөөчүлөр ортосунда укуктук мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен таанышууга болот.  

"Керектөөчүлөргө" деп аталган бөлүк акча каражаттары, кредиттер, аманаттар, төлөм карттары ж.б. тууралуу жалпы маалыматты камтыйт. Мисалы, шилтемеге кирүү менен улуттук валюта тууралуу ал кантип жаралгандыгы, биринчи кандай түрдө чыгарылгандыгы жана аны алмашуу ыкмалары тууралуу кызыктуу материалдарды окуса болот. 

"Жалпыга маалымдоо каражаттары" бөлүгүндө калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштин алкагында, маалыматтык агенттиктердин маалымат берүү мүнөзүндөгү жарыяланган материалдары, газета бетиндеги макалалар, ошондой эле телеканалдардын жана радиостанциялардын эфирине чыгарылган аудио жана видео материалдары жайгаштырылган.  

Ошондой эле сайтта кичинекей окурмандарыбыз үчүн жаңы, татаал маалыматтарды оңой өздөштүрүү максатында Улуттук банктын адистери тарабынан иштелип чыккан "Балдарга акча тууралуу" китепчесинин электрондук варианты жайгаштырылган. 

"Балдар үчүн акча алиппеси" китепчеси балдар күндөлүк турмушта кезиктирген эң эле жөнөкөй экономикалык түшүнүктөр менен таанышып чыгусу максатында кыргыз жана орус тилдеринде чыккан, өлкөнүн региондорунда таркатылуучу көрсөтмө курал.  

"Окуу видеосу" деп аталган бөлүк Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан эң эле актуалдуу темаларга жазылган видео-лекцияларды камтыйт. Бүгүнкү күндө андан карыз алуучулардын укуктары жана милдеттери, улуттук валютанын коргоо белгилери, банктык карттардын артыкчылыктары ж.б. тууралуу лекциялар менен таанышууга болот. 

"Өзүңдү текшер" шилтемесин басуу менен ар бир окурман финансы жагында өз билим деңгээлин текшере алат. Ар кандай темалар боюнча иштелип чыккан тесттер бир нече жооптору менен 20 суроону камтыйт.  

 

 

Кыргызстанда "Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы" (Global Money Week) башталды 

2015-жылдын 10-мартынан 17-мартына чейин республикада өтүүчү балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга арналган иш-чараларга карата пресс-конференция өткөрүлгөн. Ага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Кыргызстандын Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары Саматбек Жумашев, "Child and Youth Finance" Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча регионалдык менеджер Карина Авакян, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесинин жетекчиси Анвар Абдраев, "Өнүктүрүү саясатынын институтунун" башкармасынын төрагасы Надежда Добрецова катышкан. 

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук банктын Төрагасы ушул жылдын 10-мартында Кыргызстан Global Money Week дүйнөлүк кампаниясына биринчи жолу толук масштабдуу кошулгандыгы тууралуу маалымдады. "Жумалыктын алкагында Кыргызстанда, анын ичинде алыскы региондордо жана айылдарда интерактивдүү окутуу сабактары, семинарлар, тегерек столдор, финансылык мекемелерге экскурсиялар, балдар жана жаштар үчүн сынактар өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги максаты жаш муунда акчаны топтоо маданиятын өнүктүрүү жана балдарга, жаштарга келечекте алардын туура финансылык чечим кабыл алуусу, өз бакубат турмушун куруусу үчүн түшүнүк берүү", - деп Улуттук банктын Төрагасы баса белгиледи.  

Т. Абдыгулов журналисттерге Улуттук банк жана Финансылык каражаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү альянсы ортосунда "Кыргыз Республикасында финансылык каражаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө финансылык сабаттуулуктун таасири" долбоору боюнча гранттык макулдашууга кол коюлгандыгын маалымдады. "Долбоордо изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Финансылык сабаттуулук боюнча концепцияны иштеп чыгуу болжолдонгон, анда маалыматты максаттуу аудиторияга жеткирүү инструменттери аныкталат. Изилдөөлөр бардык региондордо жүргүзүлөт жана анын натыйжалары ушул жылдын акырына чейин белгилүү болот", - деп кошумчалады Т.Абдыгулов. 

Мындан тышкары, Төрага Улуттук банк тарабынан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. "Алсак, жогорку класстагы окуучулар, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн кыдырып лекция окуу иштери өткөрүлүүдө. Биздин эксперттер экономика жана финансы негиздери, өз акчаларын үнөмдүү пайдалануу, карыз алуучунун "алтын" эрежелери, заманбап төлөм инструменттеринин артыкчылыктары жана пайдасы тууралуу кеңири маалымат берүүдө. Ошондой эле, финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайт ишке киргизилип, кыргыз жана орус тилдеринде "Акча алиппеси" жана "Денежная азбука" балдар китепчелери чыгарылды. Мындан тышкары, атайын брошюралар басып чыгарууга даярдалууда", - деп Төрага Т. Абдыгулов маалымат берди. 2015-жылы Улуттук банк Кыргыз Республикасында өтүүчү "Global Money Week" иш-чарасын өз тескөөсүнө алат. Ошондой эле калкты толук камтуу максатында, кампанияга башка финансы мекемелери, ассоциациялар жана эл аралык уюмдар, анын ичинде: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмеси, "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук бирикмеси, Өнүктүрүү саясаты институту, "ФИНКА Банк" ЖАК, "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк" ЖАК, "Бай-Түшүм" Банк, Эл аралык финансылык корпорация (IFC), Герман эл аралык кызматташуу боюнча коому (GIZ), "Кыргыз Фондулук биржа" ЖАК, "Жеке инвесторлор клубу" коомдук бирикмеси, Борбордук Азия Университети жана башкалар кошулган.  

 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

көлөмү

сом 

2015-жылдын 10-марттан тартып 13-мартын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

39 062 822 760,02 

58 223 

1 931 197 219,93 

52 382 

37 131 625 540,09 

5 841 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

4,9 

90,0 

95,1 

10,0 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,7 

2,7 

1,8 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

11,7 

12,0 

32,4 

13,3 

10,6 

0,5 

БКга түшкөндөр 

7,4 

43,3 

12,9 

47,9 

7,1 

2,1 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,02 

0,2 

0,4 

0,3 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,2 

6,5 

4,5 

7,2 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

29 583 587 846,61 

53 582 

1 466 425 876,00 

49 078 

28 117 161 970,61 

4 503 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү  

Абсолюттук мааниси  

2 220 378 241,74 

4 104 

141 040 114,19 

3 848 

2 079 338 127,55 

257 

7,5 

7,7 

9,6 

7,8 

7,4 

5,7 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

27.02.2015 

10.03.2015 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

384 092 

385 625 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1489 

789 

700 

1494 

794 

700 

Банкоматтардын саны  

431 

432