Кайта келүү

 Конъюнктура: 2 - 6 март

 

 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Бактыгуль Жеенбаева Ведомстволор аралык комиссиянын Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча отурумуна катышты 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Бактыгуль Жеенбаева Ведомстволор аралык комиссиянын Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча отурумуна катышты. Отурум Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында өтүп, анда Экономика министри Темир Сариев, Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев жана өлкөбүздүн банк секторунун өкүлдөрү катышышты.  

Премьер-министр, учурда экономиканы 2015-жыл ичинде өнүктүрүү маселеси Өкмөт деңгээлинде талкууга алынып жаткандыгын жана алдыда өлкө экономикасын өнүктүрүүдө белгилүү бир кыйынчылыктар күтүлүп жаткандыгын белгиледи.  

"Биз бардык колдо болгон өнүктүрүү резервдерин издөөгө тийишпиз, алардын ичинен көмүскө экономиканы легалдаштыруудан олуттуу потенциалга жетишүүгө болот деп эсептеймин, аны натыйжалуу пайдалануу зарыл. Талдап-иликтөөлөр боюнча, расмий эмес экономиканын көлөмү 40% - 60% чейинкини түзөт, бул катталбаган транзакциялардын, бүтүмдөрдүн, долбоорлордун кеминде 3 млрд. долларга жакыны", - деп билдирди Өкмөт башчысы.  

Мындан тышкары ал, учурда керектөөчүлөр жана төлөөчүлөр нак эмес төлөмдөрдү ишке ашырып жаткандыгын, бирок транзакциялардын саны күтүлгөн деңгээлде катталбагандыгын маалымдады.  

"Мында сөз расмий эмес экономикага карата ар тараптуу чара көрүү тууралуу болуп жатат. Аны коммерциялык банктардын катышуусуз ишке ашыруу кыйын", - деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.  

Өз кезегинде, коммерциялык банктардын өкүлдөрү жеке сектордо эмгек акыны милдеттүү түрдө нак эмес формада төлөө зарылчылыгы маселесин козгошту.  

Мындан тышкары, Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу натыйжалары жана Ведомстволор аралык комиссиянын 2012-2014-жылдар аралыгында аткарган иши тууралуу маалымдады.  

Ошондой эле алыскы региондордон тышкары, республикада 2012- 2014-жылдар ичинде өз кызматкерлерине эмгек акыны банктык төлөм карттарына чегерүү аркылуу төлөгөн бюджеттик уюмдардын саны 40 пайыздан 90 пайызга чейин өскөн. "Пенсионердин карты" долбоору ишке киргизилгендигинен улам, республиканын 590,6 миң пенсионеринин ичинен 197,6 миң адам (33,4%) пенсияны коммерциялык банктар аркылуу, ал эми 393 миң адам (66,6%) "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу алууда. Бүгүнкү күндө бюджетке төлөмдөрдүн 40 пайызы салык төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринен чегерилүүдө. 2014-жыл ичинде 254 РОS-терминал аркылуу 1 миллион 668 миң сом суммасына 4 382 төлөм ишке ашырылган. Терминал аркылуу кабыл алынган салык төлөмдөрүнүн саны жана көлөмүнүн өсүшү байкалууда. 2014-жылы 52 миллион 202,8 миң сом суммасына 30 361 төлөм өткөрүлгөн.  

"2012-жылдын 1-январынан тартып 2014-жылдын 31-декабрына чейин жүгүртүүдөгү банктык төлөм карттарынын саны 3,3 эсеге өсүп, бүгүнкү күндө 909 миң карт чегинде катталган. Банктык карттар боюнча операциялардын көлөмү 3,4 эсеге өсүп, 2014-жыл ичинде ал 83 млрд. 806,2 млн сомду түзгөн. Кароого алынган мезгил ичинде банкоматтардын саны 2,2 эсеге көбөйүп, 998 даанага жеткен. РОS-терминалдардын саны 2,3 эсеге жогорулап, 2014-жылдын акырына 4 675 даананы түзгөн, алардын ичинен 3 526 терминал соода-сервис ишканаларында орнотулган", - деп билдирди Нурханбек Момуналиев. 

Ошондой эле, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр формасын өнүктүрүү жагында жетишкендиктер менен бирге эле, көйгөйлөр да кездешип жаткандыгын белгиленди.  

Отурумдун акырында министрлер кабинетинин башчысы нак эмес төлөмдөрдү жана инфраструктураны андан ары өнүктүрүү жагында ишти улантуу, калайык-калкка нак эмес төлөмдөрдүн алгылыктуу жактары тууралуу маалымдап, финансылык маданиятка көңүл буруу, калкка финансылык сабаттуулук боюнча маалымат берүү, аралыктан банктык кызматтарды сунуштоо мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү зарылчылыгын белгилеп кетти.  

 

 

Улуттук банктын кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берүү жагында окутуудан өтүштү 

Улуттук банкта кызматкерлердин жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берүү тажрыйбасын өркүндөтүүгө багытталган тренингдер өткөрүлдү. Республиканын алдыңкы медиа-эксперти Марс Тулегенов катышкан бул иш-чарага Улуттук банктын негизги түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылды.  

Катышуучулар телеберүү учурунда баарлашуу өзгөчөлүктөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ар кандай кабылдоо түрлөрү тууралуу маалымат алышты. Мындан тышкары медиа-эксперт, сүйлөп жаткан адам видео жана веб-камера алдында, ошондой эле түз эфир учурунда өзүн туура алып баруусу, кийими, сырткы келбети ж.б. тууралуу маалымат берди. 

Тренингдин жүрүшүндө интервью берүү түрлөрүнө, ар кандай максаттуу аудиторияларда экономика жана финансы темаларына тиешелүү татаал маалыматтар боюнча түшүндүрмө берүүгө өзгөчө көңүл бурулду.  

Ар бир катышуучу бир нече ирет интервью берип, журналист катары да тажрыйбадан өтүштү. Тренингдин жыйынтыгында катышуучулардын ар биринин видео-маалыматы талкууга алынып, медиа-эксперт алар боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берди.  

Катышуучулар мындай тренингдерди теориялык билим деңгээлин жогорулатуу үчүн гана эмес, аны кесиптик иште да пайдалануу максатында өткөрүп туруу зарылчылыгын белгилешти.  

 

 

Улуттук банкта нак эмес төлөмдөрдү ишке ашырууну өлкөнүн региондорунда өнүктүрүү маселеси талкууланды 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Бактыгуль Жеенбаева "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесинин башчысы Анвар Абдраев жана коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту.  

Жолугушууда "Кыргыз Республикасынын аймагына 2015-2017-жылдары банктык жабдууларды алып келүү жөнүндө" келишимдин долбоору кылдат талкууланды, бул келишимди түзүү "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу Улуттук банк менен коммерциялык банктар ортосунда түзүлүүсү пландалган.  

Мында кийинки үч жыл ичинде өлкөгө алып келүү пландалып жаткан банктык жабдуулар, ошондой эле Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик иш-чаралар программасын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн аймактарына жабдууларды жеткирүү планы тууралуу сөз болуп жатат. 

Талкуудан кийин жолугушуунун катышуучулары жабдууларды алып келүү боюнча планды айтылган сунуштарды эске алуу менен толук иштеп чыгуу чечимин кабыл алышты.  

Келишимге кол коюу өлкө аймагынын калкын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануусуна мүмкүнчүлүк түзүү менен республикада нак эмес төлөмдөр системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү

Аталган келишимге жакынкы мезгил аралыгында кол коюу пландаштырылган.  

Маалымат үчүн:  

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамына 2015-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган.  

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 29-январында кабыл алынган.  

Коммерциялык банктардын төлөм системасынын инфраструктурасын кеңейтүү аркылуу Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү мыйзамдын максаты болуп саналат. Бул мыйзамда импорттолуучу банктык жабдууларды (банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банктык күркөлөр) алып келүүдө КНСти төлөөдөн бошотуу шарты каралган. 

Мыйзам убактылуу мүнөзгө ээ, ал 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.  

Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

 

"ФИНКА Банк" жабык акционердик коому лицензияга ээ болду 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-жылдын 3-мартында "ФИНКА Банк" жабык акционердик коомуна улуттук жана чет өлкө валюталарында банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензияларды берди.  

Буга чейин Улуттук банк Башкармасынын токтому менен "ФИНКА Банк" жабык акционердик коомуна банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга алдын ала уруксат берүү чечими кабыл алынган эле. Ал эми 2015-жылдын 11-февралында "ФИНКА Банк" ЖАКтан банкты түзүү жана анын ишин уюштуруу боюнча бардык талаптар аткарылгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.  

"ФИНКА Банк" ЖАК Башкармасынын төрагасы Маргарита Черикбаева банктын лицензиясын алып жатып: "ФИНКА" ЖАКтын коммерциялык банкка трансформацияланышы компаниянын өнүгүшүнүн кезектеги баскычы болуп саналат жана ал дүйнөнүн 23 өлкөсүндөгү банктар менен микрофинансы уюмдарынан турган ФИНКА Интернэшнл дүйнөлүк түйүнүнө биригет. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен "ФИНКА Банк" ЖАКтын жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө кошкон салымы жогорулайт. Биз банк секторун өнүктүрүү үчүн жана бүтүндөй Кыргызстандын өнүгүшү үчүн эмгектенебиз", - деп баса белгиледи.  

Маалымат үчүн:  

Кыргызстандын рыногунда FINCA 1995-жылдан тартып иштей баштаган. 2014-жылдын декабрь айынын акырына карата FINCA компаниясынын үлүшү микрофинансы компанияларынын ичинен кардарларынын саны боюнча 33 пайызды, кредит портфелинин көлөмү боюнча 36 пайызды түзгөн, ал эми 2015-жылдын 1-февралына карата маалыматтар боюнча кредит портфели 7,5 млрд. сомго жеткен.  

"ФИНКА Банк" ЖАК калкка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүн: аманат эсептерин, мөөнөттүү депозиттер, кредиттер, акча которуулардын ар түрдүү системаларын, алмашуу операцияларын, дебет, кредит карттарын, банктык кызмат көрсөтүүлөр менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жаңы тармагын сунуштайт. 

Улуттук банк: "Компаньон финансылык тобу" микрофинансы компаниясы Кыргыз Республикасынын экономикасына Европа инвестицияларын тартуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти 

Улуттук банк, МФК "Компаньон финансылык тобу" жабык акционердик коомуна үч жаңы акционердин кошулгандыгын жана уюмдун уставдык капиталы 650,4 млн. сомдон 1 млрд. 616 миң сомго чейин көбөйгөндүгү тууралуу маалымдайт. Жаңы акционерлер Нидерландынын жана Люксембург Улуу Герцогдугунун социалдык жана инновациялык иш багытын көздөгөн эл аралык финансы-кредит мекемелери жана фондулары тарабынан сунушталган. Компаниянын негизги акционери жана акциялардын 65 пайызына ээлик кылуучу болуп "Компаньон" компаниясынын уюштуруучусу Кайрымдуулук корпусунун ("MercyCorps") экономикалык өнүктүрүү жана көмөк көрсөтүү боюнча өкмөттүк эмес эл аралык уюму эсептелет.  

"Компаньон" компаниясынын акцияларынын 17,5 пайызынын ээсинен болуп Голландия өнүктүрүү банкы (FMO) саналат, анын негизги иши өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жеке сектор ишканаларына кредиттерди, гарантияларды жана капиталды сунуштоодо камтылат. Голландия өнүктүрүү банкына эл аралык узак мөөнөттүү ААА кредит рейтинги ыйгарылган. Банктын капитал түзүмүндө Нидерланды Финансы министрлигинин атынан мамлекеттик үлүшү акциялардын 51 пайызын түзөт. 

Эки Triodos инвестициялык фондунун үлүшүнө чогуу алгандагы акциялардын 17,5 пайызы туура келет:  

- TriodosFairShareFund (Голландия), социалдык-этикалык инвестициялык институт расмий статусу ыйгарылган биринчи инвестициялык фонд болуп саналат;  

- TriodosSicavII TriodosMicrofinanceFund (Люксембург) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аз кирешелүү адамдар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөргө инвестиция жумшоо менен иш алып барат.  

Улуттук банктын жана МФК "Компаньон финансылык тобу" ЖАКтын жетекчилиги ортосунда уюмдун уставдык капиталын көбөйтүү маселеси боюнча жолугушуу 2015-жылдын 4-мартында Улуттук банкта болуп өттү.  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов МФК "Компаньон финансылык тобунун" өкүлдөрүн Кыргызстанга инвесторлорду тартуу жагында алгылыктуу салым кошкондугун баса белгилөө менен куттуктады. "Биздин рынокко мындай рейтингге ээ инвестордун тартылышы республиканын финансы системасында болуп жаткан тарыхый кадамдардан десек болот. Кандай гана инвестор болбосун акчаларын салуудан мурда финансылык көрсөткүчтөргө гана көңүл бурбастан, компаниянын келечектеги өнүгүүсүнө да маани берет. "Компаньон" кредиттөө рыногунда көптөн бери ийгиликтүү иш алып барып, белгилүү абройго ээ болуу менен кардарлардын базасын түзүүгө жетишкен. Сиздер өзүңүздөрдүн тике функцияңыздарды гана аткарбастан, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнүн үстүндө дагы иш алып барып жатканыңыздар Улуттук банкты кубандырат", - деп Т. Абдыгулов белгиледи.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Азия өнүктүрүү банкы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Лада Орозбаева Кыргыз Республикасында Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн улук экономисти Гулькаир Тентиева менен жолугушту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктө иш алып баруу стратегиясын, 2016-2018-жылдар ичинде аталган банктын операцияларына тиешелүү бизнес-пландарын ишке ашырууну талкууга алышты.  

Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү республиканын энергетика, жол инфраструктурасы, суу менен камсыздоо чөйрөсүндө жана башка чөйрөлөрдө жогорудагы банк тарабынан ишке ашырылуучу долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын ичинде стратегиялык документ "CountryKnowledgePlans" (өлкө боюнча Маалыматтык-интеллектуалдык продукттар) планы жөнүндө да айтылды, ал республикабызда жакынкы үч жыл аралыгында ишке ашырылат. Г.Тентиеванын айтканына караганда план эки негизги бөлүктөн турат. Анын биринчи бөлүгү Кыргыз Республикасынын билим чөйрөсүнө болгон муктаждыктарды жана суроо-талапты чагылдырат, ал эми экинчи бөлүк стратегиялык секторлордо зарыл билим деңгээлинин ордун толтуруу үчүн өлкөгө көмөк көрсөтүүдө Азия өнүктүрүү банкынын артыкчылыктарын камтыйт.  

Л. Орозбаева өз кезегинде Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташууга Улуттук банк кызыкдар экендигин белгиледи. Мында ислам продукттар рыногуна, микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөр рыногуна, эл аралык акча которуулар системасына баа берүүдө, ошондой эле кооперативдик банктардын ишине тиешелүү мыйзам базасын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Мындан тышкары, тараптар Улуттук банктын кызматкерлерин микрофинансы уюмдарынын ишинде тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдүктү жүргүзүү жагында окутуудан өткөрүү боюнча техникалык жактан көмөктөшүү тууралуу маселелерди талкуулашты.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. "Трофимушкин" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 4-мартында № 5216 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Тынчтык проспекти 70-17 дареги боюнча жайгашкан. 

 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган: 

1. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Аман-Кредит" ЖЧКсына 2008-жылдын 21-августунда берилген № 153 күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Учкун мкр., 15-28; 

2. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "ФИНКА" ЖАКка 2003-жылдын 22-июлунда берилген № 8 күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Д. Шопоков атындагы көчө 93/2. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая система 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

көлөмү

сом 

саны,  

даанасы 

2015-жылдын 02-мартынан тартып 06-мартын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

39 062 822 760,02 

58 223 

1 931 197 219,93 

52 382 

37 131 625 540,09 

5 841 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

4,9 

90,0 

95,1 

10,0 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,7 

2,7 

1,8 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

11,7 

12,0 

32,4 

13,3 

10,6 

0,5 

БКга түшкөндөр 

7,4 

43,3 

12,9 

47,9 

7,1 

2,1 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,02 

0,2 

0,4 

0,3 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,2 

6,5 

4,5 

7,2 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

29 583 587 846,61 

53 582 

1 466 425 876,00 

49 078 

28 117 161 970,61 

4 503 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү  

Абсолюттук мааниси  

9 479 234 913,41 

4 641 

464 771 343,93 

3 304 

9 014 463 569,48 

1 338 

32,0 

8,7 

31,7 

6,7 

32,1 

29,7 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

13.02.2015 

27.02.2015 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

377 813 

384 092 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда 

- соода түйүндөрүндө  

1471 

788 

683 

1489 

789 

700 

Банкоматтардын саны  

431 

431