Кайта келүү

 Конъюнктура: 20 - 24 октябрь

 

 

2014-жылдын III-чейреги үчүн Кыргыз Республикасында нак акча жүгүртүүнүн абалы жөнүндө отчет  

2014-жылдын 1-октябрына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 62 528,0 млн. сомду түзгөн, анын ичинен 4 397,9 млн. сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми калган сумма банктан тышкаркы тоорукта турган (өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 370,6 млн. сомго же 0,6 пайызга азайган).  

2014-жылдын III-чейрегинде бүтүндөй республика боюнча алганда коммерциялык банктардын кассаларына 277 448,4 млн. сом түшкөн, бул 2013-жылдын III-чейрегиндегиге караганда 55 970,9 млн. сомго же 25,3 пайызга көп болгон.  

2014-жылдын III-чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларынан 275 329,5 млн. сом берилген, бул 2013-жылдын III-чейрегиндегиге караганда 50 270,9 млн. сомго же 22,3 пайызга көп болгон.  

2014-жылдын III-чейреги үчүн коммерциялык банктардын кассаларына нак акчалардын кайтарымдуулугу 100,8 пайызды түзгөн (2013-жылдын III-чейрегине салыштырганда көбөйүү 2,4 пайыздык пунктту түзгөн). 

 

Областтар боюнча 2014-жылдын III-чейреги үчүн коммерциялык банктардын кассаларында нак акчалардын кайтарымдуулугунун өзгөрүшү 1-таблицада келтирилген. 

пайыздарда 

 

2013-жыл 

2014-жыл 

Четтөө 

Бардыгы болуп республика боюнча  

98,4 

100,8 

2,4 

Бишкек шаары 

102,3 

105,6 

3,3 

Баткен областы 

97,1 

99,3 

2,2 

Жалал-Абад областы 

87,0 

89,6 

2,6 

Ысык-Көл областы 

92,3 

94,7 

2,4 

Нарын областы 

78,9 

87,3 

8,4 

Ош областы 

98,7 

98,7 

0,0 

Ош шаары 

99,3 

101,0 

1,7 

Талас областы 

75,0 

84,7 

9,7 

Чүй областы 

100,3 

100,0 

-0,3 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Эл аралык Валюта Фондусунун миссиясы иш сапары менен келген  

2014-жылдын 20-октябрь айынан тартып 24-октябрь айына чейин Эл аралык Валюта Фондунун Акча-кредиттик системасынын жана капитал рыногунун департаментинин улук экономисти Хантер Монро (Hunter Monroe), банктык көзөмөл боюнча эксперт Ричард Нан (Richard Nun), ошондой эле модель түзүү жана болжолдоо маселери боюнча эксперт Хайнек Хребичек (Hynek Hrebicek) курамын түзгөн Эл аралык Валюта Фондусунун миссиясынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жолугушуусу өткөрүлгөн. Бул сапардын алкагында миссиянын мүчөлөрү Улуттук банктын Төрагасы Т. Абдыгулов мырза жана анын орун басарлары, Улуттук банктын кызматкерлери, ошондой эле эл аралык уюмдардын бир нече өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөргөн.  

Миссиянын максаты акча-кредит саясатын иштеп чыгууда банктык көзөмөл, модель түзүү жана болжолдоо маселелери боюнча техникалык жардам көрсөтүү жагында андан аркы кызматташуу маселелерин талкууга алуу болгон.  

 

 

Кыргызстанда доллардын тартыштыгы жок - деп билдирет Улуттук банк  

Улуттук банк улуттук валютаны колдоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө. Өлкөдө чет өлкө валютасына болгон тартыштык жок, бул тууралуу пресс-конференцияда башкы банктын Төрагасынын орун басары Нурбек Жениш мырза билдирген. Өтүп жаткан жылдын сентябрь айынан тартып АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу бир доллар үчүн 52,9561 сомдон тартып (1-сентябрга карата) 56,0660 сомго чейин (23-октябрга карата) 5,87 % көбөйгөн. Бүтүндөй алганда 2014-жылдын январь айынан тартып 23-октябрь айына чейин АКШ долларынын алмашуу курсу 13,98 % өскөн. Улуттук валютанын нарксызданышы бир нече тышкы факторлордун таасиринен улам жүргөн. Жылдын башында доллар курсунун өсүш тенденциясы, Украинада орун алган каатчылыктын алкагында Россиядагы тышкы саясий абалдын начарлашынын, Казакстандагы теңгенин девальвациясынын жана АКШнын федералдык резерв системасынын саясатынын натыйжасында түптөлгөн. Учурдагы өсүш, Россияга каршы санкцияларды киргизүү жана сезондук фактор менен Европадагы жана Кыргызстандын соода өнөктөш өлкөлөрүндө орун алган экономикалык жагдай менен байланыштуу болгон - деп Төраганын орун басары түшүндүрмө берген. Долларды бекемдөө глобалдык мүнөзгө ээ. Азыркы учурда эл аралык финансы рынокторунда дагы башка өлкөлөрдүн валюталарына карата АКШ долларынын позициясынын күч алышы байкалууда. Алсак, жыл башынан тартып "орус рубли 25,44 %, казак теңгеси - 7,48 %, евро - 7,50 %, швейцария франкы - 5,56 %, түрк лири - 4,61 % нарксызданган", - деп Н.Жениш мырза белгилеген.  

Улуттук банк жыл башынан тартып 309,293 млн. АКШ долларында валюталык интервенцияларды жүргүзгөн. Мында, 19-август айынан тартып 22-октябрь айына чейин жөнгө салуучу 117,28 млн. долларында чет өлкө валютасын сатуу боюнча операцияларды жүргүзгөн. Эл аралык камдардын учурдагы өлчөмү 2,1 млрд. долларды түзгөн, бул өлкөгө келип түшкөн импорттун төрт айлык көлөмүнө дал келет.  

Орун басардын мындай берген маалыматтарынан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө бардык кызыктыруучу маселелер боюнча суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилген. Алсак, америкалык валютанын курсунун өсүшүнө байланыштуу инфляцияны болжолдоого, ошондой эле Улуттук банк валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу боюнча чараларды көргөндүгүнө жана мигранттардан акчалардын келип түшүү динамикасына ж.б. карата суроолор берилген.  

Ошондой эле, пресс-конференцияда Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын начальниги Урустемов Сейилбек мырза жана Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги Сейткасымова Раушан айым катышкан. 

 

 

 

Улуттук банк Т.Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналып чыгарылган эстелик банкнотторду белгилүү акын-импровизатордун небересине белекке тапшырды.  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Бактыгуль Жеенбаева белгилүү төкмө акын, композитор жана комузчу Токтогул Сатылгановдун небереси сүрөтчү Молдожан Токтогулов менен жолугушту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө, Бактыгуль Жеенбаева Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесинин урматына чыгарылган эстелик жазуулары түшүрүлгөн 100 сом номиналындагы эстелик банкнотту жана бир нече банкнотторду акын-импровизатордун небересине жетекчиликтин жана банктын кызматкерлеринин атынан белекке тартуулаган. Ушул жылы Кыргызстан белгилүү кыргыз төкмө акынынын 150 жылдык мааракесин белгилейт. Улуттук банк атайы ушул белгиленүүчү күнгө карата эстелик банкнотторун чыгарган. 

Өз кезегинде Молдожан Токтогулов Улуттук банктын жетекчилигине эстелик банкнотторду чыгаргандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирген. Кыргыз элинин белгилүү уулунун мааракесинин урматына "Токтогулга 150 жыл" деген жазуулары менен атайы банкноттордун чыгарылышы мени аябай кубандырды - деп билдирди М.Токтогулов, ал эми ал жооп иретинде өз атынан Т. Сатылгановдун "Тандалмалар" чыгармасынын жыйнагын белекке тартуулады.  

Маалымат үчүн:  

2014-жылдын 20-октябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилүү кыргыз төкмө акын, композитор жана комузчу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесинин урматына 100 сом номиналындагы эстелик банкнотту жүгүртүүгө киргизди.  

Банкноттун сүрөттөлүшү:  

Суу белгисинин актай тилкесинде улуттук ою чийим алкагында Токтогул Сатылгановдун алтын түстүү элеси түшүрүлгөн жана "Токтогулга 150 жыл" көгүш түстө берилген. Жазуулар жана ою чийим түшүрүлгөн элес офсеттик басма ыкмасында аткарылган. Банкноттун бети атайы Securicoat™ лагы менен капталган. Көмүскө сүрөттөлүш Dynamic© ыкмасында түшүрүлгөн. Эстелик банкноттун тиражы - 3000 даанада чыгарылган. 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

1. "АкчаАлма" ЖЧКсына 2014-жылдын 22-октябрында нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө № 5159 лицензиясы берилди. Алмашуу бюронун каттоо номери № 3151. Юридикалык дареги: Чүй областы, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Жайыл баатыр көч., 60. 

2. "Рукшана" ЖЧКсына 2014-жылдын 22-октябрында нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө № 5160 лицензиясы берилди. Алмашуу бюронун каттоо номери № 3152. Юридикалык дареги: Чүй областы, Панфилов району Чалдовар айылы Ленин атындагы көч., 518. 

3. МФК "АБН" ААКсы 2014-жылдын 20-октябрында айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна № 7 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Талас областы, Кара- Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Карл Маркс атындагы көч., № 49. 

 

Төмөнкү БФКМдердин күбөлүктөрү/лицензиялары жокко чыгарылган: 

1) Жеке ишкер Зиньковский Владимир Владимирович 2011-жылдын 27-октябрында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген № 4777 лицензиясы жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кара-Балта шаары, Центральная көч. 60; 

2) МКК "Кредо Профит Плюс" ЖЧКсынын 2011-жылдын 21-сентябрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген №396 эсептик каттоо жөнүндө күбөлүгү жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Токтогул атындагы көч., 288/1. 

3) "АБН" КСФКсынын МФКга трансформацияланышына байланыштуу 1998-жылдын 29-октябрындагы № 67 лицензиясы жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Талас областы, Кара-Буура району Кызыл-Адыр айылы К.Маркс атындагы көч., 49. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык 

төлөмдөр системасы, 

бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг  

системасы 

Гросстук 

системасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 20-октябрынан тартып 24- октябрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

21 514 271 481,97 

67 686 

1 736 718 649,11 

62 481 

19 777 552 832,86 

5 205 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

8,1 

92,3 

91,9 

7,7 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,4 

1,2 

1,5 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

9,3 

6,9 

17,1 

7,1 

8,6 

4,1 

БКга түшкөндөр 

14,3 

49,6 

24,7 

53,5 

13,4 

3,3 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,03 

0,5 

0,3 

0,5 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,1 

2,6 

1,3 

2,9 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

 

 

 

 

 

 

Абсолюттук мааниси  

25 103 421 653,20 

82 690 

2 093 868 587,22 

76 962 

23 009 553 065,98 

5 728 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

-3 589 150 171,23 

-15 004 

-357 149 938,11 

-14 481 

-3 232 000 233,12 

-523 

-14,3 

-18,1 

-17,1 

-18,8 

-14,0 

-9,1 

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

Абалга карата 

17.10.2014 

24.10.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

333 137 

335 371 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1439 

765 

674 

1439 

765 

674 

Банкоматтардын саны  

414 

416