Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган "Саймалуу-Таш" коллекциялык монетасы "Монеталар даражасы-2014" эл аралык сынакта үчүнчү орунга татыктуу болду.  

"Монеталар даражасы-2014" деп аталган эстелик монеталардын Эл аралык сегизинчи сынагынын жеңүүчүлөрүн жана дипломанттарын сыйлоо аземи 2014-жылдын 18-сентябрында Москва шаарында өткөн.  

"Монеталар даражасы" - эстелик монеталардын КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өткөрүлүүчү жалгыз эл аралык сынак болуп саналат. Сынакка дүйнө жүзүнүн улуттук банктары, зерканалары жана дистрибңютор-компаниялары тарабынан сунушталган монеталар коюлат. Бул сынактын уюштуруучусу - монеталар жана медалдар жөнүндө "Золотой червонец" журналын басып чыгаруучу "Уотер Марк" басма үйү жана эл аралык конференцияларды, ошондой эле монеталар көргөзмөсүн уюштуруучу COINS эсептелет. 

Ушул жылы эл аралык калыстар тобунун (анын курамына белгилүү дүйнөлүк музейлердин жана аукцион өткөрүлүүчү жайлардын эксперттери, дистрибңютор-компаниялардын, нумизматикалык ассоциациялардын жана монеталар жөнүндө адистештирилген кесиптик басылмалардын өкүлдөрү кирет) кароосуна 2013-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыгарылган 31 мамлекеттин 260ка жакын эстелик монеталары жана 25 монета сериялары сунушталган.  

Улуттук банк "Монеталар даражасы-2014" сынагына "Кыргызстандын кызыл китеби" сериясынан "Жейрен", "Кыргыз каганатынын доору" сериясынан "Улуу кыргыз каганаты" жана "Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери" сериясынан "Саймалуу-Таш" коллекциялык монеталарын сунуштаган. 

"Монеталар даражасы-2014" деп аталган эстелик монеталардын эл аралык сынагынын "Жылдын күмүш монетасы" номинациясында "Саймалуу-Таш" коллекциялык монета үчүнчү байгелүү орунду ээлеген.  

Сынак төмөнкү 9 негизги номинация: "Кайталангыс идея", "Мыкты көркөм чеберчилик", "Өзгөчө технология", "Монеталык классика", "Белек монетасы", "Жыл сериясы", "Жылдын күмүш монетасы", "Жылдын алтын монетасы" жана "Жыл монетасы" боюнча өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр, эксперттер тобунун мүчөлөрүнүн сырттан добуш берүүсү менен аныкталган.  

 

 

 

Акча которуулар системасынын оператору "БЭСТ" ЖЧКсы "Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтому) ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өтүп, ага 1003220914 каттоо номери ыйгарылган. 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2014-жылдын 31-июлунда "Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине" (Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтому) республиканын аймагында акча которуулар системалары аркылуу кызматтарды сунуштаган төлөм системасынын операторлорун каттоого тиешелүү төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кабыл алынган:  

- Эреженин 3.1-пункту "Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системалары боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн оператор (Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өтүүгө тийиш", ошондой эле акча которуулар системасынын оператору күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурда финансылык милдеттенмелер менен гарантияланышын камсыздоого тийиш.  

Аталган талаптарга ылайык, 2014-жылдын 22-сентябрында "БЭСТ" ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системалары боюнча кызматтарды көрсөткөн операторлор реестринде 1003220914 номеринде каттоодон өткөн.  

 

 

 

"Faster" акча которуулар системасынын оператору "БТА Банк" АКсы "Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине" (Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтому) ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өтүп, ага 1002160914 каттоо номери ыйгарылган.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы журналисттер үчүн 2 күндүк семинар өткөрдү 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: статусу, милдеттери, миссиясы" аталышындагы семинардын негизги максаты - экономика жана финансы багытында иш алып барган журналисттерге Улуттук банктын алдыга койгон максаттары жана учурда аткарып жаткан иштери жөнүндө маалымат берүү саналат. 

Семинарга Кыргызстандын алдыңкы маалымат агенттиктеринин, басылмаларынын, теле жана радио компанияларынын 30 журналисти катышты.  

Семинардын жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү борбордук банктын ролу жана милдеттери, валюталык, банктык, микрофинансылык рыноктордогу абал, төлөм системасы, нак акчалардын жүгүртүлүшү, нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү сыяктуу маселелер боюнча Улуттук банктын адистеринен толук маалымат алышты. Ошондой эле журналисттерге Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, анын максаты, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө тийгизген таасири тууралуу да маалымат берилди.  

Улуттук банктын финансы-кредиттик мекемелердин, анын ичинде - банктардын, МФУлардын жана алмаштыруу бюролорунун ишине көзөмөлдүктү жүргүзүүсүнө, Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан валюта саясатынын принциптерине, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизденген кредиттик мекемелердин кеңири жайылып келе жаткан продукттарына тиешелүү маселелер катышуучуларда өзгөчө кызыгуу жаратты.  

Журналисттер тарабынан берилген бир да суроо жоопсуз калган жок. Мындан тышкары, семинардын катышуучулары Улуттук банктын башкармалыктарынын менеджерлери менен эркин баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.  

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү семинардын мазмундуу жана кызыктуу уюштурулгандыгына жогору баа берип, мындай иш-чараларды журналисттердин экономика жана финансы чөйрөсүндө билимин жогорулатуу сыяктуу эле, бүтүндөй жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыгуучу материалдардын сапатын жакшыртуу максатында уюштуруу маанилүү экендигин белгилешти. 

 

 

 

Төмөнкү алмашуу бюролоруна лицензиялар берилди: 

1) "ЭРМАДЭН" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 24-сентябрында № 5151 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө 144, кеңсе №4. 

2) "КЭМБУ Ко" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 24-сентябрында № 5152 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Дордой базары, Шымкент автотоктотмосу. 

3) "Ала-Бука Капитал" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 24-сентябрында № 5153 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Курманжан-Датка атындагы көчө 282, А. 

4) "Руслан ЛТД" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 24-сентябрында № 5154 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө 150. 

5) "Тагай Групп" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2014-жылдын 26-сентябрында № 5155 лицензиясы берилди. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө 150. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү жокко чыгарылган/ кайтарылып алынган: 

1) "Кыла" кредиттик союзуна 2004-жылдын 10-июнунда берилген № 456 лицензия кайтарылып алынган. Кредиттик союздун юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Ноокен району, Момбеков айылы (Маданият үйү). 

2) Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Бай Ордо" ЖЧКсына 2004-жылдын 11-ноябрында берилген № 25 күбөлүк жокко чыгарылган. ЖЧКнын юридикалык дареги: Бишкек шаары, И.Раззаков атындагы көчө, ү.33/1, №18 кв. 

3) Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКК "Ак-Өргө-Азия" ЖЧКсына 2009-жылдын 1-июлунда берилген № 221 күбөлүк жокко чыгарылган. ЖЧКнын юридикалык дареги: Ош шаары, Ленин атындагы көчө 428. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык 

төлөмдөр системасы,  

бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг  

системасы 

Гроссовая  

системасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 22-сентябрынан тартып 26 сентябрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

24 057 513 997,24 

79 247 

1 907 381 913,95 

74 421 

22 150 132 083,29 

4 826 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

7,9 

93,9 

92,1 

6,1 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,1 

1,1 

0,8 

1,2 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

7,9 

9,3 

21,6 

9,9 

6,7 

1,0 

БКга түшкөндөр 

11,7 

48,0 

22,5 

50,9 

10,7 

3,1 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,03 

0,4 

0,4 

0,4 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,4 

5,8 

5,1 

6,2 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

30 833 456 862,71 

81 445 

1 978 642 370,86 

76 320 

28 854 814 491,85 

5 126 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

-6 775 942 865,47 

-2 198 

-71 260 456,91 

-1 899 

-6 704 682 408,56 

-300 

-22,0 

-2,7 

-3,6 

-2,5 

-23,2 

-5,8 

 

  

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

19.09.2014 

26.09.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

325 724 

326 164 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1419 

762 

657 

1422 

765 

657 

Банкоматтардын саны  

399 

401