Кайта келүү

 Конъюнктура: 1 - 4 сентябрь

 

 

Валюта рыногундагы жагдай тууралуу 

 

Тышкы таасирлерден (Россиядагы жана Украинадагы жагдайлардан) жана сезондук факторлордон улам (импорттолуп алынган товарларга төлөө зарылчылыгына байланыштуу суроо-талаптын көбөйүшү), учурда ички валюта рыногунда АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу жогорулап жаткандыгы байкалууда. Алсак, АКШ долларынын расмий курсу 3,15 %га, бир АКШ доллары үчүн 51,6978ден (2014-жылдын 1-августуна карата) 53,3285 сомго чейин (2014-жылдын 4-сентябрына карата) өскөн. Ал эми жыл башынан 4-сентябрга чейин 8,41%га жогорулаган. 

Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында 2014-жылдын август жана сентябрь айларында Улуттук банк чет өлкө валютасын сатуу боюнча 52,00 млн. АКШ доллар суммасында төрт интервенцияны ишке ашырган.  

Белгилей кетсек дем алыш күндөрү валюта рыногунун айрым катышуучулары жогорулатылган алмашуу курсунун эсебинен пайда көрүп калуу максатында, түптөлгөн жагдайдан пайдаланышы ыктымалдыгы орун алууда. Ушундан улам, калайык-калк жана ишкерлер "алып сатарлык" маанайга алдырбастан, чет өлкө валютасындагы операцияларын жана/же төлөмдөрүн иш күндөрү эле жүргүзүшүн сунуш кылабыз. 

Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рынокторундагы жагдайларга үзгүлтүксүз көз салып турат жана зарылчылык келип чыккан шартта, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында тиешелүү операцияларды ишке ашырат.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын кеңешчиси Лариса Цыплакова ардактуу эс алууга чыккандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан кетти.  

 

Лариса Цыплакова, Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү катары кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандан кийин 2014-жылдын январь айында Төраганын кеңешчиси болуп дайындалган. 

 

Маалымдама: 

Лариса Николаевна Цыплакова 1973-жылдан 1991- жылга чейин СССРдин Кыргыз Республикасындагы Курулуш банкынын кеңсесинде, андан соң Кыргыз Республикасынын Өнөр жай курулуш банкында катардагы адис кызматынан жетекчиликке чейинки олуттуу эмгек жолун басып өткөн.  

1991-жылдан тартып 1994-жылга чейин "Курулуш-Банк" АКБсынын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген. 

Улуттук банктагы эмгек жолу 1994-жылдын июль айында Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү катары башталып, үч жолу Башкарманын мүчөлүгүнө дайындалып, эксперт жана кеңешчи болуп эмгектенген. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын кеңешчиси Абдыбалы тегин Сүйөркул өз каалоосу менен ээлеген кызмат ордунан кетти. 

 

Абдыбалы тегин Сүйөркул бул кызматка 2014-жылдын март айында дайындалган. 

Акыркы жети жыл аралыгында Абдыбалы тегин Сүйөркул мырза Улуттук банктын Төрагасынын орун басары кызматын аркалоо менен акча-кредит жана валюта саясаты иш багытын түздөн-түз көзөмөлдөп келген. 

 

Маалымдама:  

Абдыбалы тегин Сүйөркул 1992-жылдан бери Улуттук банкта эмгектенип, Эмиссия-кассалык иштер бөлүмүн жетектеп, андан соң Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги, Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү болуп иштеген. 2004-2007 -жылдары Дүйнөлүк банктын жеке жана финансы сектору боюнча кеңешчиси болгон.  

2007-жылдын февраль айында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2014-жылдын март айында кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруусу менен ал кызматынан бошотулган. 

2014-жылдын март айынан тартып Төраганын кеңешчиси болуп эмгектенип, Улуттук банкта буга чейин башталган реформаларды, биринчи кезекте, акча-кредит саясатынын жаңы негиздерине өтүү менен пайыздык чендерди турукташтырууга, финансы инструменттерин өркүндөтүү аркылуу инфляциянын орточо деңгээлин төмөндөтүү жагында иш алып барган. 

 

 

 

Төмөнкү БФКМдин лицензиясы кайра кайтарылган: 

 

1) Жеке ишкер Акчалов Урмат Буркутбаевичке нак чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүүгө 2012-жылдын 28-августунда берилген № 5042 лицензиясы кайра кайтарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 86. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык 

төлөмдөр системасы, 

бардыгы болуп 

анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гросс системасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

көлөмү

сом 

саны, 

даанасы 

2014-жылдын 01-сентябрынан тартып 04 сентябрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси 

17 841 405 088,90 

72 522 

1 683 485 713,96 

67 907 

16 157 919 374,94 

4 615 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

9,4 

93,6 

90,6 

6,4 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,2 

1,1 

2,0 

1,2 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

15,2 

10,8 

32,0 

11,5 

13,4 

0,5 

БКга түшкөндөр 

7,5 

57,4 

15,0 

61,2 

6,8 

2,0 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,06 

0,4 

0,6 

0,4 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,8 

7,6 

8,0 

8,1 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси 

30 833 456 862,71 

81 445 

1 978 642 370,86 

76 320 

28 854 814 491,85 

5 126 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси 

- 12 992 051 773,81 

- 8 923 

- 295 156 656,90 

- 8 413 

-12 696 895 116,91 

- 511 

- 42,1 

- 11,0 

- 14,9 

- 11,0 

- 44,0 

- 10,0 

 

  

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

29.08.2014 

04.09.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

320 791 

321 987 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1409 

761 

648 

1413 

762 

651 

Банкоматтардын саны 

395 

397